ЧЕКСИЗ ОЙДУН ЧЕПСИЗ КҮЧҮ же Айкөл Манас атабыздын улуу инсандыгы жөнүндө учкай кеп

Айкөл Манас – чексиз ойдун чепсиз күчү катары атайын Академияга муктаж!

Манас улуу Теӊирден жалганган тарыхый  Инсан экендиги улам мезгил  алмашып, маалымат көбөйүп, тарых тактала баштаган  сайын адамдардын жаӊы муундары   үчүн да ишенимдүү боло баштады. Бирок, белгилей кетели, Адам Манас жөнүндө, анын тарыхый  инсандыгын, баатырлыгын, социалдык турпатын чечмелеген изилдөөлөрдүн жетишсиздиги  абдан байкалат. XXI кылымдан  510-жыл  илгери  Сайф-ад-дин ибн  Аббас Аксикенди  “Мажму ат Таворих” аттуу кол  Манас  атаны “чыныгы тарыхый инсан  экендигин, анын кимдер менен мамиле кылып жана согушканын көрсөткөн жападан жалгыз далилдүү дарек болуп саналат”, – деп  белгиленген. (1, 9-бет).

Казактын тунгуч илимпозу  Чокан Валиханов (1835-1865) “таӊкаларлык акылмандыкты  көрсөтүп” төмөнкүлөрдү баса белгилеген: “Манас” бир мезгилге келтирилген жана бир кишинин – Манас баатырдын тегерегине топтолгон бардык мифтеринин, жомокторунун, санжыраларынын  энциклодепиялык жыйнагы…. “Манас” бирдиктүү мүнөздө болгондой  көрүнгөн айрым көп окуялардан  турат” (15, 360-б).

Албетте, Манас баатырдын балалыгы, эр жеткен маалы, оӊ каарман катары совет доорунда жарыяланган эпостордун биринчи бөлүмүндө айтылат. Манастын туулушу, өспүрүм чагы, анын алгачкы эрдиктери, бытырап кеткен кыргыз урууларын бириктириши, ата журттун душмандардан коргогон күрөшү байыркы манасчылардын, ошондой эле атактуу болгон Сагымбай Орозбаковдун, Саякбай Каралаевдин  жана СССР элдеринин эпостору” сериясында жана А. Жакыпбековдун кара сөз менен жазылган  роман – эпосунда эӊ кыска, үстүрт берилген. (караӊыз: 16, 402-410-беттер).

Ооба,  тарыхый шарты, талап, идеологиялык басым жана расмий саясат  ошондой болгон. Ал турмак, 1995-жылы “Манас” эпосунун 1000 жылдык шаӊ-салтанатынын  улуу тоюнда да Адам Манас тарыхый Инсан болгондугун, анын жеке баатырлыгы, жалпы элдин жетекчиси катары баарынын башын кошуп, жоокерлик менен душмандарын талкалап, элин бириктирип, улуу мамлекет кургандыгын салтанаттап жетишерлик  айтылган эмес. Анткени калыптанып калган “эрежеден”  толук кутула элек эле, дагы эле “элди түп көтөрө орусташтыруунун жылмакей саясатынын баардык чама-чаркынын” калдыктары али  күчтүү эмеспи. (17, 285-б).

