АДЕП

Жалы окуу  жылында республиканын жалпы билим берүүчү мектептеринде адеп сабагын окутуу «Кутбилим» газетасына 2013-жылы августта жарыяланган кыргыз, орус, өзбек/тажик тилдүү мектептер үчүн аныкталган Базистик окуу планынын негизинде жүргүзүлөт.  Адеп сабагы окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн мектептерде 1-8-класстарда жумасына 1 сааттан окутулат. Ал эми 9-11-класстарда адептик темалар интеграцияланган жаран таануу курсунун курамында окутулат.

Окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн мектептерде этика предмети 1-6-класстарда жумасына 1 сааттан окутулат. Окутуу өзбек/тажик тилинде жүргүзүлгөн мектептерде адеп сабагы 1-8-класстарда жумасына 1 сааттан окутулат. Ал эми 9-11-класстарда адептик темалар интеграцияланган жаран таануу курсунун курамында өтүлөт.

Үстүдөгү окуу  жылында республиканын жалпы билим берүүчү мектептеринде адеп сабагы окутула баштагандыгына 10 жыл толду. Өткөн мезгил жаӊы предметтин калыптануу, торолуу жылдары болду. Жалпы республиканын калкы, мамлекеттик жана коомдук уюмдар, ата-энелер жана педагогдор бул сабактын мектепте туруктуу орун алышына, анын чыныгы улуттук кыртыштан тамырлап чыккан маанилүү жана керектүү предмет болуп калышына  баалуу салымдарын кошушту.

Ошону менен бирге эле бул дата адеп сабагын окутуудагы көйгөйлөргө көӊүлдү топтоого да оӊтойлуу шарт түзөт. Өткөн жылы пландалган адеп сабагы боюнча республикалык конкурс жана ага арналган илимий-практикалык конференция жаӊы окуу жылынын аягына, б.а. 2014-жылдын апрель айына жылдырылды.  Андыктан, быйыл мугалимдердин август кеӊешмесинде адеп сабагы мугалимдеринин райондук,  шаардык методикалык бирикмелеринде төмөндөгүдөй маселелерди кароо жана талкуулоо сунуш кылынат.

1. Адеп сабагын окутуудагы ийгиликтерди жана көйгөйлөрдү аныктоого, аны мындан ары өркүндөтүүгө багытталган төмөндөгүдөй маселелерди талкуулоо:

– адеп сабагынын мазмундук базасын байытуу жана жаӊылоо жолдору;

– адеп сабагында окутуунун интерактивдүү методдорун кеӊири колдонуу;

– адеп сабагында билимди баалоонун жаӊыча моделин пайдалануу;

– адеп сабагы боюнча мугалимдердин чыгармачылык жетишкендиктери жана табылгалары;

– адеп сабагында ата-энелер, мектептен жана класстан тышкаркы уюмдар менен иштөөнүн натыйжалуу жолдору;

– адеп сабагында окуучулардын өзүн өзү тарбиялоо жана өнүктүрүү таламын ойготуу жана шыктандыруу жолдору.

2. Адеп сабагы боюнча даярдалган анкеталык сурамжылоого катышуу жана аны көӊүл коюп толтуруу.

Анкета Кыргыз билим берүү академиясынын мониторинг жана баалоо лабораториясы тарабынан жүргүзүлөт. Андагы бардык маалыматтар илимий максатта гана колдонулат. Ошондуктан, мугалимдер анкетаны толтуруу үчүн нускаманы көӊүл коюп окуп чыгып, берилген суроолорго кыска жана так жооп берүү зарыл.

3. Адеп сабагынын 10 жылдыгына байланыштуу  өткөрүлө турган республикалык конкурска катышуу боюнча уюштуруу иштерин талкуулоо.

Конкурстун жобосу жана шарттары алдын ала «Шоокум»  журналында жана «Кутбилим» гезитинде жарыяланат. Ошондуктан ал материалдар менен кеӊири таанышып, ар тараптан талкуулоо зарыл.

