Назгүл ОСМОНОВА: Ýìíåëåð áàð ìåí êºêñºãºí æàêòàðäà, Ýìíå êûëñàì áóë æүðºêòү áóëêóíãàí?

Редакциядан: Белгилүү акын, журналист Назгүл Осмонова  азыркы кыргыз поэзиясынын жаштар муунунун эӊ мыкты өкүлдөрүнүн бири. Анын ырлары жан дүйнөнү жарык кылып, сүйүүгө, жакшылыкка үндөгөнү менен баалуу. Акын биз жашаган турмуштун маӊызын сүйүүдөн, адамгерчиликтин чегинен ашпаган гумандуулуктан көрөт жана  пендезатына поэзиянын учкул тили менен ошол пакиза нерселерди жеткиликтүү бере алат. Бүгүн биз поэзия сабагыбызды Назгүлдүн лирикалык ырларына арнайлы деп чечтик. Жан дүйнөнүн жаӊырыгы – жаӊы ырларда болот. Эмесе, позия сабагына кош келиӊиз.

Досума

 

Түн бою терезеден жамгыр төксө,

Сен анда бир кайгыны көтөрө албай,

Эсиӊе түшүп күндөр эбак өткөн,

Ордуӊдан уктай албай турар белеӊ?..

 

Акырын басып келип терезеге,

Тыӊшайсыӊ бир далайга жамгыр ырын.

А бирок ким тынчыӊды алгандыгын,

Биле албай көпкө убара болоруӊ чын.

 

Оо, курбум, эстесеӊчи, эстесеӊчи,

Курбуӊду кызыл көйнөк, кымча белдүү.

Ыр жазган уктабастан айлуу түндө,

Жашаган жалаӊ кыял дүйнөсүндө…

 

Деӊизди эӊсөө

 

Көлдү бойлоп жөн гана баскым келди,

Толкундардын шыбырын тыӊшап көпкө.

Көз жетпесе наркы жээк мунарыктап,

Көйнөгүмдүн этегин шамал серпсе.

Ысык-Көлдү курчаган улуу тоолор,

Жанга жагым салкын бир илеп бүрксө.

Көк асманда кайкыса ак чардактар,

Жаралса деп жаӊы ырлар көкүрөктө.

Кыялдандым, кызым ай мен жөн гана,

Жатып алып жылуу үйдө, керебетте…

 

Ой көлү

 

Чыйрыктым үшүмдү алган сезимдерден,

Мынчалык жашоо көӊдөй сезилбеген.

Токтоткум келсе дагы жылгыс кылып,

Аргасыз теӊ жарышам мезгил менен.

 

Турмушта жүрөк барбы эзилбеген,

Ооруга, сар-санаага  баш ийбеген.

Тагдырдын аласалган кайыгында,

Келемин ойго тунган башым менен.

 

Канчалык башка үйсө да турмуш шорду,

Жеӊемин дагы далай тоскоолдорду.

Дем берген нечен кыйын мүнөттөрдө,

Дайым жаш алтын Музам аман болсун.

 

Жашоого жаралган соӊ жалгыз ирет,

Жыргалын көрүп өтүш биздин милдет.

Куй, досум, жаркыратып чөйчөктөргө,

Кайгы эгер күнөөкөр болсо, шарап-желдет!

 

Меланхолия

 

Мен бир кушмун канаттары кайрылган,

Ишенимден, үмүттөрдөн айрылган.

Көздөн учуп көксөгөн көк жээктер,

Чоочун, муздак өлкөлөрдү жай кылган.

 

Жылдыздарга умтулганым умтулган,

Жетпей бирок умсунганым умсунган.

Эмнелер бар мен көксөгөн жактарда,

Эмне кылсам бул жүрөктү булкунган?

 

Мен канчалык кылган менен далалат,

Алалбадым өз жашоомдон канагат.

Жаным туйлап, көөдөнүмдү ургулап,

Чыгып андан учкусу бар сабалап…

 

Гүлдөргө

 

Түнөрөт асман. Жайкы кеч,

Катуулап согот эскен жел.

Гүлдөрдү аяйм ичимден,

Күз келсе кантээр экен деп.

