ИНФОРМАТИКА

I. Жаӊы окуу жылы үчүн негизги документ катары мамлекеттик билим берүү стандарты жана стандарттын негизинде түзүлгөн «Информатика жана Информациялык-коммуникациялык технологиялар» (Информатика жана ИКТ) боюнча окуу программасы саналат.

Бул программа Кыргыз Республикасынын Билим берүү жөнүндөгү Мыйзамына, Кыргыз Республикасында информатика боюнча билим берүүнүн концепцияcына жана мамлекеттик билим берүү стандартына негизделип түзүлгөн жана аларды ишке ашыруунун орчундуу бөлүгү болуп эсептелет.

«Информатика жана Информациялык-коммуникациялык технологиялар» (Информатика жана ИКТ) боюнча программа маданияттык-компетенттик мамиленин негизинде түзүлүп (2012-жылы), ал Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү бардык мектептерде (окутуу тилдерине карабастан) ишке ашырылат.

Аталган программа билим берүү стандартында берилген темаларды окуп үйрөнүүнү, курстун бөлүмдөрү боюнча сааттардын бөлүштүрүлүшүн карайт жана «Информатика жана ИКТ» курсун окутуу предметтин минималдык мазмунун, предметтер аралык байланыштарды сактоо менен бөлүмдөрдөгү темаларды удаалаш, мазмундуу, окуучулардын жаш өзгөчөлүктөрүн, окуу процессинин логикасын эске алган окутууну уюштурууну көздөйт. Ошондой эле компетенттүү окуучуну даярдоого негиз болгон компетенциялардын тобун аныктайт.

Информатика жана ИКТ курсунун базалык мазмуну окуучуларды информатика боюнча мамлекеттик билим берүү стандартында аныкталган милдеттүү даярдоонун минимумун камсыз кылат. Базалык курс компьютердик техникалар менен жабдылган кабинети бар жалпы билим берүүчү мектептердин VII-IX класстарында окутулат. Бул курс предмет тууралуу жалпы түшүнүктөрдү, зарыл болгон компетенцияларды жана жетишкендиктерди баалоонун пландарын камтыйт.

Программанын чегинде мугалим өзүнүн талабына жана чыгармачылыгына ылайык мамлекеттик билим берүү стандартындагы коюлган максат, милдеттерди аткарып, информатика жана ИКТ боюнча зарыл болгон компетенцияларга, таанып-билүү жана чыгармачылык ишмердүүлүктөргө, ар бир инсанга жана коомго таандык болгон баалуулуктарга ээ кылуулары керек.

II. Жаӊы окуу жылына карата түзүлгөн Базистик окуу планында Информатикага бөлүнгөн сааттардын санына мугалимдер көӊүл буруп коюлары зарыл.

2013/2014-окуу жылына карата бардык (окутуу тилдерине карабастан) жалпы билим берүүчү мектептердин окуу планы.

 

Информатика   7 кл.     8 кл.     9 кл.

 

1с.        2с.        2с.

 

Гимназия-мектептери жана мектеп-лицейлери үчүн гимназия жана лицей компоненттери сакталып, гимназия, лицей класстарында ийримдер, лекциялар, циклдер, курстар аркылуу ишке ашырылат.

Билим берүү процессинин негизги формасы – бул сабак болуп эсептелет. Көпчүлүк учурда сабактын биринчи бөлүгүндө жаӊы материалдын теориясы менен тааныштыруу жүргүзүлөт, экинчи бөлүгүндө – 20-25 мүнөткө эсептелген практикалык жумуш формасында компьютердик практикум пландаштырылат. Практикалык жумуштар технологиялык ыкмаларды бышыктоого багытталып, окуучулар тарабынан толук түшүнүлгөн жана дайыма кызыгууну пайда кыла турган бирдиктүү, мазмундуу жыйынтыктарды алууну көздөйт. Ар түрдүү практикалык жумуштарды аткарууга бардык окуу сааттарынын жарымынан көбү бөлүнгөн.

Билим берүү процессин иш жүзүнө ашырууда төмөндөгү педагогикалык технологиянын элементтерин пайдаланса болот:

 традициялык окутуу;

 өркүндөтүп окутуу;

 инсанга багытталган окутуу;

 дифференцирленген окутуу;

 проблемалык окутуу.

