Педагогика илимдеринин кандидаты, “Багыт kg” коомдук бирикмесинин төрагасы Адылбек КАСЫМОВ: “КЫРГЫЗСТАН АДАМ РЕСУРСУН ӨНҮКТҮРҮҮ МЕНЕН ГАНА КРИЗИСТЕН ЧЫГА АЛАТ”

Жакында билим берүү тармагынын бир катар алдыўкы өкүлдөрү “Багыт kg”аттуу коомдук бирикме уюштуруп, активдүү иштей башташты. Алардын негизги максаты, иш-чаралары, көз караштары, иштиктүү сунуштары туурасында аталган бирикменин төрагасы Адылбек Касымовго кайрылып, кеўири маек курдук.

– Адылбек Касымович, жаўы бирикме ачып, иштеп жатканыўыздарды угуп жатабыз. Кийинки он жылдыкта билим тармагы боюнча ишмердиктин түрлөрү көбөйүп, оожалып бараткан кезде, эркин экономика шартында билим берүү системасы кандайча иштеп, кандай принциптерге таянуу керек деп ойлойсуз? Кепти ушундан баштасак…

– Туура суроо бердиўиз. Билим деген билинбегени менен рыноктун күрөө тамырын кармап  турат. Рыноктун түрлөрү бар: товар рыногу, кызмат көрсөтүү рыногу жана өндүрүш. Илим рыногу кызмат көрсөтүү рыногунун бир түрү болуп эсептелет. Билим рыногу өзү бир нече рынокторго бөлүнөт: кесиптик билим рыногу, орто билим рыногу, мектепке чейинки билим рыногу, башталгыч билим рыногу.

Ар кандай рынокто эки негизги субъект болот: сатып алуучу, сатуучу. Мисалы, орто мектеп – сатуучу, ал эми окуучу – сатып алуучу. Мындай сөздөн коркпоо керек. Анткени, педагог билген билимин окуучуга сатат. Акыны ата-эне мамлекеттик казынага берген салыгынын эсебинен төлөйт. Же болбосо, түздөн-түз төлөйт.

Алардын арасындагы мамиле төрт принцип аркылуу жөнгө салынып турат: эркиндик; конкуренция; эффективдүүлүк; тобокелге салуу.

Мамлекеттик бийликтин башкы милдети – ушул принциптердин иштешине көмөктөшүү, аларды колдоочу мыйзам актыларын ишке киргизүү. Рыноктун эффективдүү иштеши жогоруда аталган эки субъектке теў жакшы. Аталган принциптер монополия шартында жакшы натыйжа бербей калат. Анткени, монополия шартында конкуренция болбойт. Конкуренция жок жерде баа жогорулайт. Монополия өкүм сүргөн жерде эч ким тобокелге барып, өз мүлкүн чегерип, ишкерчилик кылгысы келбейт. Бир сөз менен айтканда, атаандаштар пайда болбойт. Баа жогорулаган жерде субъектердин арасындагы мамиле табигый сыпатын жоготот. Андыктан мамлекет монополияга каршы күрөш жүргүзүшү керек. Конкуренцияга жол ачылган шартта, мамлекет үчүн да, анын казынасы үчүн да жагымдуу мүмкүнчүлүк түзүлөт. Салык төлөөчүлөрдүн саны көбөйөт, демек, салыктын көлөмү да артат.

Мамлекет тарабынан мамиле жалпыга бирдей болгону жакшы. Мамлекет университеттерге алакчылап мамиле кылбоого тийиш. Мамлекет окуу жайларга менчик формасына карабай, бирдей мамиле жасашы абзел. Мамлекет үчүн окуу жайлардын баары бирдей, баары салык төлөөчү болуп эсептелиши керек. Бардыгына бирдей мамиле болбогон учурда конкуренция да, эффективдүүлүк да, тобокелге салуу да, эркиндик да бузулат.

– Ошол эркин экономика шартында билим берүү системасы кандайча жөнгө салынып турат? 

