Ачык асман алдындагы гүл музейи – мекенчилдикке тарбиялайт

Казакстан Республикасынын илимий-таанымдык  “Гүлстан” журналы жана “Гүлзар” коомдук бирикмесинин чакыруусу менен  Ж.Баласагын атындагы КУУнун алдындагы Педагогикалык кадрларды максаттуу даярдоо институтунун, И.Арабаев атындагы КМУнун Педагогика кафедрасынын  кызматкерлери  билим берүү мекемелерин көрктөндүрүү боюнча илимий-практикалык конференцияга катышып келишти. Бул иш-чаранын максаты –  боордош  эки элдин илимий, руханий жана социалдык-экономикалык өнүгүүсүн чыӊдоого көмөктөшүүнү,  тажрыйба алмашууну, мугалимдерге экологиялык тарбия берүүнүн теориясы менен практикасынын айкалышын көрсөтүүнү, ошондой эле “Гүлстан” окуу-практикалык борборунун иши менен жакындан тааныштырууну көздөдү. Бул борбор Алматы шаарында жайгашкан. 0,5 гектар жерде 15 түрлүү  ландшафт дизайнында өстүрүлгөн 1000ден  ашык өсүмдүктөр бар. Иш-чаранын алкагында “Өсүмдүктөр ааламы” аттуу 58 аталыштагы окуу-методикалык комплексинин бет ачаары болду. Мындан сырткары,  “Кесип түбү – насип” аттуу флористика боюнча мастер-класс өткөрүлдү.

Боордош Казакстан Республикасынын Алматы шаарына кыргызстандык делегация таӊ эрте аттандык. Ж.Баласагын атындагы КУУнун алдындагы Педагогикалык кадрларды максаттуу даярдоо институтунун окутуучулары келечектеги өз кесиптештерин кандай даярдап, кандай билим берип жатканы ушул сапар жолунда алаканга салып койгондой көрүндү. Окутуучулардын бараандуу, нарктуу сөздөрүнөн, бири-бирине болгон сый-урматынан алар берип жаткан таалим-тарбия уюткулуу экенин  байкадым. “Уядан эмнени көрсө, учканда ошону алат” дегендей,  жападан жалгыз жалаӊ гана мугалимдик кесипке  даярдаган билим уясы болгон институтта  чыныгы Сухомлинский, Амонашвили, Шаталов, өзүбүздүн эле Бектур Исаковдой болгон новатор-педагогдор бар экенин көрүп, кубандым. Алардан билим алып жаткан студенттердин багы опол тоодой эле экен.  Аталган  институтта  биринчи кезекте билим сапатына басым жасалып жатканы айтпаса деле көрүнүп турду. Мунун далили катары, окуу жайдын жетекчиси Рахат Сулайманова жамаатын кезек-кезеги менен эл аралык конференцияларга, семинарларга алып чыгып, тажрыйба алмашып, билбегендерин көрсөтүп, билгендерин өркүндөтүп жатканын айтсак болот. Ал дайыма өз кызыкчылыгын көздөбөй,  биринчи кезекте жамаатына  бирдей, теӊ мамиле жасайт экен. Демек, мындай жамаатта иш үчүн баары бирдей туруп, аны илгерилетип, сапат үчүн дайыма аракет жасалаарында шек жок. Улууларга улуудай, кичүүлөргө кичүүдөй жетекчинин мамиле жасаганы бардыгына жагат экен.

Институттун төрүндө дайыма Кыргызстандын белгилүү окумуштуулары, Эл мугалимдери олтуруп,  насааттарын, пикирлерин, сунуштарын айтып турушат. Алардын ар бир айткан сөздөрү атка тамга баскандай ар бир окутуучунун, студенттин  эсинде калып, аны ишке ашырганга шашылышат. Төрт саат аралыкта эле ким кандай иш жасап жатканы көрүнүп калды. Көрсө, казакстандык окумуштуулар менен аталган институт 2013-жылдын башынан баштап иштеп жатышыптыр.  “Гүлстан” менен “Гүлзар” бирикмелери   жаштарга, дегеле жалпы адамзатка экологиялык тарбия берүү маселесин көздөгөн эл аралык уюм экен.

