ТАРЫХ

Эгемендүү Кыргыз Республикасынын билим берүү системасындагы Тарых предметинин бүгүнкү күндөгү орду дүйнөдө жана мамлекетибизде болуп жаткан соӊку саясий-экономикалык, коомдук-маданий өзгөрүүлөрдүн таасири менен аныкталат. Советтер Союзунун билим берүү системасы табигый-математикалык багытка басым жасоо менен өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүнө шарт түзгөн болсо, XXI кылымда негизги басым окуучунун социалдык-коммуникативдик жөндөмдүүлүгүн арттырууга жасалууда. Дүйнө жүзүндө бардык ачылыштар жасалып, адамзат үчүн бардык шарттар түзүлгөн, дүйнөлүк коомчулук компьютердик кылымда жашап жатат. Демек, бүгүнкү күндөгү окуучу Кыргызстандын тарыхый-маданий өнүгүүсүн Дүйнөлүк цивилизациялардын өнүгүүсү менен байланышта окуп-үйрөнүү менен Кыргызстандын эле эмес, Дүйнөнүн жараны болуп тарбияланышы керек.

Жалпы билим берүүчү мектептердеги окутулуп жаткан бардык предметтердин ар биринин өз орду, маанилүү функциялары; билим берүүчүлүк, тарбиялык, өнүктүрүүчүлүк багыттары бар экендигин белгилөө менен Тарых предметин окутуунун маанилүүлүгү: өткөндү окуп-үйрөнүү; тарыхый окуялардын, кубулуштардын себептерин, натыйжаларын аныктоо; андан сабак алып, жакшы жактарын турмушта колдоно билүү жана социалдык-коммуникативдик компетенттүүлүктү арттыруу функциясында экендиги белгилейбиз.

 

1. Укуктук-нормативдик документтер

Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндөгү” мыйзамы. 30.04.2003. №92 http://obrazovanie.kg/zakon_ob_obrazovanii/

«Билим берүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын мыйзамы. Эркин Тоо. 11.01.2013. № 1 (2267)

Кыргыз Республикасынын мектептеринде предметтик билим берүүнүн мамлекеттик стандарттары. Бишкек. “Билим куту”. 2006, 249-270-бб.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Кыргыз Республикасындагы жалпы билим берүүчү уюмдарда мектептик окуу жүктөмүн этап-этабы менен кыскартуу тууралуу” токтому (23.03.2012. № 202). Эркин Тоо. 20.04.2012. № 33-34 (2183-2184)

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин “Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарынын 2012/2013 – окуу жылы үчүн Базистик окуу пландарын бекитүү жөнүндө” буйругу (10.08.2012. № 529/1). Кутбилим. 17-август, 2012-ж. № 31-32 (104890)

Жалпы билим берүүчү уюмдар (мектеп, гимназия, лицей) үчүн Тарых предмети боюнча программа. Бишкек. “Билим” – 2013. 116-б.

Кыргыз Республикасынын Президенти А.Атамбаевдин «Кыргызстандын элинин тарыхый жана маданий мурастарын окуп-үйрөнүүнү тереӊдетүү жана жарандык атуулдукту калыптандыруу боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгы (25.04.2012. № 94). Эркин Тоо. 27.04.12. № 37-38. www.president.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти А.Атамбаевдин «Кыргыз Республикасында элдин биримдигин жана этностор аралык мамилелерди чыӊдоо концепциясы» жөнүндөгү Жарлыгы (10.04.2013.). Эркин Тоо. 16.04.2013. № 29 (2295)

http://www.president.kg/files/docs/krda_eldin_birimdigin_jana_etnostor_aralyik_mamilelerdi_chyindoo_kontseptsiyasyi.pdf

 

2. Тарых предмети

2.1. Мазмундук багыттары

5-класс.

1. Кыргызстан тарыхы боюнча аӊгемелер (Байыркы мезгилден баштап эгемендүүлүккө чейин)

6-класс

1. Кыргыздардын жана Кыргызстандын тарыхы (Эзелки замандан тартып б.з.ч. IX к. баш чейин).

2. Байыркы дүйнө тарыхы.

7-класс

1. Кыргыздардын жана Кыргызстандын тарыхы (IX – XVIII кк.).

2. Орто кылымдар тарыхы.

8-класс

1. Кыргызстан тарыхы. ХIХ кылым

2. Жаӊы тарых.

9-класс

1. Кыргызстан тарыхы. ХХ-ХХI кылым.

2. Соӊку жаӊы тарых.

10-класс

1. Кыргыздардын жана Кыргызстандын тарыхы (байыркы доордон тартып ХIX к. ортосуна чейин).

2. Дүйнө тарыхы (байыркы доордон тартып ХIX к. ортосуна чейин).

