Байдылда САРНОГОЕВ ЭКИ ЄМҮРЛҮҮ АКЫН

Ойлонуп кєрсєк турмушта

Ємүр бул качкан бир куш да…

Осмондун уулу Алыкул

Опол тоо акын кыргызда.

Ортодо жүрбєй «ойт» берди

Ободон учкан жылдызча.

Алыкул акынды азыр ойлосом, мен аны эртерээк кєрүп, кечирээк түшүнүптүрмүн. Анткен себебим, акындын чыгармалары менен бала кезимде таанышсам да баамдап, байкап, маани жагына кийинчерээк түшүндүм. Алыкул жазуучулар союзуна єтє сейрек келчү. Менин байкашымча, келгенде деле кєпкє аялдабай, айрым єзүнє сырдаш жоро-жолдоштору менен сүйлєшүп кайра кете берчү. Ал мага єтє түнт, ачылып сүйлєбєгєн, сєзгє сараӊ же болбосо такыр эле сєзгє чоркок  адамдай сезилчү. Акын болсом деп ак эткенден так этип «чымындуулардын чымыны» жугаар бекен деген ойдо Жазуучулар союзуна кєп эле келип, жыйналыштары болсо катышып, чебер, чечен агайлардын эчен сүйлєгєн сєздєрүн уккам. Жыйналыштарда Алыкулдун бир да жолу эл алдында чыгып сүйлєгєнүн уккан да, кєргєн да жокмун. Ал єзүнчє ойлуу четкерээк  жерде отуруп, оозун бетарчысы менен басып, тык-тык жєтєлүп жатканын кєп эле байкагам. Єӊү керсары тарткан, узун бойлуураак, арык киши эле. Ошондо ал отуздан ашып калган жигит агасы болсо да, менин жаштыгымданбы, мага улгайган адамдай кєрүнчү. Ал кишинин жайын уксам, кєрсє узак жылдардан бери ооруп келаткан учук оорусу бар турбайбы. Элге жакындабай четирээк олтурганы, сүйлєбєгєнү, элдин сєзүн угуп, унчукпай чыгып кете бергени да ошол оорусунан болсо керек. Мен кийин ойлосом, Алыкул акын єзүнєн мурда элге ємүр, элге ден соолук тилеген сак, кыйла этиканы так кармаган акын экен.

1948-жылдын апрель айы. Ал кезде Жазуучулар союзунун тєрагасы Аалы Токомбаев эле. Менин ал-жайымды, башымдан єткєргєн жетимдик күндєрүмдү, кандайча шаарга келгенимди, ыр жазымыш болуп жүргєнүмдү бир топ жазуучулар билчү. Бир жолу Жазуучулар союзуна барсам, Алыкул акын ошол жерде экен. Мен ал кишиге салам айтсам, ал күлүмсүрєп саламымды алик алды да:

