ЖАӉЫ ОКУУ ЖЫЛЫНА КАРАТА ДАЯРДЫК ИШИНЕ КӨЗӨМӨЛ КҮЧӨТҮЛӨТ

Туптуура бир айдан кийин тоолуу республикабыздын бардык билим берүү мекемелеринде коӊгуроо кагылып, жаӊы окуу жылы салтанаттуу башталат. Бул саясий зор маанидеги ишке жер-жерлерде кандай даярдыктар көрүлүп жатканын караган чоӊ жыйын 29-июлда КР Билим берүү жана илим министри Канат Садыковдун төрагалыгында болуп өттү.

Алгач өз сөзүндө министр алдыдагы бир ай ичинде аткарылуучу иштердин маанилүүлүгүнө токтолду.  “Жаӊы окуу жылына бир ай калды. Август айы көп иштерди бүткөрүүчү мезгил. Мектептер жаӊы окуу жылына кынтыксыз даяр болушу керек. 26-августта бул маселе Өкмөттүн жыйынында каралат. Айрыкча жаӊы мектептердин пайдаланууга берилишин көзөмөлгө алышыбыз шарт. Республика боюнча август айында – 17, сентябрда – 37, декабрь айына карата 45 мектеп пайдаланууга берилүүгө тийиш. Жер-жерлерден келген маалыматтарды текшере келсек,   бүттү деген мектептердин курулушу чала-чабыт болуп чыгууда. Текшерилбеген маалыматтарды бергени үчүн  облустук координаторлор түздөн-түз жооп беришет”, – деди Канат Жалилович.

Андан аркы сөзүндө министр айлык маселеси да эӊ бир олуттуу маселелерден экенин белгиледи. “ Мындан ары мугалимдердин маянасына Айыл өкмөттөрү жооп бербейт. Алдыдагы бир айда райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн алдында борборлоштурулган бухгалтерияларды түзүү , ал жерде иштөөчү кызматкерлерди кызмат орундары, компьютер, оргтехника менен камсыз кылуу иштери толук аякташы зарыл. Булардын аткарылышына көзөмөлдү күчөтүү үчүн биздин башкаруу вертикалдын натыйжалуулугун жогорулатышыбыз абзел”, – деп айтты Канат Жалилович жыйындын катышуучуларына кайрылып.

Жыйында Бишкек мэриясынын Билим берүү башкармалыгынын начальниги Г. Тагаева, облустук мугалимдер институттарынын, методикалык борборлордун жетекчилери, жетекчи орун басарлары, мындай методборбору жок Чүй облусу үчүн маалыматты Аламүдүн райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Т. Ашымбаева даярдап келип, өз аймагында жаӊы окуу жылына карата жүрүп жаткан иштер менен мында чогулгандарды тааныштырып, айрым суроолорго жооп беришти.

 

А. Алибеков,

“Кутбилим”

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*