«Мен-Бизнесмен» долбоору старт алды

IMG_7559

Бишкек ишкердик клубунун «Мен-Бизнесмен» долбоору 2013-жылы башталып, анын ишине Кара-Балта шаарынан, Бишкектин жаӊы конуштарынан, ошондой эле Ош, Жалал-Абад облустарынан 20дай жаш ишкерлер тартылган.

Жакында Кой-Таш айылын­дагы туристтик борбордо болуп өткөн Ишкердик лидерлик боюнча жайкы лагердин жүрүшүндө жого­рудагы 20 жаш ишкерлер өздөрү даярдап келген бизнес-планда­рын Бишкек ишкердик клубунун активдүү мүчөлөрүнүн алдында жакташты.

«Мен-Бизнесмен» долбоору­нун координатору Диана Орозбае­ванын бизге берген маалыматына таянсак, республикабыздын чар тарабынан келишкен жаш иш­керлер учурдагы жайкы лагерге катышуу үчүн www.окуу.kg онлайн бизнес академиясынын ишкер­дик боюнча онлайн окуу курсун ийгиликтүү аякташып, андан соӊ Бишкек ишкердик клубу уюштур­ган бир жумалык жайкы лагерге катышуу укугуна ээ болушкан.

Жаш ишкерлер бир жумалык жайкы лагердин жүрүшүндө иш­кердиктин сырлары, ишкананы башкаруу, ишкердикти пландаш­тыруу, ишкердиктин түрлөрү, мый­зам маселелери, өкмөт менен кызматташуу, маркетинг жана каржылоо боюнча зарыл билим­дерди байма-бай үйрөнүшкөнүн журналисттерге айтып беришти.

А.АЛИБЕКОВ, «Кутбилим»

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*