ИШТЕРМАН МУГАЛИМ

ЭЛЕТ МУГАЛИМИ – ГАПЫР МАДАМИНОВ 55 ЖАШТА

Мадаминов Гапыр Маматкулович 1996-1997-окуу жылынан тартып, өз демилгеси менен ачкан Баткен облусунун Лейлек районундагы №3 гимназиянын директору болуп иштеп келе жатат.

СССР таркалып, базар экономикасына өтүүгө байланыштуу коомдун башка чөйрөсү менен катар, мектептер да бир топ проблемаларга кабылып, окуучулардын билимге болгон кызыгуусу, ата-энелердин көӊүл бөлүүсү төмөндөп, мугалимдин, окуучулардын коммерция, бизнес деп, мектептен чыгып кетүүсү көнүмүш көрүнүш болуп калган мезгилде, дал ушул көйгөйдөн чыгуу максатында элет жеринде Гапыр агай өз демилгеси менен гимназия, проблемалык лаборатория ачып, педагогикалык эксперимент жүргүзүп, анын натыйжалуу болорун далилдөөүчүн бүтүндөй өмүрүн арнап келет.

Г.Мадаминов – КРнын Билим берүүсүнүн отличниги, КРнын Ардак грамотасынын эки жолку ээси, КРнын Мугалимдеринин 1-2-курултайларынын (2000, 2007) делегаты, Кыргызстан  Жазуучулар союзунун мүчөсү.

Тарых мугалими катары

Биринчиден, агай тарых мугалими катары өз кесибин жогорку деӊгээлде билген мугалим деп бааланууга татыктуу. Аны далилдөөүчүн  үч нерсеге токтолоюн:

1. Агайдын учурда ар кайсы тармакта иштеп жаткан 15тен ашуун шакирттери бар.

2. 10 жылдан бери 15тен ашуун окуучусу тарых, адам жана коом предметтери боюнча республикалык олимпиадада 1-2-3-орундарды ээлеп келет.

Олимпиадага окуучуну даярдап, райондук, облустук гана эмес, республикалык турда байгелүү орундарга жетишүү мугалим үчүн да, анын окуучусу үчүн да түмөн түйшүктү, күндөп-түндөп иштөөнү талап кылган зор эмгек экени айтпаса да түшүнүктүүдүр. Агайдын бул багытта башкалардан өзгөчөлөнгөн, алгылыктуу иш-аракеттери бар. Атайын олимпиадалык топ түзүп, анын программасын иштеп чыгып, ал боюнча жыл бою даярданышат. Окуу процесси жүрүп жаткан мезгилди айтпайлы, жайкы каникул убагында да (бул учурда элдин баары эс алууда, же өз турмушу менен убара болуп жүрөт эмеспи) маал-маалы менен чогулуп, даярдык көрүшөт. Бул шартка окуучулары да көнүп алышкан.

3. Аткарган көп иштери менен катар, Гапыр агай Сүлүктү шаардык музейин жана өзү жетектеген №3 эксперименталдык гимназияда музей түзгөн. Бул саамалыктар окуучулардын өзү туулуп-өскөн кичи мекенинин тарыхына кызыгуу менен тереӊ сүӊгүп кирип, аны кеӊири билип-үйрөнүүсүнө мүмкүнчүлүк түзөт.

 Тарых иликтөөчү катары

Бишкек, Москва, Дүйшөмбү, Самарканд, Кокон, Ташкент шаарларынын архивдеринде Г.Мадаминов 10 жылдай иштеген. Айтканга оӊой болгон менен, бирок мынча жыл иликтөө ишин жүргүзүү опол тоодой эмгек экенин баса белгилегим келет.

Тарых иликтөө жаатында агайдын Лейлек районунун 70 жылдыгына арналган «Лейлек жана лейлектиктер тарыхы», Сүлүктү шаарынын  80 жылдыгына арналган «Сүлүктү шаарынын тарыхы», «Кесектин кыскача тарыхы жана санжырасы», Кыргыз элинин улуу уулу, көрүнүктүү саясий жана коомдук ишмер, кайталангыс инсан Исхак Раззаковдун 90 жылдык юбилейинин алдында жарык көргөн «Исхак Раззаков» аттуу эмгектери жарык көрүп, өз окурмандарын тапкан. Кезинде аталган китептерге карата академик Абдыганы Эркебаев, тарых илимдеринин докторлору, профессорлор – Закирбек Эралиев, Жолдошбай Малабаев, өскөн Жолдошовдор оӊ пикирлерин беришип, бул эмгектерди жогору баалашкан.

