Президент Алмазбек Атамбаев 26-августта билим берүү жана илим министри Канат Садыковду кабыл алды

Республика башчысы окутуучуларга эмгек акысын өз убагында берүүнү, окуучуларды бардык зарыл материалдар менен камсыз кылууну тапшырды.

Ошондой эле жолугушууда жогорку билим берүү тутумун реформалоо маселеси да каралды.

Министр Канат Садыков жаӊы 2013-2014-окуу жылында республиканын жалпы орто билим берүү тутумунда 1 млн. окуучуну камтыган 2204 жалпы билим берүүчү мектеп, ошондой эле 115 812 баланы камтыган 819 мектепке чейинки уюм иштей тургандыгын билдирди.

Билим  берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*