Эне тил мага кут даарыбай
Куру калып энчи ат єӊ-түстєн,
Баш-учу жок жолдо мал сымал
Космосто мен каӊгып жүрмєкмүн…
Мен билмек эмесмин сүйүүнүн
Дүрт жанып күйєєрүн жүрєктєн –
Деӊиздей бешигим термете
Энекем алдейлей билбесе.
Бул куштар кєктєгү таӊшыган,
Сай-сайда – жамгырдын жазгы ыры,
Жуулган жаш жалбырак жыпары;
Дандырда кызарган ысык нан –
Бүт баарын жүрєккє сыйдыруу
Зор күчүн алмакмын мен кайдан –
Деӊиздей бешигим термете
Энекем алдейлей билбесе.
Бул дүйнє болмокпу эӊ кызык,
Жашоочу? Ыпысык кан-жандай.
Адам – эӊ сүйүктєє, табылгыс,
Жүрєккє бек кысып калгандай.
Кєз ирмем, түбєлүк кошо агып,
Ємүрүм єтмєкпү шашкандай –
Деӊиздей бешигим термете
Энекем алдейлей билбесе.
Которгон
Жолдош Турдубаев
Оставить комментарий