“Мектепке кабыл алууда мыйзамсыз акча чогултууларга Ата-энелер каршы турушу керек”

 

“Министрлик балдарды 1-класска кабыл алууда  ата-энелерден акча чогултууну токтотуу боюнча буйрук чыгарган. Бирок ага карабастан айрым мектептерде милдеттүү түрдө акча чогултулуп жатканы тууралуу арыздар түшүүдө. Бул мыйзамга туура келбейт. Бир дагы баланын укугу тебеленбеши керек. Учурда түшкөн арыздар боюнча текшерүүлөр жүрүп жатат жана акча талап кылган мектеп жетекчилигине катуу чара көрүлөт», – деди билим берүү жана илим министри Канат Садыков 22-августта министрликте өткөн коллегияда.

 

Министр өз сөзүндө мындай мыйзамсыз көрүнүш Бишкектеги элиталык мектептерде орун алып жаткандыгын айтып, ага бөгөт коюуда ата-энелерди дагы жардамдашууга чакырды. Себеби эки миӊден ашуун мектептин баарын жалгыз министрлик көзөмөлдөй албайт. Андан сырткары Канат Садыков дагы бир жолу бардык мектеп директорлоруна, шаардык, райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн (башкармалыктарынын) жетекчилерине катуу эскертүү берилерин билдирди: – “Ички миграциянын кесепетинен көбүнчө ата-энелер балдарын мектепке киргизе албай убара болушууда. Айрым балдардын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок болсо, дагы бирлери кандайдыр бир себептер менен мектепке кире албай кыйналышууда. Ошондуктан мектеп директорлору ата-энелерге түшүнүү менен мамиле кылып, балдарды билим алуу укугунан ажыратпашы керек”.  

 

Жаӊы окуу жылына мектептер даяр

 

Быйыл республика боюнча жаӊы курулган 22 мектеп окуучуларга эшигин ачат. Ал эми ушул жылдын аягына чейин 44 мектеп жана бир бала бакча колдонууга берилет.

 

Жалпысынан республикада бир миллион окуучуга билим берип жаткан 2204 жалпы билим берүүчү мектеп бар. Анын 269 мамлекеттик болсо, 60 жеке менчик жана 1875 муниципалдык мектеп. 819 бала бакчада 115812 бала тарбияланууда. Кыргызстанда 1-сентябрда 100 миӊден ашуун бала 1-класска барат. Быйыл бала бакчага барбаган 71479 бала 240 сааттык даярдоо программасы менен камтылган. Мектепке чейинки билим берүү программасы боюнча окутууга жамааттык бала бакчаларда – 2858 бала, мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын даярдоо топторунда – 22004 бала, мектептен тышкаркы билим берүү уюмдарында – 4862 бала, ата-энелердин өздөрүнүн каражаттары аркылуу каржыланган мектептердеги бир жылдык программа менен окутууга орточо бир миӊден ашуун бала тартылган. Жалпысынан мектепке чейинки билим берүү программалары менен беш жаштан сегиз жашка чейин 102193 бала окутулуп, ал 100,2%ды түздү.

 

Алар үчүн жазгы жана жайкы убакта атайы класстар ачылып, биринчи класска баруу үчүн атайын даярдыктан өтүштү. Аталган программаны ишке ашыруу үчүн каражат билим берүү тутумундагы окуу пландардын кыскартылышынан үнөмдөлгөн.

 

Бала бакчага барбаган балдарды мектепке даярдоо үчүн 240 сааттык программа Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан иштелип чыккан. Ал И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин жана Кыргыз билим берүү академиясынын Окумуштуулар кеӊешинде бекитилген. 3,2 миӊден ашуун башталгыч класстын мугалимдери бул программа боюнча окуудан өтүшкөн.

