ЭНЕ ТИЛИМ ЭЧЕН КЫЛЫМ КАРЫТКАН, ЭЧ КИМ АНЫ ӨЧҮРӨ АЛБАЙТ ТАРЫХТАН!

(Жалпы билим берүүчү мектептерде өтүлүүчү Мамлекеттик тилди даӊазалоо сабагынын болжолдуу үлгүсү)

Сабактын максаты:

– Окуучулардын өз эли-жерин, эне тилибиз – мамлекеттик тилди, ата-бабадан калган улуу мурастарды урматтап аздектөөсүүчүн түрдүү булактардан маалыматтарды берүү;

– Мекен алдындагы алардын жоопкерчилигин арттыруу, атуулдук парзын аткаруу, ата мурастарын сактоо зарылдыгын туюндуруу, эне тилин сүйүүгө, сактоого умтулуу;

– Патриоттукка, намыскөйлүккө, ынтымак-достукка ж.б.  тарбиялоо.

Сабакта колдонулууучу дидактикалык каражаттар: КРнын Гимни, Кыргыз тилинин гимни, кыргыз комузу, «Манас», «Семетей», «Сейтек» жана да кенже баатырдык «Курманбек», «Эр табылды» ж.б. эпостору, Э.Ибраевдин, С.Рысбаевдин, Т.Арыковдун китептери, сүрөттөр, кыргыздын улуттук буюмдары, кийимдери, ж.б. этнографиялык маани-маӊызы тереӊ экспонаттар, макеттер ж.б.

Сабактын жүрүшү:

Сабак Кыргыз Республикасынын Гимнин аткаруу менен башталат.

Андан соӊ магнит тасмасынан «Манас» эпосу уктурулат, же окуучу «Манас» эпосунан үзүндү айтат.

(Сахнага окуучулар катар тизилип турушат)

Үзүндү айтылып бүткөн соӊ, алып баруучу бул монологду айтуу менен сабакты баштайт:

Алып баруучу: Кыргыз эли үчүн эмне ыйык?

1-окуучу: – Кыргыз эли үчүн Ала-Тоо ыйык!

2-окуучу: – Улуу «Манасы» ыйык!

3-окуучу: – Ак боз үйү ыйык!

4-окуучу: – Ак калпагы, ак элечеги ыйык!

5-окуучу: – Эне тили ыйык!

Алып баруучу: Эне тил!

Кандай жөнөкөй, кандай бийик, кандай улуу сөз! Дал ушул сөз ар бирибиздин каныбызды ойнотуп, акылыбызды арыштатып турат.

«Элди түбөлүк эл кылып турган – анын тили»,

«Тилим барда улутмун, тилим менен улукмун,

Эне тили болбосо аты аталбайт улуттун», – дегендей, эне тилибиз – кыргыз тилин, аны мамлекеттик тилибиз катары даӊазалоо сабагын баштоого уруксат этиӊиздер!

Алып баруучу:

Элибизди эл кылып, улут катары таанытып келаткан улуу белгибиз бул – эне тилибиз  кыргыз тили.

«Элсиз тил болбойт, тилсиз эл болбойт». Анын сыӊарындай, кыргыздын кыргыздыгы анын эне тили аркылуу билинет, эне тили аркылуу даӊкталат. Дүйнөдө теӊдеши жок алп «Манастай» дастандарды жараткан эне тилибиз кыргыз тили жөнүндө эмнелерди айта аласыӊар?

1-окуучу:

«Кыргыз тили кылымдарды карыткан,

Эч ким аны өчүрө албайт тарыхтан.

2-окуучу:

Кыргыз тили улуу «Манасын» сактап калды,

«Манас» кыргыз тилин өчүрбөй улантып келди.

3-окуучу:

Абалтадан салт-санаасын сактаган,

Акыл, оюн алыс жолдо тактаган.

Кылымдардан кылымдарды карыткан,

Кыргызымдын тили менен мактанам.

4-окуучу:

Эне тилим – өз тилим,

Эси жоктук иш кылат,

Өзүнүн эне тилинде

Сүйлөбөсө сөздү ким.

5-окуучу:

Уккан сайын көшүгөн,

Эне тилим – эгизим.

Сүзүп өттүм өзүнөн,

Акыл-билим деӊизин.