Адамзат тарыхында, жан дүйнөсү жабыркаган,  ата-бабалардан кеткен ишениминен, элдик баатырлардын элес-эстеликтеринен  ажыраган руханий жана жан азабы кулчулугунан өткөн кулчулук жок.  Ушул экөө айкалышып келип, бүтүндөй  калктын маданияты, салт-санаасы, үрп-адаты, жалпы ой-жүгүртүү деӊгээлине, жашоо тиричилигине, өткөн-кеткен турмушу менен этнографиясына орду толгус зыяндарды алып келет. Бир сөз менен айтканда, мунун бардыгы улуттун  эс-тутумун, тилин талкалап, өзүн жок кылууга аракеттенет. Мындай  көрүнүштөрдүн бири катары түрк тилдүү элдеринин, анын ичинде кыргыз элинин ишенимине, жазмасына, маданиятына, “Манасына”, тарыхына ж.б. руханий дөөлөттөрүнө VII-XX кылымдарда ишке ашырылган басып алуучулук, чапкынчылык, кыйратуучулук саясаттарды эстесек болот. Буга  улуу тарых күбө. Ошол мезгил кыйдамдарында диндердин: Азиянын Түштүк-Чыгышынан Будда, Түштүк-Батыштан Ислам,  Батыштан христиан (алардын 8 жолку кресть жортуулдарынын кыргындары өзүнчө кепке татыйт). Диндеринин ошондой эле XIX кылымдын экинчи жарымынан  XX кылымдын аягына чейин Орус империясынын колонизациялоо жана коммунисттердин  батыштын жат идеологиясын жайылтуу саясатынан запкы тартты. Бул өзү узун тарых.  Бирок  бир-эки мисал келтирейин.  Чыӊгыз Айтматов мындай дейт:  “715-жылы  Туркестан  өлкөлөрүнө арабдар үстөмдүгүн орното баштады.  Кутайба аттуу  кол  башчысынын  ырайымсыздыгын  тарыхчы Наршахи “Бухара тарыхы” аттуу китебинде:  “Согушка ким жарактуу болсо баарын түгөлдөй  өлтүрдү. Тирүү калгандарын туткунга алды… Кутайба  мечиттер орнотуп, каапырлык менен отко табынуучулук рухундагы чыгармаларды да жойду”, – деп жазды. (17, 262-263-б).

Аму дарыясын бойлой  салынган үч жүздөн ашуун шаар менен  элди, мекенден  арабдар жер менен жексен  кылганын,  жергиликтүү калктын ишенимин,  тилин, динин, жазуусун, үрп-адатын орду-түбү  менен  жоюуга  күч  жумшаганын   улуу аалим Бируни ызага буулугуп эске алат. Алар  илимий  трактаттарды, астрономия  менен философиянын  негиздерин изилдеген китептерди, тарыхый жазмаларды отко жаккан. Көрүстөндөгү жазуулар, эстеликтин бетиндеги тамгалар сүртүлүп өчүрүлгөн (караӊыз: 17, 263-264-б). Булардын баарынан улуттар запкы тарткан, элдик баатыр–лидерлер  жөнүндөгү маалыматтар жок болгон. Батышташкан саясаттардын залакасы жергиликтүү элдик баатырларды  жана алар жөнүндөгү  маалыматтарды  жок кылып,  өздөрүнүн  жетекчилерин гана даӊазалоо аракети болгон. Мындай саясый  жүрүм-турум Адам Манас баатыр тагдырына терс  таасирин түздөн-түз   тийгизгенине тарых күбө.

Акыркы 1,5-2-кылымдын аралыгында Азиядан чыккан атактуу баатырлардын баары баскынчы, жырткыч (варвар) катары көргөзүлүп, Европадан чыккандын баары улуу  колбашчы, чыгаан саясый ишмер катары көргөзүлүп келгени  бүгүн анчалык деле сыр болбой калды. Себеби Батышташкан советтик Кремль жүргүзгөн “силер ортоазиялыктар кечээ эле революциядан кийин адам катары кошулдуӊар” деген саясатташкан  идеологияга каршы келип калмак. Ошентип,  колониялык абалдагы улуттардын баатыры жөнүндөгү маалыматтар болбош керек, анткени  жеӊген, үстөмдүк  эткен элдердин гана баатырлары жөнүндөгү жомокторго, маалыматтарга  кеӊири мүмкүнчүлүктөр ачылган. Адам Манас  баатыр жөнүндөгү маалыматтар атайылап эле басмырланып, элге анын анык баатырлыгы,  эркиндик, азаттык үчүн күрөшү жашырылып келгендиги ойлоштурулуп, расачылык теориянын негизинде   жүргүзүлгөн колониялык саясаттардын жемиши болгон!

Кыргыз элинин акыркы эки  кылымдагы маданий-социалдык тарыхый  жашоосунда  “Адам Манас” жана “Эпикалык Манас”  булактары  бир болгонуна карабастан  эки башка тагдырга туш болгондугу маалым.  Алардын  ар башка тагдырга ээ болгонун  да тарыхый, идеологиялык, саясый себептери бар экендигин мезгил тастыктоодо.

