Камила Талиева шаардык мектептердин салтанатына катышты

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Камила Талиева 3-сентябрда борбордогу №68 мектепте жана эл аралык «Себат» лицейлеринин курамындагы «Айчүрөк» кыздар лицейинде болуп, жаӊы окуу жылына карата өткөрүлгөн салтанаттуу линейкага катышып, окуучуларды мыкты окууга, билим алууда чыдамкай болууга жана элге-журтка кызмат кылайын деген патриоттук сезим менен жашоого чакырды.

«Ар бир жаш жеткинчекке өзүн көрсөтө билүүгө билим гана мүмкүнчүлүк берет. Албетте, билим алуу абдан татаал. Билим алуу үчүн талыкпаган эмгек керек, ал чыдамкайлыкты талап кылат. Мен сиздерге билим ачкычын мектептен алып, билимге сүӊгүп кирип, ошол жерден өзүӊөрдүн ордуӊарды таап, элдин-журттун балдары-кыздары болушуӊарды каалайм, — деди өз сөзүндө Камила Талиева.

Камила Талиева андан аркы сөзүндө Кыргыз өкмөтү балдардын комплекстүү өнүгүшү үчүн алдыга коюлган милдеттерди аткарып жаткандыгын баса белгиледи.

“Милдеттер коюлду, ар бир бала, мейли ал шаарда окуйбу, же айылдабы, билим алууга бирдей мүмкүнчүлүк түзүлүп, чыгармачыл жөндөмүн арттырууга бирдей шарт жаралууга тийиш”, — деди ал.

Мугалимдерге болсо жаш муунга билим берүүдө талбай эмгек кылып келе жаткандарына ыраазычылык билдирип, алдыда өсүп келе жаткан муунга дүйнөлүк стандартка туура келген татыктуу билим берүү милдети тургандыгын баса белгиледи.

Балдар үчүн камкордук күчөтүлөт

Вице-премьер-министр Камила Талиева Жалал-Абад облусундагы бир катар социалдык объектилердин абалы менен таанышты. Бул тууралуу КР өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү кабарлады.

Камила Талиева Жалал-Абад облусуна жасаган иш сапарынын алкагында Комплекстүү реабилитациялык борбордо жаӊы салынып бүткөн үйдү көрдү. Бул имараттын курулушуна 1 млн. 100 миӊ сом бөлүнгөн. 2 кабаттуу имаратта уктоочу, ойноочу бөлмөлөр, окутуу класстары жана мугалимдер үчүн атайын бөлмө бар. Камила Талиева мындай заманбап үлгүдөгү борборлордун пайда болуу тажрыйбасы башка балдар үйлөрүнө да, анын ичинде мектеп, бала бакчалар үчүн да пайдалуу экендигин баса көрсөттү. “Балдар – биздин келечек, бизде болгон бардык асыл нерселерди аларга өткөрүп беришибиз керек. Бүгүн эмне сепсеӊ, эртеӊ ошону аласыӊ. Албетте, мындай борборлор болбосо деп тилээр элем. Балдар өз ата-энелеринин кучагында эркелеп чоӊойсо. Арийне, биз мындай борборлорду ачууга муктаж болуудабыз. Тилекке каршы, кароосуз калган балдардын саны көбөйүп жатат”, — дейт Камила Талиева.

Вице-премьер-министр ошондой эле 1970-жылдарда салынган психоневрологиялык балдар диспансеринде болду. Учурда бул борбордо кайра жасалгалоо жана жаӊы имараттын курулушу күтүлүүдө. Камила Талиева белгилегендей, аталган диспансердин капиталдык курулушу баскычтар менен ишке ашат. Анткен менен, имараттын эскилигине карабай, ал бардык талаптарга жооп берет. Анда атайын машыгуу бөлмөлөрү, тиш дарылоо бөлмөсү, мончо, кир жуучу жай, жайкы жана кышкы уктоочу бөлмөлөр, ванна бар. Имараттын айланасы жашылдандырылган. Балдар медициналык кызматкерлердин камкордугуна алынган.

Бул жердин жашоо-шартын көрүп чыккан Камила Талиева борбордо дарыланып, атайын окуулар менен тарбияланган балдардын чакан сценкасын көрдү. Вице-премьер-министр ала келген белектерин балдарга тапшырды.

Мамлекеттик тилге жаӊы мамиле

Жаӊы окуу жылынан баштап жогорку окуу жайларда милдеттүү түрдө мамлекеттик тил өз алдынча окуу дисциплинасы катары окутулат. Бул туурасында Билим берүү жана илим министрлигинде өткөн жогорку окуу жайлардын жетекчилеринин жыйынында айтылды.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана Кыргыз Республикасында тил саясатын жакшыртуу максатында чыгарган жарлыгын ишке ашыруу максатында Билим берүү жана илим министрлиги атайын буйрук чыгарган.  Буйрукка ылайык жаӊы окуу жылынан баштап студенттер кандай тилдеги мектепти бүткөндүгүнө карабастан, милдеттүү түрдө мамлекеттик жана расмий тилди өз алдынча окуу дисциплинасы катары тегиз окушат. Буга чейин жогорку окуу жайларында кыргыз мектебин бүтүргөн студенттер орус тилин, орус тилинде окугандар кыргыз тилин гана окуп келишкен. Натыйжада мамлекеттик тилди окутуу 11-класстын деӊгээли менен эле чектелип келген.

