Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү мекемелеринин 2013-2014-окуу жылына карата базистик окуу пландарына ТҮШҮНДҮРМӨ КАТ

Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдары кандай гана типте болбосун, уюштуруу-укуктук ишкердигине же билим берүү формасына карабастан 2013-2014-окуу жылында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги Кыргыз билим берүү академиясы менен бирдикте иштелип чыккан базистик окуу пландарына ылайык Мамлекеттик билим берүү стандартын ишке ашырат.

Базистик окуу планынын мамлекеттик компоненти Кыргыз Республикасынын аймактарында бардык жалпы билим берүү уюмдары  үчүн милдеттүү жана бирдиктүү билим берүүнү камсыз кылат. Базистик окуу планы окуучулар тарабынан предметтер боюнча жалпы билим даярдыгын камсыз кылууга активдүү турмуштук көз карашы калыптанган инсандын өнүгүшү үчүн жалпы адамзаттык жана улуттук баалуулуктарга ээ болууга кепилдик берет.

Бардык типтеги жалпы билим берүүчү уюмдар төмөнкү базистик окуу пландардын варианттары менен ишке ашырылат:

– Окуу кыргыз/орус тилдеринде жүргүзүлгөн мектептери үчүн Базистик окуу планы;

– Окуу өзбек/тажик тилдеринде жүргүзүлгөн мектептери үчүн Базистик окуу планы;

– Окуу кыргыз/орус тилдеринде жүргүзүлгөн мектеп – гимназиялары үчүн Базистик окуу планы;

– Окуу кыргыз/орус тилдеринде жүргүзүлгөн мектеп – лицейлери үчүн Базистик окуу планы.

Гимназия жана лицей мектептери үчүн гимназиялык жана лицей компоненттери сакталат, алар лицей жана гимназиялык класстарда ийримдер, лекциялар, курстар, циклдер аркылуу ишке ашырылат жана Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 1995-жылдын 30-сентябрында бекитилген  №404 Токтомуна (Токтомго тиркеменин 11-12-беренеси) ылайык республикалык бюджеттен каржыланат.

Гимназиялык жана лицейдик компоненттерди окуучулардын, алардын ата-энелеринин (мыйзамдуу өкүлдөрүнүн) мектептик циклиндеги предметтерди тереўдетип окутууда конкреттүү жалпы билим берүү уюмдарынын билим берүү тармагындагы керектөөлөрүн жана кызыкчылыктарын эске алуу менен, ошондой эле ар түрдүү ишмердүүлүгүнүн тармагында окуучулардын таанып-билүү кызыкчылыктарын жана жөндөмдүүлүктөрүн канааттандыруу максатын көздөйт.

Тандоо предметтери – бул гимназия жана лицейлердин багыттарын аныктоочу негизги окуу предметтери же элективдүү, профилдик курстары болуп саналат. Тандоо курстары жана предметтери жалпы билим берүү мекемелери тарабынан өз алдынча белгиленет.

Окуучулар окуу предметтеринин, курстардын белгиленген  жумалык жүктөмдөн ашпаган санын жаўы окуу жылына карата тандашат.

Жалпы билим берүү мекемелери окуучуларга тереўдетилген билим берүүдө базистик пландан сырткары кошумча билим берүү кызматын жүргүзүүгө акылуу. Окуу үчүн акы ата-энелердин, демөөрчүлөрдүн, жергиликтүү бюджеттин эсебинен төлөнөт. Баалардын прейскуранты мыйзамга ылайык Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн алдындагы монополияга каршы улуттук агенттиги менен макулдашылып түзүлөт.

2013-2014-окуу жылында жалпы билим берүүчү уюмдарда Базистик окуу планы бир нече предметтер боюнча интеграцияланат, тактап айтканда,

Окуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн мектептерде:

– «адам жана коом», «экономикага киришүү» жана «адеп» сабактары 9-11-класстарда бир предметке;

– эмгекке үйрөтүү жана чийүү сабактары 8- жана 9-класстарда бир предметке интеграцияланат.

Окуу орус тилинде жүргүзүлгөн жалпы билим берүүчү уюмдарда:

-«адам жана коом», «экономикага киришүү» – 9-10-класстарда бир предметке;

-«эмгекке үйрөтүү» жана «чийүү» – 8-9-класстарда бир предметке интеграцияланат.

