КМУ менен ОшМУ бөбөктөргө бакыт тартуулашат

Быйыл жаӊы окуу жылында И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин жана Ош мамлекеттик университетинин алдында эки бала бакча ачылат.

И.Арабаев атындагы КМУнун алдында ачылып жаткан бала бакча мектепке чейинки билим берүүчү заманбап инновациялык бала бакча болот. Ал жакта балдар башка бала бакчалардагыдай эртеден кечке оюн менен алаксып, түшкүсүн уктабай, мектепке чейинки даярдыктан өтүшөт. 

– Биздин биринчи максат – ачылып жаткан жаӊы бала бакчаны традициялуу бала бакчалардан өзгөчөлөнтүп, инновациялык билим берүүчү мекеме кылуу болуп саналат. Ал жакта балдарга башкача методика менен сабак өтүлүп, тарбиялоо башкача жол менен жүргүзүлөт. Ал үчүн биз европалык, америкалык, азиялык  мектепке чейинки билим берүү системасын, методикаларын, ПИЗА сынагында алдыӊкы орундарда турган Сингапур, Таиланд, Финляндия, Американын билим берүү системасынын аналогдорун карап жатабыз, – дейт окуу жайдын ректору Төлөбек Абдрахманов.

Жаӊы методикаларды өздөштүрүүүчүн окуу жай жетекчилиги “Роза Отунбаеванын демилгеси» фонду менен тыгыз кызматташууда. Натыйжада университеттин мектепке чейинки билим берүү кафедрасынын башчысы Токон Орусбаева фонддун чакыруусу менен Түркияга барып, ал жактын мектепке чейинки билим берүү системасы менен таанышып, тажрыйба топтоп келген.

– Былтыр Роза Отунбаева атайын биздин окуу жайга Монтессори  педагогикасы боюнча адистерди алып келип, лекция окутуп, семинар өткөргөн. Бала бакчадагы тарбиялоо процессинде Монтессори педагогикасы дагы пайдаланылат. Кыскасы, ал инновациялык багыттагы билим берүү борбору болуп, формасы дагы, балдардын келиши дагы башкача болот, – дейт ректор.

Бул бала бакчага балдар эртеден кечке болуп, тамак ичип, укташ үчүн эмес билим алыш үчүн келишет. Алар ар кандай өнүктүрүүчү, билим берүүчү оюндар аркылуу окутулат. Тарбиялануучуларга бир маал жеӊил тамак берилет. Төлөмү болсо анчалык жогорку суммада эмес. Коомдун социалдык абалы да эске алынган. Төлөм эки деӊгээлде жүргүзүлөт. Биринчисинде ата-эне толук кандуу акы төлөсө, экинчисинде, ата-эненин социалдык абалы эске алынып, 30%дан 50%га чейинки жеӊилдик берилет. Жашоо-шарты начар үй-бүлөлөрдүн балдарын окутуу үчүн кете турган чыгымдарды көтөрө турган демөөрчүлөр дагы табылган. “Прогрессивдүү жаштар” уюму, “Адеп башаты”, “Ассанабиль” фонддору балдарга камкордук көрүүгө даяр экендиктерин билдиришкен. Университеттин ректорунун фондунун эсебинен дагы эки балага жардам көрсөтүлөт. 

Бул бала бакча жаӊы нукта иштей тургандыктан алгач 20-25 бала гана кабыл алынат. Эгерде алдыга коюлган үмүт акталса, ошол эле  корпустун 2-кабаты дагы бала бакчага айланат. Бала бакча окуу жайдын 10-кичирайондо жайгашкан 3-корпусунун 1-кабатында ачылат. Аны ачууга жана ремонт иштерине «Себат» билим берүү мекемеси демөөрчүлүк кылууда. Бул мекеме бала бакчаны эмеректер менен жабдып, окутууга керектүү каражаттардын баардыгын алып берип, камкордукка алат.  