өзгөчө таӊ калтырган дагы бир нерсе – биринчиден, Гапыр Мадаминовдун гимназиядагы ушунча түмөн-түйшүктөрдү көтөрүп, жетекчилик ишин мыкты аткарып, окуучулары менен да майнаптуу иштеп, дагы илимий-иликтөө иштерин жүргүзүүгө убактысын бөлө алгандыгы болсо, экинчиден, нечендеген шаарларда ошол архивдик иликтөөнүөзүнүн мугалимдик кенедей айлык маянасы менен эмгек өргүүсүнө чыккан акчалардын эсебинен жүргүзгөндүгү, акча тартыштыгынан улам, шаардык мейманканаларга жатканга мүмкүнчүлүгү болбой, автобекеттерде түнөп алып, кайра эртеси архивдерде жумушун улантканы. Бул эмне деген эрдик!.. өз ден соолугун, өмүрүнүн коопсуздугун ойлобой, эли-жерине бир баалуу эмгекти тартуу кылсам деген ниеттеги атуул гана ушундай шартта баарына кайыл болуп иштери чындык!..

 Экспериментатор, новатор мугалим катары

Агайды экспериментатор, новатор мугалим деп атоого толук негиз бар. Аны булар менен далилдегим келет:

Биринчиден, баланын таалим-тарбия алуусунда эненин ролу эӊ жогору экендигин эске алуу менен, «Энелер мектеби» окуусунун автордук программасын түзүп, ага ылайык «Ата-энелер, сиздер үчүн» методикалык колдонмосун жарыкка чыгарган.

Экинчиден, «Энелер мектебин» уюштуруп, жогоруда аталган программанын негизинде энелерге атайын лекция, практикалык сабактарды өткөн. Бүгүнкү күнгө дейре 300дөн ашуун эне аталган курстан билим алышкан.

Үчүнчүдөн, балдары мыкты окуган, жүрүм-туруму үлгүлүү деп табылган үй-бүлөнүн иш тажрыйбасы менен таанышып, алардын жакшы жактарын башкаларга жайылтуу максатында «Мыкты үй-бүлө», «Мыкты эне», окуучулар үчүн «Эӊ мыкты сабак даярдоочу бөлмө», «Эӊ көп билген окурман» автордук сынактарынын да жобосун жазып, жыл сайын эӊ жогорку деӊгээлде өткөрүп келет.

Төртүнчүдөн, мектепте «Инсан таануу» автордук сабагы өтүлөт да, анда өмүрү, жасаган иштери элге өрнөк болгон карапайым дыйкандан тартып, Мухаммед пайгамбарыбыз, Авраам Линкольн, Омар Хаям, Конфуций Исхак Раззаков, Исак Бекбоев, Сулайман Рысбаев, сыяктуу улуу инсандардын эмгектери, асыл сапаттары үйрөнүлөт. Бул сабак – нагыз турмуштун сабагы деп айтар элем. Бала өз идеалын табуусу керек, ошол аркылуу анда умтулуу, кызыгуу, аракет жанданат жана инсандыгы калыптанат эмеспи.

Бешинчиден, «Акыл эмгегинин маданияты» автордук сабагы, менимче, республика боюнча ушул гимназияда гана өтүлүп башталса керек.

Лейлектеги №3 гимназиянын бардык ийгиликтеринин башкы себеби дал ушул АЭМ (Акыл эмгегинин маданияты) сабагынын өтүлүшүнө байланыштуу экендигин гимназисттердин ар бири баса белгилейт.

АЭМдеги төмөнкү темалар: ”Окуунун түрлөрү“, “Ойлоо”, “өз ишмердүүлүнүн уюштуруу”, “өзүн-өзү тарбиялоо”, ”Оӊой, тез, бекем жаттоо”, “Окуп, укканда негизин бөлүп алуу”, ”Тез,  түшүнүктүү конспект жазуунун сырлары”, “Убакытты рационалдуу пайдалануу” ж.б. окуучунун оӊой, бекем, тез билим алуусу үчүн жардам, багыт берет.