Окуу өзбек/тажик тилдеринде жүргүзүлгөн жалпы билим берүүчү уюмдарда:

– «адам жана коом» жана «экономикага киришүү» 10-11-класстарда бир предметке;

– «адам жана коом», «экономикага киришүү» жана «адеп» 9-класста бир предметке;

– «эмгекке үйрөтүү» жана «чийүү» – 8-9-класстарда бир предметке интеграцияланат.

Башталгыч жалпы, негизги жалпы жана орто жалпы билим берүүнүн негизги жалпы билим берүүчү программаларын өздөштүрүүнүн нормативдик убакытынын кыскарылышына, ошондой эле мамлекеттик компоненттин предметтерине аныкталган сааттарды башка предметтерге берүүгө жол берилбейт.

Жалпы билим берүүчү мектептерде, гимназияларда жана лицейлерде Базистик окуу планынын мамлекеттик компонентинин ишке ашырылуусу үчүн төлөм мамлекеттик бюджеттин эсебинен каржыланат.

Базистик окуу планы ар жылы Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан бекитилген негизги жалпы билим берүүчү программаларын, окуу китептерин жана методикалык колдонмолорун колдонууну эске алат.

I баскычтагы Базистик окуу планы 4 жылдык башталгыч билим берүүнүн негизги жалпы билим берүүчү программаларын өздөштүрүүнүн нормативдик убакытына эсептелген.

II баскычтагы Базистик окуу планы 5 жылдык негизги билим берүүнүн негизги жалпы билим берүүчү программаларын өздөштүрүүнүн нормативдик убакытына эсептелген.

III баскычтагы Базистик окуу планы 2 жылдык орто билим берүүнүн негизги жалпы билим берүүчү программаларын өздөштүрүүнүн нормативдик убакытына эсептелген.

Жаўы окуу жылында Базистик окуу пландарын ишке ашыруу боюнча кээ бир сунуштар:

Эрте жаш курактагы балдардын психологиялык-педагогикалык даярдыгынын деўгээлин жогорулатуу жана аларды андан ары социалдык жактан ыўгайлашуусу үчүн мектепке чейинки мекемелерге камтылбай калган балдарды мектепке чейинки даярдык боюнча билим берүү программасын ишке ашыруу уланууда.

Аталган программа 240 академиялык саатка ылайыкташкан, 2011-жылдан баштап Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги бекиткен тартипте башталгыч класстын мугалимдери тарабынан ишке ашырылып келет. Эмгек акысы 2010-2011-окуу жылына карата түзүлгөн Базистик окуу планынын окуу жүктөмүн кыскартуудан үнөмдөлгөн каржы каражаттарынын эсебинен төлөнөт.

Биринчи класска балдар 6 жаштан, 7 жаштан кеч эмес, баштап ата-энелердин (мыйзамдуу өкүлдөрүнүн) каалоосу менен кабыл алынат. Окутуу биринчи класста толук (ата-энелер жана спонсорлордун эсебинен группанын узартылган окуу күнү), ошондой эле толук эмес окуу күнү уюштурулат.

Башталгыч класстары үчүн жумасына 5  жана негизги менен орто мектеп үчүн жумасына 6 күндүк иштөө режими тиешелүү райондук (шаардык) билим берүү бөлүмдөрү же билим берүү башкармалыгы тарабынан бекитилет.

2013-2014-окуу жылына түзүлгөн Базистик окуу пландарында төмөндөгүдөй предметтер жана интеграцияланган курстар белгиленген.

«Кыргыз тили» жана «Орус тили» предметтери 1-класстан баштап 11-класска чейин окутулат, алардын окуу жүктөмү конкреттүү билим берүү мекемесинин окутуу тилине жараша бөлүштүрүлөт.

«Мекен таануу» предмети (1-4-класстар) башталгыч класстардын окуучуларын айлана-чөйрөдөгү кубулуштар, республикабызда жашап жаткан элдердин материалдык жана рухий маданияты менен тааныштырат.

«Көркөм-сүрөт өнөрү» интеграцияланган курсу 1-4-класстарда окутулуп, өзүнө «Сүрөт өнөрү» жана «Эмгекке үйрөтүү» курстарын камтыйт да, «Эмгекке үйрөтүү» курсуна өзүнчө сааттар каралбайт.

