ЧЕТ ТИЛДЕР

Август кеӊешмеси адат боюнча мугалимдин кесиптик ишмердүүлүгүндө кездешүүчү эӊ маанилүү маселелерге арналмакчы. Азыркы учурда мектепке компетенттүү, тереӊ билимдүү, эӊ жогорку коомдук статусу бар, окуу-тарбиялык процессти жакшы уюштура билген мыкты мугалимдер абдан зарыл.

Август кеӊешмесин жер-жерлерде уюштуруучуларга каалоо катары айта кетчү нерсе – лекция түрүндөгү сабактардан, кур бекер чогулушуп, эптеп-септеп «өткөрдүк» маанисиндеги отурумдардан алыс болуп, билим берүү системасын реалдуу түрдө өнүктүрүү үчүн кеӊешменин күчтүү каражат болуп берүүсүнө бардык аракетти жасоо максатка ылайык. Биринчи кезекте август кеӊешмесинде – эӊ мыкты, алдыӊкы мугалимдерге, башкаларда жок методдорду колдонгон тажрыйба ээлерине сөз берүү керек, алардын иштериндеги жетишкендиктерине токтолушуп, ачык сабак, мастер класс ж.б өтүп берүүлөрүнө шарт түзүү зарыл.

Чет тилдерге окутуунун максаты – окуучулардын коммуникативдик, баарлашуу жөндөмдүүлүгүн өнүктүрүү болуп саналат. Бул болсо, дүйнөлүк коомчулук алкагына кирүүгө жана андан ары ийгиликтүү эмгектенүүгө жол ачат.

Коммуникативдик компетенция дегенибиз – чет тилине интегративдүү окутуу, мында окутуунун максаты – тилди алып жүрүүчүлөр (носитель) менен стандарттын чегинде чет элдик карым–катнаш, маданият аралык баарлашууга даяр болуу болуп саналат.

Чет тили мугалимдери окуучуларга жеке жана ар тараптуу мамиле жасоого таянып, инсанга багытталган, кызматташтыкта окутууну, долбоорлоо методдорун колдонууну ишке ашыруулары зарыл. Темаларды жана маселелерди тандоо окуучулардын чыныгы кызыкчылыгына жана керектөөсүнө дал келүүсү маанилүү. Окутуунун мазмунун аныктоодо негизги көӊүл окуучулардын социомаданий билгичтиктерине жана көндүмдөрүнө коюлуусу керек, себеби алар өз өлкөсүнүн маданиятын мамилелешүү, баарлашуу учурунда көрсөтө алуулары зарыл.

Чет тилдерин окутуу окуу планындагы соӊку өзгөрүүлөр

 

Чет тилдерин окутуунун базалык окуу планында эч өзгөрүү жок, 2013-2014 окуу жылында жалпы орто мектептер үчүн 3-11 класска чейин  жумасына 2 саат боюнча калууда.

Берилген 2 саат чет тилин үйрөнүүгө жана окутууга эӊ эле аз убакыт экенин белгилеп, Бишкек шаардык методикалык кеӊеши, КББАнын билимин өркүндөтүү курсунда окуп кеткен республиканын  141 мугалими, № 13, 69, 9, 29, 6, 27, 31, 4, 12 ж.б мектептердин мугалимдери окутулуп жаткан программанын (2012-ж.) мазмунун анализдеп чыгышып, талкуулашып, базалык мектептердин программасында кээ бир өзгөрүүлөрдү киргизүүнү туура көрүштү. Ошондой эле, чет тилине болгон заманбап талаптардын бири – окутуунун филологиялык жагында эмес, тилди күнүмдүк турмушта пайдалануу жагында болуп жаткандыгы да программаны өзгөртүүнүн негизги себептердин бири болуп эсептелет.

Программага киргизилген өзгөрүүлөр класстар боюнча негизинен грамматикалык бөлүктү түзөт. Мисалы: Англис тили. 5 класс

Present Perfect, Past Indefinite Passive, Past Cont, татаал багыныӊкы сүйлөм, either/neither– алып салынат. Present Indefinite, Future Indefinite, Past Indefinite жана туура эмес этиштер (3 формасы), сын атоочтун салыштырма деӊгээли, some, any, no, Present Continuous – киргизилет.

 

Төмөндөгү окуунормативдик документтерди жана окуу китептерин пайдаланууну сунуштайбыз:

 

1.Окуунормативдик документтер.

