АЙ-YРКӨР ЖЫЛ САНАГЫ САЙМАЛЫ-ТАШТА

Саймалы-Таш петроглифдеринде таш доорунда элдердин космологиялык элестөөлөрү басымдуулук кылат. Байыркы көчмөндөрдүн “Ригведа” (Ыр веда) элдеринин космологиялык түшүнүктөрүндө ааламдын алгачкы адамы Пурушини Теӊир курмандыкка чалып, анын акыл–эси­нен – айлар (убакыт), көзүнөн – Күн, башынан – асман, бутунан – Жер, кулактарынан – түндүк менен түшүктү жасаган имиш. Брахманын сол бутунун бармагынан Вирини – Түн аттуу кыз төрөлөт. Түн 50 кыздуу болуп, 27си Ай теӊири Сомага турмушка чыгышып, алардын ар бирине Сома бирден түнөп турат, кийин аялдар менен зодиак топ жылдыздарына айланып кетишет. Бул уламыш Ай асман сферасын 27,3 суткада айлануусу менен байланышкан. Брахманын оӊ бутунун баш бармагынан Теӊир Дакшини жаралат. Дакшинин 12 небересинин бири Вивасват колу-буту жок томолок төрөлөт. Бир туугандары чегип отуруп, адамга окшотуп – Сурья Күн теӊирин жасап алышат. Сурья Ааламды башкарып, андан уялган Докшинин аялдары да жылдыздарга айланып кетишет. (Энциклопедия. Астрономия для детей. Т.8. М,: Аванте+1998. с.28.) Ригведа баяндалган Күн кудайынын эӊ алгачы сүрөтү Саймалы-Ташта сакталган болсо керек (4а-сүрөт). Египеттен баштап Күн символу тажысы же шоолалары менен айырмаланат. Сүрөттө ала булут асманда батып бараткан Күндүн чачыраган шоолалары менен элестетип тартылган. Күндүн дискасынан чыгып турган олоӊ чачтар Ай-Үркөр жылсанагынын 19 жылдык цикли менен дал келет. Буканын жонуна тартылган дисканын ичинде чекитти курчаган 9 чекит менен Ай-Үркөр тогоолунун 9 жылдык цикли берилген. Дискадан чыккан 28 сызык тогоол айдагы күндөрдүн саны, ичинде жылдын 13 айы берилген (4в-сүрөт).

4-сүрөт. Саймалы-Таш Күн-Теӊири.

Кытай тарыхчылары Суӊчу (998-1061-ж.ж.) жана Ояӊшу (1007-1072-ж.ж.) жазган “Жаӊы таӊ на­ама” аттуу китебинде: жыл башын “маоши” ай деп атап, жылды төрт мезгилге бөлүшөт деп кыргыз жылсанагы жөнүндө маанилүү кабар жазылган. Кытай жылсанагында Букачар топ жылдызын “мао” деп аташат. Бул маалымат кыргыз жылсанагы Үркөрдүн таӊ алдында алгачкы көрүнүшү менен башталарын билдирет. Азыркы кездеги “Үркөр эл жатарда түндүктөн көрүнсө 90 күн кышыӊ бар”, “Үркөр жамбашка түшсө жаз келет”, “Үркөр чыкты кош жатты”, “Беш тогоол болбой бел чечпейт” сыяктуу лакабдар байыркы жыл санактан улам сакталып калган.

Азыркы кездеги элдик эсепчи Т.Жумаев тактаган Ай-Күн жылсанагын кыргыздар ХII-ХХ к. чейин колдонушкан. Бул жылсанак кыргыз ай аттары менен аталган кытайлардын Ай-Күн жылсанагы. Чынгыз хан империясынын улуу каганы Хубилайдын буйругу менен 1296-жылы ай-күн жылсанагына расмий колдонууга өткөндө кыргыздар да элдик ай аттарын которуу менен колдоно башташкан. Бул аттарды азыркы расмий жылсангына (григорий календарына) колдонууда чаташуулар жана талаш-тартыштар тереӊдеп, 20 жылдан бери чечилбей келет. Ай-Үркөр жана григорий жылсанак­тар байланышы жок системалар болгондуктан аралаш кодонууга мүмкүн эмес. Байыркы Ай-Үркөр жылсанагын илимий жактан негиздеп, кыргыздардын дүйнөлүк илимге кошкон улуу мурасы катары сунуштоого убакыт жетти. Кыргыз жылсанагы – дүйнө элдеринин бирине да окшобогон, толугу менен астрономиялык кубулуштарга жана башталыш датасы артефакт менен негизделген эӊ байыркы жылсанак. Ай аттарында байыркы элдердин экологиялык түшүнүктөрү сакталып, азыр да маанисин жоготкон жок. Бул жылсанак кыргыз маданияты качан түптөлө баштаганын далидеген ишенимдүү фактылардын бири болот.