– Жогоруда учкай айтылгандай, мамлекет билим системасына айрым чектөөлөрдү киргизиши керек. Мисалы, мамлекеттүүлүккө, ар бир жаранга, этникалык топторго ж.б. зыян келтирүүчү маалыматтарды таратууга бөгөт коюшу парз. Мындан башкаларына эч кандай чек койбошу керек. Анткени, билим системасы эмгек рыногунун суроо-талаптарына жараша иштейт. Тактап айтканда, эмгек рыногунда кайсы кесип, адис ээсине болгон суроо-талап күчтүү болуп жатса, университеттер ошол адистерди даярдоого багыт алат. Ага мамлекет кийлигишпегени абзел. Университеттердин эркиндиги мына ушунда.

Дүйнөлүк аренадан алганда, билим системасы буга чейин мамлекеттик саясатка, идеологияга баш ийдирилип келген болсо, учурда бул жакшы натыйжа бербей калды. Билим системасы ар бир жаранга, демек коомго кызмат кылышы керек. Ар бир жарандын эркиндигин камсыздоого, өлкөдөгү демократиянын деўгээлин жогорулатууга кызмат кылышы абзел.

– Сиз жетектеген уюмдун миссиясы эмнеде?

– Биздин коомдук бирикме да кыргыз журтунун билим системасынын мамлекетке эмес, ар бир жарандын эркин болушуна, коомдогу демократиянын өнүгүшүнө көмөк көрсөтө тургандай деўгээлге чыгышына кызмат кыла тургандай абалга жетишине көмөктөшүүнү максат кылып койгон. Ар бир жаран эркин, көз каранды эмес болгондо гана мамлекет эркин, көз каранды эмес болот!

Бул идеяны билим системасын түзүп турган ар бир мекеме жана уюм ишке ашырат. Тактап айтканда, ар бир мекемедеги, уюмдагы педагогикалык кадрлар турмушка ашырат. Демек, бул идея ар бир педагогко сиўирилиши керек. Ал үчүн алардын квалификациялары үзгүлтүксүз жогорулап турушуна көмөктөшүү парз. Эркин экономика шартында ар бир субъект, анын арасында ар бир педагог өз квалификациясын өзүнүн эсебинен жогорулатып турууга милдеттүү болушу ийги. Эркиндиктин баасы мына ушунда. Ар бир педагог конкуренцияга (атандаштыкка) жөндөмдүү болушу абзел. Мамлекет, билим берүүчү мекемелер жана уюмдар бардык педагогдорго бирдей мамиле жасоого тийиш. Ушундай шартта гана педагогдор арасында толук кандуу атаандаштык болот. Педагогдордун квалификацияларын жогорулатуучу уюмдардын, мекемелердин да арасында конкуренция болушу керек. Мамлекет эч качан мамлекеттик гана мекемелерге артыкчылык бербөөсү зарыл. Артыкчылык берген шартта монополия өкүм сүрө баштайт. Монополияга ээ болгон уюм же мекеме сапат үчүн күрөшпөйт.

Квалификацияны жогорулатуу багытында түрдүү макамдагы уюмдар жана мекемелер ат салышы мүмкүн. Алардын арасында мамлекеттик мекемелер менен катар коомдук уюмдар, коммерциялык эмес уюмдар, коммерциялык уюмдар да болушу ыктымал. Педагогдорго тандоо мүмкүнчүлүгү түзүлүш керек. Чет өлкөлүк практикадан бир мисал келтирели. Швейцарияда ар кандай уюм же мекеме, алардын арасында мамлекеттик уюмдар жана мекемелер, мамлекеттик органдар коомдогу түзүлгөн проблемалуу абалды жеўилдетүү максатында конкурс жарыялайт. Конкурска түрдүү макамдагы мекеме жана уюмдар катышып, алардын арасынан күн тартибине коюлган проблеманын оптималдуу чечимин сунуштаган мекеме же уюм тандалып алынат. Ал уюм же мекеме коомдук бирикме, коммерциялык эмес уюм, коммерциялык компания же мамлекеттик мекеме болушу мүмкүн. Булардын эч бирине артыкчылык берилбейт. Конкурстук комиссия калыс болот. Алардын көздөгөнү бирөө гана – ал проблеманын чечилиши.

– Сиздин уюмдун расмий белгисиндеги бүркүт менен китептин айкалышы эмнени түшүндүрөт?