 

Бала бакча жетишпейт

 

 

 

Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына таянсак, республикада 1,5 жаштан алты жашка чейинки куракта  715 миӊ бала бар. Алардын 647 миӊи бала бакчага муктаж. Тактап айтканда, республикада балдарды бала бакча менен камсыз кылуу 15,3% түзөт.  өзгөчө айыл жериндеги жана социалдык жактан аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары мектепке чейинки билим алуу укугунан ажыроодо. Ошондуктан өкмөт тарабынан Советтер Союзу таркагандан кийин башка максатта пайдаланылып кеткен 559 бала бакчаны кайтарып алуу үчүн атайын Токтом кабыл алынган. Учурда бул токтомдун негизинде бала бакчларды кайтарып алуу үчүн атайын комиссия түлүп, иштөөдө

 

Учурда бала бакчага болгон таӊсыктыкты жоюу максатында көптөгөн мектептерде дагы бала бакчалар ачылууда. Мисалы, Чүй өрөөнүндө, Ат-Башыда, Сүлүктүдө мектептин имаратында бала бакчалар ачылган.  Быйылкы окуу жылында И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде жана Ош мамлекеттик университетинде бала бакча ачылууда. Ал жакта биринчиден, ондогон балдар бала бакчага бара башташса, экинчиден, ондогон жумуш орундары пайда болот. Үчүнчүдөн, окуу жайларда мектепке чейинки билим берүү адистигинде окуп жаткан студенттер үчүн практикалык лаборатория түзүлөт.  

 

Окууга тартылбай калган балдар

 

 Кыргызстанда мектеп жашындагы 1 миӊ 126 бала окууга тартылбай калган. Андан сырткары республикада 15 миӊ мүмкүнчүлүгү чектелген бала бар. Анын 6800 ден соолугуна байланыштуу окуй албаса, 4500 – мектептерде, 2700 – атайын мекемелерде, ал эми 1 миӊи үйүндө окуйт.

 

Билим берүү жана илим министрлигинин Мектепке чейинки, мектепте жана мектептен сырткаркы билим берүү башкармалыгынын башчысы Марат Үсөналиев билдиргендей, укук коргоо органдары менен биргеликте медреселерде жүргүзүлгөн текшерүүлөрдө 2353 жашы жете элек бала жалпы 9 жылдык билим албагандыгы аныкталган.

 

Билим берүү жана илим министри Канат Садыков КР Конституциясында ар бир бала 9-класска чейин милдеттүү түрдө жалпы билим алышы керек экендиги ачык-айкын жазылып тургандыгына байланыштуу, медреселерде жалпы билим албай жүргөн балдардын укугу бузулуп жаткандыгын жана бул маселеде ата-энелердин өздөрүн жоопкерчиликке тартуу керектигин баса белгиледи.

 

Учурда мектепке тартылбай калган балдарды кайра кайтаруу үчүн Билим берүү жана илим министрлиги Ички иштер министрлиги,  жергиликтүүөзүн-өзү башкаруу уюмдары, социалдык кызматкерлер жана ата-энелер менен биргеликте иш алып барууда.

 

 Мугалимдер дагы эле тартыш

 

 Учурда республика боюнча мектептерде 2319 мугалим жетишпейт. Мугалимдер жетишпеген мектептерге быйыл жогорку окуу жайын бүтүргөн 1902 бүтүрүүчү бөлүндү. Эгерде алардын баардыгы бөлүнгөн мектептерге барып иштешсе, анда болгону 417 мугалим жетишсиз болот. Бирок мамлекеттик бөлүштүрүү менен барган бүтүрүүчүлөрдүн баардыгы мектепке барып иштеп кетет деген кепилдикти эч ким бере албайт.

