Эне тилдин зоболосун көтөргөн агай-эжейлер

1-218-сентябрда Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча  улуттук комиссиянын Жыйындар залында мамлекеттик тилдеги мыкты иштелмелердин республикалык сынагында өзгөчөлөнгөн чыгармачыл мугалимдерге сыйлыктарды тапшыруу аземи болуп өттү.

Бул ирет үчүнчү жолу өтүп жаткан жалпы республикалык сынакты агартуу тармагынын жарчысы “Кутбилим” газетасы менен Президентке караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия, ошондой эле Миграция, эмгек жана жаштар министрлиги уюштуруп, аны өлкөбүздүн №1 байланыш оператору – MegaCom компаниясы колдоого алды.

Жеӊүүчүлөрдүн арасында айтылуу №5 Улуттук компьютердик гимназиянын алдыӊкы мугалими Гүлүмкан Асанкадырова, Ноокат районунан Улуу-Тоо толук эмес орто мектебинин директору Абдиназар Эргешов, карасуулук жаӊычыл мугалимдер Замира Атакулова менен Назира Шайлиева, ысыккөлдүк жана нарындык жаш педагогдор Мирбек Дюшембиев жана Кенжегүл Бектемирова, Талас областтык чет тилдер багытындагы лицейдин тажрыйбалуу мугалими Ашыккал Тагайматова бар.

Сынакта алдыга чыккан эне тилдин эр-азаматтарын татыктуу жеӊиши менен Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Эгемберди Эрматов, “Кутбилим” газетасынын башкы редактору Кубат Чекиров, Миграция, эмгек жана жаштар министрлигинин статс-катчысы Нурлан Досалиев жана MegaCom компаниясынын өкүлдөрү куттукташты.

Төмөндө чыгармачыл таймашта жылдызы жанган агай-эжейлердин салтанаттан алган таасирлери менен тааныштырабыз.

Гүлүмкан Асанкадырова, сынактын жеӊүүчүсү, Бишкек шаарындагы №5 Улуттук компьютердик гимназиянын башталгыч класстар мугалими, «Кыргыз тили» төш белгисинин ээси:

— Мен бул сынакка «Дүйнөдө баарынан эне ыйык» деген темадагы тарбиялык сааттын иштелмесин даярдап катыштым.  Анткени көп жылдык педагогикалык тажрыйбамда энеси тарбиялуу балдар менен иштөө жеӊилдигин, энеси көркөм сөзгө чебер окуучулардын тили да жатык,таза жана  бай болорун байкап, педагог катары, эне тили эненин бешик ырынан башталарына, энени урматтаганыбыз тилди кадырлаганыбызга барабар экенине бекем ишенип жүрдүм. Тилекке каршы, ушул түбөлүк байланышты дайым эле туя бербейбиз. Ян Амос Коменский баш болгон улуу педагогдорду караӊыздар. Алардын баары кичинекей баланын эӊ биринчи таалим булагы деп – Энелер мектебин эсептешкен. Биз да ушуга астейдил көӊүл бурушубуз керек. Энелер баланын таалим-тарбия алуусундагы биздин эӊ биринчи жардамчыларыбыз. Биз, педагогдор, аларга зарыл билим, багыт берип, педагогикалык максаттарга жетибүүздө энелердин иштиктүү жардамына таянышыбыз зарыл.

Мирбек Дюшембиев, Түп районундагы №14 Өмүр баатыр атындагы орто мектебинин директорунун тарбия иштери боюнча орун басары, Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын Ардак грамотасынын ээси:

— Мен бул сынакта экинчи жолу жеӊүүчү болуп отурам. Өткөн жылы Жаштар министрлигинин Ардак грамотасы менен сыйлангам. Ошол сыйлык мага чоӊ дем берди. Дагы өзүмдү сынап көргүм келди. Жыл ичинде баш-аягы алты сабактын иштелмесин жазып жөнөттүм. Төртөө жарык көрдү. Өзүм көл жээгинде өсүп-жетилгенимденби, айтор, мага Алыкул Осмоновдун поэзиясы жакын. Таланттуу акындын ырларына таасирленип, кээде өзүм да ыр жаза коймой адатым бар. Албетте, Алыкул болуш кыйын. Жада калса анын поэзиясын окуп-үйрөнүүгө даярдык керек. Биз мектепте акындын чыгармачылыгына арнап  «Алыкулдун ырларынын көркөм дүйнөсү» аттуу поэзия сабагын өттүк. Эми караӊыз! Алыкул жашаган доор менен азыркы Интернет заманындагы өспүрүмдөрдүн ортосун канча аралык бөлүп турат! Ошого карабай, өспүрүм окуучуларыбыз жанагы иш-чарабызда Алыкул болуп кубулуп, акын жашаган доорго сүӊгүп кирип, чыӊ көӊүлдөн Алыкулдун ырларын көркөм окуп беришти.  Мен болсо «Алыкулдун ырларынын көркөм дүйнөсү» деген конкурстук сабагымды жараттым. Алыкулга дайыма таазим этем.