– Бүркүт – бул эркиндиктин символу. Китеп – бул билимдин символу. Алардын айкалышы билим системабыздын ар бир жаранга эркиндик алып келгендей кызмат кылышын түшүндүрөт. Ар бир жаран эркин болсо, демек коомдо эркиндик өкүм сүрөт. Демек, мамлекет эркин, көз каранды эмес болот.

– Акыркы 20 жыл ичинде Кыргызстандын билим берүү тармагындагы өзгөрүүлөр тууралуу эмнелерди айтмакчысыз?

– Мамлекет коомубузду демократиялык жолго салды. Эркин экономика өкүм сүрө баштады. Эркин экономика деген эмне? Эркин экономика – бул менчиктин көп түрдүүлүгү. Менчиктин түрү канчалык көп болсо, өлкөдөгү өнүгүү ошончолук бат жүрөт. Мамлекет канчалык аз кийлигишсе, экономика ошончолук  натыйжалуу болот.

Белгилүү болгондой, мурдагы СССРдин тушунда мамлекеттик менчикке гана негизделген пландуу экономика бар эле. Бардык мүлк мамлекеттин карамагында турган. Жеке менчик болгон эмес.

СССРдин кулашы менен аны түзүп турган республикалар өз тиешелерин алды. Алардын катарында Кыргызстан да өз энчисин алды. Эгемендүүлүккө ээ болду. Өз алдынча башкаруу жолуна түштү. Менчиктин көп түрүнө өтүү процесси башталды. Мамлекеттик менчикте турган мүлктөр (жер, имараттар, курулмалар ж.б.) жеке, муниципалдык ж.б. менчик түрлөрүнө өткөрүлдү. Алардын катарында билим системасында да мамлекеттик окуу жайлар менен катар эле жеке менчик бала бакчалар, мектептер, колледждер, университеттер пайда болду.

Тилекке каршы, коомдогу жана экономикадагы өзгөрүүлөрдү сабаттуу жөнгө салууга зарыл болгон кадрларды даярдоочу билим система ушул күнгө чейин жокко эсе. Мисалы, жогорку билимдүү кадрларды даярдоочу ЖОЖдордун адистиктер боюнча мазмуну пландуу экономиканын шартына ылайык аныкталып келет. Бул багытта атайын илимий негизделген изилдөө жок. Эмгек рыногунда кандай суроо-талаптар жана сунуштоолор болуп жаткандыгын изилдеген мекеме же уюмдар жокко эсе. Жогорку билим боюнча мамлекеттик стандарттардын басымдуу көпчүлүгү эмгек рыногунун талаптарына жооп бербейт. Мамлекеттик стандарттарды иштеп чыгуу милдети айрым университеттерге  тапшырма катары берилип келет. Ал университеттер Россиянын, Казакстандын ж.б. өлкөлөрдүн тиешелүү мамлекеттик стандарттарын үлгү катары пайдаланып, чампалап, эптеп колдон чыгарып кутулушат. Эмгек рыногу жергиликтүү, республикалык жана эл аралык деўгээлде атайын изилденбейт. Бул же тигил адистиктин мазмунуна карата учурда кандай талаптар коюлууда, беш жылдан кийин кандай талаптар коюлары изилденбейт. Мына ошондуктан биздин бүтүрүүчүлөрдүн басымдуу көпчүлүгү эмгек рыногунда суроо-талапка ээ болбой жатат.

– Азыркы учурда иштеп жаткан системанын эффективдүүлүгүн жогорулатуу үчүн эмне кылуу парз?

– Өлкөнүн экономикасындагы башкы багыттарды аныктап, эмгек рыногундагы суроо-талаптарды жана сунуштоолорду иликтегенибиз оў. Өлкөнүн экономикасынын өнүгүшүн эмгек рыногунун мыйзамдарына дал келтирүү керек. Тактап айтканда, эмгек рыногуна мамлекет тарабынан одоно кийлигишүүнү азайтуу керек. Бийлик системасы да көп укладдуу экономиканы башкаруунун эффективдүү механизмдерине өтүшү абзел.

