КАСЫМ ТЫНЫСТАНОВ атындагы ЫСЫК-КӨЛ МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИ

2013-2014-ОКУУ ЖЫЛЫНА АБИТУРИЕНТТЕРДИ КАБЫЛ АЛУУНУ ЖАРЫЯЛАЙТ

Университеттин ысымын алып жүргөн адам жөнүндө

 

Касым Тыныстанов Ысык-Көлдө төрөлүп, Караколдо орус-тузем мектебинде окуп, Ташкенттен казак-кыргыз агартуу институтун бүтүргөн. Окутуучу, газета-журналдардын редактору, республиканын агартуу министри болуп иштеген. Кыргыз поэзиясын, драматургиясын жана журналистикасын түптөгөндөрдүн бири. Кыргыз тил илимин негиздөөчү, Орто Азиядагы жана Казакстандагы алгачкы “Кызыл профессор”.

Университеттин турмушу

К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университети – аймактагы алдыӊкы жогорку окуу жайы. Университеттин курамына 8 факультет кирет. Алар:

• Экономика жана  туризм факультети;

• Кыргыз филология, педагогика жана искусство факультети;

• Математика жана  информациялык технологиялар  факультети;

• Физика-техникалык факультети;

• Табият таануу жана экология факультети;

• Тарых жана аймак таануу  факультети;

• Орус филологиясы жана чет тилдер   факультети;

• Үзгүлтүксүз билим берүү борбору.

Учурда ЫМУда 5713 студент билим алууда. Университет 19 багыттын 51 профили боюнча бакалаврларды даярдоодо. Окуу процессин 28 кафедра жүргүзүп, аларда 364 профессор-окутуучулар, анын ичинде илимдин 10 доктору, профессорлор, илимдин 66 кандидаты, доценттер эмгектенет. Азыркы мезгилде аспирантурада 42 аспирант, 44 изденүүчү, 1 докторант окуп жана изилдөө жүргүзүп жатат.

Сабактар 7 окуу корпусунда жүргүзүлүп, аларда 142 окуу аудиториясы, 49 окуу-методикалык кабинет, 14 лекциялык зал, 20 компьютердик жана 6 мультимедиялык класстар  бар.

Университеттин илимий китепканасы аймактагы эле эмес республикабыздагы эӊ бай китепкана болуп эсептелет. Окуу, илимий, илимий-методикалык жана сурап билүү адабияттарынын фонду 446473 нускадан ашуун. Мындан тышкары, окуу жайы талапка ылайык деӊгээлдеги материалдык-техникалык базага ээ.

2009-жылы ЫМУ бардык адистиктер боюнча аттестациялоодон ийгиликтүү өткөн. Университеттин диплому КМШ өлкөлөрүндө жана алыскы чет өлкөлөрдө таанылган. Азыркы мезгилде окутуучулар жана студенттер чет мамлекеттердин ЖОЖдорунда – Германияда, Түркияда, Бельгияда, Испанияда, АКШда, Польшада, Финляндияда, Россияда, Казакстанда окуп жана стажировкадан өтүп жатышат.

Окутуу бюджеттик жана контракттык негизде жүргүзүлөт. Окууда жана коомдук иштерде мыкты көрсөткүчтөргө ээ болгон студенттерге Президенттик, губернатордук, билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюздарынын областтык комитетинин, К.Тыныстанов атындагы университеттин стипендиялары ыйгарылат.

Университетте жүргүзүлгөн бардык окуу-методикалык иштер үзгүлтүксүз  көп баскычтуу билим берүүнүн  мамлекеттик программасын жүзөгө  ашырууга багытталган.

Муктаж болгон студенттер жатакана менен камсыз болот. ЫМУнун Окумуштуулар кеӊешинин токтомуна ылайык, томолой жетим жана I, II топтогу майып  студенттерге жатаканада акысыз жашоого мүмкүнчүлүк түзүлгөн.

ЫМУда англис, орус тилдерин тереӊдетип окутуу боюнча окуу курстары түзүлгөн. Бардык студенттер  Интернетке чыгып иштөө мүмкүнчүлүгүн ала алышат. Университеттин студенттери Эл аралык студенттик  конференцияларга, көргөзмөлөргө, кароо-сынактарга, олимпиадаларга, мелдештерге активдүү катыша алышат.

