Бүтүрүүчүлөр иш менен камсыз болушту

Бишкек шаарындагы жогорку окуу жайларында педагогикалык адистикти аяктап жаткан бүтүрүүчүлөрдүн жолугушуусу И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде болуп өттү

Иш-чарага жогорку окуу жайын артыкчылык менен бүтүп жаткан бүтүрүүчүлөр чакырылган. Алар менен Билим берүү жана илим министри Канат Садыков, министрдин орун басары Догдуркүл Кендирбаева, ЖК депутаттары Каныбек Осмоналиев, Н.Никитенко жана Бишкек шаарынын мэриясынын, Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгынын, райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн өкүлдөрү, 25 мектептин директорлору жана алдыӊкы мугалимдер жолугушту.

Жолугушуунун алкагында аукцион болуп, мектептер мыкты бүтүрүүчүлөрдү тандап алышты.

– Бул иш-чаранын максаты – мугалимдердин беделин көтөрүү болуп саналат. Мындай кырдаалдан чыгуу үчүн мугалимдердин айлыгы кескин түрдө жогорулады, бирок бул маселе айлыкты көтөрүү менен эле чечиле койбойт. “Жабыла көтөргөн жүк жеӊил” демекчи, качан гана коомчулук жапатырмак мугалимдин жүгүн көтөрүшкөндө гана анын социалдык абалы жакшырат, бедели көтөрүлөт, – дейт министр Канат Садыков.

Иш-чара “Илим” билим берүү мекемесинин демилгеси менен “Мугалим – улуттун сыймыгы” деген аталышта экинчи жолу өткөрүлдү.

– Бул саамалыкты эмдиги жылы жогорку деӊгээлде өткөрөлү деп жатабыз. Себеби бул бизге дагы, бүтүрүүчүлөргө дагы, мектептерге дагы зарыл. Негизинен бүтүрүүчүлөргө жолдомо берилип калган. Бирок ага карабастан Бишкек шаарынын мектептери мыктыларды тандап алышты. Бүтүрүүчүлөргө социалдык жактан кам көрүп, үй, жер тилкесин беребиз деген мектептер дагы болду, – дейт КМУнун ректору Т.Абдырахманов.

Чолпон Кудайбергенова, “Кутбилим”

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*