Кыргыз-Түрк «Манас» университети

Инженердик факультет

Бөлүмдөр:

Программалык инженерия

Жаратылышты колдонуу жана экология

Коомдук тамактанууну уюштуруу жана продукциянын

технологиясы (Тамак-аш инженериясы)

Химиялык технология

Факультет жогорудагы инженердик багыттар боюнча эмгек рыногунун учурдагы талаптарына жооп берген жогорку билимдүү адистерди даярдайт. Факультеттин заманбап лабораториялык базасында жаӊы билим жана технологияларды өздөштүргөн бүтүрүүчүлөр келечекте коомдун экономикалык жана социалдык өнүгүүсүнө салым кошо алышат.

Гуманитардык факультет

Бөлүмдөр:

Тарых

Филология (Орус тили жана адабияты; Кытай тили жана адабияты; Англис тили жана адабияты; Түркология, Синхрондук котормочулук)

Социология

Философия

Психологиялык-педагогикалык кеӊеш жана көмөк

Факультеттин максаты — Кыргызстан, Түркия жана башка түрк тилдүү мамлекеттерден келген жаштарга түрдүү гуманитардык багыттарда тереӊ билим берүү менен түрк дүйнөсүнүн тарыхый, маданий, илимий дөөлөттөрүн сактоого жана арттырууга, түрк цивилизациясынын кайра жаралуусуна салым кошуу болуп саналат.

Экономика жана башкаруу факультети

Бөлүмдөр:

Экономика (Экономика; Финансы жана кредит)

Менеджмент

Эл аралык мамилелер

Факультет базар экономикасына жаӊыдан өткөн Орто Азия мамлекеттеринин түрдүү экономика тармактары үчүн жогорку билимдүү адистерди жана ишкерлерди даярдоону, бул өӊүттө кызматташтыкты өркүндөтүүнү жана көйгөйлөрдү чечүүнүн илимий негиздерин иштеп чыгууну максат кылат.

Коммуникация факультети

Бөлүмдөр:

Журналистика

Коом менен байланыштар жана реклама

Телевидение жана радио

Факультеттин максаты — жалпыга маалымдоо каражаттарынын ар кыл тармактары боюнча адистешкен, сынчыл ой жүгүртө билген жана калк менен иш алып бара алган, заманбап технологияларды колдонуу менен дүйнөлүк маалымат агымынан кабардар болгон жогорку билимдүү адистерди даярдоо.

Табигый илимдер факультети

Бөлүмдөр:

Биология

Математика

Колдонмо математика жана информатика

Факультеттин максаты – биология, колдонмо математика жана информатика багытындагы заманбап технологияларды мыкты өздөштүргөн, аналитикалык ой жүгүртүүгө жөндөмдүү, практикалык маселелерди өз алдынча чече билген, учурдун талабына жооп берген жогорку билимдүү адистерди даярдоо.

Айыл чарба факультети

Бөлүм:

Агрономия (Өсүмдүктөрдү коргоо; Мөмө-жемиштер)

Факультеттин максаты — агрономия багытында азыркы замандын талабына жооп берген, тереӊ теориялык билимге ээ болгон жана жаӊы технологияларды колдоно билген, өлкөнүн агрардык экономикасын өнүктүрүүгө, жаратылышын, өсүмдүк байлыктарын коргоого жана көбөйтүүгө салым кошо ала турган жаӊы муундагы айыл чарба адистерин даярдоо.

Ветеринардык факультет

(Окуу мөөнөтү 5 жыл)

Бөлүм:

Ветеринария

Факультет Кыргызстандын мал-чарба потенциалын туура пайдалануу жана экономикасын өнүктүрүү менен аймактык жана дүйнөлүк азык-түлүк коопсуздугуна өз салымын кошуу жана калктын ден соолугун коргоо максатында ачылган. Факультеттин негизги милдети — заманбап илим-билимди аркалоо менен табиятка жана айбанаттарга аяр мамиле жасаган, жогорку билимдүү ветеринардык адистерди даярдоо.