— Бизде деле экологиялык тарбия берүүгө көӊүл бурулат, бирок казак туугандар  практика менен теорияны айкалыштырып, ага методикасын кошуп, т.а. окуу-методикалык комплексин курушкан.  Алар  бала бакчанын  балдарына  “а” деген ариптен баштап санаганды, боегонду үйрөтүп, жомоктор аркылуу дүйнө таанымын кеӊейтип, кичинекей кезинен тартып гүл менен жашоосун байланыштырып, ар бир гүлдүн тарыхын таанытып, аны санатып, гүлдөр аркылуу түстөрдүүйрөтүп, кантип өстүрүү керек, кантип багуу керек, аны кантип аярлоо керек деген маселелерди комплекстүү түрдө карашкан. Ушунун баары жалаӊ гана казак тилинде үйрөтүлөт. Булардын жасап жаткан иши биз үчүн керектүү жана мазмундуу. Анткени биз келечектеги педагогдорду даярдап жатабыз, алардын жан дүйнөсү  таза, бай болуп, ошол эле мезгилде экологиялык билим тарбиясы дагы кенен болушу зарыл. Бүгүнкү биздин студент — эртеӊки мугалим, ал  барып жаш адамдарды тарбиялайт. Андыктан алар жаш муунга жаратылышты кантип коргоого, табият менен кантип таттуу жашоого үйрөтүү керек экенин биздин окуу жайдан алып чыгышы керек. Бул жагынан алганда, казакстандык тажрыйба биз үчүн абдан керек. Ошон үчүн  Казакстанга келип, “Гүлзар” борбору менен жакын таанышып жатабыз. Эмки планыбызда  жайкы каникул убагында сегиз студентибиз келип, флористика боюнча эки ай окуп, билим алышат. Казак туугандар бардык чыгымдарды өздөрүнүн эсебинен көтөрөт, — дейт Рахат Сулайманова.

Ошентип эртеӊ мененки саат 9.00до “Гүлстан” борборуна келдик. Бизди республикалык “Гүлстан” илимий-популярдуу журналдын башкы редактору Гозел Кулжабаева менен “Гүлзар” коомдук бирикменин директору Батима Кабдолданова кучак жайып тосуп алышты. Ириде тамактантып туруп, анан борбордун ичине экскурсия өткөрүштү. Эми борбордун кире беришинен баштап имараттын чатырына чейин бак-дарактар, гүлдөр өстүрүлүптүр. Ачык асмандагы гүл музейи десек деле болчудай. Борбордун жетекчиси Г.Кулжабаева ар бир дарактын, ар бир гүлдүн тарыхын айтып, кайсы мамлекеттен алып келингенин, ага кандай мамиле кылуу керек экендигин айтып баарыбызды таӊ калтырды. Маселен,  канча бир түрлүү гүл менен токулган килем, ар кандай жаныбарлар да гүлгө бөлөнгөн,  Казак Республикасынын герби да ар кандай гүл менен шөкөттөлгөн.  Ошентип бакчанын ичиндеги 1000 ашык гүлдүн түрлөрү, 30дан ашык арчанын, дагы канча бир сандагы бак-дарактардын түрлөрү менен тааныштык. Андан соӊ, эки сааттык  илимий-практикалык семинарга катыштык. Казак туугандар өздөрүнүн иштерин  слайд-шоу аркылуу көрсөтүп, айтып беришти. Гүлдөрдү кандай тартипте өстүрүү боюнча мастер-класс өтүштү. Семинар учурунда кыргыз делегациясы алып барган белектерин тапшырышса, казак окумуштуулары эки өлкөнүн кызматташуусуна зор салым кошуп жаткан кыргыз делегациясынын өкүлдөрүнө “Алкыш каттарын” тапшырышты. Түшкү тамактан кийин, Алматы шаарынын эӊ кооз жайларына экскурсияга алып чыгышты. Алгач Аль-Фараби атындагы  Казак улуттук университетиндеги  музейлерге бардык. “Эшигин көрүп, төрүнөөт” дегендей, киргенден чыкканга чейин жалтыраган тазалык көздү уялтат. Башкы корпуста жайгашкан музей көп кырдуу функцияны аткарат экен. Музейдин базасында окуу жайдын имиджин, анын маданиятын, билим берүүсүн, илимий жана тарбиялык жетишкендиктерин көрсөтүү иштери  аткарылып тураарын билдик. Ал эми биология факультетинин музейи Казахстан жана Жер шарындагы табият региондорунун табигый тарыхтары жана материалдык эстеликтеринин мамлекеттик сактоочу жайы экен. Эми ал музейдеги маалыматтарды, экспонаттарды айтып да, жазып да бүтүрө албайбыз. “Миӊ уккандан, бир көргөн жакшы” дегендей, бул музейге биздин окуучуларды, студенттерди экскурсияга алып баруу керек экен деп ойлоп койдум. Анткени мындай деӊгээлдеги музейлер, тилекке каршы, бизде жок. 80 жылдык тарыхы бар окуу жайдын кичинекей бир бөлүгү менен таанышып эле, көзүбүз ачылды. Канча бир гектарды ээлеген кампусту бир күн айлансак дагы бүтчүдөй эмес. Окуу жайдын ар бир факультети эле биздин чоӊ окуу жайлардын имаратындай экен. Баарын көрө албаганыбызга көзүбүз жеткенден кийин, экскурсиябызды андан ары уланттык. Андан соӊ аркан жолу менен Алматы шаарына үстүдөн көз чаптырдык, 2011-жылы курулган метрого түшүп, айтор, бир күндүк семинарыбыз миӊ күнгө тете болду. Бардыгына үлгүрдүк, позитивдүү энергия менен Кыргызстаныбызга кайра таӊ эрте кайтып  келдик.

