Татыктуу кесип тандап ал!

Республикада жогорку окуу жайларга кабыл алуу өнөктүгү башталуу алдында турат. Учурда бардык окуу жайларда кабыл алуу комиссиялары иштөөдө. Быйыл былтыркыдай эле бюджеттик, контракттык жана дистанттык бөлүмдөргө кабыл алуу Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы менен жүргүзүлөт. 

Учурда Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы чыгарылууда. Ага республика боюнча 66320 бүтүрүүчү катышкан. Ошондой эле былтыркы жылдагы бүтүрүүчүлөр, колледждердин, техникумдардын жана орто кесиптик окуу жайларынын 49 миӊден ашуун бүтүрүүчүсү катышкан. 

Жалпы республикалык тестирлөөгө катышкан бүтүрүүчүнүн колуна негизги жана предметтик тесттерден топтогон упайы жазылган сертификат берилет. Эгерде топтогон упайы босого баллынан жогору болсо абитуриент өзү каалаган жогорку жана орто кесиптик окуу жайынын тандап алган адистигине бюджеттик, контракттык жана дистанттык бөлүмгө конкурска катышууга укук алат.     

Сертификатта беш талон болот. Анын экөө биринчи турда гранттык орундар үчүн колдонулса, эки атайын талон контракттык орундар үчүн, бирөө экинчи турда гранттык орундар үчүн ат салышууга берилет. Бюджеттик орунга тапшырууга тийиштүү балл топтогондор эки талонун биринчи турда, өзү каалаган эки адистигине кыркып таштай алат. Аны менен бир эле учурда эки багыттагы конкурска катышууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Эгерде кайсы бир жогорку окуу жайдын бюджеттик орундары бар адистиктеринде орун калып калса, экинчи тур жарыяланат. Ошол экинчи турда абитуриент үчүнчү талонун колдонот. Эскерте кетүүчү жагдай, биринчи турдун талону экинчи турга жараксыз. Ошондуктан абитуриент бул жагынан так болушу зарыл. Кээ бир адистиктерде кабыл алуу биринчи тур менен эле бүтүп калат. Себеби ага жогорку балл топтогондор көп тапшырып калышы мүмкүн.

Контракттык бөлүмгө тапшырган абитуриент эки талонун теӊ бир эле убакта колдонсо болот. Эгерде экинчи, үчүнчү турга катыша турган болсо сертификаттын түп нускасын тапшырат.

Сертификаттар мектептин категориясына жараша ар кандай түстө болот. Кызыл түс – Бишкек шаарынын бүтүрүүчүлөрүнө, көк – чакан шаарчалар жана облустук борборлордун бүтүрүүчүлөрүнө, сары – айылдык, сыя көк – тоолуу аймактагы мектептердин бүтүрүүчүлөрүнө берилет. 

  Гранттык орундар үчүн конкурс кандай жүрөт?

Жалпы республикалык тестирлөөдөн эӊ жогорку балл топтогон 50 абитуриент өзү каалаган мамлекеттик окуу жайынын каалаган адистигине сынаксыз тапшыруу укугуна ээ болот.  

Калган босого баллынан жогорку упай топтой алган абитуриенттер ЖОЖдордо өтө турган конкурстарга катыша алышат. Ал үчүн ар бир окуу жайда гранттык комиссия түзүлөт. Конкурска негизги тесттен босого баллынан жогору упай топтогон абитуриенттер гана катыша алышат. Кошумча предметтик тесттерди талап кылган адистиктердин (химия, биология, англис тили, тарых жана математика) конкурсуна негизги жана предметтик тесттен босого баллынан жогору топтогондорго гана катышышат.  

Кыргыз улуттук консерваторияга, Улуттук көркөм академиясына, Кыргыз мамлекеттик искусство институтуна жана Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин чыгармачыл адистиктерине Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы зарыл эмес. Бул адистиктерге сынак чыгармачылык боюнча ички сынак менен алынат. ИИМдин Академиясынан, КР Аскер институтуна тестирлөөдөн ийгиликтүүөткөндөр аталган окуу жайлардын кошумча ички сынагынан да өтүшөт.  

 Педагогикалык адистиктерге максаттуу кабыл алуу жүргүзүлөт

Республикадагы сегиз жогорку окуу жайда педагогикалык адистиктерге максаттуу кабыл алуу жүргүзүлөт. Максаттуу кабыл алуунун гранттык орундарына ЖОЖ жайгашкан аймакта жашаган, жалпы республикалык тестирлөөдөн тийиштүү балл топтогон жана райондук мамлекеттик администрациядан атайын жолдомо менен келген абитуриенттер ат салыша алышат. Максаттуу кабыл алуунун алкагында Ж.Баласагын атындагы КУУга жана И.Арабаев атындагы КМУга республиканын баардык аймактарынан келген абитуриенттер тапшыра алышат. Абитуриентке  жолдомо берген райондук мамлекеттик администрация бүтүрүүчүнү иш менен камсыз кылууга милдеттүү.

Кабыл алуу процедурасы эки турда өтөт. Бул абитуриентке бир эле учурда бир нече окуу жайдын бир нече адистигине тапшырууга мүмкүнчүлүк берет. Ал эми кабыл алуу тартиби бардык турларда бирдей болот.

