“Бар бол гезит, аман болгун чарчаба, Бир өзүңдө акыйкаттын жүзү бар!”

Төлөбек Камчыбеков, М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университетинин ректору, экономика илимдеринин доктору, профессор:
– Коомдун өнүгүшүнө, адамдардын рухий байлыгынын калыптанышына күндөлүк басма беттеринде жарык көргөн материалдар олуттуу таасирин тийгизет. Бул жагынан алганда мурдагы «Мугалимдер газетасы» азыркы «Кутбилим» гезитинин өзгөчө басып өткөн даңазалуу жолу, сыймыктанууга арзыгандай, элине сиңген эмгеги, төө көтөргүс кадыр-баркы бар.
Алтымыш жылдын ичинде республикадагы мектептердин, окуу жайларынын жамааттарын эң керектүү, сапаттуу материалдар, орчундуу жаңылыктар менен өз учурунда камсыз кылып, гезит окурмандардын сүймөнчүлүгүнө ээ болду. Гезиттин ар санында билим берүү багытындагы топтолгон бай тажрыйбалар, реформанын жүрүшүнө байланышкан иштер, талаш-тартыштар, кайчы пикирлер, көрүнүктүү мугалимдердин, дасыккан илимпоздордун жүйөлүү макалалары байма-бай басылып турду.
Кыргызстан өз алдынча өлкөгө айлангандан тартып саясий, экономикалык, социалдык жактан орду түбү менен өзгөрүп, коомдук пикир башкача маанайда калыптанды. Ушундай жагдай басылмага дагы олуттуу таасирин тийгизип, гезиттин аталышы өзгөртүлүп, басылган материалдарында демократиялык маанай үстөмдү кылып, илим-билимдин сапатын беттеген багыты күч алып, жыйынтыгында жамааттын коомдогу кадыр-баркы мурдагыдан дагы артылып жатканына биз чын дилибизден кубанып жана сыймыктанабыз.
Редакциянын изденүүсүнөн, талыкпаган аракетинен улам учурдун талабына баардык жагынан дал келген «Кутбилим-сабак» усулдук тиркемесин он беш жылдан бери эч үзбөй, ай сайын чыгып жатышы эле олуттуу көрүнүш экендиги талашсыз. Ушундай ыкмада өлкөдөгү окутуунун, тарбия берүүнүн улам жакшыртылып жаткан технологиясын жайылтып жатышы мектепте жана окуу жайлары үчүн өтө маанилүү.
Мындан он жыл мурун гезиттин өз алдынча сайты ачылгандан тартып билим берүү жана илимий иштер боюнча дүйнөлүк деңгээлдеги жаңы материалдар менен камсыз болууга, эң башкысы төгөрөктүн төрт бурчунда отурукташкан, окуп иштеп жүргөн кыргыздардын маалымат алып турушуна шарт түзгөндүгү мактоого арзыйт. Биз билгенден четте жүрүп «Кутбилимдин» ар санын үзбөй окуган мекендештерибиз арбын. Бул да болсо редакцияда иштегендердин ийгилиги, чыгармачыл иштеринин жыйынтыгы.
Эми өзүмдүн, жамаатыбыздын атынан «Кутбилим» гезити редакциясынын кызматкерлерине, айрыкча, баш редактору, мыкты чыгармачыл инсан Чекиров Кубатка бакыбат турмуш, узак өмүр, чың ден соолук, жаркын маанай, тыным албай түйшүктөнгөн ишиңерге ийгилик каалайбыз. Окурмандарыңар мындан дагы көбөйүп, нускаңар өсүп, зоболоңор артыла беришине тилектешмин.

Акунжан Абдрашев, ЖАМУнун ректору, профессор, КР билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер:
– Жалпы республиканын аймагындагы агартуу кызматкерлеринин жана чыгармачыл инсандарынын руханий дөөлөтүнүн куттуу көрөңгөсү болгон «Кутбилим» газетасынын 60 жылдык мааракеси менен куттуктайбыз. Сиздердин Ж.Баласагындын «Куттуу билим» чыгармасынын идеяларына негизделген опол- тоодой эмгегиңиздерди, жаңыча изденүүдөгү ишмердүүлүгүңүздөр, чыгармачыл демилгеңиздер менен жаралган гезит беттериндеги эң курч маселелер, терең аналитикалык, публицистикалык макалалар, билим, илим системасындагы өзгөрүүлөр бизди кайдыгер калтырбайт. Гезитиңиздердин баалуулугу – эң жөнөкөй айылдык мугалимден тартып улуу окумуштууларга, жалпы эле интеллигенциянын катмарына бүткүл дүйнөлүк маалымат алууга жана билим мейкиндигине чыгууга кеңири мүмкүнчүлүк түзө алгандыгында.
Окурмандардын калың катмарын камтыган, билим берүү кызматкерлеринин эң керектүү маалымат каражатына айланган республикалык сүйүктүү газетабыздын эмгек жамаатына үй-бүлөлүк тынчтык, жашооңуздарга бейпилдик, жумушуңуздарга жаратмандык, чыгармачылык эргүү каалайбыз.
Айтканга оңой, басканга кыйын алтымыш,
Андан бери өттү го далай жаз, жай, кыш!
Агарып чачың, аксакал болдуң “Кутбилим”!
Алкыш айтып, ыраазыбыз!
Курчу кетпейт калемиңдин изи бар,
Ала-Тоодо сыясынын мизи бар!
Бар бол гезит, аман болгун чарчаба,
Бир өзүңдө акыйкаттын жүзү бар!