а) Кыргыз республикасындагы мектептерде чет тилдери боюнча мамлекеттик билим берүү стандартынын долбоору ( Бишкек, 2006 жыл);

б) Кыргыз республикасындагы жалпы билим берүүчү мектептерде чет тилдери боюнча 3-11 класстар үчүн программа. ( Бишкек, 2013 жыл.),

2) Окуу китептери.   Англис тили.

Башталгыч класстар.

Окутуунун биринчи жылында (3-класс) окутуу кыргыз жана орус тилинде жүргүзүлгөн мектептерде – англис тили окуу китеби (авторлор: К.Д.Шаршекеева., Н.Д.Шаршекеева).

Окутуунун экинчи жылында (4-класс) – англис тили окуу китеби (авторлор: К.Д.Шаршекеева., Н.Д.Шаршекеева); 4-класс үчүн окуу китептеринин жоктугуна байланыштуу «Англис тили»  2-класс үчүн, (автор Верещагина И.Н.)

• Башталгыч мектептер үчүн англис тилинен колдонмо.”English for young learners” (авторлор: Жолчиева А.А, Жолдошбаева Ы.)

• Окутуунун үчүнчү жылында (5-класс) англис тили окуу китеби (Автор Н. Ким), 3-класс үчүн жазылган окуу китеби (автору Безрукова А.И. ж.б)

• Окутуунун төртүнчү жылында (6-класс) англис тили окуу китеби (Автор Н. Ким), 4-класс үчүн жазылган окуу китеби (автору Безрукова А.И. ж.б)

• Англис тилин үйрөнүү үчүн кошумча окуу колдонмолор (3-11 кл) (авторлор  Б.Сыдыкова, Ж.Жокушева).

• «Солнечный английский» окуу китеби, 1-2 бөлүк (автору: Климентьева Т.В.) жана 3-4 класс үчүн жумушчу дептерлер (авторлор: Жокушева Ж., Сарыбаева М).

Окуу-методикалык журналдар:

• «Чет тилдер – мектепте» илимий-методикалык журналы, 2013-2014 жж. Москва ш.

• Англис тилинде мугалимдер үчүн «Форум» журналы үч айда бир, бекер чыгат жана таратылат. АКШ Элчилиги каржылайт.

 

Негизги жана орто мектеп

 

Окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн мектептер үчүн кайра басылып чыккан 5-класс үчүн англис тили окуу китеби (автор Ким Н.П.), окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн мектептерде 5-класс үчүн англис тили окуу китеби (автору Старков А.П) жана «Счастливый английский» (авторлор Клементьева Т.В, Монк Б.)

6-класста окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн мектептер үчүн кайра басылып чыккан англис тили окуу китеби (автор Ким Нонна П, Ким Наталья П.), окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн мектептерде 6-класс үчүн англис тили окуу китеби (автор Старков А.П) жана «Счастливый английский» (авторлор Клементьева Т.В, Монк Б.)

Окутуу кыргыз жана орус тилинде жүргүзүлгөн мектептерде 7 – 11 класска чейин  2012- жылы басылып чыккан «Англис тили» окуу китеби (авторлор: А.З. Юсупова ж.б)

7 жана 11 класска окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн мектептер үчүн англис тили окуу китеби, автору Старков А.П.

9-класс үчүн «Англис тили» кошумча окуу китеби. Авторлор: Дыйканбаева Т. ж.б.

Өз алдынча англис тилин үйрөнүү боюнча колдонмо          «Good luck» жалпы билим берүүчү мекемелер үчүн. Бишкек 2008-ж. (автору: Темиралиев А.).

Англис тилинин окуу-методикалык комплекси (Oxford University Рress) жалпы орто билим берүүчү жана англис тилин тереӊдетип окуткан мектептер үчүн сунушталат.

Англис тилинин морфологиясы жана синтаксиси боюнча колдонмо жалпы орто билим берүүчү мектептер үчүн (авторлор: Сыдыкова Б., Жокушева Ж.) Бишкек, 2008-ж.

Англис тили боюнча кошумча окуу китеби (9-10-11) класстар үчүн (авторлор: Сыдыкова Б., Жокушева Ж.) Бишкек, 2009 ж.

