АБДРАХМАНОВА Орунбүбү, Бишкек шаарындагы №84 Жалил Садыков атындагы орто мектебинин башталгыч класстар мугалими КУРМАНЖАН ДАТКА

Сабактын максаты: а) Билим берүүчүлүк:

Окуучуларга кыргыз элинин улуу инсандары жєнүндє маалымат берүү, алардын элине сиӊирген эмгеги, талыкпаган аракети, коомдон алган орду, кийинки муундарга тийгизген таасири, адеп-ахлагы, кєєнєрбєс мурастары элибиздин жүрєгүндє түбєлүк сакталып кала берерин түшүндүрүү.

б) Тарбия берүүчүлүк: Үлгүлүү жүрүш-турушка, адептүүлүккє, ыймандуулукка, тилин, сүйүүгє, Ата Мекенин кєздүн карегиндей сактоого  жана аны коргоого, жаратылышты сүйүүгє, адамдарды урматтап сыйлай билүүгє, єзүн-єзү таанып, тарбиялай билүүгє үйрєтүү. Жаман менен жакшыны, ак менен караны, абийирдүүлүк менен абийирсиздикти ажыратып билүүгє багыт берүү.

в) Єнүктүрүүчүлүк: Ар бир окуучунун жекече жєндємдүүлүгүн, алган билимдерин кєрсєтє билүүсүнє жетишүү, кызыгууларын арттыруу. Адептүү сүйлєй билүүгє, сєздүн маанисин түшүнүп, аны барктай билүүгє, єз алдынча ой жүгүртүүсүнє кємєктєшүү.

Сабактын тиби: Аралаш сабак.

Сабактын методу: Интерактивдүү

Сабак аралык байланыш: Кыргыз тили, адбият, тарых, музыка.

Сабактын жабдылышы: Кыргызстандын картасы, синквейн, Венндин диограммасы, слайд, кластер, макал-лакаптар, ватман кагазы, карточкалар, маркерлер.

Сабактын жүрүшү: а) Уюштуруу. б) «Алтын эрежени» кайталоо. в) Єткєн темалар боюнча кайталоо.

– Саламатсыӊарбы, менин сүйүктүү окуучуларым! Кана эмесе, биз бүгүн кезектеги адеп сабагыбызды баштайбыз. Баарыӊар теӊ сабакка кунт коюп, активдүү катышат деген ойдомун. Биз єткєн сабактарыбызда кайсы темаларды єткєндүгүбүз эсиӊерде бар чыгар? Ошондуктан мен силерге бир нече суроолор менен кайрылгым келип турат. Адам єзүн таанып билбей туруп, башка бирєєгє баа бере албайт» – демекчи, бирєєнү айтуудан мурун, єзүбүздү таанып билели.

1. Єзүн-єзү таанып билүү деген эмне?

2. Адам єзүн-єзү кантип таанып билет?

3. Адам кандай болгондо єзгєрєт?

4. Єзүн-єзү тарбиялоо деген эмне?

5. Єзүн-єзү тарбиялоо үчүн эмне кылуу керек?

6. Канткенде адам уулу адам болот?

7. Улуу адам болуш үчүн кандай сапаттарга ээ болуу керек?

8. Улуулук жєнүндє кандай түшүнүктєрдү билесиӊер? ж.б.у.с.

– Туура айтасыӊар балдар. Ар бир адам єз алдына максат коет, ал максатка жетүү үчүн бардык мүмкүнчүлүгүн жумшайт. «Улуу жолду адам єзү жасайт, жол адамды улуу кылбайт» – деген сєз бар. Ошону сыӊары силердин да алдыга койгон максатыӊар бар. Ушуга байланыштуу силердин кєз карашыӊарды байкоо иретинде тапшырма берейин, ар бир топ єз оюӊарды кагазга жазып кєргүлєчү.

Максатсыз адам

Максаттуу адам

Улуу адам

(Ар бир топтон бирден окуучу жооп беришет).

– Балдар, силер туура айттыӊар. Эми силерге ушулардын ичинен кайсынысы жакты? Кандай адам болгуӊар келет?

– Максаттуу. – Улуу.

– Жакшы ойлорӊар бар экен, мен да силердин чыныгы адам болоруӊарга ишенем. Анда эмесе, бүгүнкү биздин темабыз – «улуу инсандар жєнүндє болмокчу. Силер балдар, уюткулуу улуу кыргыз элибиздин Улуу инсандары, деп кимдерди атайт элеӊер?

– Манас, Жусуп Баласагын, Калыгул, Молдо Кылыч, Саякбай, Чынгыз Айтматов, Касым Тыныстанов, Курманжан Датка ж.б.

– Абдан туура айттыӊар, балдар. Азыр биз слайддан улуу инсандар тууралуу баяндама кєрєлү.

(Слайддан улуу инсандардын сүрєттєрє кєрсєтүлүп, кыскакча баяндама берилет). Булар биздин кєєнєрбєс, кайталангыс сыймыгыбыз. Биздин улуу тарыхыбызга єчпєс-єлбєс из калтырып,  кыргыз элин дүйнєгє тааныткан, элинин жүрєгүндє түбєлүк сакталып калуучу инсандар болуп эсептелет.