6-окуучу:

Эне тилим – намысым,

Эне тилим – арым да.

Билбейм жолдун алысын,

Эне тилим барында.

7-окуучу:

Эне тилим – карегим,

Сенде менин дарегим.

Сен турганда мен бармын,

Сен турганда бар элим.

8-окуучу:

Эне тилге кайрылып,

Бак-таалайлуу болмокмун.

Эне тилден айрылып,

Калган күнү мен жокмун.

Алып баруучу:

Залкар жазуучубуз Ч.Айтматов: «Кылымдан кылым өтүп, кыргыз эли жер үстүндө жашап турса, кыргыз тили да жашай берет» – деп, абдан туура, таамай айткан.

Ошондо да, кылымдан кылым өтүп, акын Шайлообек агайыбыз айткандай, «Кыргызым» деп жулунганы менен, бир ооз кыргызча билбеген «маӊкурт» кыргыз эмес, руху, духу таза кыргыз жашап турса гана кыргыз тили жашап турмагын эстейли.

Балдар, силердин да эне тил тууралуу кандай ой толгоолоруӊар бар?

1-окуучу: Эне тилинде сүйлөбөгөн адам Ата Журтунда жүрбөгөндөн эмне айырмасы бар?

 2-окуучу: Эне тилинде ыр укпаган, эне тилинде төрт сап ыр билбеген адам чет элде жүргөндөн эмне айырмасы бар?

3-окуучу: Энесинин бешик ырын укпай, чоӊойгон бөбөк энесиз жетим өскөндөн эмне айырмасы бар?

4-окуучу: Ата салтын билбеген, аны турмушунда колдонуп жашабаган адам Ата Журтун чангандан айырмасы кайсы?

4-окуучу: Эне тилин билбесе, аны ардактап сүйбөсө, Ата Журтумду сүйөм деп көкүрөк каккандын эмне пайдасы бар?

Дал ушул учурда ак көйнөк, ак элечек Умай эне сахнага чыгат. Балдар энеге таазим кыла артка чегинишет.

Умай Эне элге кайрылат:

– О, ыйык Энелер, уул-кызыӊар Ата Мекенинин анык азаматы болсун десеӊер, эне тилин ыйык тутуп, таза сактасын десеӊер, тээ бешикте жаткан кезинде ырдап берген  бешик ырыӊарды эр жеткен чагында кайрадан бир ирет ырдап бергилечи!        Ал ырдан уул-кызыӊар Ата Мекенин, эне тилин  сүйүү кандай ыйык экенин акыл-эси толгон кезинде дагы бир ирет билсин, туйсун, эсине салсын! Эне тилинин кандай ширин, кандай ыйык, кандай көркөм экенинине дагы бир ирет тамшанышсын! Суранам, ошенткилечи!

Эненин бешик «Бешик ыры» ырдалат (же магнитофондон уктурулат)

1-окуучу:

Эне менен эне тил, ата менен Ата Журт бирдей эле ыйык, бирдей эле кудурет-күчкө эгедер улуу түшүнүктөр адам өмүрүндө. Эне тили менен Ата   Журтун ардактаган уул-кыздар – эл-журтуна улуу кызматын аябай кылган анык азаматтар!

2-окуучу:

Ошол үчүн мындай деп айткым келет: Энеден айрылган жетим эмес, эне тилинен айрылган – анык жетим. Атадан айрылган жетим эмес, Ата Журттан айрылган – анык жетим! Багыбыз тоодой болсун десеӊ, энебиз да болсун, эне тилибиз да болсун! Атабыз да болсун, Ата Журтубуз да болсун!

 

Жеке номер аткарылат:

            «Эне тил»

Эне тилин өксүтүп көп кордогон,

Анысына бир уялып койбогон.

Андайлардын аты кыргыз болсо да,

Эч убакта өзү кыргыз болбогон.

Кайырма:

Эне тилин билбеген,

Эси жогун аныктайт.

Эне тилин сүйбөгөн,

Элин сүйүп, жерин сүйүп жарытпайт.

Алып баруучу:

Тилге жолдош, үнгө дем,

Комузду кошуп ырдайлы.

Бабабыз черткен бул комуз,

Баркына жетип сыйлайлы.