11-класс

1. Кыргызстандын тарыхы (ХIX к. ортосунан биздин күндөргө чейин).

2. Дүйнө тарыхы (ХIX к. ортосунан биздин күндөргө чейин).

 

3.2. Методикалык колдонмолор

Орто мектепте Кыргызстан тарыхын окутуунун методикасы. Козубаева Б.У. Б.; 2013

11-класстын Кыргызстан тарыхы боюнча окуу-методикалык колдонмо. Курманалиев К.А. I-II-бөлүк. (слайддар менен) Б.; 2012

5-класстын Кыргызстан тарыхы боюнча методикалык колдонмо. Доталиев А.К. Б.; 2009

Кыргызстан тарыхы боюнча колдонмо дептер. 5-11-класстар үчүн. Доталиев А.К.

Дүйнөлүк тарых боюнча колдонмо дептер. 6-11-класстар үчүн. Козубаева Б.У.

Тапшырмалар жыйнагы. Окуучулардын билимин баалоо боюнча тесттик тапшырмалар. Козубаева Б.У. Б.; 2013

 

4. Мугалимдер үчүн сунуштар

4.1. Документтер менен иштөө

Жалпысынан укуктук-нормативдик документтер жөнүндө маалыматтар жогоруда көрсөтүлдү. Демек, тарых предметин окутууда негизги таяныч болуп Кыргыз Республикасында мектептик тарыхый билим берүүнүн мамлекеттик стандарты эсептелет. Стандарт тарыхый билим берүүнүн мазмунун аныктаган нормаларды жана талаптарды бекемдеп, окуу жүктөмүнүн көлөмүн аныктап, бүтүрүүчүлөрдүн даярдык деӊгээлин белгилейт.

Окуу программасы – предметтин сааттарынын көлөмүн, ирээтин, мазмунун аныктаган документ. Ал окуу планында белгиленген сааттардын көлөмүн милдеттүү түрдө аткарууга негизделип, базалык деӊгээлдеги билим берүүнүн мазмунун аныктап, предметтин уланмалуулугун камсыздайт.

Календардык-тематикалык пландаштыруу – ар бир мектептин предметтик мугалимдери тарабынан талкууланып, түзүлүүчү документ. Анда Мамлекеттик стандартта жана окуу программасында берилген жалпы бөлүмдөр, темалар чейректерге бөлүнүп, сабакты өтүү мөөнөтү так көрсөтүлөт; сабакты өтүү методдору, күтүлүүчү натыйжалар белгиленет жана мектеп администрациясы тарабынан бекитилет.

4.2. Тарыхый билим берүүдө эмнелерге көӊүл буруу керек?

• Тарых предметинин жалпы эле социалдык-гуманитардык билим берүүдөгү орду, максаты, милдети;

• Кыргызстандын тарыхы менен Дүйнөлүк тарыхтын бири-бири менен байланышта, хронологиялык уланмалуулукта өнүгүшү;

• Кыргызстандын дүйнөлүк тарыхый процесстеги ээлеген ордуна жана ойногон ролуна;

• Кыргызстандын коомдук-саясий жана социалдык-экономикалык турмушу жөнүндө окуучулардын кеӊири билимдерге ээ болуусуна;

• Тарыхый түшүнүк, терминдердин чечмеленишине;

• Окуучунун окуу китеби менен эле чектелип калбастан тарыхый материалдар, адабияттар менен иштеп, анализдеп, салыштырып жыйынтык чыгара алуусуна;

• Окуучунун ар түрдүү логикалык тапшырмалар менен иштей алуусуна, алынган билимди турмушунда колдоно ала тургандай болуусуна;

• Алынган билиминин негизинде инсан ар түрдүү кырдаалда туура чечимдерди чыгарып, абалды башкара алуусуна;

• Окуучуда ар түрдүү саясий окуялар, фактылар боюнча сын көз караштын калыптанып калбашына көӊүл буруу сунушталат.

 

4.3. Окуучулардын билим деӊгээлин текшерүү

• Теориялык билимин, тарыхый фактыларды, терминдерди, инсандардын иш-аракеттерин түшүнүүсүн;

• Негизги жана кошумча маалыматтарды ажырата алуусун;

• Негизги тарыхый даталарды бөлүп алып эстеп калуусун;

• Окуган, билген, түшүнгөн маалыматына жазуу жана оозеки түрдө жооп бере алуусун;

• Аларды салыштырып, анализ жүргүзүүсүн, туура жыйынтык чыгаруусун;

• Алган билимин ар түрдүү тапшырмаларды иштөөдө колдоно алуусун жана өзү жаӊы маалыматтарды издеп таап, андан керектүү, туура маалыматтарды бөлүп алуу жөндөмдүүлүгүн баалоо сунушталат.