«Чет тили» предметин үйрөтүү 3-класстан башталып, 1-2-класстарда мамлекеттик, расмий, өзбек жана тажик тилдеринде окуу жана жазуу көндүмдөрүнүн бекем калыптанган базасында окутулуп, 11-класста аяктайт.

Эне тилин (кыргыз, орус, өзбек жана тажик тилдеринен сырткары) үйрөнүү Базистик пландан сырткары 2 саат ата-энелер жана спонсорлордун каржылоосу менен жүргүзүлөт. 8 адамдан кем эмес болгон кичи тайпаларды эне тилин окуп-үйрөнүүнү каалаган окуучулардан түзүүгө уруксат берилет. Предметти бирдей программа менен окуп-үйрөнүү шартында тайпалар ар кайсы класстардын окуучуларынан түзүлүшү мүмкүн (1-4, 5-11). Эне тилин окуп-үйрөнүү окуу мезгилинде, ошондой эле окуудан тышкары убакытта да мүмкүнчүлүк берилет.

«Адеп» интеграцияланган  курсун системалуу окуп-үйрөнүү 1-класстан тартып, 8-класска чейин жумалык окуу жүктөмү 1 саат көлөмүндө жүргүзүлөт. Бул предмет адамдын жүрүм-турум нормалары, анын рухий сапаттары, республиканын аймагында жашаган элдердин маданий-тиричилик салттары менен тааныштырат.

Кыргыз тилинде окуган 9-11-класстарда «Адеп», «Экономикага киришүү», «Адам жана коом» предметтери интеграцияланган курс катары окутулат.

«Адеп» интегративдик курсун окутуу педагогикалык билими бар мугалимдер тарабынан жүргүзүлөт.

«Табият таануунун» (5-класс) интеграцияланган курсу өз ичине айлана-чөйрөнүн көрүнүштөрү жөнүндөгү материалдарды камтыйт жана окуучуларды мектепте билим берүүнүн II жана III баскычындагы табигый-илимий сабактарды окуп үйрөнүүгө даярдайт.

7-9-класстарда “Информатика” сабагын окуп үйрөнүү окуу процессине компьютердик технологиялардын негизин өздөштүрүү үчүн жүргүзүлөт.

Окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн мектептердин 11-класстарындагы “Физика” жана “Астрономия” предметтери “Физика” предмети менен бириктирилет, окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн мектептердин 11-класстарында болсо атайын сааттарды бөлүп берүү менен бөлөк окутулат.

“Кыргызстандын тарыхы” (5-11-кл.) жана “Дүйнөлүк тарых” (6-11-кл.) предметтерин окуп үйрөнүү атайын саат бөлүп берүү аркылуу өзүнчө бөлөк жүргүзүлөт.

Эмгекке үйрөтүү жана 8-9-класстардагы чийүү сабагы бир курска бириктирилген.

1-класстан 5-класска чейин ар бир класста жумасына 1 сааттан “Жашоо коопсуздугунун негиздери” окутулат, анын окуу-практикалык мазмуну окуучулардын өз коопсуздугуна жана тегерегиндеги адамдардын коопсуздугуна жоопкерчиликтүү мамилесин калыптандырууга, өзгөчө кырдаалдарда өз өмүрүн жана ден соолугун сактоо көндүмдөрүнө ээ болууга, жабырлануучуларга алгачкы медициналык жардам көрсөтүүгө, өзгөчө кырдаалдардын кесепетинен калктын сактанышын уюштуруу системасы менен тааныштырууга ж.б. багытталган. Бул предметке жол эрежелери боюнча, техногендик, табигый жана локалдык мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдарда калктын андан сактана билиши боюнча, граждандык коргонуу (ГО) боюнча, медициналык-санитардык даярдык жана дени сак жашоо мүнөзүнүн негиздери боюнча практикалык сабактар киргизилген.

Аскердик кызмат өтөөнүн аспекттери менен байланышкан “ОБЖ” же “Жашоо коопсуздугунун негиздери” курсунун билим берүүчүлүк мазмуну, 10-11-класстардагы “Аскерге чейинки даярдык” бириктирилген курсу аркылуу жүргүзүлөт.

