Окуялар, фактылар

Реформанын артыкчылыгы – окутуунун жана тарбиялоонун биримдигинде

Кыргыз билим берүү академиясынын президенти, профессор Абакир Мамытовдун айтымына караганда, быйылкы август кеўешмесинде айрым өзгөртүүлөр киргизилди.

– Биринчиден, окуу планынын стабилдүүлүгүн камсыз кылууга умтулуу. Анткени быйыл Базистик планда өзгөрүү каралган жок. Экинчиден, мазмундук реформаларды улантууга умтулуу. Быйыл 3-класстар үчүн жаўы муундагы окуу куралдары киргизилет. Ал эми 1-2-класстар үчүн мурда киргизилген. Үчүнчүдөн, окуу китептеринин сапатын жакшыртууга умтулуу. Бул деген китептерди конкурстук негизде жазуу, объективдүү экспертизадан жана апробациядан өткөрүү, массалык тираж менен басып чыгаруу боюнча тийиштүү жоболор кайрадан иштелип чыккан жана ишке киргизилмекчи. Төртүнчүдөн, окуу китептерин экспертизадан жана апробациядан өткөрүүгө практик мугалимдерди кеўири тартуу жумушу башталды. 3-класстын китептери бир чейрек алкагында апробациядан өтүп, эксперттер сырттан чакырылган. 4-класстын китептери дагы быйыл окуу жылы ичинде толук апробациядан өтөт. Бул жерде дагы эксперттер сырттан чакырылат. Тарбия маселесине токтолсок, Кыргыз билим берүү академиясы тарабынан тарбия берүү концепциясы иштелип чыгып, “Кутбилимге” жарыяланды жана талкууланууда. Мындан сырткары, “Жаштар жана өспүрүмдөр арасындагы укук бузуулардын алдын алуу иш-чаралары” деген аталыштагы алты министрликтин, т.а. Билим берүү жана илим, Коргоо, Эмгек, Социалдык өнүктүрүү, Ички иштер жана Саламаттыкты сактоо министрликтеринин  биргелешкен буйругу кабыл алынды. Бул деген бир топ ишти баштаганга  милдеттендирет. Ошондой эле, 1-сентябрь күнү өтүлүүчү сабактын үлгүсү иштелип чыкты, темасы аныкталды. Быйылкы Иштерман жылына карата “Иштермандык, биримдик – мекен тиреги” аттуу сабак өткөрүлөт, – дейт Абакир Мамытов. – Биздин кызматкерлер август кеўешмесинде көтөрүлгөн суроолорго так жооп бериш үчүн программа менен камсыз болуу маселесин так билиши зарыл, ошондой эле мазмундук өзгөрүүлөрдү так жана даана түшүндүрүп берүүгө алар милдеттүү. Айтмакчы, биздин академияда быйылкы жылдан баштап кыска мөөнөттүү тематикалык курстарды уюштуруу каралды. Бул деген билим берүүнү өнүктүрүү стратегиясынын алкагында төмөндөгү индикаторлорго жетишүү милдеттендирилди: башталгыч класстын мугалимдерин аталган курска тартуу көлөмү 2013-жылы 10%, 2014-жылы – 30% жана 2015-жылы – 50% жетиши зарыл. Бул курстар баалоонун жаўы ыкмаларын өздөштүрүүгө арналат.

Токмок шаарында жаштар үйү ачылат

Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги 21-августта Чүй облусунун Токмок шаарында жаштар үйүнүн ачылыш аземин өткөрөт. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Жаштар үйүнүн ачуу максаты – мамлекеттик жаштар саясатын эффективдүү ишке ашырууну, жаштардын сүйлөшүү аянтчасын түзүүнү, өзүн-өзү реализациялоо шарттарын түзүүнү, бош убактыларын пайдалуу өткөрүүнү көздөйт.

– Бул социалдык-маданият мекемесинде жыйындарды уюштуруу иштери, семинарлар, ар кандай кыска мөөнөттөгү курстар, ошондой эле маданий-массалык иш-чаралар жана жаштардын жалпыга пайдалуу иштери өткөрүлөт, – деп айтылат маалыматта.

Кошумчалай кетсек, жаштар үйүнүн биринчи багыттары кошумча билим берүү курстарын уюштуруу, акыл-ой патриоттук тарбия, таанып-билүү, методикалык, көркөм-чыгармачылык, көўүл ачуучу жана спорттук-ден соолукту чыўдоочу болуп саналат.

