Ата-энелер да, коомчулук да мектептерге єнєктєш болушса

 

Азыр єнүккєн єлкєлєрдє, а түгүл єзүбүздүн эле єлкєдє да жүздєгєн акы тєлєп билим тарбия берүүчү жеке менчик мектептер жана бала бакчалар бар. Аларда акы тєлєє азыр биз сєз кылып жаткан мамлекеттик билим берүү мектептерине салыштырмалуу алда канча жогору жана ата-энелердин ал боюнча нааразычылык билдирген учурлары боло элек. Мына ошолор сапаттуу билим тарбия да беришип, єздєрү да киреше табышып жатышпайбы.

Мисалы, түрктєрдүн «Себат» билим берүү мектептер тармагын алалы. Анда окуу акысы регионго жараша 1 жылга 30 миӊ сомдон 2500 долларга чейин жетет. Бирок, канчалаган аймактардагы ата-энелер кымбатына чыдашып, балдарын ошого берип жатышат. Анткени ал жерде акча алышканы менен ошончолук сапаттуу билим жана тарбия бериле тургандыгына ишенишет жана буга кепилдик да бар. Экинчи жагынан алар єз мектептерине тестирлєє аркылуу тандап алуу менен катардагы мектептердеги окуучулардын каймагын калпып алып кетишип жатышат.

Бизде бүгүнкү күндє мектептерде китеп толугу менен жетишпейт. Жетишпеген китептерди ата-энелер сатып бербейт. Бүт балдарды мектепке артып койгон. Ошол себептен мурдагыдай ар бир китепке мүчєлүк акысын киргизип, экинчиден, камкорчулар кеӊешин күчєтүп, мүмкүнчүлүгү бар ата-энелер финансылык жактан кол кабыш кылса. Дагы айтарым, биз бала кезде мектепте илгери ата-энелер балдарын окутуу үчүн беришкенде «Эти сеники, сєєгү меники» деп окутушчу. Анын канчалык чындыгын билбейм. Бирок, совет мезгили убакта мугалимдердин кадыр-баркы жогору болгондуктан баласына болушуп, мугалим менен урушкан ата-эне єтє сейрек кездешчү. Мугалимдин социалдык статусу жогору болуп, єзгєчє айыл жергесинде эмгек акысы жогорку кызматкерлердин катарында эле. Мына ошого жараша алар да єз кесибин баркташып, ага жоопкерчиликтүү мамиле жасашып, билим-тарбия берүүгє бүт күчтєрүн жумшашчу. Башкача айтканда, кадр маселеси ал убакта толук чечилчү. Мектепти эӊ жакшы бүтүргєн окуучу гана жогорку окуу жайларда окуп, эч акчасы жок эле бүтүшчү. Азыр ката жазган мугалимдер кайдан чыкты? Акчанын күчү менен үйүндє отуруп, же базарда жүрүп алып эле диплом алганы канча? Алар кантип жакшы мугалим боло алат?