“Манас” ааламын  маданият таануу жана философиялык көз карашта  кеӊири  изилдегендердин бири Шайлоо Акмолдоеванын пикири  боюнча, “миӊдеген жылдар бою “Манас” эпосу  кыргыздын маданий энциклопедиясы”  жөн гана поэтикалык  чыгармачылыктын байыркы үлгүсү же поэтикалык дастандардын жыйнагы  гана эмес, элдик кеменгерликтин  казынасы, утурумдук  турмуштагы  жол көрсөткүч, байыркы  кыргыз элинин  биримдигинин негизи,  ошондой эле анын этикалык–укуктук кодекси болуп да келген. “Манас” эпосу” адам  жашоосунун ар түрдүү мезгилдеги катмарданган  окуялардын  бир бүтүнгө  бириктирилген  ширетмеси, кыргыздардын миӊ  жылдардын элегинен өткөн  көркөм поэтикалык ой жүгүртүүсүнүн  жыйынтыгы  катары калыптанган”. (11, 29-30-б).

Айкөл  Манастын эрдиги менен шердиги толугу менен  “Манас”  эпосунда  камтылган.   Демек, адам  Манастын өмүр  баяны өзүнчө болуш керек да.  Бул өзгөчө  Манас  сабагын  мектептерде жана окуу жайларда  окутканга байланыштуу маанилүү.  Эмне үчүн андай болбой келгени  жогоруда кыскача баяндалды.

Калыстык үчүн белгилейлик, кийинки кездерде, өзгөчө  СССР тарап, Орто Азия, Балтика жээгиндеги, Түштүк Кавказ элдери сыяктуу  кыргыз эли да азаттык алып, өз алдынча мамлекеттүүлүктүн  түтүнүн булаткандан баштап, “кыргыз ким болгон, ким болуп калды”, “эми ким болуш керек” деген суроолордун аймагында Манас маселеси  күн тартибине коюлуп, “пенде Манас кантип  Айкөл Манаска айланды” деген атайын  собол пайда болду. Бул суроолорду  чыгармачылык илими татаал маселе  катары күн тартибине  коюп, изилдеген замандаш  жарандарыбыздын  бири  Бектур Исаков атайын “Манас сабагы” (Б. 1994-ж- 649 б.) китеп жарыялаган, кийин Ормошбек  Чоюнбаев  менен бирге  “Айкөл  Манастын калыптанышы” деген (китеп 2009-жылы жарыяланган) тереӊ мазмундуу, таалим уюткусу, тарбия казынасы катары Манастын   өмүр баянын  биздин пикирибизге баштапкы орто  жана атайын мектептерде окутуунун алиппесин жараткан. “Манастагы” алтын уюткунун, алтын тирөөчтүн түптөлүшүн, Манастын  Айкөл  Манас  болмогуна даярдашкан тарыхый инсандардын татаал эмгектери жеткиликтүү  сүрөттөлгөн. Бул эмгек “Манас таануу” билимине жана окутуусуна ишенимдүү лабораториялык жана усулдук негиздикке жарайт.

“Манас” улуу нуска, демек, өмүр сүрүүнүн улуу наркын аныктаган  турмуштук үлгү. “Манас” –  бул миӊдеген жылдарга саймаланып калган  кыргыз өмүрү. Ал өмүр агым катары  муундан муунга,  мезгилден мезгилге, эскирди дегенди, унутулду дегенди  билбей  кайра  утуру жаӊыланып көчө берет, көчө берет. “Манастын” өзгөчөлүктөрүнүн бири ушунда эмеспи.

Эгерде жогоруда  аталган Бектур  Исаков  менен Ормошбек   Чоюнбаевдин  эмгектери  Манас жөнүндөгү жана манасчылардын жарыяланган китептеринин  негизинде  жазылган болсо, Темирбек Токтогазиевдин “Айкөл Манас – тарыхый инсан” деген негиздүү, энциклопедиялык эмгегин  изилдөөчүлүк  саякаттардын,  жарыяланган китептерди талдоонун, илимпоздор менен дидарлашуунун натыйжасында пайда болгон.  Манас – тарыхый Инсан. ал Алтайда – туулган жер Манас тоосу, Манас  жайыты, Манас көлү, Манас  суусу, XXI кылымда да аталып турат, географиялык карталарда белгиленген.