— Билим берүү тармагында улуттун өзгөчөлүгүн аныктаган Бириккен Улуттар Уюму тарабынан чечмеленип, негизделген үч  предмет бар. Биринчиси, тигил же бул улуттун эне тили, экинчиси, улуттун тарыхы, үчүнчүсү, географиясы. Ушул үч предмет билим берүү тармагында мамлекеттүүлүктүн өзгөчөлүктөрүн аныктаган эӊ негизги окуу предметтери катары бүткүл дүйнөгө таанылган. Ушул багыттан алып караганда бизде азаттыкка чыккандан кийин мамлекеттик тилге орчундуу мамиле берилип, “Мамлекеттик тил жөнүндө” мыйзам кабыл алынган. Ошол мыйзамдын негизинде биз иштеп келе жатабыз. Бирок андагы кемчиликтер бүгүн ачыкка чыкты, — дейт билим берүү жана илим министринин орун басары Назаркул Ишекеев.

Бул буйруктун кабыл алынышы менен эми жогорку окуу жайлардын 1-2-курсунун студенттери кыргыз, орус тилин бирдей окушат. Жогорку билим берүү стандартында кыргыз тили 240 саат, орус тили 240 саат болуп киргизилип, эч кандай сааттар кыскартылган жок.

— Эч ким тынчсызданбай эле койсо болот. Себеби биз бир дагы багыттын, бир дагы адистиктин саатына тийген жокпуз. Эми болгону  бул буйрукту аткарууда ЖОЖ проректорлору, окутуучулары түшүнүү менен мамиле кылып, ошол эле мезгилде патриоттуулук сезим менен кабыл алат деген ишенич дагы, үмүт дагы зор. Профессор-окумуштууларда чоӊ милдет турат. Биздин алдыбызга коюлуп жаткан эӊ башкы маселе — билим берүү программаларын өзгөртүү зарыл, — дейт министрдин орун басары. — Ошол эле химик, математик, физик, юристтин, мал догдурдун кесибине, багытына ылайыкташтырып билим берүү керек. Бул багытта баардыгыбыз абдан чоӊ чыгармачылык менен иштеп, жакшы жыйынтыктарды чыгарышыбыз мезгил талабы болуп турат, бул биринчи. Экинчи жагы, окутуунун тактикасын, технологиясын өркүндөтүү зарыл. Азыркы мезгилдеги интерактивдүү усулга, инновациялык технологияга таянып окутуу керек. 11 жыл кыргыз тилин окуттук, эми дагы 2 жыл окутабыз деп жатабыз, бирок ага карабастан мамлекеттик тилди билбегендер көп.

Жетекчинин айтымында, эми буга мугалимдер жооп бериши керек. Бул ар бир окутуучу, профессордун, кыргыз интеллигенциясынын жоопкерчилиги болуп саналат. Муну ар бири сезип, патриоттуулук менен мамиле кылышы керек. Андыктан окутуунун технологиясына жаӊыча маани берип, тилди үйрөтүү боюнча дүйнөлүк практиканы пайдаланып, алардын технологиясын кыргыз тилине ылайыкташтырып, ыӊгайлаштырып иштөө абзел. Англис, чыгыш тилдерин 1-2 айда кандай үйрөнүп кетип жатышса, кыргыз тилин дагы кыска мөөнөттө үйрөтүүгө жетишүү керек.

Албетте, буйрукту аткарууда бир катар маселелер жаралбай койбойт. Алардын эӊ орчундуусу окуу китептери болуп эсептелет. Китеп маселесин чечүүдө профессор-окумуштуулардын күчү, эмгеги талап кылынат. Жогорку окуу жайлары дагы четте калбашы керек. өлкө башчысы А.Атамбаевдин жарлыгында бул багытка карала турган акча каражаты дагы чечилген. Болгону бул жарлыкты, буйрукту аткарууда акча каражатын үнөмдүү, багыттуу, максаттуу пайдаланып, кыска мөөнөттө жогорку ийгиликтерге жетишүү зарыл.

 Чолпон Кийизбаева, “Кутбилим”

Окутуунун жана тарбиялоонун биримдиги — билим берүү системасын реформалоонун артыкчылыктуу багыты

Ысык-Көл районунун Август кеӊешмесинин катышуучуларынын республиканын бардык мугалимдерине кайрылуусу

Урматтуу кесиптештер!!!

Замандын ыргагына жараша турмушту, маданиятты, ички дүйнөнү жаӊылоону бардык доор талап кылып келген. Азыр да ошол көз караштардан тайбай, коомдун жаӊы адамын, жаӊыланууга шайкеш келген келечек муунду тарбиялоо — биздин негизги милдетибиз экенин унутпоо зарыл.

