Кален Сыдыкованын талапкерлиги эл баатырлыгына көрсөтүлдү

Калыӊ элден колдоо тапкан Кален Сыдыкованын бир топ чыгармалары чет тилдерине которулгандыгына байланыштуу ысымы көптөгөн өлкөлөргө да белгилүү экендиги маалым.

Ал 30 жылдык чыгармачылык ишинде 700дөн ашык көркөм, саясий, социалдык масштабдуу, аналитикалык макалалардын автору болгон. Анын «Кайрылуу», «Түпкүрдөгү монстр», «Доор кайрыгы», «Насыя нике», «Эр издөө», «Асылдар», «Күч күйөө», «Кыргыз тарыхы», «Алтын казык», «Чачылган кыргыздар», «Токол», «Ата журтум ардагым», «Аттила баатыр», «Шумерлер жана кыргыздар», «Кыргыздар жана индеецтер» аттуу кыргыздын байыркы жана кийинки тарыхына, тилине, Манасына, каада-салтына, маданиятына, жашоо образына, келечегине, өлкөнүн көз карандысыздыгына, бүтүндүгүнө, өнүгүп-өсүшүнө тиешелүү улуттук ар намысты коргогон, ойготкон, мекенди сактоого, жаштарды тарбиялоого зор салым кошкон маселелерди камтыган фундаменталдуу публицистикалык көркөм, тарыхый 16 китептин автору экендигин окурмандар жакшы билишет.

Кален Сыдыкова КР Улуттук жазуучулар союзунун жана Кыргызстан журналисттер союзунун мүчөсү, белгилүү коомдук ишмер «КР маданиятынын эмгек сиӊирген ишмери», Кыргызстан журналисттер союзунун лауреаты, “Кыргыз Республикасына 10 жыл” эстелик белгисин, КР Маданият министрлигинин «Маданияттын мыкты кызматкери», Эл аралык коомдук «Тансу Чиллер», «Кыргыз тил» төш белгисинин, КР Ардак грамотасынын, «Данк» медалынын ээси, «КР Билим берүүнүн отличниги», Коомдук Манас академиясынын академиги экендиги көпчүлүккө белгилүү.

Жазуучу, журналист Кален Сыдыкованы Кыргыз Республикасынын Баатыры ардак наамына сунуш кылган «Алтай-Манас-Талас» коомдук бирикмеси (төрагасы жазуучу, коомдук ишмер К.Качибеков) 2-3 жылдан бери 80ден ашуун кыргыз жаштарын Россия Федерациясынын Сибирь федералдык округуна караштуу Алтай Республикасындагы Горно-Алтайск мамлекеттик университетине окууга киргизгендиги, Алтай Республикасы менен адабий-маданий-илимий байланыштарды түзгөндүгү менен маалым болсо, ал эми «Манас Ата» этникалык кыргыздарды колдоо фонду (төрагасы журналист, коомдук иштер А.Атабаев) дүйнө жүзүндөгү кыргыздарды иликтеп, изилдеп, «Аалам кыргыздары» аттуу адабий-маданий көркөм журнал чыгарып, жалпы кыргыз улутуна кызмат кылып келе жаткандыгы менен белгилүү экендигин айта кетүү абзел.

М.Токторов

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*