БАШТАЛГЫЧ КЛАССТАР

Билим–тарбия берүүнүн сапатын  өркүндөтүү,   өлкөбүздүн өнүгүшүнө  салым кошуучу  атуулдарды тарбиялап  өстүрүү бүгүнкү күндө  республикабыздагы   олуттуу  маселелердин бири  болуп эсептелет.  Эл керегине жараган атуулдарды тарбиялоодо башталгыч мектеп зор милдеттерди аткарат.

Башталгыч класста  алган билим сапаты  окуучунун  андан аркы билим алуусуна  өбөлгө түзүп, окуучунун окуудагы ийгилигине түздөн-түз таасир этет. Башталгыч мектептеги окутуу  балада окуу  билгичтигин үйрөтүү  менен өзгөчөлөнөт. Өмүр бою  үзгүлтүксүз  билим алуу үчүн адамга окуу билгичтиги эӊ зарыл керектүү сапаттардын бири болуп эсептелет.  Башталгыч мектеп жалпы билим  берүүчү мектептин пайдубалын түзөт.

Башталгыч мектепте  адамдын мүнөзүн, акылы жана адептик сапаттарын, коомдогу  жүрүм-турумун аныктоочу  жөндөмү  жана касиеттери түптөлүп  калыптанат.

Кенже мектеп окуучусунун таанып билүү өзгөчөлүгүнө ылайык,  башталгыч мектепте интеграцияланган  предметтер окутулуп,  окуганга, жазганга үйрөтүү,  эсептөө көндүмдөрүн  өнүктүрүү, айлана-чөйрөнү  илимий негизде  таанытуу, көркөм өнөр, дене тарбия, музыка  сабактары  окутулат.   Ошону менен бирге, кенже мектеп окуучусунун  инсандык сапаттарын, окуу ишмердүүлүгүн  калыптандырууга негизделип өнүктүрүү жана тарбиялоо – көӊүлдүн борборундагы  маселе.

Окутуунун натыйжалуулугу берилүүчү маалыматтын көлөмүнө эмес, окуу ишмердүүлүгүнүн таасири астында  окуучунун  рухий дүйнөсүндөгү  сапаттык өзгөрүүлөргө байланыштуу.

2013-2014–окуу жылына карата  бекитилген окуу планына ылайык башталгыч  мектепте төмөндөгүдөй милдеттерди аткарууга  көӊүл бурулат:

а) маалымат берүүнү азайтып, окуучунун  иш-аракетине жана натыйжага жетүүнү көздөө; б) курчап турган дүйнөнү илимий негизде таанытуу, элибизге, жерибизге таандык баалуулуктардын негизинде окуу-тарбияны уюштуруу; в) окуу ишмердүүлүгүн өнүктүрүү; г) базалык компетенттүүлүктөрдү (маалыматтык, социалдык-коммуникативдик, өзүн-өзү уюштуруу) калыптандыруу; д) окуучунун  жеке  өзгөчөлүгүнө  ылайыктап,  дифференцирленген билим жана тарбия   берүү;

е) баа  коюу проблемасы; ж) окуучунун ден-соолугун сактоо жана окуу жүктөмү ж.б.у.с.; з) инсандын өнүгүшү үчүн ыӊгайлуу шарттарды түзүү жана адамдын  рухий  дүйнөсүн  калыптандырууну  камсыз  кылган маданиятка багытталган билим берүү.

Окуу жүктөмүн, окуу материалын кыскартуунун максаты эмнеде? Мында кайталанган темалар кыскартылат.  Материал азайып, ар бир окуучуга өз оюн айтууга, талкууга катышууга шарт түзүлүшү керек. Окуучу сабакты өздөштүрүүдө анализдөө, суроо берүү, талкууга катышуу жөндөмдүүлүгүнө ээ болууга тийиш. Ошондой шартта гана окуучу өз жөндөмдүүлүгүнө жараша сабакка катышууга шарт түзүлөт. Мындай иш-аракеттер маалыматтык, социалдык-коммуникативдик жана өзүн өзү уюштуруу компетенттүүлүктөрүн калыптандырууну шарттайт.