Мына ушул слайддан кєргєн инсандардын кимиси «Алай Ханышасы» деген атакка ээ болгон?

– Курманжан датка.

– Анда эмесе, Курманжан датка энебиздин бардык кыйынчылыкты эл үчүн кєтєргєн кайраттуулугу, акылмандыгы жєнүндє сахналык кєрүнүш кєрсєтүп берели.

* Сахналык кєрүнүш

Курманжан кош ат чегилген араба менен келип түшєт. Элдин арасы күбүр-шыбыр болуп барып кайра токтойт.

Курманжан токтоо, кєӊүлү жай адамдай, сыр алдырбайт, мүӊкүрєбєйт:

– Айдап келатышат! (Эл кайрадан уу-дуу боло түшєт).

– Оо, садага кетейин, карааныӊдан!

Курманжан үн чыккан жакты жалт карады. Датканын сүрүнєн Карасакал оозун баса калды. Аӊгыча колу артына кишенделген, буттары тушалуу, мылтыкчан солдаттардын ортосунжда Камчыбек менен Акбалбан келди.

Повала-Шыйковский: Мына бул силердин алдыӊарда турган эки адам єлүм жазасына тартылып, дарга асылат.

Булар поручик Коршунов баштаган чек ара кайтаруучу орус аскерлерин єлтүршкєн.

Єлтүрүлєр алдында эмне сурайт?…

Курманжан отурган калыбынан былк этпейт.

Элдин арасынан бирєє:

– Жаныӊды сура, Камчыбек! Ак жериӊен кетпе! – деген үн чыгат.

– Жок, сурабайм жан соогнат! Эмне?! Жан соогат сурагыдай, бирєєнү єлтүрүп же, уурулук кылдым беле?! Мен кєчүмдү тоскон, кєч үстүндє ак никелүү аялымдын чачын кескен зомбулук менен жакалашып, укукташып, єлүмгє кетип баратам. Єкүнбєйм, арман кылбайм, билип кал, тууган элим, мен тепселип кирдеген баркымды, бек сєєлєтүмдү, каным менен жууп таштап, элим үчүн єлүмгє кетип баратам.

(Повало-Шыйковскй баш ийкеп белги бергенде, сыйыртмак Камчыбектин мойнуна салынат).

Камчыбек: О, элим ай!… Мага бересеӊ болсо кечтим, аласаӊ болсо?…

Курманжан: (ордуӊан туруп)

– Уулум! Кайратыӊдан жанба, уулум! Сал сыйыртмакты мойнуна! Карызыӊды тєлєрүӊ жокпу артында? Калдайган калыӊ тууганыӊ турбайбы?! Єлүм алдында майышты дебейби?! Таба кылбайбы – душманыӊ?!

Камчыбек: Апа?!

Курманжан: Єлүмгє тике кара!

(Акбалбан менен Камчыбек дарга асылат).

Жигит: Датка эне, эми кайда?

Курманжан: Үйгє! Алайга!

Курманжандын керээзи:

Жаарандарым, эли-журтум, балдарым,

Жакын окшойт кайтпас сапар тартаарым.

Кары-жашыӊ кєӊүл коюп угуп кал.

Мына булар керээз кылып айтаарым…

Кєрбєй калсам аалам, асман, жылдызды,

Ичпей калсам  бал жыттанган кымызды,

Түп кєтєрүп, чакыргыла Түштүк менен Түндүктү,

Єлүмүм да бириктирсин кыргызды!!!

Кылым карыткан кыргыз тарыхында чоӊ из калтырып, элинин келечегин ойлогон асылзаттын асылы да, баатыры да, акылманы да Курманжан энебиз болгон. Ошого байланыштуу мен силерге бир нече суроолор менен кайрылайын:

1. Курманжан Датка канчанчы жылы, кайсы жерде туулган?

2. Курманжан менен Алымбек Датка канчанчы жылы баш кошушкан?

3. Курманжанга «Алай ханышасы» деген наам ким тарабынан берилген?

4. Курманжан  энебиз канчанчы жылы дүйнєдєн кайткан? Канча жашында?

5. Курманжан Датка кайсы акча бирдигине түшүрүлгєн?

6. Курманжан Датканын атына байланыштуу эмнелер бар? ж.б.у.с.

– Азаматсыӊар балдар, силер туура жооп бердиӊер. Датка энебиздин улуу инсан катары элине жасаган эмгеги, эрдиги жєнүндє жогорку класстарга барганда адабият сабагынан дагы кеӊири таанышасыӊар.

Бүгүнкү сабакка баарыӊар теӊ эӊ жакшы катыштыӊар. Силер дагы келечекте тарыхта аты калган улуу инсандардан болушуӊарды тилейм. Рахмат силерге!

Баалоо.

Үйгє тапшырма:

Улуу инсандар жєнүндє дилбаян жазып келүү.

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*