 

5. Август кеӊешмесин өтүү үчүн болжолдуу тематикалык багыттар

Тарых предметин окутууга керектүү документтерди даярдоо жана колдонуу;

Тарых сабагында тарыхый жана маданий мурастарды окуп-үйрөнүү менен жарандык атуулдукту калыптандырууну жергиликтүү жана мамлекеттик деӊгээлдеги документтерди колдонуп ишке ашыруу;

Тарых сабагынын тарбиялык багытында Кыргыз Республикасындагы элдердин биримдигин жана этностор аралык мамилелерди чыӊдоо концепциясын ишке ашыруу;

Тарых сабагынын окуу ишмердүүлүгүндө алдыӊкы методиканы колдонуу менен ар тараптан өнүктүрүү;

Жергиликтүү тарыхый жана маданий эстеликтерди тааныштыруу аркылуу окуучулардын сабактан сырткары ишмердүүлүгүн уюштуруу;

Окуучуларды олимпиадага даярдоо боюнча өз ара тажрыйба алмашуу менен сунуштарды иштеп чыгуу;

Тарых сабагындагы көргөзмө куралдарды жана техникалык каражаттарды колдонуу.

 

М. Иманкулов,

Б.Козубаева

2.2. Окуу жүктөмү
Курстун аталышы Классы
5 6 7 8 9 10 11
1. Кыргызстан тарыхы/сааты 1 1 1 1 1 1 1
2. Дүйнөлүк тарых/сааты   1 1 1 1 1 1

 

3. Окуу-методикалык комплекттер

3.1. Окуу китептери

Класс Аталышы Автору
5 Кыргызстан тарыхы боюнча аӊгемелер. 1. Мырзакматова. А.С., ж.б. Б.; 2008.

2. Доталиев А. Б.; 2009

6 1. Кыргыздардын жана Кыргызстандын тарыхы. Чоротегин. Т.К., ж.б. Б.; 2008. (орус тилинде 2012)
2. Байыркы дүйнө тарыхы Чоротегин. Т.К., ж.б. Б.; 2007.
7 1. Кыргызстан тарыхы. Чоротегин. Т.К., ж.б. Б.; 2010. (орус тилинде 2012)
2. Орто кылымдар тарыхы Осмонов Ө.Ж. ж.б. Б.; 2007
8 1. Кыргызстан тарыхы. Өмүрбеков Т.Н., ж.б. Б.; 2010.
2. Жаӊы тарых. Доталиев А.К., ж.б. Б.; 2007
9 1. Кыргызстан тарыхы. Иманкулов М.К. Б.; 2012
2. Соӊку жаӊы тарых. Өмүрзакова Т. Б.; 2007
10 1. Кыргызстан тарыхы: урунттуу учурлар. Осмонов Ө.Ж., ж.б. Б.; 2012 (кыргыз-орус тилинде)
2. Дүйнө тарыхы: урунттуу учурлар. Осмонов Ө.Ж., ж.б. Б.; 2012
11 1. Кыргызстан тарыхы: урунттуу учурлар. Осмонов Ө.Ж., ж.б. Б.; 2012 (кыргыз-орус тилинде)
2. Дүйнө тарыхы: урунттуу учурлар. Осмонов Ө.Ж., ж.б. Б.; 2012

14 Комментарии

  1. Автотехцентр RMS расположен крепче двадцать возраста. Значительный попытка сообразно ремонтным работам авто любых марок. Мы делаем починка запомнившийся трудности соответственно толерантным расценкам.
    Я ориентируем уходить все имеющиеся вопросы , скрученные из промышленным использованием коллективного парка автомобилей. Исполняем механослесарный, кузовной улучшение, техобслуживание, диагностику автомашин наших покупателей.
    Автотехцентр RMS сегодня это
    1) Умелое и борзое самообслуживание – наши отечественные подготовленные специалисты выполнят кропотливую диагностику тачки, выдадут стандарты, выберут оптимизированный время продажи или цену запчастей. Выберут подходящее промежуток времени чтобы ремонта, для того чтобы весьма повысить время года пребывания автомата в нашем сревисе.
    два) Гарантийные обязательства исполненья ремонта в указанном объясненный урочный час.
    3) Различный содержание машины – важный обслуживание, возрождение деталей кузова автомобиля, полировка, нанесения хлипкого оконные стекла, восстановление амортизаторов, сварные услуги соответственно металл и также алюминию, тех техобслуживание, улучшение управляющих реек, проточка тормозных cd, регенерация параметрах кузова автомобиля, исправление коробка автомат однако многое второе. Детализируйте перечисление и еще стоимость у наших любимых квалифицированных специалистов. Наш атвосервис предлагает ряд услуг,
    Замена масла АКПП

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*