Милициянын кичинекей досторунун чоӊ аракеттери

Азыр каникул учуру болсо да көчөлөрдө, жолдордо тестиер балдардын саны арбын. Жайкы эс алуусун өз мүмкүнчүлүктөрүнө жараша өткөрүп жатышкан жаш достордун көбү бош убактысында каражат таап, ата-энелерине аз да болсо кол кабыш кылышып, өздөрүнө кийими-кече, калем сап сатып алуу үчүн соода-сатык жана башка ар кайсы майда жумуштарды кармалашууда. Андыктан коомдук жайларда мурдагыдай эле бөбөктөрдүн көп болуп жатышы коомдук тартип сакчыларын, айдоочуларды этияттыктан жазбай иш жүргүзүүгө түрткү берет.

Жаш бөбөктөрдүн арасында тартип бузууларды кыскартуу, жол эрежелерин сактоо, балдар катышкан кырсыктардын алдын алуу багытында көрүлүп жаткан чараларга карабай, жол кырсыгы көп катталууда. Статистикалык маалыматтарга кайрылсак, дүйнө жүзүндө жыл сайын жол транспорт кырсыгынан 1,2 млн. адам каза болсо, анын бешинчиси – бул кичинекей балдар болууда. Жеткинчектер катышкан кылмыш иштеринин тизмеси да жыл санап узарып, катаалдашып баратканы үрөйдү учурат.

Жол кырсыктарын, өспү-рүмдөр арасындагы кылмыштардын санын азайтууда профилактикалык иштерди активдүү жана максаттуу түрдө үзгүлтүксүз жүргүзүү талап кылынат. Ушул максатта үстүбүздөгү жылдын март айында КР Билим берүү жана илим министрлиги менен КР Ички иштер министрлигинин “Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү мекемелеринде “Милициянын жаш достору” (МЖД) отряддарынын типтүү жобосун бекитүү жөнүндө буйруктары чыккан. Ага ылайык, бардык жалпы билим берүү мекемелеринде “Милициянын жаш достору” отряддарын түзүү, Ички иштер бөлүмдөрүнүн буйруктары менен ар бир билим берүү мекемелерине тажрыйбалуу милиция кызматкерлеринен жооптуу адамдарды бекитүү, ар биринде “Милициянын жаш достору” бурчун уюштуруу жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары жана билим берүү мекемелери менен биргеликте бул отряддарды материалдык-техникалык жабдууга көмөктөшүү көрсөтмөсү берилген эле.

“Милициянын жаш достору” отряддарын уюштуруу боюнча Чүй облусунун Ысык-Ата районундук ички иштер кызматынын участкалык инспектору милициянын ага лейтенанты Марс Мурсалиевдин жана О.Лайлиев атындагы орто мектебинин директору Раби Чикиеванын демилгелери үлгү болуп, алардын аткарган иштери методикалык сунуш катары республиканын бардык билим берүү мекемелерине жайылып жатканы сыймыктуу көрүнүш болууда.

“Мыкты ИИМ кызматкери” төш белгисинин ээси, участкалык милиционер Марс Мурсалиев 15 жылдан бери участкалык милиционердин кызматында. Анын аткарган ишинин натыйжасына баам салгандар адам кайсы жерде эмгектенсе да, жаратмандыктын чеги жок экендигине ынанат. Марс Султанович өзүнүн иш билги, демилгечил, талбай изденгич кесипкөй сапаттарынын аркасында республикалык кеӊири масштабдагы ийгиликтин даамын татып отурат.