Студенттердин бош убактысын максаттуу пайдаланууну уюштуруу үчүн «Толкун» маданий-эстетикалык борбору бар. Анда театралдык кружок, комузчулар ансамбли, бий, акындык өнөр, гитаристтердин, вокалдык жана эстрада музыкаларынын студиялары, КВН, дебат клубдары жана этикет группаларынын ийримдери иш алып барат. Мындан сырткары футбол, тогуз коргоол, баскетбол, дзю-до, эркин күрөш, жеӊил атлетика, шахмат, волейбол, бокс, теннис ж.б. спорттук секцияларда машыгуулар жүргүзүлүп, мелдештер өткөрүлүп турат. Спорттук зал фитнестик машыгуу үчүн заманбап жабдуулары менен жабдылган.

Студенттик Союз студенттердин өзүн-өзү башкаруу органы болуу менен, юридикалык тарап катары өзүнүн Уставына ээ.

Университетте окуган мезгилде каалаган студенттер В, С категориясындагы айдоочулук күбөлүк ала алышат.

Университетте Болон процессин ишке ашыруу борбору, Бүтүрүүчүлөрдү жумушка орноштуруу жана Келечек борбору, Укуктук маалымат борбору жана Туристтик маалымат борборлору ийгиликтүү иштеп жатат.

Абитуриенттерди кабыл алуу төмөндөгү бакалавр багыттары боюнча жүргүзүлөт:

 

• күндүзгү бөлүмү боюнча: (бюджет, контракт)

510200 – Колдонмо математика жана информатика

520800 – Экология  жана жаратылышты пайдалануу

• «Экология жана жаратылышты пайдалануу»

• «Экология»

530400 – Тарых

• «Тарыхый-архив таануу»

550100 – Табигый-илимий билим берүү

• «Химия»

• «Биология»

• «География»

550200 – Физика-математикалык  билим берүү

• «Математика»

• «Информатика»

• «Физика»

550300 – Филологиялык билим берүү

• «Кыргыз тили жана адабияты»

• «Окутуу кыргызча жүргүзүлбөгөн  билим берүү мекемелериндеги кыргыз тили»

• «Орус тили жана адабияты»

• «Чет тили» (англис, немец, француз, кытай)

• «Манас таануу»

550400 – Социалдык-экономикалык билим берүү

• «Тарых»

• «Укук таануу»

550600 – Көркөм билим берүү

• «Музыкалык билим берүү»

• «Көркөм сүрөт искусствосу»

• «Дизайндагы көркөм колдонмо искусство»

• «Чөйрөнүн дизайны»

550700 – Педагогика

• «Мектепке чейинки билим берүүнүн педагогикасы жана методикасы»

• «Башталгыч билим берүүнүн педагогикасы жана методикасы»

• «Дене тарбиясы»

550800 – Кесиптик окутуу (инженер-педагог)

• «Агробизнестеги техникалык системалар»

• «Транспорт жана транспорттук технологиялар»

610300 – Агроинженерия

580100 – Экономика

• «Каржы жана насыя»

• «Бухгалтердик эсеп, анализ жана аудит»

• «Салык жана салык салуу»

580200 – Менеджмент

• «Финансылык менеджмент»

• «Кичи жана орто бизнести башкаруу»

• 600200 – Туризм

• «Тамактандыруу кызматынын технологиясы жана аны уюштуруу»

• «Туризмдеги мамлекеттик жана укуктук тейлөөнүн технологиясы жана аны уюштуруу»

640200 – Электр энергетикасы жана электротехника

• «Электр камсыздоо»

• «Электрдик станциялар»

• «Электр энергетикалык системалар жана тармактар»

• «Энергиянын альтер-нативдүү булактары»

690300 – Инфокоммуникациялык технологиялар жана байланыштар системасы

670200 – Транспорттук-технологиялык машиналарды жана комплекстерди иштетүү

• «Транспорттук каражаттарды иштетүү»

• «Автомобилдер жана автомобилдик чарбалар»

• «Транспорттук, технологиялык машиналар жана жабдууларды иштетүү жана тейлөө» (Автосервис)

670300 – Транспорттук процесстердин технологиясы

• «Жүк ташууну уюштуруу жана транспортту башкаруу»

• «Жол кыймылынын коопсуздугу жана аны уюштуруу»

710100 – Информатика жана эсептөө техникасы

• «Информатика жана эсептөө техникасы»

• «Маалыматты иштеп чыгуунун жана башкаруунун автоматташтырылган системалары»

• «Эсептөө техникасын жана автоматташтырылган системаларды программалык камсыздоо»

710200 – Маалыматтык системалар жана технологиялар

730100 – Токой иштери жана ландшафтык курулуш

• «Токой иштери жана ландшафтык курулуш»

• «Токой чарбасы»

Бакалавриат багыттары боюнча окуу мөөнөтү – 4 жыл.

