Кыргыз улуттук агрардык университетине 80 жыл

Кыргыз улуттук агрардык университети 80 жылдык мааракесин белгиледи. Салтанат улуу жазуучу Чыӊгыз Айтматовдун айкелин ачуу менен башталды. Иш-чарага Жогорку Кеӊештин Төрагасы Асылбек Жээнбеков, окуу жайды бүтүргөн депутаттар, министрлер, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер жана жазуучунун жакындары, жубайы Мария Айтматова катышты.

«ХХI кылым биологиянын, биотехнологиянын кылымы. Дүйнөлүк деӊгээлдеги илимий борборлордун берген маалыматтарына таянсак, он-жыйырма жылдан кийин жалпы адамзатты азык-түлүк менен камсыздоо кыйынчылыгы жарала баштайт. Андыктан биздин университет дүйнөдөгү эӊ күчтүү биологиялык жана биотехнологиялык борборлор менен бирдикте Кыргызстанда азык-түлүктү камсыз кылуу боюнча чоӊ салымдарды кошуп жатабыз», – деди салтанаттын ачылышында сүйлөгөн сөзүндө окуу жайдын ректору Рысбек Нургазиев.

Учурда университет кайра жаралуу дооруна келе баштагандай. Себеби азыркы ректор Рысбек Нургазиев университетти өнүктүрүүүчүн алгылыктуу иштерди жасоодо. Ири инвестициялар тартылып, окутууну дүйнөлүк стандарттын талабына ылайыкташтыруу, жаӊы технологиялык жабдуулар менен камсыздоо, чет мамлекеттер менен байланышты күчөтүү иштери акыркы эки жылдан бери жакшыргандыгы көрүнүп турат. Өзгөчө окуу корпустарынын заман талабына жараша ремонттолушу оозго аларлык иш. Бул жасалып жаткан изги иштер тууралуу ЖК спикери Асылбек Жээнбеков дагы салтанатта сүйлөгөн сөзүндө баса белгиледи.

– Азыр Агрардык университет кайра түзүлүп, академиялык усулда билим берүүдө. Бул окуу жайдын базасындай бир дагы жождун базасы жок. Анын курамында асыл тукум чарбалары менен селекциялык станциялары кирген төрт илимий изилдөө институту окуу-тажрыйба иштерине зор мүмкүнчүлүк түзүүдө, – деди А.Жээнбеков.

Спикер университеттин үч жыл мурунку абалы менен азыркы абалын салыштырып, заман талабына ылайык кескин өзгөргөнүн, жаӊыланганын баса белгилеп, анда окуу жайдын ректорунун жана жалпы жамаатынын ролу чоӊ экендигин баса белгилеп өттү.

Иш-чарада окуу жайдын 17 окутуучу жана кызматкери айыл чарба жана мелиорация министрлигинин Ардак грамотасы жана «Айыл чарбасынын отличниги» төш белгиси менен сыйланды. Министр Ч.Узакбаев бир кезде өзү окуган окуу жайынын Суу чарба факультетинин муктаждыктары үчүн акчалай колдоо көрсөтүп, окуу-чарба участогу үчүн минералдык жер семирткичтер бериле тургандыгын убада кылды.    

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*