2010-жылдын август  айында кыргыздын 40 жигити,  азыркы республиканын чоролору өз көздөрү менен көрүп, ишенип келишти. Манас ата Алтайдан Ала-Тоого көчүү  мезгили Кытайдын Тан империясынын тушунда  болгондугун карт тарых аныктаган. Таластагы, Ат-Башыдагы, Кочкордогу, азыркы Кытай эл Республикасынын кеӊ аймагындагы  Манастын ысымы менен  байланышкан  жайлар, тоолор, чокулар, суулар – баардыгы тарыхый чындык  экендигин Темирбек Токтогазиев  өзү  кыдырып көргөн, Манастын эӊ алгачкы  согуштарынан баштап изилдеп, алардын чындыгына көзү жетип, акыл-эс менен ишенген. Айкөл Манас атабыз Улуу түрк каганатын  түптөгөн  Куту Улук Эл төрөсүн өзү деп өтө ишенимдүү далилдегени Манас таануу  илиминдеги чоӊ ачылыш. Байыркы Түрк Каганаты – “Куралып жыйылган Эл болгонун” тарых өзү тастыктап турат деп Темирбек Токтогазиев жыйынтыктаган.  Демек, Айкөл Манас  атабыз тарыхы улуу Инсан “чексиз ойдун чепсиз күчү” катары дагы далай изилденет эмеспи.

“Манастын”  бирден–бир мүнөздүү өзгөчөлүгү – ооз эки айтуудан  жаралып, элдин турмушун, баатырлыгын, жашоо-тиричилигин ишенимдүү көрсөткөндүгү, көлөмүнүн, камтыган окуяларынын  кенендиги менен дүйнө элдеринин байыркы маданий мурастарынан бөтөнчө айырмаланган баатырлык эпостук классикалык нагыз үлгүсү болуп саналат.

“Манасчы” жана “манасчылык” – кайып аркылуу кабыл алынган, башка элдерде кезикпей турган  өзгөчө кесипчилик. “Манасчлардын эл ичиндеги орду обурактуу. “Манасчылар кудайын колдоосунун, кайыптардын дааруусунун натыйжасында айтып калышкан”  деген ишеним кыргыз элинин  аӊ-сезиминде орноп келет. Мындай  ойду манасчылардын  өздөрү да тастыктайт” (13, 6-7 б).

“Манас” эпосунун мүнөздүү өзгөчөлүктөрүнүн  бири – ар бир эле Манасчынын же бир эле   адамдын тагдырына  таандык болбостон, ал ооз эки түрүндө улам кийинки  муундарына өтүп, салт катары  сакталып келген далай доорлорду камтыган Манасчылардын  плеядасына таандык элдик чыгарма болгондугу. Болбосо бир чоӊ маданий көөнөрбөс имараттын пайдубалынан тартып, бирден кынап ыш коюп, укмуштуудай  түбөлүктүү архитектуралык  мурас    кургап  сыяктуу, ыр  сабынан  тургузулган монименталдуу чыгарма  мезгил   мерчеминде  улам  реставрацияланып тургандай, улам кеӊейип, жаӊыланып, баштапкы калыбына өзөк кылып, толукталып, түбөлүк жашап туруу касиетине ээ экендиги менен мүнөздөлөт. (караӊыз: 13, 98-99-б.).

“Үйрөнүп манасчы боло албайсыӊ”, – деп келген кыргыз элинде. XXI кылымдын башталышында «Манас» эпосунун  алтымыштан ашуун варианты бар. Мына  ушулардын баары Манасчылар  аркылуу бүгүнкү күндө биздин колубузга  жетип олтурат. Тилекке каршы, азыркы күнгө чейин манасчылык феномени  атайын  илимий маселе катары олуттуу изилдөөгө  алына элек. Азыркы расмий  илим  манасчысынын айткан кебине, көз карашына, дүйнө таламына ниетин бурбай келет. А түгүл «материалисттик илимге жат, реалдуу эмес» деген  тантыгандыктын айынан  иликтенбестен, четке кагып, мыйыгынан күлүп,  маскарапоз-шоумен катары кабылдаган материалисттердин жапайы  салтынан толук кутула элекпиз. (караӊыз: 13, 375 б).