Демек, билим алуунун алтын ачкычы – акыл эмгегинин маданиятын туура уюштурууда турбайбы…

Алтынчыдан, «Лейлек тарыхы», «Исхак Раззаков таануу» сабактарынын программаларын түзгөн жана бул программалар райондук, республикалык гезиттерге жарыяланган. өз тандоолоруна жараша бул программалар да мектептерде колдонулуп келе жатат. Жергиликтүү материалдарды пайдалануу аркылуу сабак өтүү окуучулардын мыкты билим алуусуна өбөлгө болорун да Гапыр агай көӊүлдүн борборунда сактагандыгы кубандырат.

Жетинчиден, гимназияда олимпиадага, жалпы республикалык тестирлөөгө даярдануунун атайын программасы жана ыкмалары бар. Мына ушулардын негизинде гимназия окуучулары олимпиадаларда байгелүү орундарга, ал эми ЖРТда эӊ жогорку упайларга ээ болушат. Мисал катары, былтыркы 2011-2012-окуу жылында бүтүрүүчүлөрүнүн 14ү ЖРТнын жыйынтыгы боюнча Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясына өтүшүп, бюджеттик негизде билим алып жатышканына таӊ калбай кое албайсыӊ.

Жогоруда саналган бир топ түйшүктүү эмгегин, аракеттерин, жетишкен ийгиликтерин көрүп отуруп, Гапыр Мадаминовдун: «Кыргызстандагы мектептердин 80%ы айыл мектептери. Айыл мектебин да  дүйнөлүк деӊгээлге чыгарууга толук мүмкүнчүлүк бар», – деген оптимисттик маанайдагы ишенимине толук кошулууга болот. Бул үчүн, албетте, окуучулардын аракети, ата-энелердин, жалпы коомчулуктун, жетекчилердин түшүнүүсү, ар тараптуу колдоосу абдан керек экендигин баса белгилегим келет.

Активдүү инсан

Кыргыз Республикасынын мугалимдеринин I, II съезддеринин делегаты, депутаты катары съездге катышып, окутуу, тарбиялоо жараянында учурдун талабына шайкеш келген проблемаларды көтөрүп, өзүнүн салмактуу ой-пикирлерин, сунуштарын айтып чыккан.

Мындан тышкары, республикабызда өткөрүлгөн илимий-практикалык конференция, симпозиум, педагогикалык окууларга активдүү катышып, жалпы педагогдор үчүн баалуу да, кызыктуу да болгон өздүк тажрыйбасын жайылтып келет.

Методист-устат катары

Методист-устат катары Гапыр агай нечендеген мугалимдерге усулдук жактан кеп-кеӊешин берип, алардын педагогикалык өз чыйырын табуусуна себепкер болгон. Мугалимдеринин көпчүлүгү «Жылдын мыкты мугалими» сынагынын райондук, облустук, ал гана эмес республикалык турларында байгелүү орундарга ээ болушкан.

Аны менен катар, республикалык педагогикалык окууларга мугалимдерин даярдап катыштырып келет. Укук таануу сабагынын мугалими Кочкорова Товар, орус тили жана адабияты мугалими Токтоназарова Чынара республикалык педагогикалык окууга өз докладдары менен катышышып,  Билим берүү министрлигинин дипломун алышкан.

Педагогика, психология, методика жаатындагы эмгектери

Бул багытта Г.Мадаминовдун «Ата-энелер, сиздер үчүн», «Билимге сапар», «Билим баалуулугу», «Акыл эмгегинин маданияты» (АЭМ) аттуу бир нече эмгектери жарык көргөн.

Педагогика илимдеринин доктору, профессор, КРнын Эл мугалими И.Бекбоев, Россия билим берүү академиясынын психология институтунун илимий кызматкери, психология илимдеринин доктору А.М.Прихожан гимназиянын ЗБМИС-эксперимент рамкасында жүргүзүлүп жаткан иштери район, облус, республика мектептери үчүн актуалдуу, зарыл экендигин белгилеп, аны ар тараптан колдоо, көмөктөшүүнү сунуш кылышкан.

Гезит, журналдар менен байланышы

Г.Мадаминов Лейлек райондук «Ата Журт», Ош облустук «Билим булагы» гезиттеринде 20 жылдан ашуун редколлегия мүчөсү болуп, сандан-санга окуучуларга билим берүүдөгү жана аларды тарбиялоодогу көйгөйлөрдү чечүүгө арналган 21 илимий-методикалык, проблемалык макалалары, 52 тарыхый илимий-иликтөө эмгектерин жарыялаган.

