ИШТЕРМАНДЫК, БИРИМДИК – МЕКЕН ТИРЕГИ

(Жалпы билим берүүчү мекемелердин башталгыч класстарында  1-сентябрда өтүлүүчү сабактын болжолдуу үлгүсү)

Сабактын максаты:

• окуучулар өз мекенин урматтоо, ынтымакта, биримдикте жашоо, эмгекчил, иштерман болуу зарыл экендиги тууралуу түрдүү булактардан маалыматтарды алат;

• Ата Мекен алдында өзүлөрүнүн атуулдук жоопкерчилигин, парзын аткаруу зарылдыгын сезет;

• иштерман, эмгекчил, ынтымактуу, жоопкерчиликтүү ж.б. болуу зарылдыгын түшүнөт.

Жогоруда коюлган максаттар ишке ашат, эгерде:

– өтүлүүчү темага байланыштуу өзөктүү сөздөрдүн  маанисин түшүнсө;

– сабактын идеясын түшүнүп, өз сөзү менен айтып бере алса;

– текст менен иштөөдө мазмунун түшүнүп, өз оюн далилдүү айта алса;

– салыштырып, анализ жүргүзүп, топ менен бирге талкуулап, биргелешип иштей алса;

– бирин-бири сыйлап, уга билсе;

– чыгарманын мазмунуна жараша эмгекчил, иштерман, аракетчил болууга үйрөнсө жана ынтымакта бирдиктүү болуу зарыл экенин түшүнсө.

Сабакта колдонулуучу дидактикалык каражаттар: көркөм китептер, түстүү сүрөттөр, тиркемелер ж.б.

Сабактагы негизги иш-аракеттер:

– Ата Мекен, эмгекчилдик, иштермандык, биримдик, ынтымак жөнүндө окуучулардын ой-пикирин угуу;

– эл-журттун биримдиги жана ынтымагы тууралуу ой бөлүшүү;

– өз эли-жерине болгон сый-урматы, кызматы тууралуу баарлашуу, чыгармачылык иш (эссе) жазуу;

– ырларды көркөм окуу;

– накыл кептердин маанисин чечмелөө.

Сабактын башкы идеясы:

– Иштермандык бакыт-таалай менен ийгилик, ал эми биримдик ырыскы-дөөлөт алып келет.

Сабактын жүрүшү:

Мугалим:

Балдар, бүгүнкү биздин тарбиялык сабагыбыздын темасы –  «Иштермандык, биримдик – мекен тиреги». Ар бирибиз эмгекчилдик, биримдик, Ата Мекен тууралуу оюбузду, түшүнүгүбүздү кыскача айтып көрөлү.

1-окуучу: Иштерман, эмгекчил болуу ар бирибизге зарыл. Анткени иштеген, аракет кылган адам гана жакшы ийгиликтерге жетише алат жана эли-жерине пайдасы тиет.

2-окуучу: Биримдик – бул адамдардын ортосундагы ынтымак, сый-урмат, колдоо. Элдин арасында ынтымак болсо, тынчтык, жакшылык, токчулук болот деп ойлойм.

3-окуучу: Ата Мекен – бул биздин туулуп-өскөн жерибиз. Туулган жер – биздин ата-бабабыздан калган ыйык мурасыбыз. Ошондуктан, ал жер Ата Мекен, Ата Журт деп аталат.

Мугалим:

Рахмат, балдар. Эми эмгек, биримдик, ынтымак тууралуу айтылган бир нече макалдын маанисин чогуу чечмелеп көрөлү:

– Ак эмгектин наны таттуу, жалкоонун жаны таттуу.

– Ынтымактуу биригет, ынтымаксыз бүлүнөт.

– Ынтымагы бар элдин ырыскысы мол болот.

Окуучулар ойлорун айтышып, өз ара талкуулашат.

Анда эмесе, азыр «Бакыт-таалай каякта?» аттуу жомокту чогуу окуп көрөлү.

1-тиркеме

Үч бир тууган болуптур. Ата-энеси өлүп жетим калышат. Балдар эр жетип чоӊоюп, өз алдыларынча оокат кылып, үй-жай күтүүгө аракеттенишип, байга малай жүрүшөт. Күндүр-түндүр кара жанын карч урушуп, байдын жумушун аткарышат. Канчалык эмгектенишсе да, күндүк тапканы күнүмдүк оокатына жетпейт.

Эӊ улуусу бир күнү инилерин чогултуп:

«Бул бизге оокат эмес экен, андан көрө жер кыдырып бакыт-таалай издеп табалык» – дейт. Инилери макул болушат. Жолго чыгышат.

Бир туугандардын баспаган жери, ашпаган тоосу, кечпеген суусу калбайт.

2-тиркеме

Ачка болуп кыйналган кезде жер айдап жаткан дыйканга жете келишип, эси оогондон тарс жыгылышат. Дыйкан аларды үйүнө  алып барып нан, жарма берип тойгузуп, анан эмне мынча чаалыгып-чарчап жер кыдырышып жүргөндөрүн сурайт. Үч бир тууган болгон сырларын жашырбай айтып беришет.