Бул жылы педагогикалык адистиктерге максаттуу (целевой прием) кабыл алуу жүргүзүлөт.

 

дистанттык окутуу формасы боюнча

 

• Кыргыз тили жана адабияты

• Орус тили жана адабияты

• Тарых

• Башталгыч билим берүүнүн педагогикасы жана методикасы

• Электр камсыздоо

• Транспорттук, технологиялык машиналар жана жабдууларды иштетүү жана тейлөө

• Жол кыймылынын коопсуздугу жана аны уюштуруу

• Маалыматтык системалар жана технологиялар

 

Техника-экономикалык колледж

 

2013-2014-окуу жылына финансы-экономикалык колледжге абитуриенттерди кабыл алуу төмөндөгү  адистиктер боюнча жүргүзүлөт:

1. Экономика жана бухгалтердик эсеп;

2. Финансы (тармактар боюнча);

3. Банктык иш;

4. Салык жана салык салуу;

5. Автомобиль транспортун оӊдоо жана техникалык тейлөө;

6. Автомобиль транспортунда жүк ташууну уюштуруу жана башкаруу;

7. Айыл чарбасын механизациялаштыруу;

8. Жыгач иштетүүнүн технологиясы;

9. Электркамсыздоо (тармактар боюнча).

Жалпы орто билимдин базасында окуу мөөнөтү бардык адистиктер боюнча 1 жыл 10 ай. Колледжде окутуу контракттык негизде жүргүзүлөт.

Колледжди ийгиликтүү бүтүргөн студенттер экономика жана туризм, физика-техникалык факультеттеринин 3-курсуна кабыл алынат.

 

2013-2014-окуу жылына бюджеттик жана контракттык (күндүзгү) негизде  окууга кабыл алуу жалпы  республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы  боюнча гана жүргүзүлөт.

 

Кабыл алуу үчүн зарыл болгон балл кабыл алуу комиссиясы тарабынан аныкталат.

Үстүбүздөгү жылда Эл аралык жана Республикалык олимпиадаларда I орунду алган абитуриенттер жана кирүү сыноолорунда зарыл болгон балл топтой алган төмөнкү абитуриенттер конкурссуз кабыл алынат:

• запаска бошотулган аскер кызматчылары;

• Кыргыз Республикасынын өкмөтү тарабынан каралган жеӊилдиктерге ээ болгондор;

• врачтык-эмгектик  эксперттик комиссия тарабынан тандалган адистик боюнча жогорку окуу жайында окууга уруксаты бар I, II топтогу майыптар.

К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университети жогорудагы  бардык бакалавр багыттары боюнча окутууну жүргүзүү үчүн лицензияларга  жана сертификаттарга ээ.

 

Кабыл алуу комиссиясына төмөндөгү документтер тапшырылат:

• окутуунун формасы жана адистик так көрсөтүлүү менен белгиленген форма боюнча ректордун наамына жазылган арыз;

• орто, кесиптик орто же жогорку билими тууралуу документ (түп нускасы);

• №086 – У формасындагы медициналык  справка;

• 3х4 өлчөмүндөгү 6 фотосүрөт;

• паспорт жана аскерге милдеттүүлүгү тууралуу күбөлүгүн абитуриент өзү көрсөтөт;

• абитуриентти толук мүнөздөгөн башка документтерди (олимпиадалардын, спорттук мелдештердин дипломдору ж.б.) өзү көрсөтөт.

 

дистанттык окутуу формасы боюнча

 

• Кыргыз тили жана адабияты

• Орус тили жана адабияты

• Тарых

• Башталгыч билим берүүнүн педагогикасы жана методикасы

• Электр камсыздоо

• Транспорттук, технологиялык машиналар жана жабдууларды иштетүү жана тейлөө

• Жол кыймылынын коопсуздугу жана аны уюштуруу

• Маалыматтык системалар жана технологиялар

Документтер 2013-жылдын 1-июлунан баштап кабыл алынат.

Биздин университетке кош келиӊиздер!

 

Университеттин жана кабыл алуу комиссиясынын дареги: 722360, Каракол ш., Тыныстанов көчөсү, 32

Тел.: (3922) 52762, 51175, 50123        Факс: (3922) 50498     E-mail: interiksu@gmail.com

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*