Кенже мектеп окуучусунун өнүгүшү татаал процесс. Балдар бул курагында абдан дилгир болушат. Ушу курагында аларды окууга кызыктырууга мүмкүнчүлүктөр арбын. Алардын интеллектуалдык, социалдык, адептик сапаттары күн санап ыкчам калыптанат. Башталгыч класста окутуу жана тарбиялоо баланын өнүгүшүнө  терс таасирин  тийгизбеши зарыл. Окуу жүктөмү санитардык-гигиеналык талапка жооп берүүгө тийиш.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23 мартындагы №202 токтомунда    окуу предметтерин  кыскартуу менен окуу жүктөмүн азайтуу  белгиленди.

2013-2014 -окуу жылы башталгыч класстардагы  окуу планында окуу жүктөмү төмөндөгүчө болот:

Кыскартылган окуу планына ылайык башталгыч класстардын окуу программалары кыскартылып, кайра даярдалды  жана  2012-жылы «Билим» басмасы тарабынан жарыкка чыкты. 2013-2014-окуу жылына  карата  2012-жылы  жарык көргөн Башталгыч класстардын окуу программасы (кыргыз тили, математика, мекен таануу) сунушталат. Башталгыч класстын дене тарбия, көркөм өнөр, музыка, адеп окуу программалары жаӊыртылып түзүлүп, жарыкка чыкты.

 

Быйылкы окуу жылында  сунушталуучу окуу китептер жана методикалык колдонмолор

 Кыргыз тили

1-кл.  «Алиппе», С. Рысбаев. – Б.: «Полиграфбумресурсы», 2011.

«Алиппе», Б. Кубаталиева ж.б. – Б.: «Кут аалам», 2011.

2-кл. «Кыргыз тили», С. Рысбаев. – Б.: «Полиграфбумресурсы», 2010.

«Кыргыз тили» , Б.Чокошева ж.б. (эгер сентябрь айына чейин чыгып калса окутулат).

«Адабий окуу», А. Токтомаметов. – Б .: «Кут аалам»,  2010.

«Адабий окуу», Б.Абдухамидова ж.б. (эгер сентябрь айына чейин чыгып калса окутулат).

3-кл. «Кыргыз тили», С. Рысбаев, Ч. Исакова. – Б .: «Полиграфбумресурсы», 2010.

«Кыргыз тили» , Б.Чокошева ж.б. (эгер сентябрь айына чейин чыгып калса окутулат).

«Адабий окуу», А. Токтомаметов. – Б.: «Кут аалам», 2010.

«Адабий окуу», Б.Абдухамидова ж.б. (эгер сентябрь айына чейин чыгып калса окутулат).

4-кл. «Кыргыз тили»,  С. Шаелдаева . – Б.: «Педагогика»,  2004.

«Адабий окуу», А. Токтомаметов. – Б.: «Кут аалам», 2010.

«Дил азык»,  1-4-кл., С. Рысбаев, Б. Абдухамидова. – Б.: «Азур», 2009.

 

Методикалык колдонмолор

С. Рысбаев, «Алиппе» окуу китебине методикалык көрсөтмөлөр.  – Б.: 2010.

С. Рысбаев, 1-4-класстарда эне тилинен жат жазуу жумуштарын жүргүзүү технологиялары. –  Б.:  2012.

А. Токтомаметов.  «Адабий окуу» сабактарын жүргүзүү  маселелери. -Б.: 2009.

Математика

Бекбоев И.Б. Ибраева Н.И. Математика. 1- класс. -Б.: «Билим», 2006, – Б.: ОсОО «Постскриптум», 2012.

Бекбоев И.Б. Ибраева Н.И. Математика, 2- класс. – Б.: “Учкун”, 2011.

Бекбоев И.Б. Ибраева Н.И. Математика, 3- класс. – Б.: «Билим куту», 2004.

Бекбоев И.Б. Ибраева Н.И. Математика, 4- класс. – Б.: “Континент принт”, 2009.

Методикалык колдонмолор

Бекбоев И.Б., Ибраева Н.И.  1-4-класстарда математиканы  окутуу. – Б.: 2006.

