• Мугалимдерге тиешелүү макал-лакаптар Белек берип койду деп, окуучу менен дос болбо

• Кайда болсоӊ анда бол, коӊгуроо кагылганда сабакта бол!

 

• Эр жигит жигит болобу этеги шорго малынбай,

Мугалим жолу болобу кез-кезде торго чалынбай.

 

• Мугалим өзүнөн кийинкилерди көрүп картаят.

 

• Жакшы конспекти абийир таптырат,

Эски конспекти азабын тарттырат.

 

• Жашаганды билбеген жашоонун баркын кетирет,

Жакшы сабак өтө билбеген сабактын баркын кетирет.

 

• Жалгыз конспекти сабакка курал болбойт,

Курал болсо да, максатка жетүүгө болбойт.

 

• Кетенчиктеп отуруп да чокуга чыгууга болот,

Аракет кылып отуруп да, мыкты мугалим болууга болот.

 

•  Казанына жараша чөмүч танда,

Дарманына жараша сабак танда.

 

• Күч бербеген тулпардан, сүтүн берген уй жакшы,

Конспектиси жок мугалимден эрте келген тех жакшы.

 

• Оро албаган орок тандайт, сабак өтө албаган тема тандайт.

 

• Жазганга бору жок мугалим, жүгөнү жок атка окшош.

 

• Ит менен дос болсоӊ, сөөк талашасыӊ,

Окуучу менен дос болсоӊ экзаменде шпаргалка бересиӊ.

 

• Алты мугалим жетекчиге кирсе, өз арманын айтат.

 

• Ачканын оюнан тамак кетпей, айлык алган күнү, мугалимдин оюнан карыз алган акча кетпейт.

 

• Көӊүлүмө жагат деп,

Көрүнгөн менен дос болбо.

Белек берип койду деп,

Окуучу менен дос болбо.

 

• Эшегиӊе жараша тушагы,

Эришиӊе жараша аркагы,

Аракетине жараша сабагы.

 

• Бөөдө аракет бел сындырат,

Даярданбаган сабак баркыӊды кетирет.

Айзада ОСОКЕЕВА,

Нарын району, Ж.Саламатов атындагы Орто-Саз орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими

8 Комментарии

  1. Атаганат, соз деп эле оозго келгенди суйлой берсе болот экен да. Мугалимдин которгон оор жугун бир саатка которуп коргондо билмексинер.Айрыкча ушул кундору. Орустар айтмакчы: “У кого что болит, то и говорит”, терикпейм бул создорго, элибизде ушул ондуу адамдар бар экени окундурот.

Добавить комментарий для aizirek Gadaeva 7@Gmail. com Отменить ответ

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*