Туратбек Дүйшеналиев, И.Раззаков атындагы КМТУнун ректору, профессор:
– Сиздер 60 жыл ичинде көптөгөн ийгиликтерге жетишип жана көптөгөн зор эмгектерди жасадыңыздар. Аткарган иштериңиздер мамлекеттик деңгээлде маанилүү жана эң керектүү. Билим, тарбия берүүдө, маданиятка үйрөтүүдө чоң кадамдарды жасап келе жатасыздар. Өлкөбүзгө кошкон эмгегиңиздер көрүнүктүү жана парасаттуу. «Кутбилим» газетасынын редакциясына кааларыбыз: өзүңүздөрдүн алдыңыздарга койгон максат-мүдөөңүздөрдү ишке ашырып, руханий зоболоңуздар бийиктеп, ишиңиздерде ийгиликтер арта берсин! Келечекте, иштен мындан дагы жогору абройго жетишиңиздер. Сиздерге чың ден соолук, узун өмүр жана атыңыздар алыска таркаган көрүнүктүү редакциялардын бири болушуңуздарга тилектешбиз. Ар дайым сый-урматта болуңуздар!

Канат Керезбеков, Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын ректору, юридика илимдеринин доктору, профессор, КР эмгек сиңирген юристи:
– Көп жылдык тарыхы бар «Кутбилим» басылмасы алгач «Мугалимдер гаетасы» болуп жарык көрүп, жалпы республикабыздын агартуучуларынын деги эле жалпы калкыбыздын сүймөнчүлүгүнө ээ болуп келди жана келе бермекчи.
Сиздердин жамаат өлкөбүздөгү соңку маалыматтарды эл арасына убагында жеткирип, аналитикалык макалаларды жогорку деңгээлде жарыялап маалымат жана билим мейкиндигине чоң абройго ээ болуп келесиздер.
Чоң тарыхы бар уюткулуу «Кутбилим» басылмасында канчалаган таланттар эмгектенишкен жана эмгектенип келе жатышат, ошону менен бирге алар элибизге ак эмгегин өтөп, мамлекетибиздин улуттук каада-салтын, руханий нравалык байлыктарын өркүндөтүүдө, эл агартуу тармагын жогорулатууда чоң салым кошуп жатышат десем жаңылыштык болбойт.
Улуттун сыймыгы болгон басылмаңыздардын өмүрү узун болсун, окуучулары көбөйсүн жана элибиздин сыймыгы болуп көп жылдар бою ийгиликтүү иш алып бараарына терең ишенемин.
Урматтуу «Кутбилим» басылмасынын кызматкерлери, сиздерди дагы бир жолу газетабыздын 60 жылдык мааракеси менен чын жүрөктөн куттуктаймын! Сиздерге жана сиздердин жакындарыңыздарга чың ден соолук, узун өмүр, бакубат жашоо, иштериңиздерге ийгилик каалап, өлкөбүздүн басма сөзүнүн өсүшүнө арналган аракетиңиздерде ийгиликтер болушуна тилектешмин.