Жолдо келатып, Казакстан Республикасынын Президенти Нурсултан Назарбаевдин Кыргызстанга келгенде сүйлөгөн сөзүн эстедим: “Кыргыздар менен казактар – бир эл жана кыйын кырдаалда бири-бирин колдош керек. Экономикалык бейишти бир өлкөдө эле курууга мүмкүн эмес. Тынчтык, бейпилдик жана өнүгүп-өсүү Борбордук Азия өлкөлөрүндө тегиз орнош керек” деген. Эмне үчүн кыйын кезде гана бири-бирибизге жардам беришибиз керек?  Биз барган илимий-практикалык конференция да эки элдин достугун чыӊдаган, бири-бирибизге жакындан жардам берген иш-чаралардан болду. Анткени байыртадан эгиз козудай жанаша турмуш кечирген кыргыз-казак калкынын ынтымагы ар дайым бекем болуп келген. Аны Жараткандан башка эч ким буза алган эмес жана буза албайт дагы. Тарыхыбыз, дилибиз, тилибиз, керек болсо динибиз, салт-санаабыз да бир элбиз.

Гозел Кулжабаева, “Гүлстан” борборунун директору:

— Кыргыз менен казактын ортосунда бөлчү эч нерсе жок, бирөөнө Ала-Тоо болсо, бизге Ала-Тау. Тилибиз, дилибиз, динибиз бир, болгону гана бир тыбышта өзгөчөлүк бар. Биздин максатыбыз – 2013-жылдан баштап Казакстан менен Кыргызстанды гүлдөтүү. “Гүлстан” Казакстанда көрктөндүрүү боюнча жалгыз жаӊы  журнал. Максаты – мамлекетти көрктөндүрүү. Мамлекет деген  — ар бир айыл, ар бир мектеп, ар бир бала бакча. “Гүлстан”  журналы менен катар “Гүлстан” багы бар. Республиканын бардык булуӊ-бурчундагы мектептерден, бала бакчалардан экскурсияга келип турушат. Кыргызстан тоого жакын, кереметтүү жер, ал жерде Англиядан артык жашоого болот. Бирок көрктөӊдүрүү жагынан билим жетишсиз. Бул өсүмдүктөрдү  Кыргызстандын кайсы жеринде болбосун өстүрүүгө болот. Мен өсүмдүктөрдүн атын фарсча, англисче, орусча, анан казакча айтамын. Аз күндө ар бир өсүмдүктүн атын кыргызча айта баштаймын. Бул бакчанын максаты – биринчиден, таалим-тарбия берет, экинчиден,  өсүмдүк өсүп турат. Бул жерде өскөн өсүмдүктөрдүн көбүнчөсүн чет мамлекеттерден алынып келинген.