6-9-класстарда “ОБЖ” “Жашоо коопсуздугунун негиздерин” окутуу бул боюнча даярдыгы бар педагог же класс жетекчи тарабынан, класстан тышкаркы иштер үчүн бөлүнгөн убакытта өткөрүлөт, класстан тышкаркы иштер үчүн жалпы окуу жүгүртмөсүнө киргизилет.

Медициналык-санитардык даярдык боюнча сабактарды өтүү үчүн, жалпы билим берүүчү уюмдарга ден соолукту сактоочу органдары тарабынан бекитилип берилген медициналык кызматкерлер, ошондой эле биология мугалимдери жана бөлөк сабактар боюнча медайымдардын атайын программасы боюнча даярдыктан өткөн мугалимдер ишке тартылат.

6-9- жана 10-11- класстардын окуучулары үчүн сергек жашоого көндүмдүктөрүн өнүктүрүү, АИВ-инфекцияларына жана баўги затын колдонууга каршы профилактика иштерин уюштуруу,   жүрүм–турумдарына жоопкерчиликтүүлүгүн калыптандыруу максатында көлөмү боюнча 10 жана 5 сааттан кем эмес класстык сааттар ылайыгына жараша өткөрүлөт.

Окуучулардын жашоо коопсуздугунун негиздерин калыптандырууда окуу иштерин жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасында АИВ – инфекциясынын эпидемиясын стабилдештирүү 2012–2016–жылдары боюнча Мамлекеттик программасын ишке ашыруу иш-чаралар планынын алкагында иштелип чыккан Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 2013–жылдын 26–июлунда №479/1 буйругу менен бекитилген окуу–методикалык колдонмолор пайдаланылат. Аталган темалар боюнча класстык сааттар, класстан тышкаркы тарбиялык иштерди өткөрүүгө бөлүнгөн сааттардын эсебинен бул тармак боюнча атайын даярдыгы бар класс жетекчилер же педагогдор аркылуу жүргүзүлөт жана класстан тышкаркы иштердин жалпы жүгүртмөсүнө киргизилет.

Санитардык-гигиеналык тарбия боюнча маселелер “Адеп”, “Мекен таануу”, «Биология», “ОБЖ” же “Жашоо коопсуздугунун негиздери” предметтеринин программасына кирген; үй-бүлөлүк тарбия боюнча маселелер “Биология”, “Адам жана коом”, “Адеп” предметтерине киргизилген. Жогоруда көрсөтүлгөн багыттардагы сабактарды, башталгыч класстын жана биология мугалимдери, жалпы билим берүүчү уюмдарга ден соолукту сактоочу органдары тарабынан бекитилип берилген медицина кызматкерлери, жана ошондой эле атайын  программа боюнча даярдыгы бар бөлөк педагогдор өтө алат жана окуу жылынын жыйынтыгы боюнча өтүлгөн сааттардын санына жараша белгиленген тартипте эмгек акы төлөнөт.

11-класстардагы эркек балдар үчүн үч күн (18 саат) апрель-май айларында “Аскерге чейинки даярдык” предметинин эсебинен окуу-талаалык жыйын өткөрүлөт, а окуучу кыздар үчүн дарылоо мекемелеринде медициналык-санитардык даярдык боюнча (18 саат) сабактар өткөрүлөт.

“Эмгекке үйрөтүү”, “Чет тили”, “Информатика”, “Кыргыз тили”, “Орус тили” сабактарын өтүүдө класс 2 группага (кичи топторго) бөлүнөт:

– эмгекке үйрөтүү боюнча: окутуу орус, кыргыз, өзбек жана тажик тилдеринде жүргүзүлгөн мектептердин 5-7-класстарында окуучулардын саны 30 болсо жана андан ашса;

– информатика боюнча (компьютерди пайдалануунун практикалык сабактары): окутуу орус, кыргыз, өзбек, тажик тилдеринде жүргүзүлгөн мектептердин 7-9-класстарында окуучулардын саны 30 болсо жана андан ашса;

– чет тилдерин; кыргыз тилин орус, өзбек жана тажик мектептеринде окутууда; орус тилин кыргыз, өзбек жана тажик мектептеринде окутууда 1-9-класстарда окуучулардын саны 30 болсо жана андан ашса, 10-11-класстарда окуучулардын саны 25 болсо жана андан ашса;

Гимназияларда жана лицейлерде жогоруда көрсөтүлгөн предметтерди окутууда классты топко бөлүү класстын төмөнкүдөй толукталышы менен ишке ашырылат: II баскычтагы класстарда – 25 окуучу болсо же андан ашса, III баскычтагы класстарда – 20 же андан ашык окуучу болсо.