 Кабыл алуу качан башталат

Бюджеттик дагы, контракттык дагы кабыл алуу бир эле убакта жүргүзүлөт. Жылдагыдай эле ар бир турда талондорду чогултууга, анын жыйынтыгын чыгарууга жалпысынан бир жумадан чектелет. Анын эки жарым күнү талондорду чогултууга, калганы аларды иштеп чыгууга кетет.

Биринчи тур 8-июлда башталат. Талон кыркуу 10-июлда саат 14.00до аяктайт. 11-июлда саат 10.00го чейин окууга өткөн абитуриенттердин тизмеси илинет. 13-июлга чейин тизмеге түшкөн талапкерлер кабыл алуу комиссиясына келип, ошол кесиптен окуй тургандыгын тастыктап, тиешелүү документтерин тапшырып кетүүсү керек. Эгерде бул мөөнөттө абитуриент билим ала тургандыгын тастыктап кетпесе анын ордуна андан кийинки орунда турган абитуриент кабыл алынат.

Эгерде биринчи турдан бош орун калып калса, анда 15-20-июлда экинчи тур өткөрүлөт. Үчүнчү тур Билим берүү жана илим министрлигинин уруксаты менен гана өтөт. Ага катышуу үчүн абитуриент сертификаттын түп нускасын алып барат.

Кабыл алынган абитуриенттердин тизмеси Билимди баалоо жана окутуунун методикасы борборуна абитуриенттердин топтогон баллын тастыктоо үчүн жөнөтүлөт.  ББжОМБ тарабынан тастыкталган тизмелер ЖОЖдордо илинет.

Дистанттык жана кечки бөлүмдөргө кабыл алуунун мөөнөтү ЖОЖ тарабынан бекитилет. Контракттык бөлүмгө кабыл алууда категориялар каралбайт.

 Конкурска катышуу үчүн катталуунун жолдору

Абитуриент тапшыра турган окуу жайына катталуу үчүн сертификаты менен баруусу керек. Сертификаттын кыркылган талонуна тандап алган адистигин жана толтурулган күндү жазуу зарыл. Каттоодон өткөндөн кийин тандап алган факультеттин кутучасына талон ташталат. Каралган жеӊилдиктер боюнча тапшыра турган абитуриенттер каттоодон өтүп жатканда гранттык комиссияга тийиштүү документтерин алып келүүсү керек.   Гранттык комиссия күн сайын каттоодон өткөн талапкерлердин тизмесин баллына жана категориясына жараша жайгаштырып турат. Бул абитуриенттерге ыкчам маалымат берүү менен алардын рейтингин аныктоосуна шарт түзөт.

Каралган жеӊилдиктер

Кабыл алууда жеӊилдикке ээ боло турган абитуриенттер: I, II топтогу майыптар, согуштун ардагерлерине берилген жеӊилдиктерге теӊдештирилгендер, согуштун майыптарына, бала кезинен майыптарга, майып балдар, жетим балдар жана ата-энесинен кароосуз калган балдар.

 Окууга сынаксыз ким  тапшыра алат?

Бюджеттик орундарга сынаксыз кабыл алына турган абитуриенттер:

– Жалпы республикалык тестирлөөдөн эӊ жогорку балл топтогон 50 абитуриент. Аларды кабыл алуу Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан кабыл алуунун 1-туру башталганга чейин жүргүзүлөт;

– республикалык олимпиададан 1-орунду алган жана эл аралык олимпиадалардын жеӊүүчүлөрү предмети туура келген адистиктерге, эгер ал жалпы республикалык тестирлөөдөн өтсө;

– ушул жылы республикалык олимпиададан 2-орунду алган абитуриенттер адистиги жана багыты олимпиададагы тийиштүү предметке туура келсе, эгер ал жалпы республикалык тестирлөөдөн өтсө

– ушул жылы республикалык олимпиададан 3-орунду алган абитуриенттер педагогикалык адистиги олимпиададагы тийиштүү предметке туура келсе, эгер ал жалпы республикалык тестирлөөдөн өтсө.  

 Кесиптик орто окуу жайларындагы өзгөрүү

Быйыл медициналык орто окуу жайларга кабыл алууда өзгөртүү киргизилди. Бишкек медициналык колледжине, Ош медициналык колледжине, Кара-Балта медициналык колледжине, Жалал-Абад жана Кызыл-Кыя медициналык колледждерине тапшырууну каалаган абитуриенттер Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Улуттук тестирлөө борборунун базасында пилоттук режимде  тестирлөөдөн өтөт.  Бул сынактан өткөн абитуриенттер гана окуу жайларга кабыл алынат.

Техникалык, айыл чарба жана педагогикалык орто окуу жайларында өкмөттүн 2012-жылдагы Токтомунун негизинде окуу мөөнөтү бир жылга кыскартылган. Мурда 11-класстын базасында 2 жыл 10 ай окушса, азыр 1 жыл 10 ай, 9-класстын базасында 3 жыл 10 ай болсо, азыр 2 жыл 10 гана окушат. Мындай өзгөрүү Авиация, маданият жана медициналык орто окуу жайларына кирген жок.

Тартип бузулса кайда кайрылуу керек?

Кабыл алуу учурунда кандайдыр бир мыйзам же тартип бузуулар байкалса Билим берүү жана илим министрлигинин Кесиптик билим берүү башкармалыгына же министрликтин аймактык структураларындагы тестирлөө боюнча жооптуу кызматкерлерге кайрылса болот.

Чолпон Кийизбаева, “Кутбилим” 

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*