Эӊ башкысы, мекенибиздин алга жылышына жакшы шарттардын, өбөлгөлөрдүн  түзүлүшүнө, адам факторунун, анын ресурстарынын калыптанышына зор салымыбызды кошууну мезгил талап кылып жатат.  Жакшы окутуу менен катар тартиптүү адамды, анын аӊ сезимин өз мекенинин экономикасынын өсүшүнө үлүшүн кошо ала турган инсанды  тарбиялоону доор бизден күтүп жатат.

Биз, мугалимдер, өз кадамыбызды максаттуу, заманга үндөш арыштап, жаӊыча  көз караш менен күжүрмөн эмгегибизди жаӊы муунду жаратууга арноо — бүгүнкү күндүн эӊ башкы милдети деп билели.

Ата-эненин да, мекенибиздин да тилеги эртеӊ бизди татыктуу алмаштыра турган келечектин ээлерин тарбиялайт деген ишенимин актоого аракеттенели.

Кандай гана бороон-чапкын, кандай гана маанайыбыз болбосун, мугалимдик жаркын мүнөз менен билимдүүлүктү, токтоолукту, сабырдуулукту, чыдамкайлыкты сактай билген мүнөзүбүздү балдарга жеткирип, турмушта кажыбас кайраттуу болууга үйрөтөлү.

Улуу-кичүүнү сыйлай билген, инсандык бийик парасаттарды сактай билген, улутубуздун улуу мурастарын барктай алган, кооз жаратылышыбызга аяр мамиле жасай алган мекенчил–патриотторун тарбиялоого күч аракетибизди арнайлы.

Биз окутуп, тарбиялаган баланын, окуучунун сезимине келечек — айылыӊар, аймагыӊар, көлүӊөр, тоолор, мекениӊер — силердики деген бекем ойду калыптандыралы.

Урматтуу мугалимдер!!!

Биздин атыбыз да затыбыз да бийик экенин унутпастан, билимибизди, маданиятыбызды арттыруудан талбайлы.

Мекен үчүн иштеп, анын чабал эмес бекем болушу үчүн күч аракетибизди, кайратман эмгегибизди жумшай билели.

(Кайрылуу Ысык-Көл районунyн мугалимдеринин Август кеӊешмесинде кабыл алынды).  

 23-август, 2013-жыл, Чолпон-Ата шаары

Россиядагы мекендештерибиз мектептерге жардам берүүдө

Москвадагы “ОООА-Мир” ишканасынын башкы директору Мамыров Бакыт Аламүдүн районуна караштуу Чоӊ-Таш айылындагы Сүймөнкул Чокморов атындагы орто мектепке  бир  миӊ АКШ доллары эсебинде  компьютерлерди, спорт буюмдарын белекке берген. Мындан тышкары спорт аянтын оӊдоо үчүн 20 миӊ сом жардам көрсөткөн. Бул туурасында редакцияга  Сүймөнкул Чокморовдун бир тууганы Сүйөркул Чокморов  билдирди.

— Аталган ишкана ошондой эле Бишкек шаарындагы №58 мектепке, “Тамаша-Шоу” тобуна, үч бала бакчага жардам көрсөтүп, өз атуулдук милдеттерин аткарышууда. Орто-Сайдагы мечитке да бир кыргыз боз үйүн тартуулады. Сыртта жүргөн атуулдарыбыздын өз мекендештерин колдоп жатышы эӊ кубанарлык көрүнүш. Ушуну гезит бети аркылуу элге кабарлап коелу дедик, — дейт Сүйөркул Чокморов. Эмне демекчибиз, жаштарыбыз өз мекенине кол кабыш кылып жатканын угуп биз да кубандык. Эмесе, Бакыт Мамыровдой инсандарыбыздын катары көбөйө берсин демекчибиз.

 М.Токторов, “Кутбилим” 

Бакай-Аталык өспүрүмдөргө өзгөчө белек

Бакай-Ата районунун борборундагы өспүрүмдөрдүн спорт мектебинин жаш спортчулары жаӊы күрөш залында машыга башташты. Балдар көптөн бери курсант болуп келген күрөш залы грек-рим күрөшү боюнча КР эмгек сиӊирген тренери Абдыманап Сапаралиевдин окуучуларынын демилгеси менен курулган. Күрөш залына жердештери бакай-аталык Аман Ачековдун ысмын бир добуштан ыйгарышты.

Аталган залдын курулушуна 2 200 000 сом сарпталып, негизинен демөөрчүлөрдүн салымы зор. Алардын катарына Нурбол жана Самат Шырдаковдор, Миргазы Оморов, Нияз Садырбеков, Ислан Ачеков, Айдар Турумбеков сыяктуу спорт мектебинин мурдагы тарбиялануучуларын кошууга болот. Алар эскилиги жеткен имаратты толугу менен ремонттошуп, спорт инвентарлары менен жабдышты.

 Өз маалыматыбыз

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*