Немец тили

 

Башталгыч мектеп

Үчүнчү класста төмөндөгү окуу китептер сунушталат:

3 класс үчүн немец тили окуу китеби

(авторлор: Шангереева Э.Х., Базарбаева А.Б).

Немец тили «Биринчи кадамдар» (1-4 класстар), (авторлор: Бим И.Л., Рыжова Л.Ч.).

Негизги мектеп

Окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн мектептер үчүн 5-класста немец тили окуу китеби (авторлор: Мандригель Н.А., Шакирова Г.Ш.), окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн мектептер үчүн 5 класс, немец тили (автор Бим И.Л.), ошондой эле немец тили Und 5 Klasse Deutshmobil 1.

6-7 класстар үчүн мурда басмадан чыккан окуу китептерин 6-7 Klasse Deutshmobil 2;  жаӊы программанын талаптарына ылайык өзгөртүп (автору: Бим И.Л. ж.б.) колдонсоӊуздар болот.

8-9 класстарда мурда басмадан чыккан немец тили окуу китептерин (8 und 9 Deutshmobil 3) тексттердеги, көнүгүүлөрдөгү эски маалыматтарды жаӊыга алмаштырып, пайдаланса болот (автор: Бим И.Л ж.б.)

10-11 класстарда немец тили окуу китебин 10 und 11 Klasse Wiederholung/ Landes – kyndethemen/ Literatur / Projektunterricht/ эски маалыматтарды жаӊыга алмаштырып, колдонууга болот.

Француз тили

 

Окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн мектептердин 5 класстарында кайра иштелип чыккан француз тили окуу китеби (авторлор: Гребенникова М.С., Чанаков Ы.Ч.); окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн мектептердин 5- класстары үчүн окуу китеби (автор Слободчиков Б.А), «Синяя птица» (авторлор: Береговская З.М., Туссен М.) сунушталат.

6-11 класстарда мурда басмадан чыккан кыргыз жана орус мектептери үчүн француз тили жана тереӊдетип окутулган мектептер үчүн (автор Елухина Н.В.) сунуш кылынат.

 

Cунушталган сайттардын тизмеси:

1.         www.teachingenglish.org.uk

2.         www.onestopenglish.com

3.         www.englishclub.com

4.         www.icatefl.com

5.         www.yaziki.ru

6.         www.foreign-language.com

Чет тили мугалимдеринин бирикмелеринде талкуулоо үчүн темалардын болжолдуу тизмесин сунуштайбыз:

•           Кесиптик чеберчиликтин жана чыгармачыл өнүгүүнүн формасы катары чет тилдери боюнча мелдештер жана олимпиадалар

•           Педагогикалык компетенттүүлүк жана чет тили мугалиминин кесипкөйлүгү.

•           Тил боюнча билим берүүнүн мазмунун жаӊыртуунун фактору жана бири-бирин методикалык колдоонун мүмкүнчүлүгү – тармак аралык байланыш («Форум» аттуу мугалимдердин ассоциациясы, чет тилдер боюнча виртуалдык методикалык бирикмелер, вебинарлар ж.б.).

•           Чет тилдерин окутууда интерактивдик маалыматтык технологияларды пайдалануу. ИКТ жана чет тилдери боюнча санариптик билим берүү ресурстары.

•           Чет тилдерин окутууда жаӊы педагогикалык технологияларды колдонуу жана билим берүүнүн мазмунун жаӊыртуу аркылуу компетенттүүлүк мамилени камсыз кылуу.

•           Чет тилдерин окутууда окуучулардын коммуникативдик компетенциясын өнүктүрүү.

•           Чет тилинин грамматикасын окутуудагы – коммуникативдик мамиле.

•           Чет тилине окутуудагы жаӊы интернет-ресурстар.

•           Чет тилине окутуудагы өздүк текшерүү.

•           Чет тилине окутуудагы тилдерди салыштырып окутуу мамилесин ишке ашыруу.

2 Комментарии

  1. Ассаламу алейкум. Саламатсыздар.
    Башталгыч кесиптик лицейлерде англис тили сабагы өтүлөт, англис тили сабагы мектептеги окуу программасы менен эле окутулабы?

  2. Ассаламу алейкум.
    Англис тилинин предметтик стандарты (3-11-класстар үчүн)менен Юсупова А.З. китеби боюнча календарлык-тематикалык план түзүүгө жардам берип койсоңуздар. Кантип түзүштү билбей жатам.

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*