Көркөм өнөр факультети

Бөлүм:

Көркөм сүрөт искусствосу

Факультеттин максаты – көркөм өнөрдүн түрдүү тармактары боюнча жогорку билимдүү адистерди даярдоо. Бүтүрүүчүлөр мамлекеттик уюмдарда, жеке ишканаларда, билим берүү мекемелеринде, жалпыга маалымдоо каражаттарында, чыгармачылык борборлордо, музейлерде иштеп, көркөм өнөр чыгармаларын жаратуу, коомчулукка таанытуу жана жайылтуу боюнча ишмердүүлүгүн жүргүзө ала турган, коомдун руханий жана эстетикалык байлыгын арттырууга салым кошо алат.

Теология факультети

Бөлүмдөр:

Дин таануу

Теология (Ислам таануу)

Факультеттин максаты – илимий негизде ислам динин тереӊөздөштүрүү менен катар, башка дүйнөлүк диндерди да окуп үйрөнгөн, бул тармакта билим берүү жана илимий изилдөөлөрдү жүргүзгөн адистерди даярдоо.

Чет тилдер жогорку мектеби

Бөлүм:

Кыргыз тилин, орус тилин, англис тилин жана түрк тилин тереӊдетип окутуп үйрөтө турган даярдоо курсу.

Туризм жана мейманкана жогорку мектеби

Бөлүмдөр:

Сервис

Туризм

Мейманкана иштетүү

Жогорку мектептин максаты – туризм тармагынын ар кыл багыттары боюнча теориялык билимди практикалык тажрыйба менен айкалыштыруу аркылуу Кыргызстан жана Орто Азия аймагы үчүн өтө зарыл болгон эл аралык деӊгээлдеги адистерди даярдоо.

Консерватория

Бөлүмдөр:

Театралдык искусство

Музыкалык искусство

Жогорку мектептин максаты — теориялык билимди практикалык иштер менен айкалыштырып, вокалдык-музыкалык жана сахна чеберчилиги багыттарында иш жүргүзө ала турган жогорку билимдүү адистерди даярдоо.

Дене тарбия жана спорт жогорку мектеби

Бөлүм:

Дене тарбия

Жогорку мектептин максаты – педагогикалык ыкмаларды туура колдонуп, дене тарбия жана спорт иштери боюнча билим бере ала турган жана тренер катары уюштуруу иштерин жүргүзө ала турган жогорку билимдүү адистерди даярдоо.

Кесиптик жогорку мектеп

(Окуу мөөнөтү 2 жыл)

Адистиктер:

Менеджмент (Офис менеджмент)

Имараттарды куруу жана эксплуатациялоо

Экономика жана бухгалтердик эсеп

Автоунааларды тейлөө жана оӊдоо

Мектепке чейинки билим берүү

Маркетинг (тармактар боюнча)

Туризм (Мейманкана иштетүү)

Мектептин максаты — Кыргызстан жана Орто Азия өлкөлөрүнүн кесиптик-техникалык атайын орто билимдүү эл аралык стандарттагы адистерге болгон муктаждыкты камсыздоо, жергиликтүү кесиптик-техникалык билим берүү системасынын жаӊыланышына жана өнүгүшүнө колдоо көрсөтүү.

17-29-июнь 2013-ж.

– облустарда, документтерди кабыл алуу күндөрү (Ош, Жалал-Абад, Нарын, Каракол, Талас)

17-июнь–2-июль 2013-ж.

– Бишкекте, документтерди кабыл алуу күндөрү

7-июль, 2013-ж.

– Кирүү сынактары:

Жалпы сынак – саат 10.00.

Чет тил сынагы – саат 14.00.

Кирүү сынактары Бишкек жана Ош шаарларында өткөрүлөт.

АРТЫКЧЫЛЫКТАР ЖАНА МҮМКҮНЧҮЛҮКТӨР

– Эл аралык университет

– Эл аралык мартабадагы диплом

– Стипендия жана чет өлкөдө практика өтүү мүмкүнчүлүгү

– Акысыз жана эл аралык стандарттагы билим берүү

– Магистратура жана докторантура

– Кыргыз, түрк, орус, англис жана кытай тилдерин үйрөнүү

– Ар түрдүү элдердин маданияттары менен таанышуу

– Заманбап жатакана, ашкана жана медборбор

– Академиялык тазалык

–  Активдүү студенттик жашоо

ДОКУМЕНТТЕРДИ КАБЫЛ АЛУУЧУ ЖАЙЛАР

Чүй облусу

Бишкек ш., Жал кичирайону, КТМУнун Ч. Айтматов атындагы кампусу, Экономика жана башкаруу факультети.

