Мугалим – мөмөлүү дарак

№55директор«Окуу – билим азыгы, билим-ырыс азыгы» дегендей, «А» тамгасын таанытып, 10 жыл билим, таалим-тарбия берип, эрезеге жеткирген – бул мектеп. Ал эми ар бир баланын мүнөзүнө жараша мамиле кылып, баланын жөндөмүнө, шыгына жараша билим берип, турмуш жолуна салган албетте, бул мугалим. Төмөндө туурунан миӊдеген окуу­чуларды учурган алтын уянын бири Бишкек шаарындагы №55 мектеп жана анын жетекчилиги жөнүндө сөз болмокчу.

Бул мектепте кыргыз, орус, түрк, азербайжан, немец, казак, татар, корей жана өзбек сыяктуу көп улуттуу окуучулар окушат. Мектепти 30 жылдык тажрыйбасы бар Замира Ток­тогулова жетектейт. Ал «Менин айтканым айткандай болсун» дебестен мугалимдердин дагы оюн угуп, алардын пикирин сыйлап, аларга тарбиячы дагы, өнөктөш жана насаатчы болуп келет. Мектептин жаш мугалим­дерине усулдук көрсөтмөлөрдү берүүдөн эч тажабайт. Илим­ди, билимди баалап-барактаган жана жакшылыкты көрө билген, бар күчүн, убактысын ак эмгекке салган инсан. Көп улуттуу мек­тепти жетектөөдө биримдиктин, достуктун, ынтымактын өрүш алышына өбөлгө түзүп келет. Кандай гана мекеме болбосун анын ийгилиги жетекчиликтин жасаган ишине жараша болот эмеспи. Бул мектепти дагы бир топ ийгиликтер коштоп жүрөт. Тил – бардык нерсенин ба­шаты, тарыхы, тамыры жана өзөгү. Тилсиз эл жок, тил элди эл кылып турган эӊ ыйык касиет. Мектепте дагы эне тилине жо­горку деӊгээлде көӊүл бөлүнүп келет. Мамлекеттик тил боюнча мугалимдердин «Тил чебери» аттуу райондук сынагында Айт­баева Нурия алдыӊкы орунга татыктуу болсо, Курманжан Датканын өмүрү боюнча (те­атр сценка) райондук конкурста 7-класстын окуучулары үчүнчү орунга ээ болушкан. Нооруз май­рамына карата өткөрүлгөн де­када күндөрүндө ачык сааттар, кечелер байма-бай өткөрүлүп турат. Райондук олимпиадага 42 окуучу катышып, эки окуучу алдыӊкы орунга ээ болду. Му­галим Д.Исанова «Окуучулар­ды куррикулум аркылуу эне тил жана адабиятын окутуунун не­гиздерин окутуу» деген мето­дикалык темада иштеп, бир топ ийгиликтерди жаратып келет. Сүрөт мугалими Н.Савченко «Кыргыз орнаменттери» деген теманын үстүндө иштеп, окуучу­ларды өзүнө тартып, кол эмгеги менен алгылыктуу иштерди жа­сап, окуучулардын бош убакты­сын пайдалуу өткөрүүгө аракет кылат. Аларды эмгек кылууга үйрөтүп, улуттук кол өнөрчүлүктү да аркалап келет. Колунан кел­ген ар кандай иштерди аткару­уга көндүрүп, алардын зарыл чеберчилигин, жөндөмдүүлүгүн байкап, тапшырган ишти тыкан­дык менен ак ниеттүү аткарууга үйрөтүп, жоопкерчилик сезимин тарбиялоодо адам канчалык ту­руктуулук менен иштесе бакты­луу, таалайлуу жашай тууганды­гын дайыма айтат.

Улуттук каада-салтты үйрөтүү боюнча адеп са­багынан Ажымамбетова Венера боз үйдүн тигилиши, аттын току­лушу, койдун союлушу, улуттук оюн-зооктор боюнча мактоого татырлык ачык сабакты өттү.

Мектептин директору Замира Токтогулова жетекчи катары өз ишин мыкты билет жана талапты да катуу коет. Бирок эч качан өкүм сүйлөбөйт. Тескерисинче, жагымдуу, жумшак ак үнү менен эӊ жакшы түшүндүрөт. Окуучу­ну окуучу катары эмес инсан катары көрө билген, баланын кызыгуусун арттырып сыйлоосу да маанилүү болуп эсептелет. Мугалим, ата-эне, окуучу бирин- бири түшүнүп иштешкенде гана чоӊ ийгиликтер жаралаарын ата- энелер менен болгон маегинде баса көрсөтүп айтат. Дайыма бир калыпта, улуу кичүүгө бирдей өзгөрбөгөн сылык-сыпаа мами­леси анын бийик адамгерчилиги­нин күзгүсү. Замира Токтогулова – моралдык-нравалык турпаты, интеллектуалдык деӊгээли өтө бийик адам. Адамга пайдалуу иш үйрөткөн устат урмат-сыйга татыктуу. Илим-билимдүү, оор басырыктуу, токтоо, сабырдуу, салабаттуу, дайыма бир калы­бынан жазбаган тулку бою тунук, акылдуу, көрөгөч адам.

Мектепте спорт зал ойдогу­дай. Өз Ата мекенин коргоого дайыма даяр турган эр жүрөк жана кайраттуу, дене жагынан чымыр адамдар керек. Ошондук­тан билим берүүдө дене тарбия менен спортко зор көӊүл бурат. Дене тарбия сабагынан Болот Токтогулов жетектеген «Эр жи­гит» командасы райондук кон­курста биринчи орунду алды. Мектептин китепканасын Попова Наталья жетектейт. Фондунда 1400 нуска китеп, 12000 нуска адабий китептер бар. “Манас” эпосу, Чыӊгыз Айтматовдун чы­гармалары боюнча бурч уюшту­рулган. Мектептин окуучулары жана мугалимдери китепканадан китеп гана албастан, руханий байлык да алышат.

Мугалимдин талбаган эм­гегин айтып отурса эч түгөнбөгөн дастан болот. Бул макалада мугалимдин түмөндүү ишинин кичинекей гана бир үзүмү камтылды.

Күлүйпа МАМБЕТОВА, эмгекке үйрөтүү мугалими, Эл агартуунун отличниги.

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*