Манасчылык – көп кырдуу, ары сырдуу аягына чейин ачыла элек табышмактуу көрүнүш! «Манас»  жана манасчылык кыргыз азаттык алып, өз алдынча мамлекеттүүлүккө ээ болгону XXI кылымдын башталышына  Бириккен Улуттар Уюмунун билим берүү, илим жана маданият боюнча башкармалыгы ЮНЕСКО тарабынан расмий таанылып, «Манас» эпосу  материалдык эмес, руханий байлык, өнөр катары, ал эми манасчылык өнөр жаӊы тарыхый  шартта эл аралык деӊгээлде таанылды. Ошентип,  Адам баатыр атанын аты ааламга  кетүүдө.  Мунун  өзү өткөнгө – урмат, бүгүнкүӊө – таалим, келечегиӊе – аманат дегендин белгиси болуу менен көз карандысыз кыргыз Республикасынын, анын эни жана татыктуу белгилерин  – Манас доору   башталганын  жана анын жерин, тилин,  маданиятын соолгус булак катары толук кандуу  өнүктүрүү сыяктуу жооптуу милдеттердин тургандыгын эскерткендей…

Анткени элибиз көп  кылымдардан  кийин өз алдынча күнкорсуз, азаттыкта демократиялуу, социалдашкан мамлекеттүүлүккө, антропосоциеталдык бүтүндүккө ээ болуу  менен чыгыштын шартында цивилдүү өнүгүүнүн жолун издегендей. Натыйжада Адам Манаска жана «Манас»  эпосуна мамилени түп–тамырынан бери өзгөртүүгө аракеттер  башталууда. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊеши тарабынан «Манас» мыйзамы кабыл алынып, 2012-2017-жылдары «Манас» эпосун сактоо  жана жалпыга жайылтуу максатында атайын  Программа  иштелип чыгуу белгиленген. Кыргыз Республикасынын билим жана илим министрлиги  «Манас»  эпосун орто, атайын жана жогорку окуу жайларында  милдеттүү түрдө окутуу  чечимин кабыл алып, атайын  Программалар даярдалууда. Кыргыз телекөрсөтүүсүндө “Манас жаӊырыгы» деген атайын канал Адам Манас жана «Манас» эпосу, манасылар жөнүндө такай  берүүлөр тажрыйбаланууда. Акыркы убакта  көпчүлүк маалымат  каражаттары   да тарыхый  Адам Манас жана «Манас» эпикалык каарман жөнүндө  ар кандай жанрдагы жана илимий деӊгээлдеги маалыматтарды үстөкө-босток  жарыялап  жаткандарын чоӊ  ачылыштардын башталышы катары кабылдоо жарашат. Россияда Москва шаарында, Кыргызстанда  Бишкек  жана Ош шаарларында Айкөл Манас  баатырдын эстеликтери тургузулду.

Көзү өтүп кеткен залкар манасчылардын (Молдобасан, Тыныбек, Багыш,  Мамбет, Шаабай, Кааба, Сагымбай, Саякбай, Уркаш ж.б.)  варианттарындагы  «Манас»  бөлүгү  китеп болуп жарык көрүүдө. Манасчы Сапарбек Касмамбетовдун  айтуусундагы «Балас Манас» аттуу окуясы өзүнчө китеп болуп жарыяланды. Уркаш Мамбеталиевдин  варианты боюнча «Манастын төрөлүшү жана бала чагы», Асанкан Жумалиевдин варианты боюнча «Манастын  балалык чагы жана алгачкы эрдиги» деген китептер жарыяланды.  Манасчы  Талантаалы Бакчиевдин «Алмамбеттин  жомогу»,  «Манастын ашы», «Манасчылар», «Манас таануу» китептери, жаш манасчы Дөөлөтбек Сыдыковдун  «Сейтек» деген китеби  жарыяланды.  Кыргыз  Республикалык «Манас»  жаштар ордосунун  жардамы менен манасчылар жөнүндөгү маалымат жыйнагы  китеп болуп жарыяланууда жана манасчыларды колдоо (машина, үй берүү ж.б.) иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Эл арасында  мурун  «уялып»  «Манас» айтуудан тартынып жүргөндөр, азыр «Манас» айта башташканын атайылап белгилеп кетким бар. Бала  бакча курагындагы Үмөт, Эрмек, Сезим деген 5-6 жаштагы  уул-кыздарыбыз  жана мектепте  окуган балдардын  «Манаска» кызыгып, Манас  айта башташканын зор кубануу менен белгилеп, улуттук улуу сыймыгыбыздын, руханий  мурасыбыздын  тарыхый–философиялык энциклопедиябыздын  деми жана сыйкырдуу күчү XXI кылымдын муундарын да  трансценттүүлүгүн, табышмактуулугу менен өзүнө тартууда. Булар да “Манас, бул – чексиз ойдун, чепсиз күчү” деген афоризмди  кабылдоонун жана түшүнүүнүн аракеттеринен.