 

Кызыл-Тууда кийиз дүйнөсү

Ысык-Көлдүн Тоў районунда өтүүчү «Кийиз дүйнө» фестивалында Кызыл-Туу айылынын төрт көчөсү фестиваль өтүүчү аймак болот.

Фестивалдын координатору Мирахим Токтогуловдун маалыматында, Кызыл-Туу айылындагы төрт көчөнүн жашоочулары 22-23-август күндөрү өтүүчү аталган фестивалга кызуу даярдык көрүшүүдө.

– Айылдагы көчөнүн биринде ала кийиз көргөзмөсү уюштурулса, экинчисинде, шырдак, үчүнчүсүндө – туш кийиз, көлдөлөў көргөзмөсү уюштурулат. Дагы бир көчөсүндө «Кыз узатуу» салты көрүүчүлөрдүн сынына коюлат. «Кийиз дүйнө» эл аралык фестивалынын негизги максаты – кыргыздын салттуу маданиятын жайылтуу, кол өнөрчүлүгүн өнүктүрүү, кийиз, шырдак сыяктуу буюмдардын, Кызыл-Туу айылынын атагы алыска кеткен боз үйлөрүнүн философиялык негизин таанытуу көздөйт, – дейт М.Токтогулов. – “Кийиз дүйнө” фестивалына Америкадан, Тайвандан, Австралиядан меймандар келишет. Украинадан фольклордук топ келээри күтүлүүдө. Бул иш-чара «Кристенсен» уюмунун колдоосунда атайын долбоор аркылуу ишке ашырылып келүүдө.

Баса, фестивалдын жүрүшүндө, ар кандай улуттук оюн-зооктор, конкурстар өткөрүлөт. Иш-чаранын алкагында, «Жаргак шым» долбоору көрүүчүлөрдүн сынына коюлуп, аны жасоонун жолу тууралуу түшүндүрмө берилет. Ошондой эле, жаргак шым кийген балбандардын улуттук күрөш боюнча мелдеши өткөрүлөт.

 

ЖК депутаттары Кытайдагы Конфуций институтунун

Штаб-кеўсесинде

 

Жогорку Кеўештин билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитетинин төрагасы Каныбек Осмоналиев менен комитет төрагасынын орун басары Элмира Иманалиева Кытай Эл Республикасына жасаган жумушчу иш сапарынын алкагында Бүткүл Кытай эл өкүлдөр жыйынына жана Конфуций институтунун Штаб-кеўсесине барышты. Бул тууралуу Жогорку Кеўештин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка таянсак, депутаттар БКЭЖдин Билим берүү, илим, саламаттыкты сактоо жана спорт боюнча комитетинин төрагасынын орун басары У.Хэн менен жолугушту. Тараптар билим берүү, илим, саламаттыкты сактоо жана спорт тармактарындагы ченемдик-укук базаларын чыўдоо максатында, эки өлкө парламентинин тармактык комитеттеринин ортосундагы кызматташтыкты бекемдөө маселелери жаатында пикир алышты. Ошондой эле, парламенттер аралык байланыштарды жандандыруу зарылдыгы да белгиленди.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеўештин билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитетинин төрагасы К.Осмоналиев баштаган КР делегациясынын таанышуу иш сапары Конфуций институтунун Штаб-кеўсесинин чакыруусу боюнча жана Кытайдын Кыргызстандагы элчилигинин колдоосу астында уюштурулган.

Делегация курамында ЖКнын билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитетинин төрагасынын орун басары, ЖК депутаты Э.Иманалиева, КР Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлдөрү, Жалал-Абад, Баткен, Ош университеттеринин, КР Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясынын жетекчилери бар.

Мектептер өрттөн коопсузбу?

Өлкө мектептеринде өрт коопсуздугун сактоо эрежелери талапка жооп берерин Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын Өрттү көзөмөлдөө башкармалыгы текшерип жатат.

2013-жылдын жаз айында Өрттү көзөмөлдөө башкармалыгы тарабынан республикадагы 2000 ашык мектептер өрт коопсуздугу боюнча ийне-жибине чейин текшерилген. Анда мектеп жетекчилерине өрткө каршы күрөшүү боюнча бардык талаптарды камтыган буйрук тапшырылган эле.

Жаўы окуу жылына карата дагы бир ирээт текшерүү жүргүзүү боюнча буйрук чыккан. Ал үчүн атайын комиссия түзүлүп, учурда инспекторлор мектептердеги сигналдык жабдыктардын оўун, өрттү өчүрүү, суу камсыздоо жабдыктарын, окуу жайдан чыгуу жолдорун ж.б.у.с. тыкан текшерип жатышат.