Замира Атакулова, Кара-Суу районунун Ибрагим Кулбаев атындагы орто мектебинин кыргыз тили жана адабият мугалими, Миграция, эмгек жана жаштар министрлигинин Ардак грамотасынын ээси:

— Чынын айтышыбыз керек, учурда бизде салтка айланган усулдарга таянган мугалимдер басымдуулук кылат. Бир жагынан кылымдар боюу калыпка салынып, мектеп мугалимдерине сиӊип калган усул-ыкмалардан бир күндө арыла албайбыз. Зордоонун да кажети жок. Мындай жыйынтыкка ар бир мугалим өз бетинче келүүгө тийиш. Биздин милдет алардын жаӊылануусуна түрткү гана берүү. Мен, педагог катары, окутуунун интерактивдүү ыкмаларынын артыкчылыгына ишенем. Анткени, алар бүгүнкү маалымат доорунда жашап жаткан жаштардын талаптарына ар тарабынан төп келет. Ошон үчүн жаӊылыкка умтулган мугалимдер «Сапаттуу билим» долбоорунун идеяларын жетик үйрөнүштү. Долбоор ишин аяктаса да, биз кошуна мектептердин мугалимдерине сабактын жаӊы моделин  таратып жатабыз. Биздин тренингдерде мугалимдер максаты окуучунун позициясында коюлган сабактардын натыйжалуулугуна ишенүүдө. Конкурска да мен сабактын жаӊы модели менен катышып, ийгиликке жеттим.

Бектемирова Кенжегүл, Нарын районундагы Актан Тыныбек атындагы орто мектебинин кыргыз тили жана адабият мугалими, Миграция, эмгек жана жаштар министрлигинин Ардак грамотасынын ээси:

— 7-апрель Кыргызстандын тарыхындагы кара так болуп калды. Ушул окуяга арнап мен өзүм эмгектенген мектепте «Нарын районундагы 7-апрель каармандары» аттуу тарбия саатын өткөм. Сабакка даярдануу учурунда балдар менен биргеликте биздин райондон каргашалуу окуяга катышкандардын, курман болгондордун ысымдарын тактап чыктык. Тарбия саатта Калбүбү Сариеванын «7-апрелде курман болгондордун элесине» деген ырын пайдаландым. Балдар-кыздар ырды көӊүл коюп угуп, Апрель окуялары тууралуу өз ойлорун айтышып,  кыргыз жигиттеринин баатырдык сапаттары тээ Манас атадан ыроолоп келе жатканына ынанышты.  Бул сабагым конкурстук комиссиянын жогорку баасына татышы кокустан эмес.

 Шайлиева Назира, Кара-Суу районундагы №27 Топ-Терек негизги орто мектебинин директорунун тарбия иштери боюнча орун басары, Миграция, эмгек жана жаштар министрлигинин Ардак грамотасынын ээси:

— Жогорку окуу жайды кызыл диплом менен аяктап жатканда, мен өзүмдү Кыргызстандын башка бир өлкөдөгү элчисиндей элестеткем. «Ойлогон ойду кыстаган турмуш жеӊет» дегендей,турмушка чыгып, эки баланын энеси болуп, айылда жашап калдым. Бирок ичимдеги кыялдарым мага тынчтык бербеди. Анан мектепте англис тилинен сабак бере баштадым. Көрсө, мугалимдиктен ашкан улуу кесип жок экен. Азыр балдар менен иштешип жатып, психолог да, элчи да болом. Аларды сылыктыкка, чыдамдуулукка, сабырдуулукка үйрөтүүнү көздөп, тарбиячы да болом. Үйдөөзүмдүн зки балама эне болом. Кандай сонун! Башкысы, өзүӊдүн кесибиӊди сүйсөӊ, окуткан балдарыӊды түшүнүүгө аракет кылсаӊ, педагог катары алдыӊда даана максаттар болсо болду. Мен келечекте окуткан балдарым сыйлаган мыкты педагог болгум келет. Ошон үчүн быйылкы сынакка катыштым. Борборго келип, башка жеӊүүчүлөрдүн ой-пикирин уктум, алар менен тажрыйба бөлүштүм. Мунун баары мендей жаш педагогдор үчүн абдан маанилүү.

Ашыккал Тагайматова, Талас областтык чет тилдер багытындагы лицейдин математика мугалими, Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын Ардак грамотасынын ээси:

— Кыргыздар колуна калем сап алып жазбаса да, улуттук калоритти ачкан оюуларында өздөрүнүн дүйнө таанымын таасын көрсөтүшкөн. Алыс барбай эле, улуттун символу болгон ак калпакты алалы. Ал кыргызды жалаӊ жаандан, күндөн коргогон эмес. Калпак кыргыздын бизче айтканда, паспорту болгон. Анын өӊүсүнө, андагы оюлардын маанисине карап, адамдын жаш-курагын, коомдогу ордун аныкташкан. Азыр бизде калпакка ушундай мамиле азайып баратат. Кай жерде болбосун өз курагына, өзүнүнүн үйдөгү, коомдогу ордуна карабай баш кийим кийгендерди көрөсүӊ. Алардын баарына «Сиз өз курагыӊызга жарашпаганды кийип алыпсыз» деп айтып чыгуу кыйын. Андан көрө, мектеп жашынан балдарды ушуга үйрөтүүгө тийишпиз. Көргөн көзгө жөпжөнөкөй ак калпактын эне тил менен ушундай жипсиз байланышын туюп, «Калпакка катылган философия» деген сабак-ой-толгоону жаздым эле, жеӊишке жетип, кубанып турам.

А.Алибеков, «Кутбилим»

2 Comments

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*