ЖАРАН ТААНУУ

Өткөн окуу жылынын башында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн демилгеси жана директивалык көрсөтмөсү менен «Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү уюмдарында мектептик окуу жүктөмүн этап-этабы менен кыскартуу жөнүндө» 2012-жылдын 23-мартында № 202 токтому кабыл алынган. Ага ылайык Жалпы билим берүүчү мектептердин Базистик окуу планында «Социалдык» билим тарамына кирген предметтерди да кыскартуу ишке ашырылган.

Атап айтканда, 2012-жылы 1-июнда, андан соӊ  27-августта «Кутбилим» гезитинде 2012-2013-окуу жылы үчүн жалпы билим берүүчү мектептердин Базистик окуу пландары 2 жолу жарыяланып, ага ылайык 9-11-класстарда жумасына 1 сааттан окутулуп келген (бардыгы 9 саат) адеп, адам жана коом, экономикага киришүү предметтери интеграцияланып, жаран таануу деп аталган бир предмет болуп окутула тургандыгы каралган. Интеграциядан  кийин бул 3 предметке 4 гана саат каралган.

Окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн мектептерде 4 саат (9-кл. – 2 саат, 10-кл. – 1 саат, 11-кл. – 1 саат), окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн мектептерде 5 саат (9-кл. – 2 саат, 10-кл. – 1 саат, 11-кл. – 2 саат). Ал эми өзбек/тажик тилдүү мектептерде 9-класска бир да саат каралбай калган. Ошентип, кыскартуунун натыйжасында бул предметтердин мазмуну 65 %тен ашык көлөмдө азайган. Учурда мектептерде ушундай 3 башка варианттагы окуу планы колдонулуп келүүдө.

Базистик окуу планындагы мындай орунсуз көрүнүштөр 2012-2013-окуу жылынын башында өткөн август методикалык кеӊешмелеринде, андан кийин да сынга алынып, мугалимдердин, билим берүү кызматкерлеринин, ата-энелердин ж.б. олуттуу тынчсыздануусун пайда кылып, ар кандай жыйындарда, массалык маалымат каражаттарында байма-бай айтылып, жазылып келди.

Мунун орундуу жүйөсү да бар экени талашсыз. Мисалы, Президент тарабынан жарыялаган “2012-Үй-бүлө жылында жаштарды үй-бүлөлүк турмушка максаттуу даярдоого чакырылган 9-класстагы «Үй-бүлө» курсу толук кыскартылып калды.

Ошентип, бүгүн жогорку класстардын окуучуларынын рухий-маданий, социалдык-экономикалык, адептик-укуктук, философиялык жана диний, жекече жана коомдук аӊ-сезиминин өсүп-жетилиши, дүйнөгө болгон көз карашынын калыптанышы, келечек кесип тандоосу ж.б. үчүн чечүүчү мааниге ээ болгон «Социалдык» билим тарамынын абалы өтө коркунучтуу абалга жетип олтурат.

Мисалы, бул билим тарамына кирген «Кыргызстан тарыхы», «Дүйнө тарыхы» предметтерине да жумасына 1ден гана саат бөлүнгөн. Кыскартуудан кийин 9-11-класстардагы жогорудагы интеграцияланган предметтин үлүшүнө азыр жумалык окуу жүктөмүнүн 4,3% гана туура келет. Атап айтканда, 9-класстагы 32 сааттык жумалык окуу жүктөмүнүн 2 сааты (6,2%); 10-класстагы 29 сааттын 1 сааты (3,4%); 11-класстагы 30 сааттын 1 сааты гана (3,3%) бул предметтин үлүшүнө туура келет.

Бул көлөм менен, б.а. жумасына окуучу менен 1 ирет 45 мүнөт жолугуп 2017-жылга чейин Өлкөнү туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясында, 2020-жылга чейинки билим берүү стратегиясында ж.б. расмий документтерде каралган атуулдук,  социалдык-саясий аӊ-сезими бийик, граждандык-укуктук, экономикалык билими тереӊ, адептик-ыймандык сезими күчтүү мектеп бүтүрүүчүлөрүн даярдоо тууралуу талаптарды өз деӊгээлинде аткарууга мүмкүнбү?

Албетте, эч мүмкүн эмес. 1 сааттык билим менен сапаттык натыйжа болбой тургандыгын өз интервьюсунда КР Билим берүү жана илим министринин орун басары да баса белгилеген («Кутбилим», 21.03.2013). Ошондуктан, өткөн жылдагы калпыстыкты түзөтүп, аталган предметтин өлкөнүн, мамлекеттин жана жаштардын келечеги үчүн өзгөчө маанилүүлүгүн эске алып, быйыл,  2013-2014-окуу жылында Базистик окуу планында бүтүрүүчү 9, 10, 11-класстарда жаран таануу предметине жумасына текши 2 сааттан кароо тууралуу академиянын адистери министрликке атайы кат менен кайрылган. Ага карата азырынча жооп боло элек. Тескерисинче, учурда Базистик окуу планын этап-этабы менен кыскартуу маселесине толук мораторий жарыялоо тууралуу сөз болуп жатат.