ЖОЖдорго эркиндик берилиши абзел. Алар конкуренция шартында өз алдынча, мамлекеттен жардам сурабай жашаганга көнүүсү шарт. Эмгек рыногун, билим рыногун тереў изилдеп, өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүгө жарамдуу кадрларды даярдоого өтүүгө мүмкүнчүлүк берүү абзел. Университеттер бири-биринен айырмаланып турган шартта гана өнүгүү болот. Учурда Кыргызстандагы ЖОЖдор, кээ бирлерин эске албаганда, бири-биринен көп деле айырмасы байкалбайт. Керек болсо, аймактык ЖОЖдор менен борбордук ЖОЖдордун даярдап жаткан адистеринин билим сапатында, алардын мазмунунда көп деле айырмачылык жок. Андыктан абитуриенттерде тандоо мүмүкүнчүлүгү аз. Кайсы ЖОЖго кайрылбасын, баары бирдей.

Экинчиден, өлкө боюнча адам ресурсун өнүктүрүүгө артыкчылык берүү керек. Муну айтып жатканымдын себеби мындай. Өткөн кылымдын 50-жылдары Жапан өлкөсүндө өтө катуу кризис келип, эл кырылууга дуушар болгон. Ошондо өлкө императору менмин деген акылдуу интеллигенция өкүлдөрүн чакырып, ортого өлкөнү кризистен кантип алып чыгуу керек деген суроо койгон. Тегерек столго катышкандардын бардыгынын оюн уккандан кийин мамлекет башчы мындай чечимге келген: Жапанияны кризистен алып чыгуу үчүн адам ресурсун өнүктүрүү керек. Ал үчүн колунан иш келген жарандарга Американын ишкерчилик ыкмасын, Европанын технологиясын үйрөнүүнү сунуштап, Америкага жана Батышка жол ачкан. Ал эми өлкөнүн ичинде 20 жылга билим берүү системасына өлкө казынасынын 70 пайызын чегерген. Мына ошентип өлкө кризистен кыска убакытта чыгып, феноменге айланды.

Бизде да акылдуу интеллигенция бар. Алар менен жолугушуп, пикирлерин уксак болмок. Сунуш-пикирлерди тыянактап, өлкөнү кризистен алып чыгуунун жаўы концепциясын иштеп чыгып, тиешелүү чараларды көрүү керек.

– Азыркы учурда Кыргызстанда элүүдөн ашуун түрдүү мыйзамдык макамдагы жогорку окуу жайлар бар экендиги белгилүү. Сиздин оюўузча, булардын багытын өзгөртүүнү эмнеден баштоо керек?

– Эў оболу, мен жогоруда айткандай, ЖОЖдорго эркиндик берүү керек. Экинчиден, ар бир ЖОЖго өздүк материалдык-техникалык, каржылык, кадрдык, илимий-методикалык  камсыздалышын так анализдеп, кайсы адистиктерди даярдоого максималдуу мүмкүнчүлүгү бар экендигин аныктоого талап коюлушу зарыл.

Учурда ЖОЖдордун басымдуу көпчүлүгүндө билим берүүнүн сапаты өтө төмөн экендиги жашыруун сыр эмес, тескерисинче, оркоюп көрүнүп турат. Коррупция гүлдөгөн. Бирин-серин мугалимдерди пара алып жаткан жеринен кармап алуу же коррупцияга каршы күрөшүү комиссияларын түзүп, алардын төрагалыгына кайра эле коррупционерди шайлап коюу менен бул маселе чечилбейт.

Коррупцияны жоюу үчүн бир топ ыўгайлуу механизмдерди колдонуу натыйжалуу болмок. Мисалы, жогорку билимдин сапаты биринчи кезекте профессордук-окутуучулар курамдын квалификациясына көз каранды. 1991-жылдан 2013-жылга чейин 22 жыл ичинде мыйзам боюнча ЖОЖдордун окутуучулары кеминде 4 жолу квалификацияны жогорулатуу курстарынан өтүшү керек эле. Аймактык ЖОЖдордогу бул маселе борбордук ЖОЖдордукунан да өтө курч турат. Анткени, аларда эмгектенип жаткан окутуучулардын басымдуу көпчүлүгү орто мектептерден, техникумдардан, партиялык-чарбалык кызматтардан келгендер.