Ай-Үркөр жыл санагы Үркөрдүн таӊ алдында алгачкы көрүнүшү менен башталып, Күн жылсана­гында дайыма бир гана датага дал келет. Себеби күн жылы менен жылдыздык жылдын айырмасы 1 сутка болгондуктан, ар бир экинчи жылы дал келип калышат. Жылдын 1-күнү “жыл башы” аталып, айларга кошулбайт. Күн жыл санагы сыяктуу ар бир төрт жылда кыстарма 366 күн “толук жыл күнү” аталып, бул да айларга кошулбайт. Жыл ар биринде 28 күндөн турган 13 айга бөлүнгөн. Жыл санактын даталары күнсанагынан даталарынан жылышпайт.

I. АРСАР АЙ – 2-июндан 29-июнга чейин созулат. Бул айда тогоол таӊ менен бирге болгондуктан бир жылы көрүнсө бир жылы көрүнбөй калат.

II. ЖАЛГАН КУРАН – 30-июндан 29-июлга чейин созулат. Бул айда Ай жаӊыргандан 23 күндөн кийин Үркөр менен тогошот. Жалган – жалгашуу – куутка чыгуу, куран – эликтин эркеги. Бул айда, Теӊир-Тоо куранынын кууту башталат.

III. ЧЫН КУРАН айында Ай жаӊыргандан 21 күндөн кийин Үркөргө тогошуп, Борбордук Азия кураны куутун баштайт.

IV. ТЕКЕ айында Ай жаӊыргандан 19–күнүҮркөргө тогошуп, Теӊир Тоо текелери куутун баштайт.

V. КУЛЖА айында Ай жаӊыргандан кийин 17-күнү тогоол болуп, кулжанын кууту башталат.

VI. БУГУ айында Ай жаӊыргандан 15-күнү тогоол болуп, бугунун кууту башталат.

VII. БАШ ООНА (байыркы түрк тилинде огоно-бөкөндүн текеси) – бул айда Ай жаӊыргандан 13- күнү тогоол болуп, бөкөндүн кууту башталат.

VIII. АЯК ООНА – бул айда Ай жаӊыргандан 11-күнү тогоол болот. Бөкөндөр жылдын оор жеӊилин сезүү менен кууту бир айга чийин кечигет.

IX. ТОГУЗДУН АЙЫ – бул айда Ай жаӊыргандан 9-күнү тогоол болот.

X. ЖЕТИНИН АЙЫ – бул айда Ай жаӊыргандан 7-күнү тогоол болот.

ХI БЕШТИН АЙЫ – бул айда Ай жаӊыргандан 5-күнү тогоол болот.

ХII. ҮЧТҮН АЙЫ – бул айда Ай жаӊыргандан 3-күнү тогоол болгондон кийин Үркөр батып кетет.

ХIII. БИРДИН АЙЫ – бул айда Ай жаӊырган күнү тогоол болот. Күн Үркөргө жакын болгондуктан тогоол көрүнбөйт.

Кыргыздын байыркы Ай-Үркөр жыл санагы мергенчиликте жана мал чарбачылыгында кеӊири колдонуп келишкен. Азыркы кезде да маанисин жоготкон жок. Расмий колдонгон календарга ара­лаштырбай, жеке жадыбалын стол календарына жана күндөлүктөргө колдонууну сунуштайбыз. (Башталышы өткөн санда)

 А.КАЛЫБЕКОВ, Ж. Баласагын атындагы КУУнун ага окутуучусу

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*