Дыйкан талаадагы тилкени көрсөтөт.

– Муну анча тереӊдетпей казып чыккыла, бош жери калбасын! Ушул аянттын карыштай жерине бир заманда алтын катылыптыр деп укканым бар.

3-тиркеме

Бир туугандар маӊдай тер төгө мээнет кылышып, тилке жерди бүт казып чыгышты. Бирок, алтын таба алышпады. Дыйканга келип, жаӊжал салышты.

– «Шашпаган жетет муратка, шашып кетип калбагыла уятка» деген сөз бар. Андан көрө ошол казылган жерди бош таштабай буудай эгип таштагыла! – дейт дыйкан, күлүмсүрөп.

Тигилер мостоё түшүшөт. Бирок, эми андан башка айла калбаганын түшүнүшкөн бир туугандар биргелешип казылган жерге буудай эгишет. Кезек менен сугарып турушат. Күркүрөгөн күздө ошол аянтчадан аябагандай мол түшүм алышып, ырыскы-дөөлөткө ээ болушат.

Ошондо гана ага-инилүү жигиттер бакыт-таалайдын кайда болорун, ага жетүү үчүн маӊдай тери менен ак эмгек кылуу, иштерман болуу керектигин түшүнүшкөн экен.

Мугалим окуучуларга суроо менен кайрылат:

1. Үч бир туугандар бакыт-таалайды каяктан издемек болушту? Бул чечимдери туурабы? Эмне үчүн?

2. Дыйкандын аларга айткан  кеӊешине кандай баа бересиӊер? Дыйкандын  кеӊешин жомоктон таап, үн чыгарып окугула.

3. Бакыт-таалайга кантип жетүүгө болот экен? Жомоктон тышкары өзүӊөрдүн оюӊарды да айтып көргүлө.

4. Төмөнкү  макалдардын  маанисин  чогуу  чечмелеп, түшүнүп алгыла.

– Эмгек – ар кандай дарттын дабасы, эмгектен өткөн  ырыс жок.

– Мээнеткеч адам кичине болсо да чоӊ күч, анын колунан бардыгы келет.

– Эмгектен таап береке – эстүү бала жарайт керекке.

Мугалим эмгекчил, бирдиктүү болууга үйрөтүү максатында чакан чыгармачылык иш аткаруу тапшырмасын берет.

А) Эмгек бар жерде ийгилик бар.

Б) Ынтымагы бар элдин ырыскысы түгөнбөйт, – деген темалардын бирин тандап алышып, чакан эссе жазышат. Белгиленген мүнөттөн кийин, ар бир окуучу өзүнүн чыгармасын окуп, же оозеки сүйлөп берет.

Мугалим:

Балдар, бүгүнкү сабакта мамлекетибиздин тиреги болгон биримдик, ынтымак, иштермандык тууралуу ой бөлүшө алдык. Үй-бүлөбүздө да, мамлекетибизде да тынчтык, ынтымак, биримдик болсун деп тилек кылалы да, Барпы Алыкулов атабыздын төмөнкү ырын көрктүү окуп көрөлү.

 

ЫНТЫМАК

Ынтымагы бар элдин

Калага (нанга) карды ток болот.

Ынтымагы жок элдер

Бирине-бири октолот.

 

Ынтымагы бар элдин

Адил болот улугу (башчысы).

Ынтымагы жок элдин

Ичинен чыгат бузугу.

 

Ынтымактуу эл болсо,

Душманга тиер ок болот.

Ынтымаксыз эл болсо,

Дыркырап качып жок болот.

 

Ынтымактуу биригет,

Ынтымаксыз бүлүнөт.

Ынтымак элдин баркы бар,

Бири-бирине баркы бар.

Суроолор:

1. Ынтымак деген сөздүн маанисин кандай түшүндүӊөр?

2. Ынтымактуу болуу зарыл экендиги жөнүндө өз ойлоруӊарды айтып көргүлөчү.

3. Ынтымак тууралуу буга чейин кандай чыгармаларды окудуӊар эле? Эстегиле жана азыркы ырдын мазмунун менен салыштырып көргүлө.

Мугалим: Балдар, жогоруда чыгармаларды окуп, макалдардын маанилерин чечмелөө менен кандай жыйынтыкка келе алдыӊар?

Окуучулар: Албетте, элибиз эмгекчил, иштерман болушса, өз ара ынтымакта, биримдикте жашашаса, анда мамлекетибиз бекем, туруктуу, күчтүү болот экен.

Сабактын соӊунда үйгө тапшырма катары төмөнкүлөр берилет:

1. «Иштермандык жана биримдик – мекен тиреги» деген темада өз оюӊарды айтып берүүгө даярданып келүү.

2. Эмгек, ынтымак, биримдик, мекен тууралуу ыр, макалдардан таап келүү.

 

Батма Абдухамидова,

педагогика илимдеринин кандидаты,

КББАнын кыргыз тили жана

адабияты кафедрасынын башчысы

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*