Мына ошондуктан, ЖОЖдордун окутуучуларынын квалификацияларын жогорулатуу Кыргызстандын билим жана илим министрлигинин алдындагы башкы маселе болушу керек деп эсептейм. Бул багытта, албетте, Кыргыз билим берүү академиясы жөнүндө айтпай кетүүгө болбойт. Кыргыз билим берүү академиясы – Кыргызстандагы билим берүү системасын реформалоонун флагманы болушу керек эле. Тилекке каршы, КББАга караганда бир топ алдыга кетип калган инновациялык мектептер бар. КББАнын өзүнүн илимий кызматкерлеринин, профессордук-окутуучулук курамынын квалификацияларын жогорулатуу проблемасы ушул күнгө чейин күн тартибине коюлбай келет. Мурдагы СССРдин тушунда, квалификацияны жогорулатуу факультети союзда алдыўкы орундарды ээлеп келген. Азыркы учурда курстарга мектеп директорлору, завучтары, мугалимдери «Ормон опуза» менен араў келишет. КББА өзүнүн арналышы – бүтүндөй Кыргызстан боюнча окуу жайлардагы педагог адистердин квалификацияларын жогорулатышы керек. Бирок аталган академия бардык Кыргызстандын мектептериндеги мугалимдердин кесиптик чеберчилигин өнүктүрүүдө чама-чаркы толук жетпей жаткандай. “Көп сөз чөп сөз” деген кыргызда. Жыйынтыктап айтканда, КББАнын өзүн реформалоо керек.

– Сиз сунуштап жаткан квалификацияны жогорулатуу курстарынын артыкчылыктары эмнеде?

– Биз кыска мөөнөттүү курстарды сунуштоодон баштадык. Бала бакчалар, башталгыч мектеп, орто мектеп, колледждер жана ЖОЖдор үчүн атайын тренинг программаларды иштеп чыкканбыз. Кыска мөөнөттүү курстар жер-жерлерде өткөрүлүп жатат. Бизде ар бир тренинг программа боюнча квалификациялуу адистерден турган атайын командалар түзүлгөн. Алар жер-жерлерге барып, педагог адистердин жамааттары менен жолугушуп, аларга тренинг программаларды сунушташат. Өз кезегинде тандап алган курстар боюнча педагогдор тайпаларга биригишип окушат. Окуу процесси тренинг формасында өтөт. Ар бир катышуучу тиешелүү шарттар менен камсыз болот.

Тренинг – бул билимди эле эмес, өзгөчө көндүмдөрдү калыптандырат. Тактап айтканда, катышкан педагог маалыматка эле эмес, кандайдыр бир ишмердүүлүктү аткарууга даяр болуп чыгат.

Биздин курстардын артыкчылыктары кайсылар? Биринчиден, биздин команда жер-жерлерге барып, курстарды ЖОЖдордун базасында өткөрөт. Бул педагогдордун каражаттарын үнөмдөөгө көмөк болот. Антпесе, Бишкекке региондон келип окуганда жол кире, тамак-аш, жатакана ж.б. минимум 10 миў сомдон ашып кетмек. Экинчиден, биздин курстар тренинг формасында өтөт. Үчүнчүдөн, командада интерактивдик методдорду, модулдук окутуунун методикасын тереў өздөштүргөн, чет өлкөдө квалификацияларын жогорулаткан, сертификациясы бар илимдин кандидаттары жана докторлору эмгектенишет.

– Сиз конкуренттердин (атандаштардын) пайда болушунан коркпойсузбу?

– Тескерисинче, биз конкуренттер (атандаштардын) пайда болушун каалайт элек. Антпесек, биз да монополист болуп калышыбыз мүмкүн. Андыктан, Кыргызстандын билим системасында эмгектенген кадрлардын квалификацияларын жогорулатууга дарамети бар бардык мекемелерди, уюмдарды, коомдук бирикмелерди, коммерциялык эмес башка уюмдарды, коммерциялык уюмдарды да атаандаш болууга чакырабыз. Проблеманы чечели. Кыргызстандын педагог кадрлары өз квалификацияларын жогорулатуу үчүн тандоо мүмкүнчүлүгүн түзөлү.

 

Аўгемелешкен 

Майрамбек Токторов,

“Кутбилим”

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*