•Туура сүйлєйлү

«Педагогикалыкпы» же «педагогдукпу»?

Грекче «педагогика» – «баланы жетелеп жүрєм, тарбиялайм» деген сєзүнєн алынган (Словарь иностранных слов. М., «Русский язык»,1989). Єсүп келе жаткан муундарды окутуп-үйрєтүү жана тарбиялоо жєнүндєгү педагогика илими орус тилинде «педагог» деген уӊгуга «-ическ» суффиксинин жана «-ий» мүчєсүнүн жардамы менен (Комплексный словарь русского языка. Под ред. А.Н.Тихонова. М., «Русский язык», 2005) түзүлгєн жана тарбия берүү, окутуп-үйрєтүү жєнүндє тутумдуу илим. Ал эми мугалимдин же окутуучунун билими, чеберчилиги жєнүндє сєз кылсак, кыргыз тилинде чаржайыт «педагогикалык чеберчилик», «педагогикалык тажрыйба» деп алынып жүргєндєрдү байкайбыз. Демек, тарбиялоо, окутуу жєнүндє сєз болгондо «педагогикалык илим», «педагогикалык институт», «педагогикалык тутум», ал эми педагогдун чеберчилиги жєнүндє сєз кылганда «педагогдук чеберчилик», «педагогдук устаттык», «педагогдук тажрыйба» деп айырмалап колдонгон туура.

 

Системабы, «системалыкпы» же «тутумдукпу»?

Орус тилиндеги «система» деген сєз гректин «sustema» – «бєлүктєрдєн түзүлгєн бүтүн нерсе» (Словар иностранных слов. М., «Русский язык», 1989, 469-б.) деген сєзүнєн алынган. Демек, кыргыз тилинде бул сєздү соӊку учурларда кєп колдонуп жүргєндєй «систем», «системдик» деп колдонуу туура эмес. Ал сєздєр «система» «системалык» болуп колдонулганы абзел. Мисалы, «педагогикалык система», «башкаруу системасы», «билимдер системасы», «системасыз окутуп-үйрєтүлєт».

Анын үстүнє бул сєздү кыргызча «тутум» деп алуу тарап бара жатат. Биздин оюбузча бул туурараак деп ойлойбуз. Мисалы, «тутумдук администратор», «тутумдук блок» ж.б.

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*