Учурда Кыргыз билим берүү академиясы Базистик окуу планындагы окуу жүктөмүн кыскартуунун экинчи этабында пилоттук мектептерди алдын ала аныктап, окуу китептерин пландуу түрдө чыгарып, аларды апробациялоодон өткөрүп, мектеп мугалимдеринин сунуштарын жана пикирлерин эске алып, кайра карап чыккандан кийин гана аларды республиканын мектептерине кеӊири жайылтуу керек деген сунушту киргизди. Мына ушундай мамиле гана бүгүн өлкөнүн мектептери туш болгон системалык кризистен чыгууга мүмкүндүк берет.

Мындай сунушту колдоо менен биз да интеграцияланган жаран таануу курсу боюнча адегенде билимдин мазмунун аныктап алып, тийиштүү окуу китептерин даярдап, андан соӊ гана окуу пландарын өзгөртүү керек деп эсептейбиз. Мына ушундай болгондо гана мектеп мугалимдери ж.б. тарабынан кыжалаттык келип чыкпайт. Андыктан, Өкмөттүн тапшырмасы тууралуу чечимге өзгөртүүлөр киргизилиши талапка ылайык.

Илимий-педагогикалык жактан алганда мазмуну көптөгөн социалдык-гуманитардык билим багыттарын камтып, мурда эле интеграциялуу болуп келген 3 предметти 1 предметке, 9 саатты 4 саатка механикалык түрдө кыскартуунун натыйжасы  «предметтерди интеграциялоо аркылуу окуучулардын окуу жүктөмүн оптимизациялоо» деген келечектүү, негиздүү идеяны толук дискредитациялоого алып келди.

Атайын илимий-теориялык негиздемеси, педагогикалык, дидактикалык, практикалык прогнозу, тажрыйба-эксперименттик сынагы жок окуу предметтеринин санын же саатын каалагандай кыскартып коюу иш жүзүндө натуура кадам экендигин тажрыйба көрсөттү. Өкмөттүн тапшырмасы болгондон кийин академиянын кызматкерлери билим берүүнүн мазмунун ыкчам жаӊылоого мажбур болду. Жагдайды туура түшүнүү менен академиянын жетекчилигинин буйругу менен түзүлгөн жумушчу топ 9-11-класстар үчүн жаран таануу интеграцияланган курсунун окуу программасынын жумушчу вариантын жана усулдук сунуштарды иштеп чыгышты.

Курстун негизги предметтик ядросун социалдык-гуманитардык маданиятты калыптандырууга багытталган илимий билимдер түзүп, ал жаран жана коом, экономика жана саясат, мамлекет жана укук, маданият жана мораль сыяктуу мазмундук багыттарды камтыйт. Жаӊы предметтин окуу материалдарын, окутуу методикасын, баалоо каражаттарын ж.б. иштеп чыгуу боюнча да иштер жүргүзүлдү.

Мында билимдин мазмунун реформалоо билим берүүдөгү жаӊыча принциптерге негизделип, окуучулардын билим алуусунун ар бир баскычында алар жетишүүгө тийиш болгон билимдин натыйжаларына жана билимге багыттап окутуу парадигмасынан инсанга багыттап окутуу парадигмасына жана окуучулардын компетенттүүлүгүн калыптандырууга өтүү жагдайын эске алуу менен жүргүзүлгөндүгүн белгилеп кетүү зарыл.

Айтылгандарды эске алуу менен, эгер окуу планын өзгөртүүгө мораторий жарыяланса, анда август методикалык жыйындарында төмөндөгү маселелерди кароо зарыл:

1. 2013-2014-окуу жылынын Базистик окуу планында интеграцияланган жаран таануу курсунун 9-11-класстар үчүн иштелип чыккан окуу программасы, окуу-эксперименттик материалдар жана усулдук сунуштар менен тереӊ таанышуу жана кеӊири талкуулоо. Алар кыргыз жана орус тилдеринде китепче түрүндө басылып чыгып, алдын ала мектептерге жеткирилет.

2. Аталган окуу-эксперименттик материалдардын негизинде  борбордо жана аймактарда мугалимдер үчүн атайын кесиптик чеберчиликти жогорулатуу курстарын уюштурууну системалуу жүргүзүү.

3.  Курстун жактырылган окуу программасынын негизинде анын окуу-методикалык комплексин иштеп чыгууга конкурс жарыялоо жана анын жобосун иштеп чыгуу. Комплекс: окуу китеби, мугалимдер үчүн усулдук колдонмо, хрестоматия жана предметке тийиштүү түйүндүү түшүнүктөрдүн сөздүгүнөн туруп, кыргыз же орус тилинде жазылышы керек. Кийин алар башка окутуу тилдерине которулат.

4. Окуу-методикалык комплексти областтардын жана Бишкек шаарынын тандалып алынган мектептеринде апробациядан өткөрүү. Сынакка коюлуучу окуу-эксперименттик материалдар керектүү өлчөмдө басылып чыгып, мектептерге жеткирилиши керек. Аларды массалык басып чыгаруу апробациялоонун жыйынтыгы боюнча гана жүргүзүлөт.

5. Аталган иш чаралар олуттуу уюштуруучулук жана ири өлчөмдөгү финансылык каражаттарды талап кылары шексиз. Андыктан, иштин жаӊыча багытын жана олуттуулугун эске алып, аны ата мекендик жана эл аралык билим берүүнү колдоо уюмдарынын жардамы менен долбоордук иш катары алып баруу талапка ылайык келет. Учурда жумушчу тобу бул багытта тийиштүү уюмдар менен макулдашууларды жүргүзүп жатат.

 

С.Иптаров

3 Комментарии

Добавить комментарий для Зулкайнар Отменить ответ

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*