Ж. БАЛАСАГЫН АТЫНДАГЫ КЫРГЫЗ УЛУТТУК УНИВЕРСИТЕТИНИН ПЕДАГОГИКАЛЫК КАДРЛАРДЫ МАКСАТТУУ ДАЯРДОО ИНСТИТУТУНА КОШ КЕЛИӉИЗДЕР!!!

Биздин институт дүйнөдөгү эӊ бир асыл кесиптердин бири – мугалимдикке даярдайт

Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан берилген лицензиянын негизинде Педагогикалык кадрларды максаттуу даярдоо  институту  орто жана жогорку кесиптик билим берүү  багытында өзүнүн педагогикалык ишмердүүлүгүн иш жүзүнө ашырып келет.

Бүгүнкү күндө институт бардык каалоочуларды мугалимдик кесипке максаттуу даярдайт жана областтардын билим берүү башкармалыктары менен келишим түзүп, айыл өкмөттөрүнүн жолдомолору аркылуу да кабыл алат.

Ал эми айыл өкмөттөрүнөн келип келишимдик негизде окуган студенттердин окууга төлөнүүчү каражатын айыл өкмөттөрү каржылап турат жана   абитуриент,  айыл өкмөтү, институт ортосунда түзүлгөн келишимдин негизинде окуу программасы ишке ашырылат, же эки тараптуу  абитуриент менен  институттун ортосунда жеке келишим түзүлөт.             

Институтту бүтүрүүчүлөр эч убакта ишсиз калбайт. Кадрлар максаттуу, даректүү даярдалат

Институтту бүткөн студенттердин жумуш орду даяр. Анткени бизде кадрлар максаттуу, даректүү даярдалат.  Студенттер Бишкек шаарындагы мектептерден педагогикалык практикадан өтүшүп, өздөрүнүн кесиптик чеберчилигин жогорулатышат жана практикадан мыкты өткөн студенттердин шаардык мектептерде иштеп калуу мүмкүнчүлүктөрү зор. Айыл өкмөт менен түзүлгөн келишимдердин негизинде кабыл алынган студенттер өз айылдарына барып мугалимдик кызматын аркалашат. Окууну эӊ мыкты аяктаган студент институтта калып иштөөгө толук шарт түзүлгөн.

Биздин институт келечекте педагогдук кесипти сүйгөн адистерди даярдап чыгаруучу чыныгы борбор

Институтта тажрыйбалуу, дасыккан илимдин кандидаттары, доценттер, докторлор, профессорлор сабак берет. Алардын кыйласы мектеп үчүн окуу китептеринин авторлору, педагогикалык кесипке жан дили менен берилген агай-эжейлер. Тарбиясы начар окуучуга татыктуу билим берүү мүмкүн эмес. Андыктан, алгач тарбиялуу болууга үндөө шарт эмеспи. Сөз болуп жаткан институтту бүткөн студент – келечектин тарбиячысы! Ушу себептүү институтта Кыргыз Республикасынын Эл мугалимдери, кыргыздын белгилүү окумуштуу-педагогдору менен студенттердин ар дайым жолугушуу, чыгармачылык кечелери уюштурулуп турат.

«Өткөндү билмейин, өзүӊдүн ким экениӊди билбейсиӊ» демекчи, студенттер менен тарыхый жерлерге, музейлерге ж.б.у.с. жерлерге саякат жасалат жана иш-чаралар менен студенттердин руханий байлыгын өстүрүү, өз кесибин жана Атамекенди сүйүү сезимдерин күчөтүү аракеттери көрүлөт. Ар дайым жогорку окуу жайлар аралык студенттик илимий-практикалык конференциялар, тегерек үстөлдөр ж.б. ар түрдүү иш-чаралар өткөрүлүп, студенттер ой-пикирлерин, илимий көз караштарын калыптандырууга кеӊири мүмкүнчүлүктөр бар.  Кыскасы,  биздин институт келечекте педагогдук кесипти сүйгөн адистерди даярдап чыгаруучу чыныгы борбор.

Институт заманбап материалдык-технологиялык базага ээ. Компьютердик класстар ИНТЕРНЕТке туташтырылган жана окуу-методикалык кабинеттерге бай

Биздин институтта ылайык окутуунун заманбап технологиялары менен сабактар өтүлөт. Окуу программалары мезгилдин бийик талаптарына шайкеш келет, материалдык-техникалык базасы жетиштүү, студенттердин окуусуна жана чыгармачылык изденүүлөрүнө жакшы мүмкүнчүлүктөр түзүлгөн. Окуу бөлмөлөрү интерактивдүү доскалар, проекторлор менен жабдылган. Компьютердик класстар ИНТЕРНЕТке туташтырылган жана окуу-методикалык кабинеттерге бай. Студенттер үчүн интернетте иштөөсүнө толук кандуу шарттар түзүлгөн, мүмкүнчүлүктөр арбын. Институтта дүйнөлүк илим-билим менен катар эле эл-жерибиздин руханий нарктарын, адептик-ыймандык дөөлөттөрүн, мурастарын үйрөнүүгө чоӊ көӊүл бурулат.