Бекбоев И.Б., Ибраева Н.И., Математика, 2-класс. Мугалимдер үчүн методикалык колдонмо. – Б.: «Учкун», 2011.

Бекбоев И.Б., Ибраева Н.И., Математика, 3-класс. Мугалимдер үчүн методикалык колдонмо.. –Б.: 2010.

Бекбоев И.Б. Ибраева Н.И. Математика, 2-класс. Иш дептери. – Б.: «Учкун», 2011.

Мекен таануу

Мамбетова З.Ж., Архипова Т.В. Мекен таануу, 1-класс. – Б.: «Кут аалам» ,2011. Мамбетова З.Ж., Архипова Т.В. Мекен таануу, 1-класс. иш дептери – Б.: «Кут аалам», 2011. (окуу китептин мазмуну 2011-жылдагы программага төп келет)

Исмаилова Г., Кубаталиева Б., Суходубова Н. Мекен таануу 1-класс. -Б.: «Билим-компьютер», 2009.

Мамбетова З.Ж. Мекен таануу, 2-класс. – Б.: «Билим куту», 2004.

Адилова Г.И. Мекен таануу, 2-класс. – Б.: «Инсанат», 2011.

Мамбетова З.Ж., Иманалиев Ч.И. Мекен таануу. 3-класс. – Б.: «Кыргызстан» 2003.

Мамбетова З.Ж. Мекен таануу, 4-класс.-Б.:  «Билим куту», 2004.

Методикалык колдонмолор

Мамбетова З.Ж., АрхиповаТ.В. 1-класста Мекен таануу предметин окутуунун методикасы. – Б.: «Кут аалам», 2011.

Исмаилова Г., Кубаталиева Б., Суходубова Н. Мекен таануу, 1-класс. Мугалимдер үчүн методикалык колдонмо. – Б.: «Билим-компьютер», 2009.

Мамбетова З..Ж. 2-класста Мекен таануу предметин окутуунун методикасы. – Б.:2012.

Мамбетова З.Ж., Бекбоева Г.К. Окуп үйрөнүүдөн  күтүлүүчү натыйжалар. Мекен таануу. 1-4-класстар. – Б.-2011.

2013-2014-окуу жылына карата  3-класстар үчүн Чокошева Б. ж.б. Кыргыз тили, Рысбаев С. ж.б. Адабий окуу, Акматов Д. ж.б. Көркөм өнөр  окуу китептери  басмада даярдалып жатат.

Август кеӊешмесинде башталгыч класстын мугалимдери талкуулай турган  актуалдуу маселелердин тематикасы

1. Башталгыч класстын окуу китептерин кыскартылган программага ылайыктап колдонуу тажрыйбалары.

2. Башталгыч класстар үчүн жаӊы түзүлгөн окуу китептер, методикалык  колдонмолор   жана аларды  сабакта колдонуу тажрыйбалары, сунуштар.

3. Курчап турган дүйнөнү илимий негизде таанытуу, элибизге, жерибизге таандык баалуулуктардын негизинде окуу-тарбияны уюштуруу.

4. Окуучунун  жеке  өзгөчөлүгүнө  ылайыктап,  дифференцирленген билим жана тарбия   берүү.

5. Баа  коюу проблемасы.

6. Инсандын өнүгүшү үчүн ыӊгайлуу шарттарды түзүү жана адамдын  рухий  дүйнөсүн  калыптандырууну  камсыз  кылган маданиятка багытталган билим берүү

7. Окуу ишмердүүлүгүн жана окуучунун чыгармачылык жөндөмүн өнүктүрүү.

Азыркы учурда Кыргыз билим берүү академиясында ар бир  предметке карата методикалык колдонмолор иштелип чыгууда. Окуу материалына  карата сунуш пикириӊиздер болсо,  Кыргыз билим берүү академиясына кайрылсаӊыздар болот.

Биздин дарек: Бишкек шаары, Эркиндик проспектиси 25. Кыргыз    Билим   берүү   академиясы.    Тел.: 62-23-49:

З.Мамбетова

9 Комментарии

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*