Информатиканы окутуудагы педагогикалык процесстин негизине окуу ишмердигин уюштуруунун төмөндөгү формаларын колдонууга болот:

• жалпы класстык формалар: сабак-лекция, аралашма сабак, оюн-сабак, консультация, лабораториялык-практикалык жумуштар, программалык окутуу, зачеттук сабак;

• топтук формалар: сабакта топ менен жумуш аткаруу, бүткүл топ менен лаборатордук практикум, топтук чыгармачылык тапшырмалар;

• жекелик формалар: информациялардын электрондук булактары менен жана адабияттар менен иштөө, жазуу түрүндөгү көнүгүүлөр, программалоо боюнча жеке тапшырмаларды аткаруу же информациялык технологиялар боюнча тапшырмаларды компьютерде аткаруу, окутуп үйрөтүүчү программалар менен компьютерде иштөө.

Информатика сабактарында негизинен окутуунун төмөндөгү методдору колдонулат:

 оозеки – лекция, баяндоо, оозеки айтып берүү, аӊгемелешүү;

 көрсөтмөлүү – сүрөттөлүштөр, компьютер менен жана кадимки окуу элементтери аркылуу демонстрациялоо;

 практикалык – лабораториялык-практикалык жумуштарды аткаруу, өз алдынча сөздүктөр жана адабияттар менен иштөө (кадимки китеп жана электрондук түрүндө), өз алдынча жазуу, көнүгүү жумуштары, компьютерде өз алдынча иштөө.

Окутуу методдорунун колдонулушунун логикалык мүнөздөмөсү болуп: индуктивдүү; дедуктивдүү; изденүүчүлүк; репродуктивдүү-изденүүчүлүк эсептелет.

Окуу, таанып билүү ишмердүүлүгүн стимулдаштыруунун методдору: окууга болгон кызыгууну калыптандыруу; окууга болгон жоопкерчиликти, милдеттерди калыптандыруу.

Текшерүү жана өзүн-өзү текшерүүнүн методдору:

 оозеки текшерүү – фронталдуу сурамжылоо, жеке сурамжылоо компьютердик тестирлөө;

 жазуу түрүндө текшерүү – текшерүү иши, жазуу түрүндөгү тесттик тапшырмаларды аткаруу, лаборатордук-практикалык жумуштар боюнча жазуу түрүндөгү отчеттор, информатика боюнча диктанттар;

 лаборатордук-практикалык тек-шерүү – лаборатордук-практикалык текшерүү жумуштары, текшерүүчү программалар менен иштөө;

 өзүн-өзү текшерүү – үйрөнгөн материалды оозеки айтып берүү, үйрөнгөн материалды жазуу түрүндө көрсөтүү, окутуп үйрөтүүчү программалар менен иштөө, компьютердик тесттер.

III. Жаӊы окуу жылында информатика жана ИКТ боюнча түзүлгөн окуу программасына ылайык окуу китебинин жоктугу тууралуу маселелер келип чыгат. Азыркыга чейин расмий тилде окутулуучу мектептер үчүн аталган предмет боюнча окуу китеби жок болгондуктан россиялык окуу китептерди колдонуп келишет. Бул албетте кейиштүү көрүнүш. Бирок, алдыда окуу китеби менен камсыз кылуу боюнча маселелер каралууда. Азырынча окуучулар окуу китептери менен толук камсыз боло алышпайт. Ошондуктан, шарт туура келген жерде кошумча материалдарга да таянып окутууга туура келет.

IV. Жыйынтыгында, Кыргызстандан жана Россиядан чыккан төмөнкүдөй китептерди, колдонмолорду колдонуу сунуш кылынат:

Жалпы билим берүүчү мектеп:

1. Информатика. Базалык курс. 7-9-класстар үчүн окуу китеби. Орускулов Т.Р., Касымалиев М.У. –Б., 2006-ж.

2. 7-9-класстар үчүн маселелер жыйнагы. Орускулов Т.Р., Касымалиев М.У. –Б., 2003 ж.

3. «Мектепте информатиканы окутуу» – Информатик мугалимдер үчүн окуу колдонмо. Ибирайым кызы А., Мамбетакунов У.Э., Осипова Н.Н. –Б., 2013-ж.