Бүгүнкү күндєй мугалимдин кесиптин бедели ушунчалык тємєнкү деӊгээлге түшкєн эмес. Эл мугалимдин ким экенин унутуп коюшту. Ата-энелер, элдик кєзємєлбүз дегендер мугалимдерди басынтышкан окуялар кездешет. Негизинен кєпчүлүгү мугалимге  акыл айтууга даяр. Кээ кезде күнєєнү єздєрүнєн кєрүшпєй, окуучунун тартиби начар болсо, жамандык болсо, сабагынан жетишпесе дароо эле мугалимге, мектепке оодара салышат. Бул пикир бүгүнкү күндүн ачуу чындыгы. Анан да баланы тарбиялоодо ата-эненин орду кайда?! Азыр кєптєгєн ата-энелердин балдарды тарбияламак тургай, алардын курсагын тойгузууга чамасы жок. Бир тобу єздєрү тарбияланууга муктаж. Дагы бир тобу бала-чакасын башкаларга  таштап коюшуп, Россия менен Казахстанда эмгек мигранттары болуп жүрүшєт. Мына ушундай кыйынчылыкка карабай ар бир мектеп, ошонун ичинде биз, Р.Айдаралиев атындагы мектеби да билим сапатын кєтєрүүдє кєптєгєн аракеттерди жасап келебиз. Биздин мектепте 61  мугалим, 20 дан ашык технимкалык жумушчулар эмгектенет. Мектеп тєрт секцияга бєлүнгєн: 1. Гуманитардык;  2. Табигый билимдер; 3. Аралаш; 4.Башталгыч класс. Андан сырткары мектепте «Үмүт» методикалык борбору иштейт. Жетекчиси — Н.Райымкулова;  Борбордун жети мүчєсү бар. Мектебибизде бир жылга иш планы директор тарабынан бекитилип, ар бир мугалимге ар кандай усулдар менен сабак єтүүгє график илинет. Жуманын үчүнчү күнү ачык сабак коюлат. Ачык сабакта мугалимдин сабагына талкуу болот. Жаш мугалимдер 3 жылга чейин андай сабак єтпєйт, бирок саамалык сабакка толугу менен катышат. Ошону менен бирге Германия кызматташтык долбоору менен жаз, күз айларында ар бир секциядан башталгыч класс, быйылкы жылы табигый билимдер секциясы окуп билимдерин єркүндєтүп келип, кайрадан үйрєнгєн сабактарын саамалык сабактарда жайылтып, райондук семинарларда ошол сабакты єтүп беришет. Мугалимдердин єзгєчєлєнгєн, начар окуган окуучулар үчүн атайын планы мектеп директору тарабынан бекитилип, жыл бою иш алынып барылат. Чейректе билим сапатын текшерүү үчүн ар бир прдеметтен текшерилип жыйынтыгы чыгарылып, б.а. 1-чейректе билим сапаты 33,1%болсо, 2-чейректе билим сапаты кєтєрүлдүбү же түштүбү кєзємєлгє алынат. Жыл аягында билим сапаты жалпы каралат. Райондо жүргүзүлгєн тестирлєєгє катышкан окуучулар кайсы предметен жетишпей жаткандыгы аныкталып, кайрадан тест боюнча иштєєгє тапшырма берилет.

Педагогикалык система бири-бири менен тыгыз байланышкан алты элементтен турат. Алар:

1.Билим берүүнүн жана тарбиялоонун максаттары;

2. Билим берүүнүн жана тарбиялоонун мазмуну;

3. Дидактикалык процесстер;

4. Окутууну жана тарбиялоону уюштуруу формалары;

5. Окуучулар;

6. Мугалим.

Бизде  педагогикалык системанын экинчи элементи болгон билим берүүнүн мазмуну табигый, гуманитардык, коомдук илимдердин негизин түзүүүчү математика, физика, химия ж.б. тарых, коом таануу, эне тил, чет тил, адабият ж.б.у.с. окуу предметтеринен турат. Аталган предметтер баланын чыгармачылыгын жана ойлоп табуучулугун єнүктүрүүчү эӊ негизги предметтер. Бул предметтерди єздєштүрүү үчүн кєптєгєн аракеттер болот. Башкача айтканда олимпиадада бир жылдык план түзүлүп, мугалим олимпиадага алып бара турган окуучулар менен дайыма байланышта болот. Ошондой эле бир мугалим окуучулар менен жекече иш алып барат.

Биз аз айлык алсак да сапат үчүн күрєшүп жатабыз. Ал эми айыл жериндеги ата-энелер мектептеги билимдин сапатын, шартын жакшыртууда кол кабыш кылууга кєнүүлєрү керек деп ойлойм. Мектеп – бул ар бир адамдын үмүтү, келечеги болууга тийиш. Себеби, мында ата-энелердин таянычы болгон балдар тарбия кєрүп жатышат. Демек, ата-энелер, коомчулук кайдыгер мамиле кылбай жардам кєрсєтүүлєрү парз. Ата-энелер  кєп учурда тойго кеткен чыгымга кол шилтеп, мектепке кеткен беш он сомго ичтери күйүп, нааразы болушат. Той бүгүн єтєт, эртеӊ жок. Ал эми балдарга берилген татыктуу билим-тарбия аларды ємүр бою коштоп жүрүп олтурат. Ушул себептен улам, жалпы коомчулукту, меценанттарды мектепке жардамдашууга, єнєктєш болууга чакырам.

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*