– Иним, сенин жєн-жайыӊды уккамын, бул жерде бир аз ишим бар, бүткєрүп алайын, сен күтє тур, анан мени менен үйүмє барабыз, – деди. Мен ичимден кубанып, макул байке, күтє турайын дедим. Ошентип, үйүнє бардык (ошол үйү азыркы Сокулук кєчєсүндє). Короосуна кирсек бир орус кемпир жүрєт, башка эч ким кєрүнбєйт, үй-бүлєсү кайда, жалгыз жашайбы деген ойго кеттим. Үйүнє кирдик, бир жазма стол, бир керебет, бир топ жыйылган китептер, булардан башка кєзүмє эч нерсе урунбады. Алыкул байкем бир аз олтургандан кийин мени ойлуу карап сєзгє киришти. Бетарчусу колунда, оозун басып тык-тык жєтєлүп алып: – Уккун иним, мен да сендей жетим болуп чоӊойгом, жетим балдар үйүндє тарбиялангам. Бая күнү Аалы Токомбаев сен жєнүндє мага: «ушул баланы ини кылып алсаӊ кантет, жетим экен, жалгыз жашайсыӊ, баланын пайдасы тиет, кємєк кєрсєтсєӊ акын болчудай, ыр жазат экен, – деди. Эми иним, мени жакшылап угуп тур. Мен оорулуу кишимин, болгондо да жугуштуу… сен миӊ гүлүӊдүн бирин жаӊы ачкан жаш баласыӊ. Сени аяймын, болбосо сени ини кылып алганга… Сєзүнүн аягына чыга электе жаӊкы короодо жүргєн орус кемпир эки чыны чай апкелип алдыбызга койду. Алыкул байкем аягына чыга албай калган сєзүн кайра улады. – Ошентип, иним, жалгыз жашаймын, мага ушул кемпир гана кир-когумду жууп, тамак-ашымды даярдап жардам берет. Эрте-кеч караан тутканым ушул байбиче. Иним, келечегиӊ алдыда же акын болорсуӊ же жумушчу болоорсуӊ же башка кесиптин ээси… айтор, жакшы окуп, жакшы жүрсєӊ, єнєрлүү адам жерде калбайт, – деп стол тарткычынан бир чакан китебин алып колтамгасыз эле мага сунду.

Сыртын окусам «Менин жерим – ырдын жери» деген єзүнүн жыйнагы экен, рахмат байке деп ичимден кымылдадым. Жєнєєрүмдє тамынын далисинин бурчунан гезитке оролгон бир нерсени колума карматып жатып: – Бул менин єтүгүм, бир, эки жолу кийгем. Бул єтүктү чоӊ, кичинесине карабай кийип жүр, азыр єтүк мода эмеспи, – деп мээримдүү карап жолума салды. Жолдо келатып мага китеби менен єтүгүн бергенден кєрє мага ырларымды окуттуруп жакшы, жаман жактарын сындап кеӊешин берсе болбойбу. Же акын же жумушчу болоорсуӊ дейт, эмне, менин талантым бардыгына ишенбейби, эмнеси болсо да менин акын болоорума кєзү жетпейт го деп жол бою бушайман болуудамын. Ал кезде мен шаардагы №5 кыргыз орто мектебинде окуп, интернатында жатчумун. Кийим бекер, тамак бекер, мында окуп жаткан балдарга бир гана жакшы билим алуу керек эле. Алыкул байкем берген китеп менен єтүктү балдарга кєрсєтсєм: – Барбалаӊдап мактанба, Алыкул агай китебин єзү берсе, сага арнап колтамгасын кошо бермек, єтүгүн берсе бутуӊа кийгизип кєрүп, чоӊ, кичинесин байкап туруп бермек. Экєєнү теӊ сатып алып, атактуу акын берди деп мактанып жатасыӊ да, – дешип күйбєгєн жеримди күл кылышты.  єтүк бутума кенен келгендиктен бир топ жолдошторум менен кєк базарга алпарып сатып жибердик. Чын эле ал кезде єтүк мода экен, «каны» жерге тамбай каалаган баабызга єтүп кетти. Китебин болсо ар кимибиз бир окуп жүрүп жыртып, эскирттик окшойт, кийин жоготуп жибердим. Акыл-эс жетиле элек чакта Алыкул акындын да, анын берген китеп, єтүгүнүн да барк-кадырын билбептирмин. Барк-кадырын билсем, анда азыркы кездегидей мээм болсо, Алыкул байкемдин ошондо эле улуу акын экенин сезсем эмгиче сактап жүрүп, єтүгү менен китебин єзүнүн музейине єткєрбєйт  белем. Чиркин дүйнє… ал акындын эрте єлєрүн ким билсин. Эми мен алтымышка жакындап ак баш болгондо эсиме келип, єткєнгє єкүнүп жатпаймынбы. Ошентип, мен улуу акынды убагында түшүнбєй, эртерээк кєрүп, кечирээк түшүндүм.

 

П.Казыбаевдин «Мезгил жана Алыкул» (1990-ж.) китебинен кыскартылып алынды.

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*