4. «Жумушчу дептер» – 7-класстын окуучулары үчүн. Ибирайым кызы А. –Б., 2013-ж.

5. «Жумушчу дептер» – 8-класстын окуучулары үчүн. Ибирайым кызы А. –Б., 2013-ж.

6. Көӊүлдүү оюндардагы информатика: Окуучулар үчүн окуу курал. Мамбетакунов У.Э., Ибирайым кызы А. –Б., 2013-ж.

7. «Электронный учебник по Информатике»/ «Информатиканы окутуу боюнча Электрондук окуу колдонмо». Кыргызская академия образования. –Б., 2013 г.

Андан сырткары, Н.Д. Угриновичтин «Информатика и ИКТ» 7-9 класстар үчүн окуу-методикалык комплекси (ОМК):

• 7-класс: информациялык технологиялар областы боюнча практикалык көндүмдөрдү калыптандырууга;

• 8-класс: тексттик жана сандык информациялар боюнча практикалык көндүмдөрдү калыптандырууга;

• 9-класс: алгоритмдик жана системалык ой жүгүртүүлөрүн о.э. Windows, Linux и MacOS операциялык системалардагы практикалык көндүмдөрдү калыптандырууга багытталган.

ОМК И.Г. Семакин: 8-9-кл. үчүн окуу китеби, мугалимдер үчүн методикалык колдонмолор.

Окуу китеби эки бөлүккө бөлүнүп берилген: милдеттүү түрдө өздөштүрүлүүчү предметтин минимуму жана информатиканы тереӊдетип окутуу курсуна арналган.

ОМК Н.В. Макарова: 7-9-кл. үчүн окуу китеби, моделдөө жана информациялык технологиялар боюнча практикум.

V. Бул жылдагы август кеӊешмесинде информатика мугалимдердин секциясында төмөндөгүдөй учурдагы актуалдуу маселелерди талкуулоо сунуш кылынат:

– жаӊы түзүлгөн «Информатика жана ИКТ» предмети боюнча программанын мазмунун;

– информатика боюнча окуучулардын компетенцияларын калыптандыруу маселелерин («2020-жылдарга билим берүүнү өнүктүрүүнүн Концепциясы жана Стратегиясы» боюнча);

– билим берүүнүн жаӊыча жыйынтыктарына коюлган талаптар. Окуу процессинде негизги компетенцияларды калыптандыруу;

– Информатика жана ИКТны окутуунун алгылыктуу технологияларын колдонуу:

• окутуунун интерактивдүү формалары жана методдору,

• модулдук технология,

• топтук технология ж.б.

– мектеп циклинде предметти окутууга мотив жана кызыгуу жаратуу үчүн профилдик билим берүүнү киргизүү (КР Өкмөтүнүн №404 Токтому, 1995-ж.);

– билим берүү процессин баалоонун жаӊы технологияларын колдонуу (Буйрук КР ББИ №1114/1, 21.12.09-ж.);

– окуу процессинде окутуунун интерактивдүү заманбап каражаттарын (интерактивдүү доскалар, электрондук окуу китептери ж.б.) колдонуу;

– жаӊы муундагы окуу-методикалык комплектилерин колдонуу;

– мектептин деӊгээлинде билим берүүнүн жыйынтыктарын баалоо системасын түзүү;

– жогорку класстарда окуучулардын жекече окуу талаптарын ишке ашырууда профилдик окутууну кигизүү;

– окуучуларда информациялык-коммуникациялык жана Интернет-технологиялар областы боюнча компетенцияларды калыптандыруу.

Август методикалык конференциясынын эффективдүүлүгүн арттыруу үчүн информатик мугалимдерге:

          семинарларды;

          тегерек үстөлдөрдү;

          педагогикалык студияларды;

          Информатика жана ИКТнын абалы жана предметти окутууну өнүктүрүү проблемалары боюнча докладдарды окуу ж.у.с. өткөрүү сунуш кылынат.

2013-2014-окуу жылына информатиканы окутуу багытында суроолор, сунуш-пикирлер болсо, төмөнкү дарекке кайрылсаӊыздар болот: Бишкек ш., Эркиндик бульвары, 25, 1-кабат, 13-14-кабинеттер. Телефондор: 62-23-73. ika379@mail.ru  электрондук почтасы.

 

Ибирайым

кызы Айжан

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*