Асылбек Кулмырзаев, Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин биринчи проректору, профессор:
– «Кутбилим» гезити кыргыздын соңку тарыхы менен тагдырлаш, тамырлаш болду. 1953-жылы апрель айында «Мугалимдер газетасы» деген ат менен алгачкы санынын жарык көрүшү республикада, өзгөчө, агартуу кызматкерлери үчүн зор окуя болгон. Мааниси үлкөн бул басылманын чыгышына Кыргызстандын ошол кездеги биринчи жетекчиси, кыргыздын мекенчил уулу Исхак Раззаков өзү демилгечи болгонун сыймык менен эстейбиз.
Ошол күндөн бери далай жылдар тогошту, көп суулар акты. «Мугалимдер газетасы» өз вазийпасын татыктуу аткарып, баскан жолунан, айткан сөзүнөн тайган жок. Гезит совет заманында агартуунун акыл-ой жарчысына айланып, Кыргызстандын билим берүү тармагынын кайраткерлери: мугалимдерге, илимпоз-окумуштууларга, тарбиячыларга маанилүү жаңылыктарды өз убагында жеткирип, башкалардын алдыңкы тажрыйбаларын жайылтуу милдетин татыктуу деңгээлде аткарды.
Кыргызстан көз карандылыгын алгандан кийин, 1993-жылы гезитке улуу ойчул, акын бабабыз Жусуп Баласагындын «Куттуу билим» китебине уйкаш ат коюлду. Гезиттин эмгек жамааты эгемен заманда басылманын атына заты шайкеш болсун деп, анын мазмунун, маанисин, формасын да өзгөртүүгө батыл киришкенин билебиз. Билим берүү системасын реформалоого байланышкан эң курч маселелер талкууланып, жандуу талаш-тартыштар, терең аналитикалуу макалалар көп басылганы эсибизде. Азыр да ошол басыгынан жазбай тарыхый жолун байсалдуу улантып келе жатат.
«Кутбилим» – бүгүнкү күндө Кыргызстандагы эки тилде жарык көргөн, коомдун таланттарын, көйгөйлөрүн көзгө сайып көргөзө алган, ага жараша асыл ойду, ак тилекти убагында айткан абройлуу басылмалардын бири. Педагогикалык алдыңкы тажрыйбаларды, билим берүүдө окутуунун жаңы технологияларын өз учурунда жайылтып туруу максатында жарык көрүп жаткан гезиттин «Кутбилим-сабак» тиркемеси да өз вазийпасын татыктуу аткарып келүүдө. Замандын талабына ылайык гезиттин сайты ачылып, ал аркылуу окурмандар дүйнөнүн маалымат жана билим мейкиндигине чыгууга кеңири мүмкүнчүлүк алышты. Акыркы жылдары гезиттин нускасы көбөйүүдө. Мына ушунун бары «Кутбилим» гезитинде иштеп жаткан эмгек жамаатынын үзүрлүү эмгегинин, талбаган аракетинин, ынтымагынын натыйжасы деп түшүнөбүз.
Урматтуу Кубат Асангазы мырза, Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин окутуучулары, кызматкерлери жана студенттеринин атынан даңктуу жолду басып өтүп, өз окурмандары менен 60 жылдык мааракесин белгилеп жаткан «Кутбилим» гезитинин эмгек жамаатын дагы бир жолу куттуктап, сиздерге ийгилик, чын ден соолук, үй-бүлөңүздөргө бакубат турмуш каалайм.

Төлөбек Абдырахманов, И.Арабаев атындагы КМУнун ректору, профессор:
– 60 жылдын аралыгында республикалык маанидеги коомдук-педагогикалык жана илимий-популярдуу «Кутбилим» гезити эл алдына өз вазийпасын абийирдүүлүк менен аткарып, көпчүлүк окурмандардын көңүлүнө төп келген темаларды, маселелерди козгоп, билим берүү жана илим тармагындагы мамлекеттик саясатты жалпы коомчулукка жайылтуунун эң натыйжалуу каражаты катары кызмат кылууда. Азыркы учкул мезгил маалымат каражаттарынын алдына улам жаңы милдеттерди коюп, чыгармачыл жамааттан изденүүнү, элге жугумдуу ыкмаларга ык коюуну талап кылууда. Ушул өңүттөн алганда «Кутбилим» гезитинин алдында турган милдеттери арбын.
Сиздер 60 жыл аралыгында такшалуунун, калыптануунун кыйла жолун басып өттүңүздөр. Ушул мезгилдин ичинде «Кутбилим» басылмасы өлкөнүн билим берүү жана илим тармагын өнүктүрүүгө, интеллектуалдык байлыгын көбөйтүүгө зор салым кошуп, ар кыл чечимдерди калың журтчулукка тегиз жеткирүүдө, билим берүү тармагындагы көйгөйлөрдү калыс, адилет чагылдырууда. Кыргызстандагы жалпыга маалымдоо каражаттарынын алдыңкы сабында турган гезиттердин катарына кошулушуңуздар үчүн жетиштүү көрөңгө берет деп ишенем.
Таланттуу журналисттер өзгөрүп жаткан замандын тамырын кармап, маалымат берип, эң ыйык, эң татаал кесип катары эсептелинген мугалимдик жашоону, мугалимдин иш-аракетин сапаттуу чагылдырууда. Ошону менен катар бул басылма жумурай-журт арасында ынтымак-ырашкерликтин орношуна, улуттар аралык биримдикти чыңдоого, кыргыз элинин улуттук каада-салттарынын, үрп-адаттарынын, маданиятынын жогорулашына да чоң салымын кошуп келатканын баамдап келебиз.
Урматтуу «Кутбилим» гезитинин чыгармачыл жамааты, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ректоратынын, жалпы жамаатынын жана студенттеринин атынан 60 жылдык мааракеңер менен куттуктайм! Ар бириңиздер үй-бүлөңүздөр менен аман болуп, жаратман эмгектин идеяларын калкыбызга жеткирүү менен өлкөбүздүн өркүндөп-өсүшүнө өз салымыңыздарды кошуп, бакубат турмуш кечирип, иштериңиздерде чыгармачыл зор эргүүлөрдүн жаралышын каалайм!

Даярдаган Гүлнара Алыбаева, “Кутбилим”

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*