Ош облусунун Алай районунда «Жайлоо шартында улуттук каада-салтты жана билим берүүнүөнүктүрүүнү колдоо» долбоорунун алкагында төрт боз үйдө бала бакча түзүлүп, ал жерде 3 жаштан 6 жашка чейинки балдар тарбияланышууда.
«MSDPKD» коомдук фондунун кенже курактагы балдарды өнүктүрүү долбоорунун координатору Д. Жумабаеванын айтымында, боз үйдөгү бала бакча жана кичи китепкананы уюштуруунун негизги максаты – жайлоо учурунда да билим берүүнү жана бакчада тарбиялоону үзгүлтүксүз улантуу.
– Айыл жеринде элдер эртелеп эле жайлоого чыгып кетишет, бирок билим берүүнү жана бакчада тарбиялоону үзгүлтүккө учуротпоо керек, – дейт Д.Жумабаева.
Оставить комментарий