Баткен облусунун Лейлек райондук Билим берүү бөлүмүнүн башчысы Абдылхак ЖАМИЛОВ
Республиканын эӊ алыскы аймагы болгон Лейлек районунда жаш муундарга билим, таалим –тарбия берүүнүн абалы кай деӊгээлде, дегеле ыраак чөлкөмдүн мугалимдеринин бүгүнкү күндөгү турмуш шарттары кандай, мына ушул жана башка суроолор менен Лейлек райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Абдылхак Жамиловго кайрылдык.
районундагы билим берүүнүн бүгүнкү абалы кандай?
– Негизинен жакшы. Бирок жашырганда не, кабатырга салган көйгөйлүү маселелер да жок эмес. Бүгүнкү күндө район боюнча 67 мектеп болуп, анын ичинен 54 орто, 5 гимназия, 5 башталгыч, 1 толук эмес орто мектептер, 23 балдар бакчалары, 1 чыгармачылык борбор, 1 дене-тарбия клубу балдарга билим, тарбия берүү жаатында иш жүргүзүп жатышат. 46 мектепте окутуу кыргыз тилинде, 10 мектепте өзбек тилинде, 5 мектепте кыргыз-өзбек тилдеринде, 2 мектепте тажик тилинде, 1 мектепте кыргыз-орус, 1 мектепте орус-өзбек жана 1 мектепте кыргыз-орус-өзбек тилдеринде жүргүзүлүүдө.
– Быйылкы жылда Лейлек районунан канча окуучу жогорку окуу жайларына өттү?
-Жалпы бүтүрүүчүлө– рүбүздүн ичинен 608 бала ЖОЖдорго өтүштү, алардын 392си бюджеттик бөлүмгө окууга кабыл алынса, калганы контракттык бөлүмгө киришти. Менимче, бул жакшы көрсөткүч.
– Мугалимдердин жетишпестиги деген бизде өнөкөт “оору”бар эмеспи, бул жагынан сиздерде абал кандай?
– Учурда бизде 2197 мугалим эмгектенүүдө. Алардын ичинен 1839у жогорку билими барлар. Акыркы учурга карата айтсам, бизге болгону 33 гана мугалим жетишсиз. Анын ичинде эӊ көбү – англис тили боюнча 11 мугалим жетишпейт. Буйруса, жаӊы окуу жылынан тарта мугалимдерибиздин саны толукталып калат деген ойдомун.
– Мурда совет бийлиги мугалимдерди улам курстарга жөнөтүп, билимин бышыктап дегендей болчу эмес беле, ошол эреже азыр да барбы? Же алыскы аймактан келип курстан окуп кетүү кыйынга тураар?
– Ансыз болбойт. Канчалык шарттар оор болбосун, мугалимдердин билимин жогорулатып туруу негизги милдеттердин бири. Мисалы, 2011-жылы 152 мугалим билимин жогорулатуучу курска келсе, 2012-жылы 217 мугалим, ал эми быйылкы 2013-жылга 360 мугалим курстардан өтүп келишти.
– Азыркы замандын талабы боюнча окутуу ишин компьютерсиз элестетип болбой калды. Бул жааттан алганда сиздерде абал кандай?
– Акыркы эки жыл ичинде райондун мектептерине жаӊы муундагы 282 даана компьютер жеткирилди. Жалпысынан алганда райондун мектептеринде 547 даана компьютер болсо, анын 406 даанасы акыркы муундагы компьютерлер. Албетте, бул аздык кылат. Биз бул багытта да аракеттерди көрүп жатабыз.
– Мектеп окуучуларын китеп менен камсыз кылуу кандай деӊгээлде?
– Биздин райондо бул көрсөткүч 82 пайызды түзөт.
– Мектептерди жаӊы окуу жылына карата даярдоо иши да бир топ түйшүк жаратып жаткан чыгаар? Дегеле, райондогу мектептердин абалы кандай?
– Билим берүүчү мекемелерди жаӊы окуу жылына даярдоого республикалык бюджеттен атайын акча каражаттар бөлүнүп турат. Мисалы, 2011-2012-окуу жылына 2 млн. 365800 сом, 2012-2013- окуу жылына 2 млн. 660 миӊ сом каралган болсо, 2013- 2014-окуу жылына даярдык көрүүгө 2 млн. 647 миӊ 500 сом бөлүнгөн. Бүгүнкү күнгө кезектеги ремонт иштери үчүн бардык мектептер акча каражаттарын алышкан.
Лейлек районунда 25 мектеп типтүү имаратта, 34 типтүү эмес, 8 ыӊгайлаштырылган имараттарда жайгашкан. 10 мектеп электр энергиясы, 21 буу казан, 36 “буржуйка” менен, ал эми 6 балдар бакчасы электр энергиясы, 3 буу казан, 14 “буржуйка” менен жылытылат.
Райондо жаӊы мектептердин да курулушу жүрүп жатат. Атап айтсак, Катраӊ айыл аймагындагы Катраӊ орто мектебинин жаӊы имараты, буюрса, Бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясынын колосу менен 2013-2014-окуу жылында пайдаланууга берилет. Сумбула айыл аймагына караштуу Манас атындагы орто мектебинин бүтпөй калган имаратына мамлекет тарабынан 2 млн. 800 миӊ акча бөлүнүп, 320 окуучуга ылайыкталган мектеп курулган. Мектептин бүткөрүлбөй калган бөлүгүнө да мамлекет тарабынан каражаттар каралып, учурда курулуш иштери жүрүп жатат. Мындан сырткары, Ш. Ташполотов, Максат, Х. Боронбаев атындагы орто мектептердин жаӊы имараттары курулууда. Самат Садыков атындагы орто мектебинин жараксыз абалда калган типтүү имаратын ишке киргизүүгө республикалык бюджеттен 18 млн. сом акча каражаты бөлүнүп берилди. Ошондой эле өткөн 2012-2013-окуу жылында Катраӊ айыл аймагына караштуу Козу-Баглан орто мектебинин жер титирөөдөн жараксыз абалга келген имараты тендер аркылуу 6 млн. 600 миӊ сомдук акча каражаты менен бүткөрүлдү.
