Окутуунун жана тарбиялоонун биримдиги – билим берүү системасын реформалоонун артыкчылыктуу багыты Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 2013-жылдын 30-июлундагы № 489/1 буйругу

Кыргыз Республикасынын мугалимдеринин жана билим берүү кызматкерлеринин августтук усулдук окуусун  өткөрүү  жөнүндө

Кыргыз Республикасынын «Билим берүү жөнүндө», «Мугалимдин статусу» мыйзамдарын ишке ашыруу, ошондой эле окутуу процессинин формаларын жана технологияларын мындан ары жакшыртуу максатында

Буйрук кылам:

1. Мугалимдердин жана билим берүү кызматкерлеринин августтук усулдук  окуусу 2013-жылдын 19-августунан 25-августуна чейин «Окутуунун  жана  тарбиялоонун  биримдиги – билим берүү системасын реформалоонун артыкчылыктуу багыты» («Единство обучения и воспитания – приоритетное направление реформ системы образования») жалпы  ураанынын негизинде  жүргүзүлсүн.

2. Окуу предметтери жана билим берүү тармагындагы секциялык окуулардын негизги багыттарынын тематикалары  № 1 тиркемеге ылайык бекитилсин.

3. Бишкек жана Ош шаардык билим берүү башкармалыктарынын, Ысык-Көл жана Ош областтык билим берүү институттарынын,  Жалал-Абад, Талас, Баткен, Нарын областтык усулдук борборлорунун директорлоруна, аймактык усулдук борборлордун жетекчилерине:

3.1. Мугалимдердин жана билим берүү кызматкерлердин августтук усулдук педагогикалык окуусун уюштуруу иштерин эки этап менен:

– окуу предметтери жана билим берүү тармагындагы секциялык окуулардын негизги багыттары бул буйруктун 2 п. ылайык;

– областтык (шаардык) мугалимдердин жана билим берүү кызматкерлеринин конференциялары 2013-жылдын 24-августунан 25-августуна чейин өткөрүү графиги бекитилсин.

3.2. Мугалимдердин усулдук окууларын өткөрүүдө төмөнкү укук-ченемдик документтери:

– 2013-жылдын 30-июлундагы № 27-28 «Кутбилим» гезитинде жарыяланган окуу  предметтери  боюнча усулдук сунуштары жана 2013-жылдын 1-сентябрына – Билим күнүнө карата жылдын “Иштермандык, биримдик – мекен тиреги (Трудолюбие и единство – опора отечества” темасы боюнча  жалпы билим берүү уюмдарында биринчи сабактардын көрсөтмөлөрү;

– 2013-2014-окуу жылына карата Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарынын окуу планы колдонмого алынсын.

3.3. Жер-жерлерде мугалимдердин жана билим берүү кызматкерлеринин августтук усулдук окуусун жогорку деӊгээлде уюштуруп өткөрүү максатында:

– усулдук окууларды өткөрүү үчүн жумушчу топтор түзүлсүн;

– пленардык отурумдун өткөрүлө турган датасы, тематикасы, болжолдуу канча адам катышаары белгиленсин;

–  райондук мекемелердин жетекчилеринин (административдик, финансылык, саламаттыкты сактоо, социалдык камсыздоо, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу, юстиция ж.б. органдардын), ар бир региондо (шаарда) иш алып барып жаткан эл аралык билим берүү борборлордун, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрүнүн катышуусу менен өткөрүү уюштурулсун;

– мугалимдердин усулдук окууларынын жана августтук пленардык кеӊешмелеринин жүрүшү жөнүндө региондук массалык маалымат каражаттары аркылуу кеӊири берүү уюштурулсун.

4. Жогорку жана орто кесиптик окуу жайлардын жетекчилери билим берүү кызматкерлеринин августтук усулдук окуусун уюштуруп өткөрүүдө активдүү катышсын.

5. Кыргыз билим берүү академиясына (А.Мамытов) мугалимдердин усулдук окууларынын жана августтук пленардык кеӊешмелеринин жүрүшү жөнүндө жалпыланган маалыматты 2013-жылдын 10-сентябрына чейин берүү тапшырылсын.

6. Билим берүү кызматкерлеринин августтук усулдук окуусунун жүрүшүн координациялоо Мектепке чейинки, мектепте жана мектептен тышкаркы билим берүү башкармалыгына (М. Усеналиев) жүктөлсүн.

7. Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин орун басары Д.Кендирбаевага тапшырылсын.

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*