 

Ысык-Көлдө «IKG-2013» эл аралык джип фестивалы өтөт

Ысык-Көлдө 23-24-август күндөрү «IKG-2013» деген аталыштагы эл аралык джип фестивалы өтөт. Фестивалга Кыргызстандын, Казакстандын жана Орусиянын спортчулары катышат. Аталган иш-чаранын уюштуруучулары «Автомотоспорт жана жол коопсуздугу федерациясы» коомдук бирикмеси, «Кыргызстан мен сени сүйөм» жаштар кыймылы жана Offroad Kings клубу.

Уюштуруучулардын айтымында, Кыргызстанда мындай деўгээлдеги иш-чара биринчи жолу өткөрүлүүдө. Ошондуктан ал көптөгөн көрүүчүлөрдүн жана катышуучулардын кызыгуусун арттырат. Бир километрден ашык жол көлдүн пансионаттарынын биринде, дарыянын жээгин бойлоп салынган.

Фестивалдын спорттук бөлүгүнөн тышкары, көўүл ачуу программалары да болот. Матрац үстүндө, үйлөмө жаздык менен, бош бөтөлкөдөн жасалган калкыма сал менен мелдешүү, конкурстар, аниматорлор шоусу өткөрүлөт. Андан тышкары, көрүүчүлөр белгилүү музыкалык топтордун концертине күбө болушат.

Ошондой эле активдүү жаштар «Кыргызстан теўир тоолордун өлкөсү» туристтик бренддин бет ачарын өткөрүшөт.

 

Ысык-Көлдө «Билим кербени» өтөт

20-21-август күндөрү Ысык-Көл облусунда «Роза Отунбаеванын демилгеси» коомдук фонду жана ЮНИСЕФ менен биргеликте “Билим кербени” өтөт. Ага жергиликтүү бийлик, билим берүү бөлүмдөрүнүн өкүлдөрү, мугалимдер жана ата-энелер катышат. Аталган иш-чара Балыкчы шаарында башталып, Каракол шаарында жыйынтыкталат.

Керебендин алкагында эксперттер жана жолугушуунун катышуучулары мектепке чейинки билим берүү маселелерин өз күчтөрү менен чечүүдө жергиликтүү коомдоштуктардын иш-аракеттерин активдештирүү, сапаттуу билим берүү, мектепке чейинки ийкемдүү тарбия берүү, бала бакчаларды ачуу жана мектепке чейинки куракта окуунун маанилүүлүгү тууралуу суроолорду талкууланаарын фонддун кызматкерлери билдиришти.

Жолугушуу 20-августта Балыкчыдагы №2 мектепте, 21-августта Түп районундагы Кайкин атындагы мектепте, ушул эле күнү Каракол шаарындагы  Ленин атындагы №1 мектепте өтөт.

Кайырчылар кармалды

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын жашы жете элек балдар менен иштөө инспекциясы «Кайырчы» аталышындагы рейд жүргүздү.

“Баракелде” таркаткан маалыматка таянсак, рейд Бишкек шаарынын борбордук көчөлөрүндөгү кайырчылар орун алган жерде, т.а. Жибек Жолу, Жаш Гвардия, Байтик Баатыр көчөлөрүндө, Манас проспектиси, И.Ахунбаев, Токтогул, Киев, С.Ибраимов, Москва көчөлөрүндө жана «Ош», «Орто-Сай», «Дыйкан», «Аламүдүн», «Ак-Эмир» базарларында жана борбордук мечиттин, чиркөөнүн айланасында рейд жүргүзүлдү. Рейддин жүрүшүндө  96 кайырчы кармалып, 72си Бишкек ШИИБнин бөлүштүрүү кабылдамасына жеткирилди, ал эми 24 адамга ошол жерден профилактикалык маек жүргүзүлдү.

Бишкек ШИИБнин бөлүштүрүү кабылдамасына жеткирилгендердин арасында алтысы чет өлкөлүк жарандар экени аныкталды. Ал эми кайырчылардын 17си жашы жете элек балдар болуп чыкты.

Бөлүштүрүү кабылдамасына жеткирилгендер менен профилактикалык маектер болуп, жугуштуу оорулардын бар-жогун аныктоо үчүн дарыгерлер кароодон өткөрүштү.

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*