“Балажан” досторун ысык-көлгө чогултту

DSCN2363

Салт болуп калгандай, быйыл да “Балажан” республикалык эстетикалык тарбия берүү окуу-усулдук борбору Билим берүү жана илим министрлиги менен биргелешип “Ысык- Көл досторду чогултат” деген аталыштагы балдардын жана педагогдордун эл аралык жайкы чыгармачылык мектебин ийгиликтүүөткөрдү. Мындай мектеп окуучуларынын жайкы эс алуусун билим менен айкалыштырып өткөрүүдө “Балажандын” эмгеги зор болду.

Жылдагыдай эле көгүлтүр Ысык-Көлдүн жээгинде жайгашкан “Барчын” балдардын эс алуу борборуна Россия, Казакстан,Тажикстан жана Кыргызстандан келген үч жүзгө жакын окуучулар он күндүк эс алуу программаларына катышышты. Муну менен катар “Балажандын” уюштуруусунда “Мектептен тышкаркы кошумча билим берүү мекемелеринин ишин калыптандыруу” аттуу эл аралык илимий-практикалык конференциясы көл жээгинде, аталган эс алуу борборунда өткөрүлдү. Конференцияга КМШ өлкөлөрүнүн кошумча билим берүү борборлорунун директорлору, окумуштуулары, педагогдор, коомдук өкүлдөр  катышып, мектептен тышкаркы билим берүүнүн проблемаларын козгогон докладдарды жасашты. Конференция негизги өзөктүү делген төрт багытты камтыйт. Алар: Билим берүү тутумунда мектептен тышкаркы мекемелердин ролун жогорулатуу үчүн шарт түзүү; мугалимдердин жана башка адистердин азыркы шартта кошумча билим берүүнүн ролу жөнүндөгү изилдөөлөрүн бириктирүү; кошумча билим берүү мекемелеринин ишин калыптандыруу боюнча иш-тажырыйба алмашуу; азыркы коомдун интеллектуалдык дараметин сактоо жана өнүктүрүү көйгөйүнө коомчулуктун көӊүлүн буруу болуп эсептелип, бир топ талкуулардан кийин, атайын резолюция кабыл алынды. Албетте, бул иш-чарада КМШ өлкөлөрүнүн кошумча билим берүүдөгү алгылыктуу тажрыйбалары менен бирдикте биздеги жетишкендиктер да өзгөчө орунду ээледи. Алар Кыргызстандагы мектептен тышкаркы кошумча билим берүүнүн багыттык өнүгүүлөрүнө кызыгышып, мындагы ишмердиктерге жогору баа беришти. Келген коноктор өзгөчө “Балажандын” аткарып жаткан иштерине тереӊ ыраазычылыктарын билдиришип, алардан үйрөнө турган нерселер эӊ эле көп экен дешти. Акыйкатта, “Балажандын” “Барчын” эс алуу борборундагы окутуу менен бирге эс алдыруу тажрыйбасын алар өз көздөрү менен көрүп, балдар менен аралашып жүрүп күбө болушту.

– Биз балдарды эс алдыруу менен бирге ар түрдүү ийримдерге катыштырдык. Балдар алгач келгенде бири-биринен тартынышканы менен аз убакытта тыгыз аралашып, дос болуп алышат да, кетээрде ыйлап коштошушат. Кеткилери келбейт. Ар улуттун балдары ынтымакта, урушпай, талашпай ойноп жүрүшсө жүрөгүӊ толкуп кетет. Биз, чоӊдор эмне үчүн оолактайбыз, мына балдардай болуп ынтымактуу эле жашабайлыбы деген суроолор жаралат. Биз ушул аракеттерибиз менен балдарыбызды сабырдуулукка тарбиялап жатабыз. КМШ өлкөлөрүнөн келип эс алган балдар Ысык-Көл аркылуу досторду таап, кубанып кайтышат. Мен балдардын ортосундагы бул достук кийин да улана беришине ишенгим келет. Биз көл жээгине чогулуп балдардын келечеги жөнүндө сүйлөштүк. Бул эӊ маанилүү маселелерди чогулуп, биргелешип чечип турууну максат кылдык, -дейт “Балажандын” директору Дария Мусина биз менен болгон маегинде.

Анын айтымында, жыл сайын Ысык-Көлгө келип эс алууну каалаган өспүрүмдөрдүн саны өсүүдө. Мында эс алууну таасирдүү уюштурууда заманбап шарттар да өбөлгө түзүүдө. Өспүрүмдөр бул жерден өздөрүнүн интеллектуалдык деӊгээлин өстүрүү менен бирге рухий жактан да азык алышат. Ар улуттун балдары түркүн ийримдерде ырдаганды, бийлегенди үйрөнүү менен бирге чет тилдерин да өздөштүрөт, мастер-класстардан өтүшөт, сүрөт көргөзмөлөрү уюштурулуп, балдар бири-бири менен сувенирлерин, адрестерин алмашып, чыныгы достук мамилелер башталат. Ал жерде кыргызча ырдаганды үйрөнгөн балдарга да жолуктук. Алар Кыргызстан дегенде Ысык-Көлдү гана элестетип калдык дешти.      

Ошондой эле турмушка ылайыкталган түркүн долбоорлор да бул жерден ишке ашат. Мисалы, биз барганда “Бизнес күнү” деген иш-чара уюштурулган. Бул күнү  эс алуучу балдар кечке ал жердегилерге түрдүү кызмат көрсөтүшүп,  атайын чыгарылган акча упай топтошуп, кечинде өткөрүлө турган жарманкеге даярданып жатышты. Кечинде ошол упайларына “Балажандын” уз балдарынын колунан жаралган түрдүү оюнчуктарды, сувенирлерди сатып алышты. Мыкты делген оюнчук буюмдар аукционго коюлуп, балдар кадимки аукционго катышкандай болушту. Ошол эле упайлардын жардамы менен концерт тартууланды. Балдар муну менен өздөрүнүн ишкердик жөндөмдөрүн сынап көрүштү.

Ошентип, Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте уюштурган “Балажан” Республикалык  эстетикалык тарбия берүү окуу-усулдук борборунун быйылкы эс алуу иш-чарасы жогорку деӊгээлде өттү.

 М.Токторов, “Кутбилим”     

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*