– Окуучуларды коомдук иштерге тартуу менен алардын активдүүлүгүн арттырууга болот. Айрыкча, тынчы жок, тентек балдар өздөрүндөгү энергияны каякка жумшаарын билбей, көбүнчө бейбаштык кылышып, натыйжада жаман атты болуп калышат. Психолог адистердин кеӊеши боюнча андай балдарды спортко, акыл таймаштарына тартуу керек. Менин аткарган жумушум да ушул коомдук тартипти коргоого тыгыз байланышкандыктан, мектеп турмушу көз алдымда өтөт. 2008-жылы окуучу балдардын курамынан  “Милициянын жаш достору” отрядын түзүп, ошондон бери өспүрүмдөр менен тыгыз иш алып баруудабыз. Мага өзгөчө Кеӊ-Булуӊ айылындагы О.Лайлиев атындагы орто мектебинин директору Раби Касымовна Чикиева жетектеген мектептин педагогикалык жамааты жакындан жардам берет. Окуучу балдардын бош убактыларын пайдалуу жумшоо максатында окуу жыл ичинде көптөгөн иш-чараларды өткөрөбүз. Буга спорттук мелдештер, ар кандай таймаштар, экскурсиялар, жаратылышка чыгуу ж.б. маданий иш-чаралар кирет. Алсак, ушул жылдын апрель айында Ысык-Ата районундагы Кеӊ-Булуӊ жана Ивановка айыл аймактарындагы Ленин атындагы, О.Лайлиев атындагы жана Ивановка №2 орто мектептеринин жогорку класстарынын мыкты окуган активдүү беш окуучусу ИИМ музейине жана ИИМ академиясына экскурсияга келишип, балдар милициянын иши менен жакындан таанышууга мүмкүнчүлүк алышты. Мындан тышкары “Милициянын жаш достору” – Жогорку Кеӊеште” деп аталган иш-чаранын алкагында 29-майда КР Жогорку Кеӊешинин айрым депутаттары менен жолугушуу уюштурдук, ошол эле мезгилде Жогорку Кеӊештин имаратына экскурсия жасоо мүмкүнчүлүгү да түзүлдү. Ал эми былтыр “Милициянын жаш достору” Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин Токмоктогу “Скорпион” атайын бөлүмүнө барышкан. Өзгөчө кырдаалдарда өздөрүн кандай алып жүрүү керектигинин негиздерин иш жүзүндө көрсөткөн. мына ушуга окшогон даректүү жүрүштөр, жолугушуулар конкреттүү максатты көздөө менен өспүрүмдөрдүн аӊ-сезимине позитивдүү таасир калтыраарына ишенем. Маселен, ИИМдин музейинде балдар үчүн көптөгөн пайдалуу көрүнүштөр болгону талашсыз. Алар өз көздөрү менен легендарлуу инсандардын басып өткөн жолдорун, аткарган эмгектерин көрүшүп, кичине болсо да таасирленди болушу керек деп ойлойм. Ушунун баары жугумдуу таалим-тарбиялык сабак, – дейт Марс Султанович.

Инспектор айткандай, балдар кай жерде болсо да, көзөмөлдөөгө, колдоого муктаж. Айрыкча өткөөл кырдаалдагы өспүрүмдөрдү көз жаздымда калтырууга болбойт. Ошондуктан Марс Мурсалиев “Милициянын жаш достору” отрядына 8-класстан жогорку класстын окуучуларын тартууга аракеттенет. Буга бир чети балдардын бул куракта анча-мынча болсо да өз алдынча ой жүгүртүүгө жарап, жаман-жакшыны ылгап калгандыгы түрткү болот. Ушул учурда аларды оӊ жакка сүйрөп, жоопкерчилигин арттырган тапшырмаларды аткарууга үйрөтө баштаса бир майнабы чыкпай койбойт. Уюшулгандыгына беш жыл болгон “Милициянын жаш достору” отрядында жыл сайын 15-20 бала активдүү тартылат. Алар өзүнүн теӊтуштарынын сабакка келбей, бейбаш кылган терс кылык-жоруктарын сынга алышып, оӊ жолго түшүүгө үндөшөт. Мында алар көп жактан өздөрү үлгү болушат. Куру сөзгө караганда, аткарган иштери менен өрнөк көрсөткөн таасирдүү экендигин жакшы билген участкалык инспектор мектеп администрациясы менен биргеликте ар түрдүү темалардагы кызыктуу оюн-зоокторду, спорттук мелдештерди, КВН оюндарын, сүрөт, көркөм өнөр конкурстарын уюштурууда демилгечи болуп келет. Буга ушул аймактын мектеп окуучулары спорттук мелдештерде алдыӊкы орундарды байма-бай ээлеп келатышкандары айкын күбө.

Инспектор ушул отряддын иш-чаралар программасынын алкагында жаш жардамчылары менен “Компьютердик зал”, “Өспүрүм” ж.б. рейддерди да уюштуруп, тартип-тарбиянын таасирдүүлүгүн арттырууда. “Милициянын жаш достору” отрядынын иштеринин оӊ таасиринен улам ушул аймакта окуучулар арасында кылмыш саны акыркы убактарда катталбай калганын айтышууда. Бала мектеп жашынан жаман эмне, жакшы эмне экендигин айырмалап, пайдалуу иш аткарганга үйрөнсө, ал биринчи кезекте өзүнө, ата-энесине, анан коомго пайдалуу экенин сезип, өзүнүн мүмкүнчүлүктөрүн жакшы жакка жумшоого умтулуп, айланасындагылардын алдында келечек үчүн чоӊ жоопкерчиликтүү экендигине ынанаары анык.

 

Айнагүл Кашыбаева,

“Кутбилим”

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*