Техникалык терминдер кыргызча сүйлөй баштады

Терминдерди кыргыз тилине которуп колдонуу жана аны туура жазуу маселесин чечүүүчүн «Кыргыз тилинин орфографиялык онлайн сөздүгүнүн» бет ачары  Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинде өткөн «Мамлекеттик тил Интернетте жана маалымат-байланыш технологияларында» аттуу тегерек столдо болду.

Акыркы жылдары интернетте кыргыз тилиндеги долбоорлор көбөйө баштады. Бирок терминдерди которуп пайдаланууда бир катар маселелер чечилбей келет. Ошондуктан тегерек столдо MS Windowsтун интерфейстерин кыргызча которуу жана кыргыз тамгаларын системдештирүү, Кыргыз Уикипедиясынын өнүгүшү, «Эл-Сөздүк» кыргыз тилинин көп багыттуу онлайн сөздүгү, кыргыз жаштарын программачы кесибине кызыктыруу, «Сөз таануу» долбоору, кыргыз ЖМКларынын интернеттеги орду тууралуу презентациялар болду.

Жаштар тарабынан коюлган суроолор боюнча тилчилер кыргыз тилинин орфографиясы, чет тилдерден терминдерди которуудагы өзгөчөлүктөр, кыргыз тилин латын тамгасына өткөзүү керекпи, ай аттарын кыргызча атаса болобу деген темаларда баяндама жасашып, коомчулуктун бир катар суроолоруна жооп беришти.

«Кыргыз тилинин орфографиялык онлайн сөздүгү» кыргыз тилинин орфографиялык сөздүгүнүн акыркы редакциясынын (2009-ж.) негизинде “Эл-Сөздүк” онлайн сөздүгү ишке ашырган жаӊы кызмат. “Эл-Сөздүк” – кыргыз тилинин көп багыттуу онлайн сөздүгү. Кыргыз тилинен орус, англис, түрк тилдерине жана ал тилдерден кыргыз тилине түз которот. Бүгүнкү күндө жалпысынан 20 сөздүктүн сөздөрү киргизилип, 259000 сөздөн турат. Бул кыргыз тилинин интернеттеги эӊ чоӊ сөздүктөр кору болуп саналат.

Добавить комментарий для Жигит Отменить ответ

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*