Окумуштуунун бенефиси

И.Арабаев атындагы КМУда биринчи жолу мугалимдин чыгармачылыгына арналган педагогдун бенефиси уюштурулду. Бенефис – бул француз тилинен алынган, сөзмөөз котормосу жан дүйнөгө ырахат тартуулаган, жакшылыкты көздөгөн иш-чара. Бенефиске ЖКнын депутаты К.Осмоналиев, КББАнын кызматкери С.Жаанбаев ж.б. окумуштуулар, студенттер катышып, сөз сүйлөштү.

Бул жолу бенефициант айыл чарба илимдеринин кандидаты, педагогика илимдеринин доктору, профессор, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин биология жана химия факультетинин деканы, Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиӊирген кызматкер Чоров Маматкан болду.

М.Чоров педагогикалык ишмердүүлүгүн И.Арабаев атындагы КМПУда 1988-жылдан баштайт. Алгач окутуучу, ага окутуучу, доцент, биология кафедрасынын башчысы, сырттан окуу бөлүмүнүн деканы болуп иштеген. 1988-жылы И.Арабаев атындагы КМПУнун алдында Сырттан окуу борборунун директору болуп дайындалган.

М.Чоров учурдун талабына ылайык зарыл болгон адистерди даярдоо максатында 1999-жылы И.Арабаев атындагы КМУнун алдында Экология жана жаратылышты пайдалануу институтун ачкан. Алгачкы күндөн тартып эле ал бул институттун директору болуп дайындалып, 2005-жылга чейин аталган окуу жайын жетектеп келген.

Программада М.Чоровдун илимий-педагогикалык чыгармачылыгына арналган слайд-шоу, докладдар жасалып, концерттик номерлер болду. Мындан сырткары, «Жаш калемгер»  клубунун мүчөлөрүнүн мугалимдер жөнүндө ырлары көркөм окулду.

М.Кайыпов, “КБ”

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*