Кыргыз күүлөрүнөн уктурулат, же окуучулар аткарышат.

Алып баруучу:

Макал – тилдин көркү.

Макал – сөздүн каймагы.

Окуучулар бири-бири менен макал-лакаптар айтышат.

1. Ааламдын көркүн көз ачат,

Адамдын көркүн сөз ачат.

2. Адамды даӊазалаган да сөз,

маскаралаган да сөз.

3. Адам тилинен табат.

4. Адамдын даӊкын чыгарган да тил,

Тарпын чыгарган да тил.

5. Адам сөзгө байланат,

Айбан чөпкө байланат.

6. Адам сөзүнөн сынат,

Уй мүйүзүнөн сынат.

6. Аз сүйлөсөӊ элиӊе жагасыӊ,

Көп сүйлөсөн балээге каласыӊ.

7. Ата сөзү алга сүйрөйт адамды,   

Эне сөзү эпке салат жаманды.

8. Ооздун көркү – тил,

Тилдин көркү – сөз.

9. Билимдүүнүн сөзүөткүр,

Өнөрлүүнүн көзүөткүр.

10.Бирөөнүн өзү баатыр,

Бирөөнүн сөзү батыр.

11. Бутунан чалынган турат,

Сөзүнөн чалынган турбайт.

12. Өнөр алды – кызыл тил.

 

Алып баруучу: 

Кыргыз тили кылымдардан куралып,

Нечен катал мезгилдерде сыналып.

Бабалардан бизге калган таберик,

Урпактардан урпактарга уланып.

Кезекте кыз-жигиттер «Шырылдаӊ», «Бекбекей» ырларын аткарып беришет.

 

Алып баруучу:

Көзгө сүйкүм кыргыз бийин

Кимдер гана билбесин.

Кыргыз кыздар кызгалдактай,

Кулпурушуп бийлешсин.

(Кыргыз бийи кыздардын аткаруусунда)

Алып баруучу: 

Сөз деген ачкыч – сырдашам десеӊ,

Сөз  деген аткыч – чырдашам десеӊ.

Сөз деген тапкыч – ырдашам десеӊ,

Сөз деген баскыч – кырды ашам десеӊ.

Жаӊылмачты бат айтып, тили жатык так айтып,

Сынашалы келгиле, жаӊылбастан шар айтып.

(3-4 окуучу жаӊылмач айтышып, бирин экинчиси жаӊылбай кайталап берүүсү керек)

Жалпы окуучулар хор аткарышат:

         «Кыргыз калкым»

Кемер кур, кемсел, өтүк, ак калпагым,

Кээ бирөө билбей жүрөт анын баркын.

Элиме белги берип тааныттырган,

Атыӊдан кагылайын кыргыз калкым.

 

Үйүнө мейман келсе, жүзү жарык,

Мал союп, сактап келген ата салтын.

Кызытып кымыз берип, май жедирген,

Салтыӊдан кагылайын кыргыз калкым.     

(Бул ырдын мазмунуна жараша кыргыздын улуттук кийимдери, буюмдары, каада-салты, нарк-дөөлөттөрү жөнүндө мугалим, окуучулар көрсөтмөлүү сүйлөп беришсе эӊ жакшы болот).    

Алып баруучу:

Рахмат, силерге достор! Силер эне тилибиздин анык күйөрмандары, эне тилибизди таза, ыйык, бийик тутуп, ал гана эмес ата салтыбызды, улуу дөөлөттөрүбүздү  сактай билгендигиӊерди эл алдында далилдей алдыӊар.

1-окуучу: Бирок да, өз эне тилине күйбөгөн, өз эне тилинде сүйлөбөгөн манкурттар арабызда жок эмес.

