КЫРГЫЗ МАМЛЕКЕТТИК ДЕНЕ ТАРБИЯ ЖАНА СПОРТ АКАДЕМИЯСЫ

(КР билим берүү жана илим министрлиги ЖБ №21 лицензия 2012-жыл)

2013-2014-окуу жылына кирүү сынактарынын негизинде, 4 жыл окутуу мөөнөтү менен 532000 «Дене тарбия» багытында абитуриенттерди күндүзгү жана сырттан окуу бөлүмүнө бюджеттик жана контракттык негизде кабыл алууну жарыялайт.  (ЖАЛПЫ РЕСПУБЛИКАЛЫК ТЕСТИРЛөөНүН ЖЫЙЫНТЫГЫ ЭСКЕ АЛЫНБАЙТ)

КМДТжСА дене тарбия боюнча билим берүү  жаатында өлкөдө бирден бир жогорку окуу жайы болуп эсептелет. Академиянын заманбап окуу-илимий жана спорттук базасы бар: футболдук -жеӊил атлетикалык манеж, гимнастика, оор атлетика, күрөш, бокс, дзюдо, спорттук оюндар  залдары, булардан сырткары Бишкек шаарынан 30 чакырым алыстыкта тоо этегинде туристтик жана лыжа тебүүчү «Спорт» базасы бар.

ПЕДАГОГИКАЛЫК БАГЫТ

Баскетбол, волейбол, гимнастика, оор атлетика, атлетикалык  гимнастика,  жеӊил  атлетика, туризм, сууда сүзүү, кайык менен сууда сүзүү (гребля), теннис, стол үстүндөгү теннис, регби, футбол, фитнес,  пауэрлифтинг,  аэробика, күрөш, кулатуу, шахмат, тогуз коргоол, ордо, ат оюндары менен машыккандардын ичинен 4 жыл (күндүз), 5 жыл (сырттан) окутуу мөөнөтү менен 532000 «Дене тарбия» багытында «Дене тарбия бакалавры» академиялык даражасын  ыйгарат.

 СПОРТТУК ДАЯРДОО БАГЫТЫ

Эркин күрөш, грек-рим күрөшү, бокс, самбо, дзюдо, каратэ, таэквондо менен машыккандардын ичинен 4 жыл (күндүз), 5 жыл (сырттан) окутуу мөөнөтү менен 532000 «Дене тарбия» багытында «Дене тарбия бакалавры» академиялык даражасы  ыйгарылат.

(спорттук даярдоо профилге  разряддык китепчеси болушу зарыл). 

ДЕНЕ ТАРБИЯ ЖАНА АСКЕРГЕ ЧЕЙИНКИ ДАЯРДОО БАГЫТЫ

Аскерге чейинки даярдоо боюнча 532000 «Дене тарбия» багытында «Дене тарбия бакалавры» академиялык даражасын  ыйгарат. Окуу мөөнөтү 4 жыл (күндүзгү). Бүтүрүүчүлөр келечекте дене тарбия жаатында  эӊ кеӊири  профессионалдык ишкердикти, ошондой эле  аскер кызматы боюнча ишкердикти  камсыз кыла алат (күч структураларында).

Бүтүрүүчүлөргө «Запастагы кичүү лейтенант» деген аскердик наам ыйгарылат.

МАГИСТРАТУРА

«Бакалавр» академиялык даражага ээ болгон бүтүрүүчүлөр кабыл алынат. Окуу мөөнөтү 2 жыл. 532000 «Дене тарбия» багытында «Дене тарбия магистры» академиялык даража ыйгарылат.                     

АДИСТЕРДИ КАЙРА ДАЯРДОО ЖАНА КВАЛИФИКАЦИЯНЫ ЖОГОРУЛАТУУ БөЛүМү

Жогорку билимдин негизинде: 532000 «Дене тарбия» багытында «Дене тарбия педагогу» академиялык даражасын  ыйгарат. Окуу мөөнөтү 2 жыл.

КИРүү СЫНАКТАРЫ

Абитуриенттер бюджеттик (гранттык)  күндүзгү, акы төлөп жана сырттан окууга  (педагогикалык жана спорттук даярдоо багыттарга) спорттун тандап алган түрүнөн берилүүчү сынактардын жана жалпы билим деӊгээлинин жыйынтыгынын  негизинде конкурстун негизинде кабыл алынат. Дене тарбия жана аскерге чейинки даярдоо профилге жалпы дене даярдыгынын (физическая подготовка)  жана билим деӊгээлинин жыйынтыгынын негизинде конкурстун негизинде кабыл алынат.

Жалпы билим деӊгээли кабыл алуу комиссиясы тарабынан билими жөнүндө документ тапшырылганда аттестаттын орточо баллынын негизинде аныкталат. Спорт чебери, спорт чеберине талапкер, мектеп окуучуларынын Спартакиадасынын 2013-жылкы жеӊүүчүлөрү конкурстан тышкары кабыл алынат.

Экинчи жогорку билим алууга келгендер тапшыруу экзамендердин ордуна оозеки маектешүүгө катышат.

КМДТжСАсына документтерди кабыл алуу

Күндүзгү бюджеттик, контракттык жана сырттан окуу (заочно)  формасына кабыл алуу 2013-жылдын 25-июнунан 23-августка чейин жүргүзүлөт. (Бюджеттик орундарга кабыл алуу абитуриенттердин агымына жараша жүргүзүлөт).

Тапшырууга керектелүүчү документтер:

1. Арыз (кабыл алуу комиссиясында толтурулат);

2. Орто билими жөнүндө аттестат же билими жөнүндө диплом;

3. Паспорт;

4.  Медициналык комиссиянын жыйынтыгы (КМДТжСАсында өтүлөт);

5. Медициналык маалымкат (справка 086-У);

6. Спортсмендер разряд китепчеси (спорттук даярдоо багыты үчүн);

7. Сүрөт 3х4 көлөмүндө 12 даана;

8. Аскердик күбөлүгүнүн көчүрмөсү (уландар үчүн).

9. Конверт  –  5 даана;

10. Медициналык комиссия жана документтерди даярдоо үчүн  360 сом.

Окутуунун акысы:

– күндүзгү бөлүм – 20000 сом (окуу мөөнөтү 4 жыл);

– экинчи жогорку билим алуу – 18000 сом;

– сырттан окуу  бөлүмү – 18000 сом.

Биз Сиздерди  төмөнкү дарек менен күтөбүз:

Бишкек шаары, Ахунбаев көчөсү,  97

КМДТжСАсынын башкы окуу корпусу, №2 аудитория

Тел: +996 0312 570489, +996 0312 570967.

Факс: +996 0312 570489

Моб. 0772-73-93-89, 0553-05-44-92

Web сайт: www.ksapcs.org. E-mail: sport_akadem@mail.ru,

divo25@rambler.ru

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*