 

 

 

Область 2012-2013-жылдагы бардык мугалимдер 15.08.2013-жылга карата мугалимдерге болгон талап
Баткен 7 255 207
Жалал-Абад 15 404 476
Ысык-Көл 6 960 157
Нарын 5 818 20
Ош 17 402 250
Талас 3 928 61
Чүй 9 085 809
Бишкек шаары 5 906 155
Ош шаары 2 944 184
Республика боюнча 74 890 2 319

 

  Жалпысынан республикада 74 миӊден ашуун мугалим эмгектенет.  Жыл сайын жогорку окуу жайларынан 5 миӊдей жаш мугалим бүтүп чыгат. Бирок алардын баардыгы өз кесиби боюнча иштеп кетпейт. Себеби биринчиден, мугалимдин айлыгы өтө эле аз болсо, экинчиден, мугалимдин бедели абдан төмөн. Алар мамлекет тарабынан социалдык жактан камкордукка алынбайт.   

 

Коллегия мүчөлөрү тарабынан өзгөчө музыка жана сүрөт сабактарынан мугалимдер жетишсиз болуп жаткандыгы жана дал ушул сабактардын сааты аз болгондуктан, мугалимдер мектепке барбай жаткандыгы айтылды.

 

 Август кеӊешмелеринде тарбия маселесине көӊүл бурулууда

 

 Жылда өткөрүлүп келген мугалимдердин Август кеӊешмелери быйыл дагы эки этапта өтүүдө. Биринчи этабы билим берүү ишмердүүлүгү жана окуу дисциплиналары боюнча өтсө, экинчи этабы мугалимдердин жана билим берүү кызматкерлеринин областтык (шаардык) конференциялары менен коштолуп, ага 23 миӊден ашуун мугалим катышууда. 

 

Коллегияда министр дал ушул Август кеӊешмелеринде тарбия маселесине көбүрөөк басым жасалып жаткандыгына токтолуп өттү. Анын айтымында, баланы тарбиялоодо бардык түйшүктү мектепке, мугалимге жүктөп салбай, ата-энелер өздөрү дагы катышууга тийиш. Себеби тарбия ар тараптан болбосо жалгыз мектеп, мугалим балага толук кандуу тарбия бере албайт.

 

– Былтыркы окуу жылында мектептерде болгон кайгылуу окуялардын кайрадан кайталанбашы үчүн ата-эне – мектеп – коомчулук биргелешип иш алып баруулары зарыл. Ошондуктан баланын коопсуздугуна жеке мугалим, мектеп гана эмес ата-энелердин дагы жоопкерчилигин мыйзамдуу түрдө Конституцияга киргизүү керек. Мисалы, Тажикстанда кечки саат ондон кийин көчөдө мектеп жашындагы балдар басып жүрсө, алардын ата-энелери мыйзамдуу түрдө жооп берет. Мектепке барбай медреселерде окуган балдардын дагы ата-энелери жоопко тартылат. Ошондуктан биз дагы Август кеӊешмелеринде тартип жагына басым жасоого аракет кылып жатабыз, – дейт Канат Жалилович.

 

 Окуу китептери жаӊыртылат

 

 Жаӊы окуу жылына карата  окуучуларды китеп менен камсыздоо 70,1% түзөт. 5-11-класстардын окуучуларын окуу китептери менен толук камсыз кылуу үчүн 3,4 миллиондон ашуун окуу китептери керектелет:

 

– 1726086 нуска окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн мектептер үчүн;

 

– 515334 нуска  окутуу өзбек тилинде жүргүзүлгөн мектептер үчүн;

 

– 1206199 нуска окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн мектептер үчүн;

 

– 23 441 нуска окутуу тажик тилинде жүргүзүлгөн мектептер үчүн.

 

2013-жылы орус тили жана окуу предмети боюнча 90000 нускадагы окуу китептери таркатылган. Азыркы учурда 2-класстарга үч предмет боюнча 461600 нускада окуу китептери көбөйтүлүп, 3-класстын окуу куралдары сыноодон өткөрүлүүдө. Бекитилген бул окуу китептерин басып чыгаруу үчүн тендер жарыяланган. Быйылкы окуу жылында 4-класстардын окуу китептери сыноодон өткөрүлөт. Эгерде Бүткүл дүйнөлүк банк тарабынан каржылык колдоо көрсөтүлсө, 3-4-класстын окуу китептери көбөйтүлүп, 5-6-класстардын окуу китептерин түзүп чыгууга сынак жарыяланат. 

