“Чолпон продакшн” киностудиясынын продюсери Бахтияр ТОКТОСУНОВ: “МЕКТЕП ОКУУЧУЛАРЫН МЕКЕНДИ СҮЙҮҮГӨ ҮНДӨДҮК”

Кийинки учурларда тартылган кинолордун баары эле жалаӊ сүйүү жөнүндө болуп, анын дээрлик көпчүлүгү детективдик мүнөздө, курч окуяга байланышып, базардын деӊгээлине ылайыкташып кеткенин тана албасак керек. Ал эми ушундай шартта “Чолпон продакшн” киностудиясы базарга байланбай, мектеп турмушуна кайрылып, жаш өспүрүм балдарга тарбиялык мааниси тереӊ көркөм фильмдерди жаратып келет. Аталган киностудиянын чыгармачыл тобу өткөн жылдары мектеп рэкетин чагылдырган “Миӊ”, окуучулардын мектептеги турмушу аркылуу китепти сүйүүгө үндөгөн “Сүйүү жөнүндө тамаша чыны аралаш”, балдар колониясынын жашоосуна арналган “Үмүт” кинолору менен көрүүчүлөргө жакшы тааныш. Мындан тышкары  кыргыздын түпкү тарыхын баяндаган “Улуу Кыргыз каганаты” аттуу даректүү тасма да азыркы учурда тартылууда. Ошол эле мезгилде бул киностудия быйылкы жайда “Эдельвейс” деген көркөм тасмасын тартып бүттү. Албетте, бул кинонун өзөгү да жогоруда аты аталган кинолордой тарбияга байланышкан. Бул ирет андан да бийик темада –  мекенди сүйүүгө, чыныгы атуул болууга үндөгөн кинону жаратышты. Биз ушуга байланыштуу жаӊы көркөм тасманын продюсери Бахтияр Токтосуновду кепке тарттык.

– Бахтияр Сагынбаевич, эмне үчүн жаӊы тасманын атын “Эдельвейс” койдуӊуздар?

– Бул гүл бийик тоодо, кол жеткис жайда өскөн чыдамкай гүл. Аны тоонун таза, тунук абасында, булганбаган жайды турак кылганы үчүн  тазалыктын, сулуулуктун символу деп алып, ошонун тегерегинде адамдын турмушундагы азыркы көйгөйлөрдү чагылдырдык. Дегинкиси, биздин жаштар ошол гүлдөй таза, бийик, чыдамкай, чымыр болсо деп кыялдандык. Ал эми тагыраак айтсам, Ысык-Көлдөгү Семеновка айылындагы мектептен тышкаркы аскердик багыттагы “Эдельвейс” аттуу спорт клубу биздин идеябызга куп жарашып калды. Ошентип, биздин чыгармачылык топ аталган клубдун балдары аткарып жаткан ишти киного, жалпы элге алып чыкты. Мында алар келечекте аскердик-десанттык топко даярдалышат экен. Бул учурдун талабы эмеспи.

– Кинонун жаратмандары туурасында да айта кетсеӊиз?

– Негизги режиссеру Чолпонбек Бахтияров. Сценарийин да Чолпонбек жазды. Башында режиссер аны аӊгеме кылып жазган экен. Кийин минтип киного айланды. Башкы оператору Айбек Койчубеков. Режиссер-монтажеру Канат Камчыбеков. Ролдорду “Эдельвейс” аскердик  спорт клубунун балдары (мектеп окуучулары), Чолпон-Ата шаарынын ички иштер кызматындагы милиционерлер, жергиликтүү тургундар аткарышты. Буга Улуттук гвардиянын мурдагы жетекчиси Мирбек Имаев да чоӊ салымын кошту. Киного тартылгандар кесиби актер болбогондон кийин Кыргыз, Орус драма театрларынын артисттери барып, алдын ала мастер-класстарды өтүп, даярдап беришти. Башкы ролду 4-класстын окуучусу Абай Жолочуев, мугалимдин ролун “Эдельвейстин” негиздөөчүсү Сагынбек Садыкеев аткарышты. Наркобарондун ролун аталган айылдын  жергиликтүү тургуну Кубанычбек Саякбаев ачып берди.

– Кинонун сюжетин кыскача айтып бербейсизби?

– Абай деген мектеп окуучусу көчөдө баратып бир сулуу кызды көрүп, ашык болуп калат. Бир күнү кыздын артынан ээрчип барса, ал спорт клубуна келет. Анда балдар түрдүү аскердик, спорттук  машыгууларды өткөрүп жаткан болот. Бала муну көрүп, апасына айтып келет. Ошентип, сүйүүнүн аркасы менен бала да көчөдө ойноп жүрбөй, клубга барып, балдар менен кошо машыгып, мыкты чыгат. Бир күнү айыл өкмөтү аларды чөп чабыкка чакырат. Кыскасы, алар чапкан талаадагы чөп жергиликтүү наркобарондун кара куурайы экен. Мына сага, жыландын куйругун басып алышканын балдар кийин түшүнүшөт. Ушунун тегерегинде балдар өз элинин коопсуздугу менен күрөшүп башташат. Мында өспүрүмдөрдүн кулк-мүнөздөрү жакшы берилген. Мындайда мекенчил балдар топтошуп, аларды жеӊип чыгышат. Кинодо жамандык менен жакшылыктын күрөшү берилет. Жакшылап күрөшсөк жаман, терс жоруктагы адамдарды жеӊе алабыз деген бийик пафос бар. Биз эми кечке эле балдарыбызды каракчылыкты даӊазалаган тасмаларга сугара бербей, өз мекенин сүйүүгө үндөп, мектептеги мугалимдердин тарбия ишине жардам берели деп чечтик.

– Каражат жагынан кимдер колдоо көрсөтө алышты?

– Негизги демөөрчүбүз Кайыӊ-ды кант заводунун директору Улан Кожомкулов, “Берекет” соода-комплексинин директору Болот Бегалиев болду. “Тата” коому да кол кабыш кылды. Кино убактысы бир сааттан ашат.

– “Эдельвейс” спорттук клубу жөнүндө дагы эмнелерди айта аласыз?

– Бул клуб балдарды мекенчил болууга даярдайт. Мында машыгып, чымыр денелүү болуп чыккан балдар өз намысы тургай, элди коргогонго да даяр болушат. Буга клубга катышкан 400 баланын азыркы кезде аскердик окуу жайларда билим алып жатышы толук күбө болот. Демек, биз аларды жөн жерден тандаган жокпуз. Совет мезгилинде балдарды патриоттук духта тарбиялоо деген биринчи орунда эмес беле. Биз ошону кайрып берели деп идея таштап жатабыз. Балдар өз элинин намысын ар тараптан коргой алганга жөндөмдүү болушу парз деген ой кинонун негизги өзөгү болот. Ошондуктан бул тасманы мектептерге көрсөтөлү деген оюбуз бар. Буюрса, окуу жылынын башталышы менен балдар өздөрү жөнүндө эӊ идеалдуу кинону көрө алышат.

 Аӊгемелешкен

Майрамбек ТОКТОРОВ, “Кутбилим” 

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*