жогорку кесиптик билим берүү бөлүмү

окуу мөөнөтү – 4 жыл

БАГЫТТАР: Шифр
1. ТАБиГЫЙ-ИЛИМИЙ БИЛИМ БЕРҮҮ 550100
География  
Биология  
2. ФИЗИКА-МАТЕМАТИКАЛЫК БИЛИМ БЕРҮҮ 550200
 Информатика   
Математика  
3. ФИЛОЛОГИЯЛЫК БИЛИМ БЕРҮҮ 550300
Кыргыз тили жана адабияты  
Орус тили жана адабияты  
Чет тили  
4. СОЦИАЛДЫК-ЭКОНОМИКАЛЫК БИЛИМ БЕРҮҮ 550400
Коом таануу  
Тарых  
5. ПЕДАГОГИКА 550700
Мектепке чейинки билим берүүнүн педагогикасы жана методикасы  
Башталгыч билим берүүнүн педагогикасы жана методикасы  
Педагогика жана психология (мектепке чейинки билим берүү)  
Социалдык педагогика  

 

Институттун эл аралык байланыштары

• Институт түзүлгөн күндөн тарта Германиянын (GIZ) Борбордук Азиядагы билим берүү системасын реформалоо долбоорунун «Педагогикалык кадрларды даярдоо» компоненти;

• Кытай Эл Республикасынын Цинь-Цзянь педагогикалык университети;

• Аль-Фараби атындагы Казак улуттук университети;

• Абай атындагы Казак улуттук педагогикалык университети,

• Казак кыз-келиндер педагогикалык университети;

• «Гүлзар» коомдук бирикмеси;

• «Тынчтык ааламы» эл аралык Казак чыгармачылык бирикмеси;

• «Гүлстан» республикалык илимий-таанымдык журналы ж.б.

Бизде окуган студенттерге жогоруда көрсөтүлгөн жана башка чет мамлекеттердин жогорку окуу жайларынан кошумча билимин өркүндөтүүгө мүмкүнчүлүктөр түзүлөт.

Орто кесиптик билим берүү

Күндүзгү бөлүмгө 9-кл. базасында – 2 жыл 10 ай;

11-кл. базасында – 1 жыл 10 ай.

Сырттан окуу бөлүмү 11-кл. базасында – 2 жыл 10 ай

Адистиктер Шифр
1. Кыргыз тили жана адабияты 0302
2. Орус тили жана адабияты 0302
3. Чет тили 0303
4. Информатика 0324
5. Математика 0301
6. Тарых 0304
7. География 0305
8. Башталгыч класстарга билим берүү 0312
9. Мектепке чейинки билим берүү 0313
10 Социалдык педагогика    0314
11. Дене тарбия 0307
12. Көркөм искусство жана чийүү 0311

 

Институтка тапшырууга керектүү документтер:

1. КУУнун ректоруна жазылган арыз.

2. ЖРТнын сертификаты.

3. Орто билимин тастыктаган мамлекеттик үлгүдөгү аттестат (түп нускада).

4. 086-У формасындагы медициналык справка.

5. 3X4 өлчөмүндөгү сүрөт.

6. Аскерге милдеттүүлүгүн күбөлөндүргөн документ (эркек балдар үчүн).

7. Паспорт же туулгандыгы тууралуу күбөлүк.

Институттун дареги: Бишкек шаары, К. Акиев көчөсү 85 (Киев көчөсү менен кесилишет) №6 А окуу имараты

Тел: (0312) 65-30-10,  (0312) 65-76-90; 0555083570; 0553696260; 0558742939; 0557505422; 0557397739; 0555414921; 0555214826; 0772237985;0773917435; 0772 185871

РКМD_13I@mail.ru      РКМDI@bk.ru; www.university.kg     www.mugalim.kg

1 Kомментарий

  1. Педагогдорду максаттуу даярдоо институту абдан жакшы экен. Буга кабыл алуу кандайча журот? ОРТ боюнчабы же озунчобу?
    Физика адистиги эмнеге жок же физик мугалим болууну максат кылгандар жокпу? Мектептерде физиктер жетишпей жатпайт беле?

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*