Бизди сар-санаа кылган дагы бир маселе – бул райондо 9 типтүү эмес мектептин имараты авариялык абалда турат. Алардын дээрлик бардыгы кыш мезгилинде “буржуйка” меши менен жылытылат, аталган мектептер капиталдык ремонтко муктаж.
– Маданий иш чаралар мугалимдин түйшүктүү эмгегин бир топ жеӊилдетет эмеспи, бул багытта кандай иштерди аткарып жатасыздар?
– Биз маданий иш чараларды көбүрөөк өткөргөнгө аракет кылып жатабыз, тагыраак айтканда, аларды мындан ары кыйла жандантсак деген оюбуз бар. “Мыкты мугалим -2013” кароо-сынагы, мугалимдердин райондук спартакиадасы, мугалимдер арасында колдон колго талашып окулган айтылуу “Кутбилим” гезитинин 60 жылдык мааракесине карата илимий-практикалык конференция ж.б. иш чаралар жогорку деӊгээлде өткөрүлдү. Облустук спартакиадада шахмат жана теннис боюнча Лейлек районунун мугалимдери 1-орунга ээ болушту. Ал эми Ысык-Көлдөөткөн республикалык спартакиадага биздин 3 мугалим барып катышып келди.
– Балдардын билимге умтулуусу кандай, сиздердин окуучулардан облустук, республикалык олимпиадаларга катышып турушабы?
– Албетте. Маселен, 2012- 2013-окуу жылында окуучулардын облустук предметтик олимпиадасына 48 окуучу катышып, алардан 5 окуучу республикалык турга катышып келишти. №3-гимназиянын окуучусу орус тили жана адбияты предметинен республикалык турда 2-орунду утуп келди. Бул биз үчүн чоӊ сыймык. Жалпы республикалык тестирлөөдө да биздин балдар жакшы натыйжаларга жетишишти деп ойлойм. Атап айтканда, 2012-2013-окуу жылына 1726 бүтүрүүчүдөн тестке 1091 бүтүрүүчү катышкан. Эӊ жогорку балл 193, орточосу 156 баллды түздү.
– Билим берүү министрлиги жүргүзүп жаткан реформалар Лейлек районунда канчалык денгээлде ишке ашып жатат деп ойлойсуз?
– Реформалар туурасындагы кепке келсек, министрлик тарабынан жасалып жаткан реформалардын мезгилдин талабына абдан төп келээрин белгилей кетким келет. Менин пикиримде чоӊ жетишкендик катары бир эле фактыга токтолуп кетейин. Министрлик донорлук уюмдар менен иштешүүнү абдан ырааттуу жана үзүрлүү жолго коё алды деп ойлойм. Мисалы, донорлук конференциянын жыйынтыгы менен Кыргызстандын билим берүү тармагындагы реформаларды колдоо иретинде 20 млн. еврого биздин Өкмөт менен Европалык кеӊешменин ортосунда келишим түзүлдү. Каржылоо эмдиги жылдан тарта башталаары күтүлүүдө. Мындан тышкары Эл аралык банк менен да келишим түзүлгөн. Ага ылайык биздеги реформаларды колдоого 16,5 млн. доллар каражат бөлүнөөрү айтылды. Буюрса, биздин мугалимдер жаӊы муундагы методикалык окуу куралдарын колдонууга мүмкүнчүлүк алышат. Бул абдан чоӊ иш деп эсептейм. Баары акча каражаттарына келип такалган, анүстүнө, мамлекетибиздин социалдык-экономикалык абалы олуттуу кыйынчылыктарга дуушар болуп турган ушул чакта мындай ири иштерди жасоо оӊойго турбайт. Мындан тышкары тестирлөө системасы акыркы жылдарда кыйла толукталып, калыпка түшүп калды, кадр саясатында да колдоого алаарлык туура багыттар жасалууда. Маселен, министрибиздин кадр саясатын педагогдордун стажын жогорулатуу менен чечүүгө болот деген позициясын абдан туура деп эсептейм. Бул ишке ашырылып жаткан реформалардын дагы бир маанилүү кадамы болуп калаарына күмөнүм жок. Окуучуларды окуу китептери менен камсыздоо жаатында да алгылыктуу иштер жүрүп жатканын белгилей кетишибиз керек. Кыскарта айтканда, республиканын Билим берүү министрлиги тарабынан акыркы эле жылдарда реформаларды жандантуу багытында бир топ иштер аткарылды, анын натыйжасын жана үзүрүн алыскы чөлкөмдө иштеп, жашап жатышкан биздин мугалимдер да көрүүдө. Андыктан Лейлек райондук билим берүү бөлүмү жана жалпы эле райондогу мугалимдер жамааты учурдагы объективдүү кыйынчылыктарга карабастан, жаш муундарга билим тарбия берүү парзын абийирдүүлүк менен аткарып жатат десем жаӊылышпайм.
– Маегиӊизге ыракмат, ишиӊизге ийгилик каалайм!
Бахтияр ШАМАТОВ, Лейлек району
Оставить комментарий