Бирок кыргыз мамлекети тарабынан Айкөл  Манаска жана «Манас» эпосуна мамиле солгундап бараткандай. Жогорку Кеӊеш кабыл алган «Манас» эпосу жөнүндөгү  мыйзамдагы «республикалык бюджеттен»  каржылансын деген жобону  «өз каражаттарынан» деп өзгөртүп, ал мыйзам мурункудай эле көнүмүш боюнча кагазда гана калууда. Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынан  «Манас»  бөлүмдөр, секторлор ж.б. такыр жоюлган. «Манас» деп жашап, «Манас» деп өмүрү өткөн  белгилүү окумуштуулар: Самар Мусаев, Кеӊеш Кырбашев,  Эсенали Абдылдаев, Райкул Сарыпбеков 20-25 жаштагы мөлтүрөгөн жаштык курагынан ашып өмүр соӊуна чыкканча «Манастын» Манастай жүгүн бирге көтөрүп, «Манас» эпосун жаӊылануу, жарыялоо жана изилдөө багытында  өтө маанилүү, зор иштерди аткарышкан эле. «Бир жылдын ары-бери  жагында алар «уу ичкендей» кырылып  кетишпедиби.  Ошондо Манас таануу илими кадимкидей эӊшерилип, түндүгү кулап түшкөн… Азыр деле алардын орду толбой, аӊгырап бош турат… Манаска жан-дили менен күйүп, аны изилдөөгө  чындап бел байлаган жаӊы муундун өкүлдөрү келип калаар»… деген санааркагандык Улуттук илимдер академиясында  өкүм сүрүп турганы бүгүнкү Кыргызстан мамлекетиндеги Айкөл Манаска  жана «Манас» эпосуна  болгон мамилени күзгүдөгүдөй  көргөзүп  тургансыйт…

«Манас» – кыргыз элинин  тарыхы, философиясы, этнопедагогикасы, энциклопедиясы, биздин эртеӊкибиз, кечээкибиз, бүгүнкүбүз жана түбөлүктүүлүгүбүз экенин түшүнүп, моюнга ала турган мезгил келбедиби. Ошондуктан «Манас»  – бийликтин саясатынын негизи, жаш муундарды тарбиялоонун булагы, мамлекеттин идеологиясы болуш керек. Тилекке каршы, Айкөл Манас – бул Улуу Инсан чексиз ойдун чепсиз күчү» болгону менен эшиги ачыла элек алтын сандык боюнча калууда.

Демек, «Манаска» атына жараша заты болгон  мамиле  мамлекеттен, коомдук жана жарандык уюмдардан өтө зарыл. Мамлекеттик  «Манас Академиясын» уюштуруп, «чексиз ойдун, чепсиз күчтүн» булагы болгон “Манас” эпосунун негизинде социал-гуманитардык;  тарыхый, географиялык, этно-педагогикалык илимдер  ж.б. боюнча изилдөө иштерин колго алуу азыркы  кыргыз мамлекетинин  өнүгүүсүнүн  талабы экенин  түшүнүүгө жана кыймыл-аракеттин маӊыздуу негизине айлантууга мезгил жетти! Кыргыз  Республикасы Чыгыштагы Азиянын чок ортосунда  жайланышкан мамлекет катары  «калкынын ким экендигин, каякка, кантип өнүгөөрүн» Манастын  негизинде тактап, бүт максаттардын, саясатын, идеологиясын Манастын  талабына ылайыкташтырып уюштуруунун жол-жобосун, негиздерин илимий жактан  тактап бере турган мээси – Кыргыз  Республикасынын «Манас Академиясы» болуш керек!

Азыркы тарыхый шартта бул татаал жана көп машакаттуу теориялык,  тарыхый, тажрыйбалык, салыштыруучулук изилдөөлөрдү талап этет. Бул маселелерди күн тартибине коюп, жыйынтыктуу чечпей туруп, азаттыктагы Кыргыз Республикасынын тарыхый  жолуна жана ордуна түшпөй «өӊгөнү ээрчигенди» уланта  беришибиз толук мүмкүн… Кыргыз ойлонолук, эсибизге келелик, келечекти түшүнөлүк!

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*