Конкурс төмөндөгүдөй номинациялар боюнча тикелей республикалык деӊгээлде өткөрүлөт:

– Адеп предмети боюнча сабактын (иш чаранын) мыкты иштелмесине;

– Мектептеги же класстагы тарбиялык иштин (сааттын) мыкты иштелмесине;

– «Адеп сабагы: ойлор жана сунуштар» деген тема боюнча мугалимдердин мыкты эссе, дилбаян, ой толгоо макалаларына.

– «Адеп сабагы мага эмне берди?» деген тема боюнча окуучулардын  мыкты эссе, дилбаян, ой толгоолоруна.

– Адеп сабагынын мыкты класс-кабинетине (адеп борборуна).

Аталган номинациялар боюнча республикалык конкурстук комиссия түзүлүп, ал сентябрь айынан тартып март айына чейин иштейт. Конкурстук комиссия тарабынан эӊ мыкты деп табылган талапкерлер республикалык сынакка чакырылып, апрель айында жыйынтыктоочу турга катышышат. Жеӊүүчүлөргө баалуу сыйлыктар ыйгарылат. Мыкты материалдар жана иштелмелер өзүнчө жыйнак болуп жарык көрөт.

4. Быйылкы окуу жылында төмөндөгү адабияттар колдонууга сунуш кылынат:

1. Рыспаев С., Абдухамидова Б.  Адеп алиппеси, 1-кл. үчүн окуу китеби жана мугалимдер үчүн усулдук колдонмо. – Б. 2005.

2. Мусаева В., Ысманова Ж. ж.б.  Адеп, 2, 3, 4-кл. үчүн окуу китептери жана мугалимдер үчүн  усулдук колдонмолор. – Б. 2005.

3. Калдыбаева А., Мурзалиева З. ж.б. Адеп (Мурас).   5-кл. үчүн окуу китеби жана мугалимдер үчүн  усулдук колдонмо. – Б. 2005.

4. Асаналиев Ү. Адеп ( Мурас), 6-кл. үчүн окуу китеби. – Б. 2007.

5. Назаралиева Ш. Адеп ( Мурас), 7-кл. үчүн окуу китеби. – Б. 2007.

6. Кармышаков А. Адеп (Адам таануу), 8-кл. үчүн сынак окуу китеби. – Б. 2011.

9-11-класстарда интеграцияланган жаран таануу курсунун курамында адептик темаларды өтүүдө төмөндөгү материалдардан пайдалануу сунуш кылынат:

– Иптаров С., Жарашева Г. ж.б. 9-кл. үчүн окуу китеби. – Б. 2009.

– Назаралиева Ш. Адеп. Эл таануу, 10-кл. үчүн окуу куралы – Б. 2009.

– Байгазиев С.О. Маданият таануу, 11-кл. үчүн окуу куралы. – Б. 2009.

– Калманбетов М., Бекбердиева К. Ыйман сабагы, 1-11-кл. үчүн усулдук колдонмо. – Б. 2003.

Мындан тышкары, мугалимдерге жардам иретинде жарык көргөн «Адеп топтому»  (Ш. Назаралиева, 2005), «Турмуш сабактары» (Б.Жунусалиев, Ж.Бекчороева, 2012), «Кыргыз жан дүйнөсү» (С.Иптаров, 2012), «Адептик дил баян» (С.А.Калматова, 2012), «Тереӊ билимдин жана тарбиянын башаты – мугалим»  (Т.Насырымбекова, 2012) сыяктуу кошумча адабияттарды пайдаланууга болот.

Адеп сабагы боюнча даярдалган анкета жана адеп сабагынын 10 жылдыгына байланыштуу өткөрүлө турган республикалык конкурстун жобосу бул маалыматка кошумча тиркелет.

Методикалык кеӊешме тууралуу сунуш-пикирлерди төмөндөгү дарекке жиберүүгө болот. Бишкек ш., Эркиндик көчөсү, 25. Кыргыз билим берүү академиясы. Мониторинг жана баалоо лабораториясы. Т. (0312) 62-23-53; (0772) 55-95-96. 

 

С.Иптаров

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*