 

Аз мезгил өтсө келет күз,

Күндөрүн суук белендеп.

Гүлдөрдү эстеп ичим тыз,

Күзүндө үшүүр бекен деп.

 

Анттирбей коргоп каларга,

Күн болуп көктө жансамчы.

Азабын кошо тартарга,

Гүл болуп өзүм калсамчы!

 

Он тогуз

 

Мен ошол кездин кооздугун,

Сөз менен кантип жеткирем?

Айлана аппак, ай жарык,

А мезгил калган кеч кирип.

 

Дарактар көөшүп магдырайт,

Жамынып кыштын ак тонун.

Жалынчын айтып шыбырайт,

Жаш жигит “айым, чолпонум”

 

Сагындым ошол кыш кечин,

Махабат жанган алоолоп.

Көӊүлдө жалгыз кубаныч,

Сезимде жалаӊ сүйүү-от.

 

Канчалык кылба далалат,

Сөз менен айтып кооздогус.

Кубанчым, дөөлөт, сыймыгым,

Кайдасыӊ жашым он тогуз?

 

Жаӊы өмүр

 

Күн кирип түндүн койнуна,

Жылдыздар жанды жыбырап.

Оролуп колум мойнуӊа,

“Сагындым” дедим шыбырап.

 

Сергитип бойду жел жүрөт,

Шуудурайт мырза теректер.

Көзүмдөн аста өпкүлөп,

“Ардагым” дедиӊ эркелеп.

 

Ай карайт бизди күлүӊдөп,

Шаар уктайт сунуп кол-бутун.

Улантуу милдет бизге эми,

Тирликтин бүтпөс болмушун.

 

Чочуймун

 

Чочуймун башкаларга,

Зыяным тийбесе экен.

Сөз кылып көрпенделер,

Шылдыӊдап күлбөсө экен.

 

Байкоосуз жасап кылмыш,

Намысым күйбөсө экен.

Ийиним арамдыктын,

Чапанын кийбесе экен.

 

Шыӊгыр этти күмүш күлкүӊ,

Угар замат мен жүгүрдүм.

Күлкү ээси чоочун жигит,

Мен күйүттүү үшкүрүндүм.

 

Издеп жүрөм кээде сурап,

Дайыныӊды булуттардан.

Балким сүйүп башка кызды,

Балким мени унуткардыӊ…

 

Махабат түндөрү

 

Жанымды эргитет жагымдуу музыка,

Кыялдын куштары сабалап сызууда.

Ойлоймун сен менен өткөргөн күндөрдү,

Аймалап жүзүмдөн бек кысып сүйгөндү.

 

Сезилген кеӊ талаа биз болгон

тар бөлмө,

Сеӊселген шамалга биз элек жаш көчөт.

Түн бою өбүшсөк кумарлар таркабас,

Оо, анда экөөбүз сүйүүгө мас элек.

 

Жанымды сыздатат кайгылуу музыка,

Сагыныч куштары сабалап сызууда.

Жалындап от денеӊ, кыналып чок

денем,

Моюнга ал! Ошондо сен сүйгөн

жок белеӊ?

 

Сен дүйнө

 

Жанымды эзип жоопсуз жалдыратпа,

Бүткөн бойду үшүтүп калтыратпа.

Кимге айтамын көӊүлдө турган кайгым,

Сүйүп калсам алдыӊда барбы айыбым?

 

Караӊгыда жарк эткен чагылгандай,

Жарыгыӊа кабылып калдым кайдан?

Сагынычтын саргүлүн тергим келбейт,

Мен сени эми башкага бергим келбейт.

 

Күтүүлөрдүн көп жылдык жемишисиӊ,

Ушул күндөн тартып сен меникисиӊ!

 

Жалган элес

 

Ар бир мүнөт, ар бир саат болуп кайгы,

Жолукпайбыз жарыкта, жолукпайбыз.

Бул өмүрдө бир келер махабаттын,

Ордун эми не менен толуктайбыз?

 

Мүмкүн эмес. Таптакыр мүмкүн эмес,

унутууга. Неликтен турмуш мерез?

Кездешпесек эгерде а дүйнөдөн,

Анда жашоо өзү да жалган элес.

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*