 

2011-2012-жылдары  жалпы билим берүүчү мектептерге жаӊы стандарт киргизилгендигине байланыштуу окуу китептерин жаӊыртуу талап кылынууда. 10 жыл ичинде  толугу менен 12,5 млн. нускада окуу китептери жаӊыртылууга тийиш. Бүгүнкү күнү жаӊы стандартка ылайык китепкана фондусунда 1110350 нуска окуу китептери бар.

 

 Башталгыч класстардын окуучуларын тамак менен камсыз кылууну уюштуруу

 

 Республикада 1-4-класска чейин 300 миӊ бала окуйт. Алардын шашке тамагы үчүн республикалык бюджеттен 450 млн. сом бөлүнгөн. Бишкек  жана Ош шаарларынын жергиликтүү бюджетинен кошумча 100 миӊ сом каралган.

 

Учурда Кыргыз Республикасынын өкмөтү жана Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан окуучулардын шашке тамагын жаӊы деӊгээлге чыгаруу үчүн аракеттер көрүлүүдө. БУУнун Дүйнөлүк Соода-сатык программасы менен биргеликте балдардын шашке тамагын сапаттуу кылуу максатында атайын 59 мектеп пилоттук түрдө тандалып алынып, учурда эксперимент жүргүзүлүүдө.  

 

өткөн окуу жылында окуучулардын тамак-ашын уюштурууда бир катар кемчиликтер орун алган. Ашканалардын материалдык-техникалык базасынын жетишсиздиги (ашкана эмеректери, ашкана жана муздаткыч жабдыктары, идиш-аяктар ж.б.), таза суу менен камсыз болушу, мектептин штаттык жүгүртмөсүнө ашпозчунун, ашканадагы жумушчулардын, медайымдардын кызматтык бирдиктеринин киргизилбегендиги. Быйыл мындай  кемчиликтерди жоюу үчүн аракеттер көрүлүүдө.

 

 Балдар үчүн көрүлгөн камкордук

 

 Кыргызстанда быйыл мамлекеттик жатак мекемелердеги 1 миӊ 145 бала үчүн жайкы эс алуу уюштурулган. “2013-жылы балдар жана өспүрүмдөрдүн жайкы эс алуусун уюштуруу боюнча чаралар тууралуу” буйругуна ылайык, мамлекеттик бюджеттен 5 млн. сом бөлүнгөн.

 

М.Үсөналиев белгилегендей, жергиликтүүөз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте республиканын 450 мектебинде 25 миӊ 950 окуучу үчүн бир жолку тамактануусу менен жайкы эс алуу уюштурулган. Ал каражат жетим жана жарым жетим, социалдык жактан аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарын эс алдырууга жумшалган.

 

 Курулуш, ремонт иштери

 

 Учурда бардык мектептерде ремонт иштери аяктап, алар 1-сентябрда окуучуларга эшигин ачууга даяр. Быйыл мектептердин ремонт иштерине республикалык бюджеттен 100,0 млн. сом бөлүнүп берилген. 2013-жылы каржылоонун ар кайсы булактарынан алынган каражаттын эсебинен 125 мектеп жана 20,5 миӊ окуучуга ылайыкташтырылган мектептерде кошумча имараттар салынууда. Аталган курулуштарга республикалык бюджеттен 789,7 млн. сом бөлүнгөн. Ал каражаттын эсебинен 78 обьектиде, ошондой эле Түркия мамлекети тарабынан берилген 1,5 млрд. сом көлөмүндөгү  насыялардын эсебинен 47 обьектиде курулуш иштери жүргүзүлүүдө.

 

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*