Тел.: 0 312 49-27-76,83,85,86.

Жалал-Абад облусу

Жалал-Абад ш., Ленин көч., 57, ЖАМУ (башкы имарат), Эл аралык байланыштар департаменти, 2-кабат.

Тел,: 0 3722 2-51-94,

Нарын облусу

Нарын ш,. Ленин көч., 92, №1 Токтогул атындагы орто мектеп. Тел.: 0 3522 5-17-30, 5-17-64.

Ош облусу

Ош ш., Ленин көч., 331, Ош МУ (башкы имарат).

Тел.: 0 3222 2-45-25.

Талас облусу

Талас ш., Карл Маркс көч., 47, Абжалбек Чолпонкулов атындагы №1 орто мектеп. Тел.: 0 3422 5-30-51.

Ысык-Көл облусу

Каракол ш., Гебзе көч., 130, К. Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университети, №3 окуу корпусу. Тел.: 0 3922 5-27-04.

Абитуриенттерди каттоо үчүн керектүү документтер

– Орто мектепти/атайын кесиптик окуу жайын бүтүргөндүгү жөнүндө документ жана көчүрмөсү же бүтүрүүчү класста (11-класста) окугандыгы тууралуу маалымдама;

– паспорт жана көчүрмөсү;

– 2 фото сүрөт (3×4 өлчөмүндө).

Сынак тууралуу жалпы маалыматтарды жана сынак жыйынтыктарын төмөнкү интернет бетинен билсеӊиздер болот:

exams.manas.edu.kg

Кыргыз-Түрк «Манас» университети

Дареги: Кыргызстан, Бишкек ш., Тынчтык пр., 58. Тел.: +996 (312) 541942-47

Факс: +996(312)541935

Эл.почта: manas@manas.edu.kg

Web: www.manas.edu.kg

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде 2013-жылдын март айында өткөрүлгөн Республикалык олимпиаданын жеӊүүчүлөрү (1-2-3-4-байгелүү орундарды алган 11-класстын окуучулары) Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Окумуштуулар кеӊешинин чечими менен Жалпы республикалык тестирлөөдөн 120дан кем эмес балл алуу шарты менен университетке сынаксыз кабыл алынышат.

 

12 Комментарии

  1. Вы можете отправить историю вашего университета? Я б хотела поступить ваш ВУЗ, и какие знаменитые люди учились у Вас?

  2. Саламатсызбы мен 2017жылдын бутуучусу болом.Мен Кыргыз-Турк “Манас” университетине тапшырамын.Аны учун сынактан канча бал болушу керек.Маалымат берип коюунуздарчы.Рахмат

  3. “Манас” университетине Жалпы Республикалык тесттин баллдары менен кабыл албайт. Алар өздөрү сынак өткөрүшөт. Биз бул жөнүндө жакында толук маалымат бере алабыз.

  4. Саламатсызбы мен 2017-жылкы бутууручусу боло. Кыргыз-Турк”Манас” университетине тапшырам. Биринчи сынак качан башталат ж/а качан бал менен отсо болот.sekomdun баллы м/н отсо болобу.Ошолор жонундо маалымат бере аласпы?

  5. Саламатсыздарбы Мен Жалал-Абад шаарындагы Эл аралык университетинин Соц. работа адистигинин 2- курсунун студентимин колледжди быйыл жыйынтыктайм. Жогорку окуу жайды сиздерден улантсам дейм. Котогргонго болобу? Же кандай жолдору бар? Жогорку билимимди Кыргыз-Турк “МАНАС” университетинде аяктагым келет. Менин суроомо жооп жазасыздар деген үмүттөмүн.

  6. Саламатсыздарбы? Быйыл окуу жай Жалал-абад облусунун кайсыл жеринде сынак откорот Жана кайсыл кундору. Айтып кое аласызбы? Алдын ала чон ырахмат.

  7. Саламатсызбы! Мен 2019-жылдын бутуруучусу болом Кыргыз-Турк “МАНАС” Университетине тапшырууу учун канча баллдан жогору болушу керек? мумкун болсо билгендер болсо жооп берип койосуздарбы?

Добавить комментарий для Батма Отменить ответ

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*