Негизги жалпы билим берүүчү программа боюнча окуучулардын билим деўгээлин баалоо Билим берүү жана илим министрлигинин нормативдик укуктук актыларына ылайык жүргүзүлөт.

Бардык типтеги жана менчик формасындагы жалпы билим берүүчү мекемелерде окуу сабактары 2-сентябрда башталат жана 24-майда аяктайт. Майрам жана каникул күндөрдү эсепке албаганда Мамлекеттик билим берүү стандартына ылайык окуу жылынын узактыгы: 1-класста – ЗЗ окуу жумасын, 2-4-класстарда – 34 окуу жумасын, 5-11-класстарда экзамендик учурду эске алуу менен 34төн 36 га чейин окуу жумасын түзөт. Сабактын узактыгынын мөөнөтү 1-класстын окуучулары үчүн 40 минутаны, 2-11-класстар үчүн – 45 минутаны түзөт.

Каникулдардын узактыгынын мөөнөтү төмөнкүчө тартипте аныкталат:

– күзгү каникул – 8 күн,  2013-жылдын 2-ноябрынан – 9-ноябрга чейин;

– кышкы каникул – 12 күн, 2013-жылдын 31-декабрынан – 2013-жылдын 11-январына чейин;

– жазгы каникул – 10 күн, 2014 -жылдын 22-мартынан – 31-мартка чейин.

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин макулдашуусу менен шаардык билим берүү башкармалыктары жана райондук билим берүү бөлүмдөрү өздөрүнүн өзгөчө аймактын шарттарын эсепке алуу менен каникулдардын графигин башкача түзүп алса болот.

Эмгек практикасы 5-8 класстарда күнүнө 2 сааттан, 10-класстарда – 3 академиялык саат бою өткөрүлөт. Жергиликтүү шартты эске алып эмгек практикасын өтүү мөөнөтүн жана тартибин жалпы билим берүүчү мекеменин педагогикалык кеўеши аныктайт.

Биринчи класстын окуучулары үчүн 3-чейректе (шаардык) райондук билим берүү бөлүмүнүн макулдашуусу менен кошумча каникул өткөрүлөт.

Окуу учурунда окуучуларды айыл чарба жумуштары менен алаксытууга тыюу салынат.

Жалпы билим берүү мекемелериндеги базистик окуу планы ар бир концентрде окуучулардын жыйынтыктуу милдеттерине жараша толугу менен каржыланат жана Билим берүү жана илим министрлиги менен макулдашмайынча өзгөртүүгө болбойт.

Мамлекеттик жалпы билим берүүчү мекемелердеги окуу пландары Билим берүү жана илим министрлиги бекиткен Базистик окуу планынын негизинде иштелип чыгат жана тиешелүү билим берүү башкармалыктары жана (шаардык) райондук билим берүү бөлүмдөрү менен макулдашылат (форма 1).

Мамлекеттик эмес жалпы билим берүүчү уюмдарындагы, республикага баш ийген жалпы билим берүү уюмдарындагы жана профессионалдык окуу жайларынын жалпы билим берүү уюмдарындагы окуу пландары Билим берүү жана илим министрлиги менен 2013-жылдын 25-августуна чейин макулдашылууга тийиш (форма 2).

Ар бир класстагы жыйынтык окуу жүктөмү милдеттүү жана жалпы билим берүүчү уюмдарынын окуучулары үчүн максималдуу жүктөм болуп саналат.

Лицейлердин, гимназиялардын, мамлекеттик эмес жана жеке-мамлекеттик мектептер (класстар) үчүн 5 күндүк окуу жумасында жогорку чектеги жыйынтык жүктөмү: 1-класста – 22 саат; 2-3-класстарда – 25 саат; 4-класста – 26 саат жана 6 күндүк окуу жумасында: 5-класста –28 саат; 6-класста– 32 саат; 7-8-класстарда – 34 сааттан; 9 -11-класстарда – 35 сааттан.

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*