АЙЫЛ ТҮЙШҮГҮН АРКАЛАГАН АРДАГЕР

Сузактагы Жаӊы-Ачы айылында жашаган элге таанымал, элдин жеӊилин жерден, оорун колдон алып, ушул айылдын жашоочулары үчүн бир нече алгылыктуу иштерди аткарып келе жаткан Осмоналиев Мамирали агайыбыз тууралуу сөз баштагым келди.

Бул агайыбыз жакынкы күндөрдө 71 жашка толгону турат. Бирок бул аксакал жетимиш бир жыл ичинде кандай күндөрдү гана башынан өткөрбөдү. Согуштун каардуу күндөрүндө төрөлүп, Советтер Союзу өз калыбына келгиче 1-класста окуп жүргөн кездеринде кол менен орулган буудайдын артынан жүрүп, бир тал буудайды талаага таштабай бир килограммдан машак терип, кырманга алып барып тапшырышчу. Ошентип, талаада чөптү да оруп, мектепти да таштабай, он жылдык орто билимди да 1960-жылы аяктаган. Мектепти аяктаган соӊ 1963-жылы К.Маркс колхозунда мал чарбасында эсепчи болуу менен эмгек жолун баштаган. 1965-жылы  Кесипчилик техникалык училищага окууга кирип, аны артыкчылык диплом менен бүттү. 1966-жылы Айыл чарба техникумуна окууга кирип 1968-жылы аяктаган. Ушул эле жылы Көк-Жаӊгактагы Курулуш училищасында окуп, аны 1970-жылы бүткөн. 1970-жылдан баштап К.Маркс колхозунда ветеринардык врач болуп иштөө менен теориялык алган билимин практика жүзүндө ишке ашыра алды. Ал эми 1975-жылдан 1980-жылга чейин айыл чарба суу башкармасында сантехник болуп эмгектенди.

Мугалимдик кесипти 1980-жылдын октябрь айынан Ильич атындагы мектепте эмгек сабагынан берүүдөн баштаган.

Жаратылыш кырсыгынын айынан 1994-жылы Жаӊы-Ачы айылына үй-бүлөсү менен көчүп келип отурукташып, 1995-жылдан баштап ушул күнгө чейин З.Жамашев атындагы орто мектебинде иш жолун улантып келе жатат. Балдарга тереӊ билим, татыктуу тарбия бергендиги үчүн райондук Билим берүү бөлүмүнүн бир нече грамотасын, «Эл агартуунун отличниги», 2010-жылы «Ардагер» төш белгилерин алган. Аксакал агай эл үчүн көптөгөн эмгектерди жасоодо. 1995-жылы ПРООН менен иштеп ичүүчү сууну капиталдык ремонттон өткөргөн. 2004-жылы айыл элинин  Кызыл-Байрактын ооруканасына ысык-суук күндөрү жөө каттаган кары-картаӊдарга, келин-кезектерге жеӊилдик кылууну ойлоп АРИСтин жардамы менен айылга медпункт куруп берди. Андан кийин 2006-жылы Маткасымов Болотбек көчөсүнө араб инвесторлору менен мечит салынып, пайдаланууга берилди. Эл камын ойлогон агай арабдарга дагы бир бузулуп жаткан  суу түтүктөрүнүн ал-абалын айтып, 2009-жылы 200000 сом акчалай, 111000 сомдук насос алып келип кайра жаӊыланды. Азыркы  учурда да кенже мугалимдерге, жаш балалуу эжейлерге, неберелерин карап олтурган чоӊ энелерге  шарт түзүүнүн аракетинде жүрөт. Шаар жеринде 1-класска келген окуучулар тамганы таанып, эсептөөнү бала бакчадан үйрөнүп келишет. Ал эми айыл жеринде болсо тамганы таанымак мында туруп, аны көрбөй эле мектеп босогосун аттап кирип келгендер көп. Андыктан айыл жериндеги мектеп жашына жете элек уул-кыздарыбызды да беш-алты жашынан баштап билимди, тарбияны чогуу алып кетүүсүнө ыӊгайлуу шарт түзүп ПРООН менен бала бакча ачуу проектисин тапшырып, жакында ишке киргени турат.

Убакыттан пайдаланып Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевге ардагер мугалимибиздин сунуштарын, өтүнүчүн жеткире кетсем. Ардагер мугалимдерге эч жок дегенде бир жылда бир жолу санаторияларга жолдомо берилсе, эркек мугалимдерди 57-58-жашынан кеч пенсияга чыгарылышы жагымсыз. Себеби бир-эки жылдан кийин эле кем акыл, оорукчан болуп көзү өтүп кетип жатышат. Ошондуктан мугалимдер эртерээк пенсияга чыгарылса.

Элибизге эмгеги сиӊген агайдын өмүрү узун болуп, кайратынан жазбай эл үмүтүн аткара беришине тилектешмин.

Динара Жаӊыбаева,

Жалал-Абад облусу,

З.Жамашев атындагы орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*