11-августта Бишкектеги №33 орто мектебинин спорт залы өрттөнүп кетти.
Шаардык мэриянын басма сөз кызматынан маалым болгондой, тилсиз жоо тууралуу маалымат саат таӊкы 5:50 чамасында келип түшкөн. Учурда өрттүн келип чыгуу себептери аныкталууда.
№33 орто мектеп 2011-жылы толук оӊдоодон өткөрүлгөн. Имарат кеӊейтилип, спорт залы өзүнчө курулган эле. Басма сөз кызматы тараткан расмий билдирүүлөргө ылайык, келип чыккан өрттөн окуу класстары зыян тарткан жок.
Өз маалыматыбыз.
Оставить комментарий