Окуу жай жетекчилигинин айтымында, бул бала бакчанын ачылышы менен коомдогу бир катар маселелер чечилет. Биринчиден, аз болсо да мектепке тартылбай калган 20-25 бала мектепке чейинки даярдыктан өтөт. Борбор өзгөчө жаӊы конуштардагы мектепке тартылбай калган балдарды ата-энелери менен биргеликте окутуу максатын дагы көздөйт. Экинчи багыты – билим берүү болуп саналат. Борбордо мектепке чейинки даярдык боюнча жаӊы инновациялык методикалар иштелип чыгып, ал ушул эле жерден апробациядан өтүп, таркатылууга тийиш. Үчүнчү багыты – окуу жайдын окутуучулары, студенттери үчүн эксперименталдык база болуп берет.

– Бул жер биздин мугалимдер, студенттер үчүн лаборатория болот. Мектепке чейинки билим берүү адистигинде окуп жаткан студенттер күнүгө бала бакчадан практикадан өтүшөт, өздөрү окушат, балдар менен иштешет, кыскасы, теориялык алган билимин практика менен айкалыштырышат, – дейт Т.Абдрахманов.

Ош мамлекеттик университетинин алдындагы ачылып жаткан “Нурбилим” мектепке чейинки билим берүү борбору дагы  ушундай эле максатты көздөйт. Борборду уюштуруу “Роза Отунбаеванын демилгелери” Эл аралык коомдук фонду тарабынан колдоого алынган. Бул мекеме дагы балдарды окутууда Европа, КМШ өлкөлөрүндө кеӊири жайылган Мантессори педагогикасына басым коюу, алдыӊкы ыкмаларды колдонууда тажрыйба топтоо максатында “Роза Отунбаеванын демилгелери” Эл аралык коомдук фондунун колдоосу менен Түркия, Казакстан өлкөлөрүнө  барып келишкен.

– Борбордо мектеп жашына чейинки балдарды денеси, психикалык, социалдык жана интеллектуалдык  жактан мектепке даярдоодо улуттук-элдик педагогиканын балдарга таалим-тарбия берүүдөгү алдыӊкы үлгүлөрүн изденүү, пайдалануу жана жайылтууга да өзгөчө көӊүл бурулат. Борбордун тарбиячыларына Мантессори педагогикасы боюнча атайын билим берүү максатында тренинг-семинарларды уюштуруу зарыл. Учурда түркиялык жана россиялык кесиптештердин бизге келип, тарбиячылар үчүн тренинг-семинарларды уюштуруп берүү маселесин карап жатабыз, – дейт окуу жайдын ректору Каныбек Исаков.

Жетекчинин айтымында, мекеменин “мектепке чейинки билим берүү борбору” деп аталышы балдарды кароо, алардын өмүрүн коргоо жана билим берүү менен чектелбестен, ар бир баланын чыгармачылык-талантын өркүндөтүү максаты менен байланышкан. Анткени мектепке чейинки куракта баланын жекече шык-жөндөмү, алгачкы өз алдынчалык, эркиндикке умтулуу, өзүн-өзү таанып билүү, балдар менен мамиле түзө билүү сыяктуу инсандык сапаттары калыптана баштайт.

Бул борбор дагы балдарды гана эмес ата-энелерди да окутат. Анткени бүгүнкү күндөгүөзгөрүлмө заманда болуп жаткан окуялар, таркатылып жаткан керектүү дагы, керексиз дагы маалыматтар балдарга, алардын өсүп-өнүгүшүнө терс таасирин тийгизүүдө.

– Кадрларды окутуунун жаӊы эл аралык программалары менен технологияларын ишке ашыруу зарыл. Анткени азыркы күндө тарбиячылар балдар психологиясы менен мектепке чейинки педагогиканы жакшы өздөштүрүүсү абзел. Ошондуктан тарбиячыларга балдарды эле эмес, алардын ата-энелерин да окутууга туура келет. Андан сырткары бала бакчаларда балдарды мектепке даярдоонун негизи катары кыргыз тилин үйрөтүүнүн механизмдерин иштеп чыгуу зарыл. өзгөчө оюн ыкмаларын колдонуу аркылуу балдарды тилдик, психикалык, социалдык жактан өнүктүрүүгө көӊүл буруу керек. Анткени атайын адистер далилдегендей, 3-7 куракта баланын ар кандай тилди кабыл алуу, өздөштүрүү мүмкүнчүлүгү жогору болот, – дейт борбордун директору, педагогика илимдеринин кандидаты Умурбекова Токтайым.

Ч.Кийизбаева

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*