Айчүрөк Калдыбаева, И.Арабаев атындагы КМУнун Педагогика кафедрасынын башчысы, педагогика илимдеринин доктору, профессор:

Өткөн  иш-чара чоӊ таасир калтырды. Ачык  асмандын алдындагы гүлдөрдүн музейи, болгондо да жандуу гүлдөрдүн музейи экен. Ушул жерде 1000 өсүмдүктөрдүн түрлөрү бар экен. Менин оюмча,  Казакстандын өнүгүүсүнө түздөн-түз таасир берген борбор экен. Себеби окуу-методикалык комплексинин балдарга таасири күчтүү экенин көрдүк. Балдар келип жандуу өсүмдүктөрдүн  сулуулугуна сугарылып, ажайып сулуулукту байкай билүүгө тарбияланышат экен. Бул бакча балдардын  психологиялык сезимин, эстетикалык табитин өстүрөт. Жаш балдар эмес, чоӊдор кооздукка баш ийип, кандай суктанып жатабыз. Маселен, бизде көрктөндүрүү боюнча проблема жок эмес. Окуу жайыбызда  биология факультети бар. Анда  ботаникадан күчтүү адистер сабак берет, ботаникага дагы көп саат бөлүнгөн. Ошол окутуучулар келип, тажрыйба алса деген ой келди.   Мен ойлойм, биология факультети бар жерлерде ушундай комплекстин жок дегенде төрттөн бир бөлүгү турса, студенттердин сапаттуу билим алышына чоӊ көмөк көрсөтмөк.

Майрам Абдыкеримова, педагогика илимдеринин кандидаты, доцент:

Өсүп жаткан арчалар, гүлдөр кайсы гана жерде болбосун өсө берет. Буларды өстүрүп эле тим койбостон, мектепке чейинки балдарга китепчелерди, дидактикалык материалдарды чыгаргандары алкышка татыйт. Гүлдөр “Алиппеси”  жазылыптыр, санамакты, боемок деген  өнүктүрүүчү, тарбиялык мааниси бар китепчелер да чыгарылыптыр. Бала бакчанын тарбиялануучулары  келип көрүп, көӊүлдөрүн ачып, сүрөткө түшүп кетишет экен. Ар ким келип үйрөнө турчу жай экен. Бизде деле көӊүлдү аччу Рух ордобуз, ал эми өсүмдүктөрдүн бардык түрлөрүөскөн Ботаникалык бакчабыз бар. Ал жерге көп маани бурулбайт, окуучуларды, студенттерди алып барып, ушундай экскурсия уюштурулбайт. Бизде Батима айымдай демилгечи жок болуп атат. Анан бизди каражат кыйнап жатат. Өзгөчө бул бакча педагогдор үчүн жакшы экен. Маселен, мектептеги биолог мугалимдер окуучуларын жиберип, ушул бакчада иштетип турат экен. Бул абдан сонун, балдар практика жүзүндө алган билимин бышыктайт.

Ажар Раимкулова, Ж.Баласагын атындагы КУУнун Жогорку мектептин педагогикасы кафедрасынын башчысы, педагогика илимдеринин доктору, профессор:

— Жаратылыштын кооздугуна адам баласы жүрөгүн салып, гүлдөтүп коюптур. Гозел Кулжабаева  өз элинин  патриот кызы экен. Мага балдарга алфавитти гүлдөр аркылуу үйрөткөн таблицасы жакты. Биздин Кыргызстанда  дагы ушундай дидактикалык материалдарды  чыгарсак. Мектепке чейинки, башталгыч класстын балдарына ушундай көрсөтмө куралдар керек. Ошону Казакстан менен Кыргызстандын окумуштуулары, китептин авторлору  чогуу иштеп чыгышса деген сунуш айтат элем.

Гүлнара Алыбаева, “Кутбилим”, Бишкек – Алматы — Бишкек

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*