ИДЕЯӉ БАРБЫ, САЛЫМБЕКОВГО КЕЛ!

Белгилүү бизнесмен, көрүнүктүү коомдук ишмер Аскар Салымбеков Иштерман жылында Прогрессивдүү демилгелер фондун түзүп, өлкөнүн ар тараптуу өнүгүүсүнө коомчулуктун, ар бир жарандын активдүү катышуусуна жол ачты.

Борборубуздагы тарых музейинде болуп өткөн жогорудагы жаӊы коомдук бирикменин бет ачар аземине бизнес, айыл чарба, экономика, соода тармактарынын, жаштар, аялдар жана мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар уюмдарынын акылгөй өкүлдөрү тегиз катышып, фонддун тапшырмасы менен «Кыргыз Республикасында мамлекет менен жеке ишкердик ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү концепци­ясын» даярдашкан жумушчу топтун мүчөлөрүнө өздөрү кызыккан суроолорду беришти.

Эксперттердин баамында жаӊы түзүлгөн фонддун келечеги кеӊ болчудай. Прогрессивдүү демилгелер фонду республикабыздын өнөр жай, айыл чарба, илим, билим берүү, маданият , спорт жана туризм тармактарын өнүктүрүүгө негиз боло алган идеяларды илик­тейт жана жарамдууларын ишке ашыруу үчүн зарыл суммадагы акча бөлүп берет. Башкысы, фонддун атына келип түшкөн бизнес-пландар негиздүү, так жана реалдуу болушу керек.

Уюштуруучулардын пикиринде, фонддун алдыга койгон мүдөө- максаттарынын арасында элет жерлеринде заманбап мектептерди, бала бакчаларды куруу, мектептерди китеп, компьютерлер менен жабдуу, Интернет түйүндөрү менен туташтыруу аракеттери бар.

А.АЛИБЕКОВ, «Кутбилим»

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*