Азыркы учурда «СуЛей» (Сүлүктү-Лейлек) газетасынын да редколлегия мүчөсү.

Соӊку сөз

Жогоруда белгиленгендей, мындан бир топ жыл илгери канчалаган түйшүк менен эксперименталдык гимназияны уюштуруп, бүгүнкү күндө да анын ысык-суугуна чыдап, опол тоодой жүктү жонунан түшүрбөй, жооптуу да, түйшүктүү да, ардактуу да мугалимдик-устаттык кесипти, гимназиянын жетекчилик милдетин татыктуу аркалап келе жаткан Гапыр Мадаминов агайыбыз жөнүндө, анын устаттык өнөрү, педагогикалык, илимий-иликтөөчүлүк ишмердүүлүгү тууралуу жылуу пикирлер айтылып келет.  

«Бала окутканды окутуучу дейбиз, бирок алардын баары эле устат деген улуу наамды алууга акысы жок», – деп айткан экен немец элинин улуу акыны Гете.

«Баланы тарбиялап адам кылып чыгарууда устаттын парз-милдети ары эбегейсиз зор, ары татаал. Чыныгы устат кандай шартта болсо да келечектин ээси боло турган инсанды тарбиялайм деген улуу максаттан тайбайт. Ал ушул ыйык нерсеге бүт жан-дили менен умтулса гана, өз кесибине ыйманы таза болсо гана, Ата Журт менен эл алдындагы озуйпасын аткарган болот», – деп жазганы бар профессор Б.Алымовдун  «Шакиртиме кат» деген педагогикалык публицистикасында.

Устат деген наамга кандай адам татыктуу? деген суроого жогорудагы эки залкар инсандын таамай-таасын айтылган сөздөрү менен жооп берип жатып, дал ушул мүнөздөмө Гапыр агайдын инсандык сапатына, устаттык өнөрүнө төп келерин сыймыктануу менен белгилемекчимин.

Коомчулук тарабынан Гапыр агайга «Эл мугалими», «Элеттик илимпоз», «Лейлектин Герродоту», «Биздин Макаренко», «Кыргыздын Сухомлинскийи» деген наамдар эчак берилип, сыймыктануу менен айтылып келет. Бирок, агай өзү: «Мен профессор да, академик да эмесмин. Болгону ортодон төмөнүрөөк турган жөнөкөй мугалиммин» – деп айтканына бир чети таӊ калсаӊ, бир чети опол тоодой иштерди аткарып, анысына манчыркап, сөөлөт күтпөй, өзү айткандай, жөнөкөй гана жүргөнүнө ыраазы болосуӊ. Улуу адамдар ар убак жөнөкөй болушат эмеспи. Балким Гапыр агайдын да бир улуулугу мына ушундадыр.

Гапыр агай: «Илим коргой албадым», – деп кээде арман кылат. Чындыгында, агайдын мейли педагогика жаатында, мейли тарых илими боюнча болсун, илим коргоого толук дарамети жетет. Бул багытта жасаган эмгектери да кудайга шүгүр. Бирок, анткен менен, агай тээ алыскы айылдагы гимназиясын, андан көптүүйрөнүп, бийиктиктерге талпынган балапандарын-окуучуларын кыя албасын да көп ирет айтат. Аманчылык болсо, бул тилектери да ишке ашарына күмөн жок.

Иштерман агайыбыз эмгегине жараша сый көрөр учуру келди. Эчак эле КРнын «Эмгек сиӊирген мугалими» наамын алышы керек эле. 2000-2003-2004-жылдан бери бул наамга көрсөтүлөт, бирок эмнегедир берилбей келет. Билим берүү жана тарбиялоодо ушунча эмгек кылган Гапыр Мадаминовдун ушул кезге дейре өз эмгегинин баасын,  сыйлыгын албай келе жатканы абдан өкүнүчтүү?!!   

Кандай шартта болсо да бүт өмүрүн, ден-соолугун балдарга арнап, баш-оту менен күйүп-бышып эмгектенип жаткан агайыбыз Гапыр Мадаминовду 55 жаш кутман курагы менен чын дилден куттуктап,  чыӊ ден-соолук, узун өмүр, албан-албан ийгиликтерди каалайм.

1 Kомментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*