2-окуучу: Ооба, кызматтын кырына чыгып алып, кыргыз тилин шылдыӊдай караган кыргыз жигиттерибиз далай эле бар. «Эмнени кор кылсаӊ, ошондон кордук көрөсүӊ», дегендей эне тилин ким кор тутса, ал ошонун эсесин тартпай койбойт. Эч нерсеси кемибеген хандын тузу кемиген сыяктуу, баары бир рухунун бир жери кемийт, аны өзү билбейт, салт-санаасынан алыстайт, тарыхынан алыстайт, айыл-апасына жат көрүнөт, тууган-туушкандарынан коомайланат, ата-бабасы сүйлөгөн эки ооз сөздүн сырын түшүнбөйт, өз элинин рухунда эркин балыктай сүзө албайт, эркин куштай уча албайт. Анан өз кандаштарынан  акырындык менен четтей баштайт, ошондон чүнчүп-жүдөп, ошентип өз Ата Журтунда жүрүп андан билинбей өгөйлөнө баштайт. Анын өз эне тилинен запкы көргөнү – ошол эмеспи!

3-окуучу: Кээ бирөөлөр эне тилин чанып, башка тилде сүйлөсө эле тили буудай кууруп, торгойдой сайрап жатам деп ойлойт. Эне тилинде эки сөздүн башын тыӊыраак кошуп сүйлөй албаган чалпоо башка тилде бакадай чардап жатканын байкабайт сыяктанат.

4-окуучу: Ошол үчүн публицист-окумуштуу С.Байгазиев айтып  отурбайбы минтип: «Кыргыз тили пенделеринин кайдыгерлигинен азап чегип, өз Ата Мекенинде арыш керип өркүндөп өсө албай отурат. Мен Кыргызстандан  кыргыз тилине кайдыгер  академигин көрдүм. Кыргыз  тилине кайдыгер көз менен караган министрди, депутатты көрдүм. Эне тилин унуткан  Бишкектик Такинди көрдүм, эне тилим дебеген акимди көрдүм. Эне тил деп күйбөгөндү Оштон көрдүм, ошондой эле немени соттон көрдүм. Эне тилин сүйбөгөндү Чүйдөн көрдүм, ошондой эле манкуртту үйдөн көрдүм».

5-окуучу:

Аларга менин айтарым бул:

Атыӊ кыргыз,

                Затыӊ башка,

Өзүӊ кыргыз,

                Сөзүӊ башка,

Диниӊ кыргыз,

                Тилиӊ башка

Болуп калсын дебесеӊ

Жыйындарда,

       Курултайда,

              Чогулушта,

                    Жолугушта,

                           Ажоӊ баштап,

                                    Кожоӊ коштоп,

Өз тилиӊде сүйлөгүн сен?

Алып баруучу:

Туура айтасыӊар, достор. Силер айткан бул сөздөр баарыбызга чоӊ сабак болсун дейли.

«Адамдын эне тили – анын жан тамыры», «Дил бермети – тил» дегендей, жан дүйнөдөгү ой-тизмектерин эне тил аркылуу билдирип жүрөлү.

Анда эмесе, тээ алмустактан бери келе жаткан  булбул тилдүү таӊдайынан чаӊ чыккан, күлкүлүү кеби күн батырып, тамаша кеби таӊ атырган кыргыз элимдин урпактарына касиеттүү Умай энебиздин бал татыган батасын алып берели.

Умай Эне:

Касиеттүү эне тилибиздин уюткусу, көрөӊгөсү болгон ак калпактуу элибиз жашап турганда кыргыз тили эч качан жоголбосуна, дүйнөлүк башка тилдер менен теӊтайлаша өнүгүп, келечек урпактарга аалам мейкиндигине көкөлөтчү канат-бутак болоруна ишенебиз. Ошондуктан улуттук дөөлөт уюган эне тилибизди ыйык тутуп, даӊазалап, көккө көкөлөтүп туу кылып көтөрүп алалык!

Ушул тилекке жеткизген улуу жолубуз байсалдуу, ак жолтой болсун!

О-о-мийин!

Баары чогуу айтышат:

Ата-бабаӊөткөн жериӊди сүй,

Түптүү КЫРГЫЗ элиӊди сүй.

Элиӊ сүйлөгөн эне тилиӊди сүй,

Ата Мекенге, элге, эне тилге

Кошой, Бакай, Манас атаӊдай күй!

 Сабак Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тили – Кыргыз тилинин Гимнин аткаруу менен жыйынтыкталат.

Батма Абдухамидова, КББА, педагогика илимдеринин кандидаты

 Эскертүү: Жогорудагы сабактын болжолдуу сценарийин мугалимдер өз чыгармачылыктары жана материалдарына ылайык байытып өтө беришет.

1 Kомментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*